Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эски кырман

Иңир киргенде эле көлдөлөңдү жамынып жатып ал дык. Үйдө отунсуу жокто же түгөнө баштаганда апам бизге ушул кара саңсаңдан жасалган көлдөлөңдү жаба турган. Демейде кастарлап саңсаң көлдөлөңүн жыйнаи биздин боюбуз жетпеген жерге жыйып койчу. Анан өзүнчө кобурап: «Байкуш атаңар малда жүргөндө кур кол болбой өзүбүзгө да козукорпо кармачу эле. «Ка­ра козунун эти дары, териси жылуу болот бир буюм кылып койсоң» дегенинен озуно ичик жасасамбы деп катчу элем мунусун. Мына эми анын озуно да буюрган жок. Атаңар багыптеккен малдыкы деп аяр лап урунгула. Бейиши болгур согуштун алгачкы кун дөрүндө келбесине кете бербедиби. Өзу ошондой бай­куш эле. Ушул уйдон аттанып жатып салаасалаа жа шымды аарчып: «Коруп ал, катылгандын катыгын берип, кайрылып келбесем эле, майнеке дегиле» десе тургандардын баары кулуппуз. Ошентип, жеткен эле жерден алдыартын карабай муштумун туйуп жоноп берсе, ажал издеген ок жаманжакшыны ылгамак бе­ле! Жалмап жуткан тура». Апам ушинтип ар дайым айта берчу. Бирок жакындан бери тунт тартып, озу ме­нен озу болуп бара жатат. Бир туугандарыма айтпага ным менен ойлонуп калчумун. Кайсы кун экени эсим де жок.

Ай отуруп чыккандыктанбы, ал туну уйдун ичин озгочо караңгылык басып турду. Андасанда гана чык эткен ун чыгып кайрадан коргул таш эшилгенсип шы гырап эле калат. Ага удаа апамдын кубурогон уну кайрылат. Бир, эки, уч…

— Кубаке,— дейт акырын шыбырап. — Кубаке, ук тай элексиңби?

Бырпырап уйкуда жаткан бобокторумдун кежиге синин алдынан колумду сууруп бетимди ачтым.

— Ana, сенби?

— Ооба, каралдым?!

— Эмне болду, апа?!

— Тигил жандоого былтыр канча жөөк маш буур чак отургуздук эле?

— Арашан онду, мен жыйырманы, тиги балдар он дон, деги эки жуздон ашкан.

— Жөөгүбү?

— Ооба, солу.

— Ар бирине эчеден туп салдык эле?

— Он. Он апа. Уяны озум карыштап чукубадым беле.

Кайрадан уйдун ичи мемиреп тырстырс деген эле ун угулуп, бир нерсе тушө баштады. Баягы унду тың шап жатып акылым жетпеди. «Эмне болду экен?»

Кайра апам дагы озунчо шыбырап калат. Бир нер селерди жадында жайгарып жаткан корунот. Ошентип, караңгы тундун койнунда отуруп, апам тупсуз ойдон чыгалбады өңдөнөт, кайрып мага ун деген жок. Мен да озумчо откон жаздагы бир окуяны коңүлүмо тушу руп алып журогум титиреп, уйкум качып кетти…

…АпамдыН жоолугу далбырап улам жылмышып отуруп кок майсаңда калды.

— Кагылайын журт! Куйругун кармап, балдарым ды баккан малым эле. Аман сактап кала коргуло!

Мойнуна чейин сазга батып кеткен кашка уйдун бир башына, бир аягына чуркайт. Айылдагы кулагы уккандар баары тугол келишип, уйду сормо саздан сууруп чыгаары менен торт аягын керип алып, кашка уй чакырайып асманды тиктеп суналып калды. Эрте ден бери улам сазга сорула бергенден баткак думук турдубу, же которум болгон байкуштун опкосуно суук отуп кеттиби, деги мал болуудан калды. Апамдын ый лаганычы! Сакалдуукокулдуусу чогулуп «арам эт кылбай мууздайлы, кок жашык болсо да балдарга та мак» дегенине болбой койду.

— Кантип эле жетимдерди жер каратсын. Мал бол­со дале кара көңүлдөп жаткандыр,— дей берди апам, безилдеп.

— Бала болбочу,— деди кок сакал бригад. —Ошент чи беле? Чычкак улагы жоктор деле эл ичинде кун от коруп жатпайбы? Тэ! Шук кой. Кан чыгарсын.

Апамдын чырылдаганына болбой мууздап коюшту. Кашка уйдун козу баягыдай эле жалдырап асманды тиктеген боюнча жабылбай калды. Ошонусун коруп мен да ыйлап жибердим, бетимди басып, кайра апаман жу зумду качырдым.

— Акебай, балдар кантет?

— Элжурт турабыз го. Мал эмес кара баштуу эр азамат бугун бар, эртең жок болуп жатса! Тэ! Өзүңдү колуңа ал. Жазгы жашык жанга деле жакпайт. Андан көрө азданаздан өзүңө окшогондордун бүлөсүнө бо лөлү?

— Акебай!..

— Болдучу айланайын, тыйылчы? Согончогума чейин зыркырап турам. Сенин жалгыз уюңду союп са лыш мага эле жеңил болду деп турасьщбы?

Апамдын үнү басылып, булайып жаткан жоолугун чарчылап салынып анысынын учу менен козунун жа шын аарчып, тигиндей кочук басты.

— Ошентпейсиңби? Акылы чолок немече бугунку ңон чыга албай!.. Чырылдап н;атып балдардын журо гунун ушун да алып койдуң бейм!

Кок сакал бригад озуно окшогон чалдар менен каш­ка уйдун колун—кол, санын—сан кылышты. Кенедей айылдын бардык тутуну келип кашка уйдун этинен кол кесер алышты. Ар кимиси таш жегенсип, апама бет бага албай куноолудой тайсалдашат…

Кошулуп уйкуга алдырып баратканымда апамын баягы тырсылдагы дагы кайра угулуп калды.

— Апа, бул эмне? Тырсылдап эле уктатпайт?

— Маш буурчактан урондукко санап, катып коюп, калганынын башын ачайын деген элем. Эртең көптүрүп койбосом, жердин кыртышы жылып калбадыбы.

Ошондо гана апам жандоонун солу менен түбүнүн эсебин чыгара албай жатканын туйдум. Үйдөгү жазга деген эгинтегин түгөнүп бара жатканын сездим. Кант се да апама жардам берсем деп ойлодум. Бирок, кан тип?…

Эртеси бизден уч уй жогору туруучу Боз апанын баласы келип калды. Ал ирегеден аттай бергенде эле ыйлап жиберсе болобу. Айылдан апта аралабай чуу чыкканда жүрогү олүп калган апам кепсозго келбей безилдеп жиберди.

— Арман ай! Силерге да жеткен экен ээ? Согуш болбосоң соолуп кал ай! Кечээ эле кат келбеди беле? Чогуу окубадык беле!

— Атам эмес — ого бетер озондоп ыйлады.

— Арм… Эмне болуп кетти? — Элейген апам оозун басып туруп калды.

— Орообузду ачып, үрөндү уурдап кетиптир.

— Оңбосун! Ким экен?

— Билбейм. Энем ноокастап калды.

— Араң жүргөн шордууга, кокуйдун эми наалаты табылбадыбы? Кантчүбүз!.. Арга түгөнгөн тура.— Эч кимибизге карабай апам эбирепжебиреп үйдөн чыгып кетти. Чагымда Боз апанын абалын сураганы жоноду. Копко Сабыр экообуз ун катышпай турдук. Ошол кез де бизде деле дан жааты жукараак болуш керек, бол босо апам маш буурчакты башмабаш санайт беле?!..

Боз апамдын баласын сооротуп, ийнинен кактым. Ал бышактап:

— Жүрчү, мени менен ойүзго барасыңбы? — деп калды.

— Эмнеге?

— ЭлкинТоонун түбүндө эски кырман бар.

— Азыр кырманда эмне болсун?

— Топон сапыралы.

— Дан барбы?

— Тыпын менен калат да.

— Мейли, барса баралы.

Экөөбүз эски кырмандагы кичинекей самандын уй мөгүнүн астын оюп, тыпындын алдындагы топонду кочуштап алып чыгып жаттык. Сабырдын кантип ой лоп тапканын ким билсин, ырас эле баягы топонду са пырганда кара сулу аралаш буудай чыкты. Суйунгону бүздү айтпа! Сабыр улам эле кудуңдап.

— Оозго салаар татым дан жок калган. Апамы ку бантайын,— деп калат.

Мен антип айта албадым, Сабыр алып келсе, анын үстүнө, жазга сактаган данын уурдаса. Унчуккан жок мун. Өзү да «сен ал» дебеди. Алакандын отуна жый налган данды жерде жайылган Сабырдын кемселине чогултуп жаттык.

Ошол күнү кечке топон сапырдык. Сабырдын эрин дерине кара күрөң жол тартып, топондун учкуну туруп калды. Кирпиктери да чаңдан коюуланды. Ал анын баарына ыраазы. Анын оттуу коздорү кубанганынанбы мага күйүп тургансып корунду.

Батышта кундун алсыз нурлары асманга чачырай албай бозоруп тоонун артына жашынды. Ансайын Эл кинТоонун тубундогу эски кырман карарып дуңкуйот. Топондон арылган дан бир чоң тепшиче болду. Баарын чогултуп Сабырдын уйуно келдик. Санын суйрогон Боз апа экообуздун турубузду коруп козу чанагынан чыгып кетти.

— Кайда жүрдүңөр?

— Апа дан таптык,— кемселди аярлап жерге коюп, ачып корсоттук.

— Ким берди? Бироону шордоткон жоксуңарбы?

— Жок, апа! — Сабыр эрдемсип башын которду.

— Эски кырмандан топон сапырдык.

— ЭлкинТоонун тубундогубу?

— Ооба.

Мен да башымды ийкеп, кудуңдап, Боз апанын маңдайы жарыла түшкөнунө кубанып турдум. Ушул кишинин атынан чакырганын бир да жолу кулагым чалбагандыктан, элчилеп мен да ошентип атачумун.

— Кагылайындарым! Киши болуп калган турбай сыңарбы? Ал кырманды биздин айылга көбөңкө буу дай келгенде жаңы чапканбыз. Сенин атыңды ошол жылы коюп жүрбойбүзбү. Бир даарысы Күздообай, бироолору Токочбек десе дагы бири Кырманчы коёлу болуп жатканда, оз атаң Кубаке болсун, силер айткан эки атты тең ичине алат. Буудай болбосо кардыңардын толоорун кудай билсин дегенде баарыбыз макул болуп, алакан жайып асан чакырганбыз, алдыңа кетейин. Эми эки жылдан бери унаа да, эр було да жок данды айыл ичиндеги кырманга басып калбадыкпы, кагыла­йындарым. Силерди эрте эсейткен согушка жетсин убалыңар! Анткен менен адам болуп калган турбай сыңарбы. Эски кырман кимдин эсине келсин. Анда бейпилчилик эмес беле. Топондо канча дан калганын эч бирибиздин эскергенибиз болгон эмес тура. Анын үстүнө ак тоонун карды жарылган заманда топонду ким иргептир. Акылыңардан!..

Экообүз тең Боз апанын маңдайы жарылганга ку­банып турдук.