Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Абышка менен түлкү

Бар экен, жок экен, бир түлкү бар экен, ал бир тоодо жашачу экен. Анын барган сайын бир жагынан жей турган оокаты түгөнүп, бир жагынан аңчылар көбөйүп, түлкүнүн турмушу кыйындай баштайт. Ары-бери караса, жан багар жайдын ылайыгы жок, эгер аңчылар көрүнсө, кутулар чарасы жок, түлкүнүн амалы куруйт.
Ошол түлкү жашаган тоонун этегинде дагы бир абышка-кемпир оокат кылып туруучу экен. Бир күнү түлкү абышка-кемпирге келип: «Менин ичимде жети балам бар, кыштан аман-эсен багып чыгарсаңар, жети баламды беремин, андан көрө мени жакшылап баккыла» деп суранды. Абышка-кемпир акылдашып: «Айтса-айтпаса төгүнбү, жети түлкү бир ичик турбайбы, ийгиликтин эрте кечи жок, жаз жакында чыгат, түлкүнү багып алалы» деп макул болушту. Кемпир-чал күндө бир аз сөөк таштап коюшат, ага түлкү канааттанбай жүдөп кетти.
Бир күнү түлкү абышка-кемпирге: «Менин ичимдеги балдарым өлүп кала турган болду. Мага шерик болуп жардам кылсаңар, тоодогу мыкты аңдарды колуңарга түшүрүп беремин. Силерге териси мага эти пайда болор» деди эле абышка: «Ал кандай аң?» деди. Түлкү: «Арстан, жолборс аюу, бөрү» деп жооп берди. Кемпир түлкүнүн сөзүн угуп, «оо, чедирейген желмогуз, биздин түпкө жеткени жүргөн турбайсыңбы» деп, аны как тумшукка сабоо менен бир салды.
Абышка көпкө ойлонуп отуруп, акыры түлкүнүн сөзүнө макул болду. Эртеси түлкү тоого чыгып, кандын жигиттеринен качып жашынар жер таппай, шашып жүргөн бир каманды жолуктурду. Каман: «Түлкү досум, мени кубалап келе жатышат, жардам бергин» деди эле, түлкү: Төмөн жакта жүргөн абышкага
баргын. Сени ошол аман алып калат» деди. Каман жалынып-жалбарып: «Айланайын, түкө, мени ошол абышкага ээрчитип барчы?» деп суранды. Түлкү каманды абышкага ээрчитип келди. Каман: «Мени кандын жигиттеринен аман алып кал» дегенде, абышка макул болуп, «үйгө кир» деп каманды үйгө киргизди. Ушуну эле күтүп турган түлкү акең карап турчубу, «капка кире койгун, мен оозун байлай салайын» деп, каптын оозун ача койду. Аңгыча кандын жигиттери келип, үйгө кирип, каманды таба албай кайта кетишти. Абышка алар кеткенден кийин: «Айдап койгон аштыкты жеп, жуп-жумуру болуп бу капырдын семиргенин карачы, мага пайдасы тийген эмече «аңчылардан ажыратып койгун» деп келгенин көр, деп каманды өлтүрүп, терисин сыйырып алып, этин түлкүгө берди.
Дагы бир күнү түлкү ууга чыкты. Аңгыча аңчылардан качып кайда барарын билбей шашып жүргөн бир бөрү жолугуп: «Эптеп мени жашырып кал, досум» деп жалынып-жалбарды. Түлкү муну да алдап абышка-кемпирдин кабына түшүрдү. Кемпир: «Былтыр көк улагымды жеп койгон көк чунак ушул болчу, эми колума түшкөн турбайбы» деп, сокбилек менен солкулдатып уруп өлтүрдү. Мунун да терисин абышка сыйрып алды, этин түлкү жеп тоюнуп калды. Түлкү дагы бир күнү тоого чыгып, бир жыгачтын башында отурган аюуну көрүп, жанына барды. «Айланайын түкө, жолборстун аңдыганына беш күн болду. Ошондон бери коркуп, жыгачтан түшпөй отурам. Кандай айла кыламын?» деди эле: «Мында бир абышка-кемпир бар, ошолор куткарат» деп, муну да ээрчитип алып келди.
Абышка капка киргизип оозун байлап: «Жалбыр, жалбыр жалпаңдаганынан көр, салбыр, салбыр салпаңдаганыңдан көр, абышка-кемпир кой ичигине жарыбай жүрсө, мунун дүнүйөнүн ичигин жалгыз өзү кийип алганын көр», деп, чоюн баш менен уруп өлтүрдү. Ал арада жолборс келип: «Аюу ушунда келдиби?» деп сурады. Жолборсту көрүп абышка, түлкү шашып калды. Абышка алдоого тырышты, түлкү актанууга шашты. Аңгыча болбой жолборстун артынан арстан кууп келип калды. Жолборс өңдөн кетип, түлкүгө жалынып: «Айланайын түкө, бир жакшылык кылып, жашырып кал» деди. Түлкү кемпирдин көң салган кабына алып келип: «Ушунун ичине кире калгын» деди.
Жолборс каптын ичине кирер замат абышка оозун байлап кемпири тура калып: «Бул менин агамды өлтүргөн, агамдын кунун аламын» деп, как маңдайга чоюнбаш менен чакылдатып уруп өлтүрдү.
Аңгыча арстан үйгө кирип: «Жолборс кайда кетти?» деп, айкырык салды. Абышка-кемпир коркуп дирилдеп эстен танды, түлкү жойпуланып ар жак бер жагына чыгып, ачуусун тарката албай, берер жообун камдай чебеленип калды.
Ошол мезгилде найзаларын жалаңдатып, мылтыктарын арбайтып, жааларын эрбейтип, бир топ аңчылар жетип келди. Арстандын шаштысы кетип: «Эмне кылсаң да куткар, сенин кулуң болоюн» деп абышкага жалынды. Абышка кырк бээлик сабаанын оозун тиле салып, арстанды ичине киргизип жиберди эле, кемпир ошо замат оозун тигип койду да: «Азуулуунун падышасы болбой, кудай болуп калсаң да, эми сабадан чыгар алың жок» деп, чоюнбаш менен ура баштады. Ошентип, абышка-кемпир арстанды да өлтүрүп, жолборстун терисине кошуп экөөнүн тең боз үйдүн ортосуна керип коюшту. Аңгыча аңчылар келип, арстанды сурап үйгө киришти эле, бирөөнүн колундагы бүркүт түлкүнү көрүп «аламын» деп жулунду. Түлкү коркконунан кирерге тешик таппай бүжүрөп калганда, кемпир чыйпылдап тура калып: «Үйдө жаткан абышка-кемпир аюу, жолборс алса, тайган ээрчитип, бүркүт алып, жарак-жабдык асынып жүрүп, кур кайтканыңарга жол болсун?! Эмне, аңды менин алты канат үйүмдүн ичинен издеп келдиңерби? Ушунчалык жер жайнаган аңдан тырмагыңарга илинбей, үйдө жаткан түлкү
баламдын жүрөгүн түшүрүп, бүркүтүңөрдү телпеңдеткениңер кандай?» деп сабоону алып, бүркүттү башка бир чаап өлтүрүп салды. Муну көрүп турган аңчылар «Жолборс менен арстанды өлтүргөн мастан кемпир бизди да өлтүрөт экен» дешип үйдөн чыга жөнөштү…
Ошентип, абышка-кемпир олжого тунуп, түлкү этке тоюп, жыргап-куунап жатып калышкан экен.


Кыргыз