Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Куш куйрук

Куш куйрук. Бул – элибиздин каада-салтында жакшы жөрөлгөлүү сапаттардын бири. Т.а. бир максаттуу ойдун ойдогудай орундалуусу. Кыргыз Атадан уулдуу болсом, алар тегерете отурса, тукумум ессе, туягым калса, атым чакырылса, элиме-жериме эге-дер болсо – деген тилектери. Албетте, мындан артык эмне керек.

Ошол эркек ээрчитип келген кызды Аксы жакта «куш-куйрук» деп айтат. Муну бизче «акжолтой» деген менен алмаштырабыз. Ата-энеге ошол кыз ыманы ысык көрүнөт.
Албетте, бул эпостордо да баяндалат. «Тоштук» кенже эпо-сунда Тештук баатыр (Элемандын 9 уулунун эң кенжеси). «Тогуз уулдун кенжеси, Too бүркүттүн пендеси» – деп айтылат. Элдик өнөрдү иликтеп-изилдеп жүргөн шартта көп нерселерге күбө бол-гонбуз. Айыл аралап жүрүп, Казакбай аттуу карыянын (Чаткал рай­ону, Ак-Таш айылы) үйүнөн «Куш куйрук» деген сөздү биринчи ку-лагыбыз чалган. Карыя кызы Күлүмканды «куш куйрук» атаганы мындай экен. Ага чейин деле уул-кызы болгон. Анткени, Кулумкан-дан кийин Осмонкул, Сүйөркул, Сабыркул, Мамыркул, Жапаркул, Кожомкул, Кенжетай төрөлөт. Ошон үчүн кимде-ким бобек ээрчи­тип келсе, ал бала «ак жолтой» аталат да, жеке ата-эне эмес, туу-ган-уруктарына, тайэне-жээндерине, тайындарына, кайын-журту-на мыкты туюлары элибиздин каада-салтында бар. Жакшы жыша­ан катары сезүү жеринен сакталып келген.
Күлүмкандын энеси – он бир баланы тарбиялаган Баатыр эне. Алар анда эртеден-кеч колхоз талаасында. Айтымдарда, Күлүмкан бөбөк кезинде энесин коп ээрчийт. Күндөрдүн биринде Зулпия эже-нин башкарма кайын агасы (Усупбеков Кубатбек айыл чарбасын уюштуруучулардын жандуусу. Чаткал өрөөнүнө кадыр-баркы артыл-ган мыкты адам эле. Азыр Ак-Таш орто мектеби «Усупбек уулу Ку­батбек» атында.) Күлүмканды айылга өңөрүп баратса, ал ыйлайт. Ыйын токтотпойт. Анткен сайын улакка чабылып жүргөн башкарма-нын мингени ала качат. Эчен курдай оозун тартат, ат үндү уккан сайын аргыйт. Кызды ыргытып жиберейин дейт. Өлүп калат деп аяп барат. Кийин кыз чоңое баштаганда муну кеп эскерип, Кубатбек ка­рыя «Ажалы жок кыз» – дечү экен. «Көтөнүн кайруусу» – кара жол­той «бул тим эле сез эле», «ак жолтой» деп турушат. «Уул эрчитип келди», «бебек ээрчитип келди»-деп, бөбөктүн көтөнүн майлоолор да болуучу. Кудайым ушундай сапаттардан айрыбасын. Ар дайым адамдык пейилде тобо келтирүүбүз зарыл. Кеп балдарды ээрчитип келген уулбу, кызбы «ак жолтой» дешсе, ак этек баскан ургаачынын да «куш куйрук» аташкан.


Кыргыз