Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манастын Кытай менен болгон экинчи урушу

Супа саадак салганда,
Таң дүмпүйүп калганда,
Көрдүңбү кытай бузугун
Кытай кайнап толуптур.
Кытай кайнап кыжылдап,
Кумурскадай болуптур.
Кажылдаган капырдын,
Нескара, Жолой баатырдын
Каптаар кези болуптур.
Улуктары, таштуусу,
Жыйылган экен кытайдын
Улуу-кичүү баштуусу.
Бет алып каптап өтүүгө,
Берен Манас, Кутубий
Түз каптап түпкө жетүүгө
Калдайлары камынып,
Күн болжолу алты күн
Калың кытай жабылып,
Жамгыр кылып жаа тартып,
Жабылды кытай короктоп,
Уй түгүндөй балбандар
Тегеректеп жабылып,
Желигип балбан жетти эле,
Жетип турган кургурду
Жетик каптап кетти эле.
Каптаарында капырдын,
Каардуу Жолой баатырдын,
Доолбас бекем кагылып,
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Карыпчылуу кандары
Жамгыр кылып жаа тартып,
Кабылан Манас шериңди
Каптап жүрүп калганы.
Түбүнө түздөп жеткени,
Колуна тийсе канкорду
Каканга байлап кеткени,
Жер жайнаган чокту кор,
Жетип тийген окту кор.
Жайнап кытай кол салып,
Доолбас толук кагылып,
Каптачуу кытай көп улук,
Жайнап кытай калганда,
Жабылып колун салганда,
Канкор Манас кайран шер,
Калайман салып ошол жер.
Жекени белге курчанып,
Жер жайнаган капырга
Жеке аралап кол салып,
Алышып жакын келгенин
Найза менен кулатып,
Андан жакын келгенин
Айбалта чаап уратып,
Бөйрөгүн бузуп жол салып,
Бөлүп айдап кол салып,
Уй түгүндөй манжуну
Уйгу-туйгу түшүрүп,
Ушинтип Манас кырды эле.
Айдап кирип зыргытып,
Бет алдына келгенди
Далыдан чапчып ыргытып,
Жети миңин майдалап,
Жеткен жерин найзалап,
Желигип байлап калуучу
Жер болгон Жолой кайдалап!
Алты миңин майдалап,
Алдына кирген кытайды,
Айдап ийрип найзалап,
Каканга байлап кетүүчү,
Кармап түпкө жетүүчү,
Нескара акмак кайдалап!
Каарданып бакырып,
Толкуп жаткан кытайдын
Тобун бузду сапырып.
Сапырылган кытайда
Улугу бар, каны бар,
Балбандары дагы бар.
Ач кыйкырык, куу сүрөөн,
Айкөлүң салды чоң дүрбөөн.
Аркасында Кутубий
Айкөлүңдүн карааны,
Болгон экен чоң сүрөөн.
Жаңжалды жаман баштаптыр,
Кыраан Манас, Кутубий
Кыйласын кырып таштаптыр.
Кытайды айдап барганда.
Как Алтайдын өзөндө,
Кыргын болду кыйла жан.
Алтайдын кара суусу бар,
Абыдан саат ушу бар.
Тереңине ал суунун,
Аркан салса бойлобойт,
Аргымак салса ошондо,
Аркы өйүзгө бойлобойт.
Анын ичине түшкөндөр,
Тирүүмүн деп ойлобойт.
Кара сууга барганда,
Калдайды камап алыптыр.
Кара сууда калмакты
Кыраан Манас, Кутубий
Кыргын кылып салыптыр.
Кытайды кырып алганда,
Тозокту Көк жал салганда,
Тополоңун чыгарып,
Тоздотуп кырып салганда,
Камбыл Жолой, Нескара
Куу байталчан Каражой,
Курганда үч миң кол менен
Кутулган экен ал суудан.
Орок кырдын урчукта,
Эр Жолой көргөн Таш кечүү,
Эр Жолойго маш кечүү.
Баштап Жолой кечиптир,
Күрмө кийген кытайдын
Күчтүүсү аман кутулуп,
Кечүүнү тосуп калыптыр,
Керишти мыктап салыптыр.
Кербенсиген чоң мерген
Каражой тосуп алыптыр.
Айкырык салып эр Жолой
Ачбуудан оозун бурду эми.
Ай далыда айдар чач
Тытып баарын жулду эми.
Каарданып күпүлдөп,
Жер жарылып дүпүлдөп,
Жолойду кудай урду эми.
Каарды катуу баштады,
Үтүрөйүп үксөңдөп,
Калган колдун баарысын
Кырып ие таштады.
Кайратсызын кармады,
Эрдин көөнүн бузат — деп,
Качкандарын жайлады.
Күчтүүлөрүн камады,
Жолойдун түрүн көргөндө
Улуктары, кандары
Башкача мерген Каражой,
Жолойдун кеби ырас — деп,
Макулдашып алды эми.
Эрин тиштеп, көз кысып,
Эрдикти эпсиз салды эми.
Кызыл кийип кубулуп,
Кыйын мерген Каражой
Кыяны тосуп калды эми.
Өйүз-бүйүз турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Былчылдашып урушуп,
Зооттун баары тытылып,
Согушту катуу салышып,
Найза менен жетишпей,
Өйүз-бүйүз калышып,
Жан аябай турушуп,
Жапаа тартып урушуп.
Ачып көздү жумгуча,
Андай-мындай дегиче,
Быяк жагын караса,
Кынсыз кылыч байланып,
Каар бетине айланып,
Атасы доо чоң улук,
Каруусу толук чоң, балбан,
Какандан чыккан тоорулуп,
Дидаары суук, заары күч,
Каптоодон келген балбанды,
Кармашып жүрүп кылган түз.
Катылган жоону койбогон
Оргоктугу дагы бар,
Кармашкан аман кетпеген
Соргоктугу дагы бар.
Каарынан капырдын,
Жер майышып калыптыр.
Учу болот, сабы жез
Найза кармап шайланып,
Кармашканды сойчудай
Каар бетине айланып.
Аты жөнүн сурасаң,
Орго балбан дээр экен,
Жолукканды соо койбой,
Оруп жанчып жээр экен.
Каарданып кутуруп,
Качырына камчы уруп.
Кайраты ашык эпсиз эр,
Какандан чыккан жутунуп.
Көпкөк темир кийинип,
Булгаласа сыр найза
Чыбык болуп ийилип.
Астындагы качыры
Баскан ташы быркырап,
Оозунан жалыны
Мурутун өрттөп шыркырап,
Эр Орго ошо келатат.
Оргонун жайын сурасаң.
Кырк эшиктүү чоң Бээжин,
Карыкандын балбаны.
Кабылса чыгып кетчүү экен,
Кармаган жандын далдалы.
Алдындагы качыры
Учуп жетти дыркырап.
Жолой менен Нескара
Каражой баштап бул кандар,
Таазым кылды чуркурап.
Таазымына карабай,
Таза кудай эми урду.
Зың-зын этип кенебей,
Кара кытай, манжуну
Бучкагына теңебей,
Каалаганы кабылан,
Кармашары Манас кан.
Токтолбостон кара суу,
Тозоку экен мына бу.
Кара жаак булдурсун
Кармай калып имерди.
Кайкалаган качырды
Капталга тартып жиберди.
Карынга камчы тийгенде,
Бурулбай моюн бурулду.
Чыдай албай боз качыр
Чымырканып чурады.
Кабылан да экен, эр да экен,
Баатырың Орго турабы.
Манас канды коргондо,
Кан ичмеси бек кармап,
Найзаны сунду ченебей.
Балбандыгы башкача,
Жутуучудай көзү кызарган,
Топчулугу бир тогуз,
Көк күбө кийип барбактап,
Этеги кетип далбактап,
Алакөөдөн эр экен,
Орго балбан дээр экен.
Кызыр чалган Манас шер
Кыйла күн тынбай салышып,
Кыргынды коргон кайран эр.
Оң эки мүчө тең тууган,
Кырк чилтен жолдош шер тууган.
Торучаар санга бир салып,
Сыр найзаны колго алып,
Бек беттешип Оргого,
Берениң Манас жетти эле,
Беренге жакын калганда
Учу болот, сабы жез
Уйпалгыр тоодой найзасын
Эр Манасты карата,
Шилтеп келип өттү эле.
Таамай тийбей найзасы,
Ойрон Манас кабылан,
Артык балбан, ары шер,
Айбаты күчтүү кайран эр,
Болот кырдуу сыр найза
Болжоп кармап имерди,
Болжогон жерден жаңылбай,
Болжолу жок Оргону
Муштап келип жиберди.
Жүрөгүнүн ортосун
Жара берип өттү эми.
Мына ошондо чоң Орго,
Боз качырдын үстүнөн
Ээринен арт тайып,
Үзөңгүдөн бут тайып,
Найза тийип кан кетти,
Чоң Оргодон жан кетти.
Көзү кетти алактап,
Буту кетти салактап,
Болот учтуу сыр найза
Болжоп кармап имерип,
Кан ичме канкор, камбыл шер
Кабылганда Оргону,
Качырынын үстүнөн
Көмө түртүп ийгени.
Көк туулга чарайна,
Башынан учуп кеткени.
Аркасынан Кутубий,
Манас, Манас жөкөрү,
Жебеден мурун жеткени.
Ажыратып алгыча,
Азыр болгон Кутубий,
Башын кесип кеткени.
Атка оюнпоз жоо күлүк,
Орго аттан түшкөндө
Улугу көрүп Нескара,
Өкүрүк салды күйүнүп,
Кытайдан Орго кан өлдү,
Орго өлгөн жок ошондо,
Бүтүн Бээжин баары өлдү!
Бел байлаган бел өлдү,
Белгилүү Орго шер өлдү.
Каарданып күүлөнүп,
Каражойго сүйлөнүп:
Артык мерген шер элең,
Ачылган жерге байлай ат!
Бөлөгүн айтып нетейин,
Тозоктуу бурут канкордун
Торучаарын жайлай ат!
Атынан жөө кылбасак,
Андан кийин кырбасак,
Түп көтөрө жетүүчү,
Түпкө чейин кубалап,
Түгөл кырып кетүүчү!
Чабышса чама келбеген,
Күрөшүп бенде жеңбеген,
Күйүп кеткен бурутту,
Кайратты катуу сала кор!
Деп, ошентип Нескара,
Калдайдын баарын бакырып,
Канынын баарын чакырып.
Капталынан Нескара,
Калың кол менен кайгайлап,
Качырып найза салды эле.
Бөйрөгүнөн кан Жолой
Аламан коюп калды эле.
Кыр жагынан чоң Дөөдүр
Алп дөөсү менен каптады.
Кылыч алып кыйкырып,
Кыжылдап кытай баарысы,
Кыр кырынан каптады.
Кыйын мерген Каражой
Айкөлдү аңдып атканы.
Кара туман сел болуп,
Каптаган калың эл болуп.
Манас жалгыз, кытай миң,
Айкырып найза сунду эми,
Жалгыз Манас эринди
Акыр-такыр кылды эми.
Камышты кор, селди кор,
Каптап кеткен элди көр!
Уйгу-туйгу селди көр,
Урушуп жаткан элди көр!
Мунарык туман чаңды көр,
Найзаларын арбайтып,
Айбалтасын дардайтып,
Каптап калган элди көр!
Кабагым кашым дебестен,
Ажалды кылча көрбөстөн,
Бет алган жерге жол салып,
Жер жайнаган кытайга
Жеке көк жал кол салып,
Торучаар менен ойнотуп,
Толкуган кытай, манжунун
Тобун чечип сойлотуп.
Ошо күнү жаныбар,
Айбандан тулпар Торучаар
Арстанга ылайык.
Манас менен Торучаар
Экөө бир күн туулган.
Кырааның Манас барында
Кытайга салган чуулган.
Канкоруңдун Торучаар
Керишке минсе кебелбес,
Оорукка минсе оорубас,
Чалгынга минсе чаалыкпас,
Кетмен туяк, кең соору,
Кенен жердин бууданы.
Ошо согуш майданда
Моюнун жерге салыптыр,
Болжолсуз чуркап алыптыр.
Торучаар оозун бурушуп,
Толгон кытай, манжуга
Тополоң салып урушуп,
Кытайды кырып аралап,
Жеткен жерин найзалап,
Жеткилең жаңжал чоң болду.
Күрмө кийген манжунун
Күчтүүлөрү кайдалап!
Калмактардын кан Жолой
Найзакерден ыктуу экен,
Кытайлардан Каражой,
Өткөрө мерген абыдан,
Жоонун айласын билген мыктуу экен.
Капталынан Нескара,
Качырып кол салды эле,
Ажал жетсе өлөм деп,
Өлбөй аман мен болсом,
Айкөл Манас шериме,
Караан болуп берем деп,
Нескараны Кутубий
Тосуп калган кези экен.
Баатырдыгы Кутунун
Озуп калган кези экен.
Жекелешип турушуп,
Кутубий менен Нескара
Жекеме-жеке урушуп,
Найза кармап калышып,
Кез келген жерге сайышып,
Эсепти эптеп табышып,
Найзадан жакын келгенди
Айбалталап чабышып,
Кекээрдешип турушуп,
Кезме-кезек урушуп,
Аябай кызык болушуп,
Өлчөөсүнөн келишсе,
Найза менен коюшуп.
Аны мындай таштайлы,
Кыраан Манас шериңдин
Бул кылыгын баштайлы.
Карыпчысын калдайтып,
Калын, балбан жанданды.
Калмактардын Жолою
Ала көөдөн айкөлдү,
Астынан чыгып алдады.
Ачбуудан оозун бурду эми,
Жоо жарагын шайланып,
Айкөл шердин алдынан
Амалды кылып турду эми.
«Манас десе барбайдың,
Сууга салган чаначтай,
Барбалаңдап дардайдың!
Каарды катуу баштадың,
Кан Эсендин элчисин,
Эченин кырып таштадың.
Кочкуну союп коройттуң,
Эр Дөңгөнү жалмадың,
Жору куйрук Жоон алп,
Кайчы кулак Каман алп,
Калтырбай баарын аймадың.
Орго келсе ордуңбу?
Оңой эмес кылыгын,
Катылганды сордуңбу?!
Балбандарды алдым деп,
Барбактап калган экенсиң.
Ааламга моюн бербейм — деп
Дардактап калган экенсиң.
Менин жайым бээлеп бил,
Белгилүү Жолой зор болом,
Бабаң Каракан өлгөндө,
Ушу турган бурутту,
Так ушул колум оңдогом,
Каарым келди какайдым,
Кан Оргону өлтүрүп,
Казыр тийдиң жиниме,
Белди бекем бубамын,
Карап тургун мен сени
Мекеге чейин кубамын.
Ала көөдөн, ой канкор,
Берен Жолой мен атым,
Бери чыкчы көрөйүн!
Деп, ошентип, эр Жолой
Найза имерип турганы.
Муну Манас көргөндө
Каарды катуу баштады.
Алты шердин кенжеси,
Арбагы артык кабылан,
Жандан кечип таштады.
Канкорлук жайы ушундай,
Каарданып камынды,
Канкорундун өзүнө,
Кайыптан акыл табылды.
Беттешсем качып барбактап,
Каапыр болгон экенсин,
Кечилдин баарын кырдырып,
Эми келип кейишчүүң,
Жолой, сен эми баатыр болгон экенсиң,
Кең, Алтайда Тоорагы,
Тоорактуунун жоргодо,
Оң экиге толгондо,
Тозокту чогуу бир салдым.
Кечилдин кесип кекесин
Миң төөдө чайың бир алдым.
Келжиреген куу калмак,
Анда сен кайда кеткенсиң!
Опол тоодой Оргого
Каарды катуу мен салдым.
Жылкың, эмес уюңду,
Алдыңкы жерден шашпай тур!»
Деп, ошентип, эр Манас,
Кан Жолойду бет алып,
Жолборстой көзү көрүнүп,
Ажыдаар каары билинип,
Ачкан көзүн жумбастан,
Сунган найза тартпастан,
Каары келип билекке,
Кайраты келип жүрөккө,
Торучаар санга бир салып,
Сыр найзаны колго алып,
Бакырайып көз жайнап,
Найза сунуп күркүрөп,
Ачып көздү жумгуча,
Эр Жолойго жетерде,
Калмактардын кан Жолой,
Ырас балаа ал Жолой,
Жылас кылып бир алдым!
Анда кайда сен элең,?
Алышарың чын болсо,
Калмактардын чоң Жолой,
Ысыгына бата албай,
Суугуна жата албай,
Ачбуудан оозун бура албай,
Арстандын жайын көргөндө,
Чыдап Жолой тура албай,
Бугудай мойнун буратып,
Бута бою чуратып.
Астындагы Торучаар,
Канаты бар чын тулпар.
Ээленип жулкунуп,
Ээн калган Торучаар,
Эри өлгөндөй жулкунуп.
Оюрмалуу белестен
Оңдонуп кайра тарткыча,
Бура тартып бууданды
Жолойду көздөй кайткыча
Эр экен Манас ээлигип,
Ар жагында чоң, мерген
Каражойго жолугуп,
Адамдан бөлөк иш кылып,
Албан түрдүү кубулган.
Кытай бузуларда чыгуучу,
Казыналык чоң, мерген,
Катылса салат чуулган.
Ал Каражой капырдын,
Артык жайчы оюнпоз
Амалы артык озуптур,
Алачыктай кара таш
Кара таштан Манасты
Мерген чочко тосуптур.
Мергендикке тазасы,
Бет алып Манас барганда
Белен турган машасы.
Чолок сүбө бети деп,
Олоң, тартар баягы,
Тердиктин төмөн чети деп,
Ал Каражой баатырың
Бет алганы кетпеген,
Огу сая өтпөгөн,
Оңой эмес чоң, мерген
Бура тартып Көк жалың,
Жолойду көздөй дыр койду,
Кара жашыл тон кийип,
Кадимки мерген Каражой
Торучаарды бир койду.
Кайып күлүк Торучаар
Мүдүрүлүп тик түштү.
Кулжадай көзү кызарып,
Кутургур атып ийгенде,
Ошо жерге бүк түштү,
Болкулдап басып аянып
Каапыр каптап келгенде,
Турган экен Көк жал шер,
Боз келтени* таянып.
Капа болду кайгырып,
Биттейинде бириккен,
Бармактайда баш кошкон,
Торучаардан айрылып,
Доолбас бекем кагылып
Кайнап жаткан көп улук
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Түп көтөрө жабылып,
Быяк жагын караса,
Нескара, Жолой бакырат,
Шуру отогот, маржан таш,
Курган канын чакырат.
Күрмө кийген күчтүү кан,
Күркүрөп чогуу каптай кор!
Таш сайынган тазалар,
Кызыталак бурутту,
Такыр жерге таптай кор!
Башына коок* кийгизип,
Эки көзүн тең чукуп,
Эр Эсендин алдына
Тирүү байлап баргыла!
Башы Какан Бакбурчун
Кандыгын сурап алгыла!
Темир аркан торчондор,
Теминип чалма салгыла!
Тегиз канжар колчондор,
Бет бетиңден баргыла!
Кызыталак канкорду
Кыйраткыла таптакыр,
Кылымды бузган анткорду!
Балааны башка салгыла,
Барбактатып көк жалды
Тирүү байлап алгыла!
Бул буйрукту укканда,
Балбаны каптап кыжылдап,
Жамгыр кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып.
Жабылды балбан кыжылдап.
Күн кылкылдап бөлүнбөй,
Жерден бир тал көрүнбөй.
Асман ачык, жер бүркөк,
Ач кыйкырык чуулган,
Каптап каапыр кагышып,
Калайманды салды эле,
Дүнүйө жүзүн чаң каптап,
Жөө туман түшүп калды эле.
Очоогор үнү бапылдап,
Быяк жагын карасаң
Калың колду токмоктоп,
Айдап Жолой таркылдап,
Баатырды байлап алууга
Жаанын огу кыркырап,
Саадактын огу шыркырап,
Аткандары кытайдын
Алеңгир жаа, сыр жебе.
Алтайдан бери көчкөндө,
Буйрук кылып Эсенкан
Кытайлар салган аңгеме,
Аттан Манас айрылып,
Кабырга сөөгү сөгүлүп,
Капа болгон көрүнөт,
Торучаарга кайгырып,
Сырттандыгын мындан бил,
Зың-зын этип кенебей,
Кара кытай, манжуну
Турган экен арстанын
Бучкагына теңебей.
Күмүш кемер курчанып,
Күркүрөгөн эрендин
Күндөй бетин нур чалып.
Алтындан кемер курчанып,
Айкөлүңдүн ошондо
Айдай бетин нур чалып.
Манжу, кытай саксактап,
Алысыраак жеткенде,
Найза менен бир саят.
Андан жакын келгенин
Айбалта менен бир салат.
Колундагы боз келте
Оңго ооп бир атып,
Ойрондорун сулатып,
Солго ооп бир атып,
Солтондорун сулатып.
Артын салса айкөлгө
Капыр жетет чуркурап.
Асты жагын караса,
Таш сайынган кытайдын
Тазалары ошондо
Кача берет дыркырап.
Эрендери энтеңдеп,
Кыйкырып найза сунганда,
Манжулары барбактап,
Тегеректеп турганда,
Ач кайкалаң нагызда,
Ат өткөзчүү жапыздан,
Бетегелүү кайкандан,
Белеси бийик тайпандан
Оргуп-оргуп чаң чыгат.
Оргуган чаңды көргөндө,
Кырк уруу кытай Нескара
Бул экөөнөн жан чыгат.


Кыргыз