Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манастын Таласка көчүп келип конгону

Ошондо Манас кайран шер,
Кырк үйлүү кыргыз аз элге
Кабылан Манас ээ болуп,
Кырк уруу кытай манжуга,
Кыргынды кыйла салыптыр.
Алакандай кыргызды
Ажыратып алыптыр.
Кырк үйлүү кыргыз көчкөндө
Жебилгеси* жер чийип,
Ээн көчүп жайлашып,
Кысыр эмди тай союп,
Багалак ойноп, даң салып,
Чатыраш ойноп чаң салып,
Бүтүн кундуз терисин,
Жарты бөлүп алышып,
Кырсыкты кудай чечти деп,
Багалакка салышып.
Коштон кийип суусар бөрк,
Ыргап турган кези экен.
Кегин алып калмактан
Жыргап көчкөн кези экен.
Жакыпта бар сан кара,
Акбалтада түмөн мал,
Капанын баары чечилип,
Кырсыктын баары кесилип,
Кырк үйлүүнүн баарысын,
Жай баракат көчүрүп,
Катагандын кан Кошой,
Караан болгон Манаска.
Бөөт-бөөт бел менен
Көчүп жүргөн кези экен
Бөлүнүп чыккан төр менен.
Агала желек кызыл туу
Ыргап көчүп келатат.
Башчы болуп кан Манас
Баары чери жазылып,
Жыргап көчүп келатат.
Каалаганы Ала-Тоо,
Көйнөгүн чечип жууган жер,
Ата-баба кеткен жер,
Малы жайнап өскөн жер,
Чыңырып эне тууган жер,
Киндик канды бууган жер,
Жерин көрүп шалпылдап,
Жетик көчүп алыптыр.
Кымыздан тарткан аракты,
Көөкөргө куюп жайнатып,
Баглан козу, татты аш,
Баары көчүп токтобой,
Жан казанга кайнатып,
Эренче тонун кийишип,
Желбеген жорго минишип,
Тынбай көчүп өтүшүп,
Мурасына жетишип,
Кичи-Жылдыз, Чоң-Жылдыз,
Катар ашып көчтү дейт.
Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу
Катар ашып келди эми.
Иленин башы Үч-Арал,
Өрүүң боло берди эми.
Үч-Жыргалаң, Көңүздү
Бойлой көчүп алды эми.
Көк-Тал бойлоп сыдырып,
Чоң Илени кыдырып,
Айланпалуу урчуктан,
Кечип чыккан кези экен,
Таш кечүүдөн тумшуктан,
Ат боройлоп сыдырып,
Тегиз көчүп кыдырып.
Ылдый карай бет алса,
Каркылдаган карга жок,
Куркулдап учкан кузгун жок.
Сары-Өзөн ата дээр экен.
Кең Иленин жээги экен.
Аккан суунун боюна,
Чоң өзөндүн оюна,
Чогула журт конду дейт,
Эки журттун айрылыш,
Эр адамдын кайгырыш,
Жеткилең өрүүн болушуп,
Жети күн удаа конушуп,
Жээги Ак-Чийдин чаты экен,
Ары өзөндүн башы экен.
Талаада мунар чаңы бар,
Жаныбарым Сары-Өзөн
Түзүндө кулан дагы бар,
Ат баспаган жер болгон,
Ошондой жер ээн болгон.
Алмасы бышып, көң болгон,
Жаңгагы кулап сай толгон,
Элсиз ээн жер болгон.
Талынын башы ийилген,
Кумунун үстү чийилген.
Курган жердин белгиси,
Берекелүү көрүнгөн,
Көргөн жандын көңүлү,
Албан түрлүү бөлүнгөн.
Жылтырканы, шыбагы,
Жаныбарым Сары-Өзөн
Жылып аккан булагы.
Өзөндөн муздак жел толгон,
Өлчөсөң бейиш жер болгон.
Жайы-кышы тең турган
Тоосунда кары бар,
Жер бейиши көрүнөт,
Токою толгон чары бар.
Жерди көрүп кубанып,
Жетигиң Манас ошондо
Жети күн конок болду дейт.
Үйүрмөнүн сазына
Үч күнү жыйын кылды дейт.
Чогулманын сазына
Чогулушуп турду дейт.
Тапкычташып табышып,
Куугучташып куушуп,
Кепти ортого салышып,
Кеңеш кылып калышып,
Шумкар куштай баркылдап,
Абаң, Кошой таркылдап;
Найзакерден ыктуулар,
Туруп турсун бул жерде,
Көчө чыктык Алтайдын,
Айыл кайда конуучу?!
Алышар душман далай бар.
Маңдайында бараң бар,
Басташаар жоон, далай бар.
Ар жагы Талас, Ат-Башы,
Айланайын кулунум,
Катарлаша жаталы!
Жоону бирге жоолайлы,
Доону бирге доолайлы!
Милтени бирге чоктойлу,
Бараңды бирге октойлу!
Катарлаш бирге конолу,
Катуу багыт иш келсе,
Манаска курман бололу!
Катылып жоо тийбеске,
Кароолду катуу салалык.
Азган-тозгон аз элге,
Арка кылып Манасты
Кан көтөрүп алалык!
Карагай найза боолайлык,
Каралды кылып Манасты
Катылышкан душманды
Кан жөткүртүп жоолайлык!
Балам, Манас, кулунум,
Кара жаак айбалта,
Кайкалатпай аштап бар.
Калын, кара кыргызды,
Каран кылбай баштап бар!
Кара тоодой кан болгун,
Кырк уруу кыргыз элине
Касиеттүү жан болгун!
Эки тизгин, бир чылбыр,
Ээ, кулунум, эр Манас
Эми колго алыңыз!
Эр абаңды ошондо,
Эңишер жерге салыңыз!
Мурадыма жетемин,
Кабылан Манас, сен үчүн,
Курман болуп кетемин!
Колуңа алсаң мубарек *,
Айчыгы алтын кызыл туу,
Алыша кетип кытайга,
Абыдан салсаң ызы-чуу,
Кабылан оозун бурамын,
Ажалым жетип өлгүчө
Туу түбүнө турамын!
Ыраазы болгун өзүмө,
Иле жүргүн көзүңө!
Ушундан ары көчкөндө,
Сары өзөндүн аягы,
Атактуу Талас, чоң Кең-Кол,
Жердей көр ушу жериңди,
Күтө көр кыргыз элиңди!
Таласты күтүп чеп кылгын,
Жолун тосуп бек кылгын!
Төрө абаң, Кошой кеби ошол,
Күтүп алсаң Таласты,
Дүнүйөгө чеп ошол!
Конуш кылгын Таласты,
Кан көтөрүп биз алдык,
Жакыптын уулу Манасты.
Бет алсак жоого чыгарбыз,
Береним Манас аман бол,
Белиме таңуу кылаармын,
Картайган Кошой абакең,
Кабылан Манас өзүңдү,
Караан кылып турармын!
Өлсө Кошой абаңды,
Кең казып көрүн коёрсуң,
Кабылан атын соёрсуң.
Колуң менен тепкилеп,
Абаңды өзүң коёрсун.
Алагар көзү чолпондой,
Ай кулагы калкандай,
Абаң Кошой карыя
Эми кепти таштады.
Аргасын таппай айдалган,
Аркага колу байланган,
Кайгыланып кайгырган,
Алапайын таба албай,
Нойгут журттан айрылган
Акбалта кепти баштады:
Маңдайда баргек тынарым,
Бар күйүт кетти ичимден,
Балам Манас ойлочу,
Журтумду ойлоп турамын!
Аман болсун деп тилейм,
Арстан Манас чунагым!
Кара калмак-манжунун
Сандаган колун кыйратып,
Ажыраттың элиңди!
Үзүлгөндү уладың,
Чачылганды жыйнадың,
Балам, Манас, өзүңдөн
Бир буюм сурап турамын!
Сагынам Сары-Кол жеримди,
Көп эстейм нойгут элимди.
Куп тиленем, зор Манас,
Мурадыма барайын,
Куп белек кылып сен берсең,
Кутубийди алайын.
Куп аман барсам элиме,
Кутмандуу бийиң кулунум,
Курган нойгут элиме
Кан көтөрүп салайын!
Манаска тете уулум деп,
Баана кылып алайын!
Ардактуу Сары-Кол жерим бар,
Абийирдүү нойгут элим бар,
Биздин нойгут ал журтта,
Кара эгинден күрүч көп,
Калайынан күмүш көп.
Боз коёндон түлкү көп,
Босого жыйган мүлкү көп.
Келеңкер чачпак, кең соору,
Келини сулуу нойгут журт.
Кырмызы көйнөк, кымча бел,
Кыздары сулуу нойгут журт.
Аркар аяк, жез билек,
Ат күлүгү нойгутта.
Кызыл көйнөк, найча бел,
Кыз сулуусу нойгутта.
Биздин нойгут журтунда
Кара малдан төөсү көп,
Жон адамдан дөөсү көп.
Таштан бийик зоосу көп.
Менин көзүм өткөндө,
Ушул нойгут журтунун
Камап турган жоосу көп!
Мени кытай кармап алганда,
Кыйындап торго салганда,
Жергелүү журтум көп нойгут
Жетимдик тартып бош калган.
Элсиз калган жерим бар,
Эс таба албай тентиреп,
Эби кеткен элим бар.
Элимди жыйып эл кылсам,
Жеримди ээлеп жер кылсам,
Жергелүү журтту жыйнасам,
Кабылан канкор өзүңө,
Канат болуп турбасам.
Белгилүү жерден белди таап,
Бек канат болчу элди таап,
Кен, нойгутта турганда
Акбалта аттуу дайным бар,
Каралуу калган Сары-Колдо,
Малым арбын балам жок,
Как алтымыш зайбым бар!
Акбалта айтып ар кыл сөз,
Уруксат сурап токтоду.
Кара нээт Жакыптын
Ичи күйүп чок болду:
Кетмек болдуң жерине,
Оой, Акбалта, жан достум!
Теликуш учту тегине,
Тентиген кетти жерине.
Кулалы учту тегине,
Курама элең башында,
Эми Акбалта кеттиң жерине.
Айылыңа кетсең Акбалта,
Аңгеме дүкөн курай жүр,
Арстанын Манас Көк жалдын
Ал-абалын сурай жүр!
Өөдө чыксаң өбөк бол,
Өлүмгө орток Акбалта,
Ылдыйга түшсө жөлөк бол!
Каканга барса караан бол,
Бээжинге көздөп жол тартсак,
Берен Балта бараан бол!
Акбалта менен бай Жакып,
Айкалышып көрүшүп,
Болкулдашып ыйлашып,
Моюн эттен өбүшүп,
Белекке алып Кутубий,
Акбалта кетти элине,
Кошой кан кетти жерине.
Кудай дешип кеп кылып,
Адам өлөр шерт кылып,
Убаданы бек кылып.
Ак буудай унун чайнашып,
Келеме шарып кармашып.
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Кен өзөнгө келгенде
Үч кандын журту бөлүнүп,
Калган кыргыз кырк үйлүү
Бет ала көчтү Таласты,
Медер кылып ошондо
Жакыптын жалгыз уулу Манасты
Эрендер жыргап кылкылдап
Эсен көчүп былкылдап,
Бирдигин берип Манаска,
Өлгөндөрдөн калгандар,
Аман жетти Таласка.
Жылгындуу Кен-Кол, кең Талас,
Жаткан экен жайкайып,
Жердеген адам тунбайбы,
Жер соорусу турбайбы.
Өлкө-түзүн караса
Токою бар, талы бар,
Ал токойдун четинде
Жан бүткөндүн баары бар.
Балтырканы билектей,
Маралдары ошондо
Мала кашка инектей.
Кескелдирик жыландай,
Оюн салган куланы
Толмоч семиз кунандай.
Жыландары аркандай,
Алда таала жасаган,
Жер жараткан ар кандай.
Жалбырагы жаргактай,
Кара курту бармактай.
Чымчыгына карасаң
Алтайдагы улардай.
Чырпыгы бар чынардай,
Чынарлары мунардай.
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас,
Жери сонун ар кандай.
Өзөнчөдөн бөлүнүп,
Аккан тунук булагы.
Ай, жаныбар, кең Талас
Бейиштен артык сыягы.
Тегерегин караса,
Айланган тоо чеп экен,
Кулак угуп көз көргөн,
Көргөн жерден бек экен.
Көк жал Кошой абамдын,
Бул айтканы эп экен.
Быяк жагын караса,
Оңурайып көрүнөт,
Кан-Жайлактын кайкысы.
Ушу жерден айрылган,
Кайран кыргыз журтумдун
Тумшугунун тайкысы!
Бөөт-бөөт бел экен,
Адыр-күдүр жер экен.
Адырынан, төрүнөн
Аркар оттоп куюлат.
Куюлган жерин карасаң,
Адырдын чөбү суюлат.
Будур-будур тоосунан,
Бугусу чү деп куюлат,
Будурмакты караса,
Будурдун чөбү суюлат.
Быяк жагын караса,
Үч-Кошойдун бөксөсү,
Муну жердеп тургандын,
Болор бекен өктөсү?
Туура жагын караса,
Кара-Буура, Чаткалы,
Ай, жаныбар, кең Талас
Жер соорусу турбайбы,
Жердеген адам тунбайбы,
Калың журттар ой тартып,
Конбогудай жер бекен.
Күндүзү кымыз, түнү кыз,
Болбогудай жер бекен!
Кулан минип, куш ойноп,
Бойлобочу жер бекен.
Багалак салып ордо атып,
Ойнобочу жер бекен.
Таң жарылган кызыкка,
Батпагыдай жер бекен.
Эр азамат жанбаштап,
Жатпагыдай жер бекен.
Эриксе элик атышса,
Эрикпесе Таласта
Эркин ойноп жатышса,
Бетеге менен шыбагы,
Бек табылбайт булары.
Оромпай тээп кызыкка,
Батпай турган жер бекен.
Ордо күтүп, эл жыйып,
Жатпай турган жер бекен!
Жон-жонунан кароолду,
Салбай турган жер бекен.
Челишкенге кызыкты
Салбай турган жер бекен!
Ордо күтүп кан болуп,
Калбай турган жер бекен!
Таалайына табылып,
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас,
Кырк үйлүүнүн башчысы,
Кызыр чалган зор Манас.
Кыйын султан кан болуп,
Алтайдан көчүп келгенде,
Кең, Талас буга жай болуп,
Мына ошондо Манастын,
Төрт түлүгү шай болуп,
Таң-тамаша оюнга
Батып калган кези экен.
Кырктан таман ордону
Сары журтка салышып,
Атып калган кези экен.
Ордо салып калышып,
Кысыр эмди тайлардан
Эки жүздөп сайышып,
Кен, Талас конуш жер болду,
Келберсиген эр болду.
Кармашып адам барбады,
Укурук кайрар калбады.


Кыргыз