Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Абдыкадыров Жалил

Абдыкадыров Жалил (1932, Жети-Өгүз району, Чырак айылы —1984, Фрунзешаары) — кыргыз театр режиссёру, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1964), республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). А-дун чыгармачылык ийгиликтери анын режиссурасына таандык болгон көптөгөн мыкты спектаклдерден көрүнөт. Айрыкча Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмасын сахнага коюу менен ал өзүнүн көркөм концепциясынын тереңдигин жана айкындыгын көрсөтө алган. А. баатырдык маанайдагы спектаклди жаратууну гана эмес, улуу эпостун өзөгүндөгү ата журтту, элди, жерди сүйүү идеяларын көрүүчүлөрдүн көңүл түпкүрүнө жеткирүүнү көздөгөн жана бул максатын жүзөгө ашырган. «Манастын уулу Семетей» спектакли Москвада да көрсөтүлүп, жогору бааланышы А-дун элдик эпикалык көркөм өнөрдүн салттарын терең өздөштүргөндүгүн, режиссёр катары кайталангыс өзүнчөлүгүн тапкандыгын далилдейт. Ал бир нече медалдар менен сыйланган.


Кыргыз