Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Аш көп болсо, каада көп

Аш көп болсо, каада көп… Бул – өзгөрүлүп туруучу көрүнүш. Каада-салт бардарчылыктан чыгат. Дур-дуйно болсо, баары жаса-лат. Береке-бейпилдикте, толуп-ташып турганда ошого жараша көтөрүүчү жүгү бар. Кыргыз Ата жарык-жалган дүйнөдө бардар да, бай да, март да, меймандос да ж.б. касиеттерге эгедер. Алаамат согушту, кургакчылыкты, жоокерчиликти, котурчулукту, ачарчылык-ты, чегирткечиликти, ж.б. баштарынан өткөрдү. «Кыргыздар Кизар-га барганда, Казактар кайың сааганда» (эски соз). Бир мелт-калт толуп, бир кур жалак, элибиз эмнелерди көрбөдү. Ошондо да уютку-луу калк өзүнүн эрки таштын уюулундай бышык экендигин билдир-ди. Өзүлөрүнүн көөнөрбөсдөөлөттөрүн бүгүнкүгө дейре сактап, жак-тап, тактап, келүүсү-анын ата наркындагы керемети.
1916-жылкы эл үркүн – ташка тамга баскандай эстёлик. 1941-1945-жылкы Улуу Ата-Мекендик согуш – жүрогүбүздо калган кара так. Ошондо бир татым туз, бир кайнатым чай, бир чойчок талкан, бир чыны сүт сурадык, «үболүгүңөрдү дейт», «балтаңарды дейт», «керкиңерди дейт», «арканыңарды дейт»… Ал эми эрте от жаккан-дардан калак менен от алуучу. Кышкы тууган уйдун сүтүн суроо уят эмес эле. Өзүлөрү да жеткирип туруучу. Арбакка куранды суу коюп да окучу. Жарма кылып, калама жасап, куран окуу арбакты бейишке чыгарган. Бара-бара бир курсак тоюнду, анан кийим бүтөлдү. Арбактарга арнап мал союлду, там салынды, боз үй көтөрүлдү. Бозгон-азгандар, тентип кеткендер элин-жерин эңседи. Аш-тойлор көбөйдү. Ат, жорго минилди, машина алуу, өлүм-жи-тимге эстелик коюуга байланыштуу каада-салттар, ырым-жырым-дар, эм-домдор жогорку чекке жетти. Адамдардын ой-пикири, салт-санаасы, бири-бирине болгон мамилеси түп тамырынан бери өзгөрдү. «Өзүм үчүн»-деп, жеке басардыкжакка чаапкалды. Соз мааниси ушуларга тогошуп турат.


Кыргыз