Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манас тайбуурулду мингендекайра уруш башташы 2-бөлүк

Өлбөй тирүү жүргөндө,
Журтум ай, не мураска жетейин?
Алмамбет сөөгү жок болсо
Мен ушу жерде өлүп кетейин.
Түнөрүп жаткан Бээжинге
Түз кирип найза сунамын,
Түрү суук Бээжинди
Түгөтүп баарын кырамын,
Түйшүк салып башына,
Алмамбет сурап аламын.
Кайрылса кытай калың эл
Казапты минтип саламын,
Калдайган калың журт,
Калаасына кызыкпайм,
Мен Алмамбет сурап аламын.
Алакемди бербесе,
Суудай канын чачамын,
Сулайман тийбес Бээжинди
Мен төбөсүнөн басамын.
Төрөсүн кармап тирүү алып,
Курмандыкка чаламын,
Каканчылуу Бээжинден
Моминтип кегим аламын!
Эрендин баары жабылып,
Эрдин баары камынып,
Ошо кезде бул кошуун
Иш эрмеги табылып,
Олуя чалдын эр Бакай
Көк сүлөөсүн бөрк кийип,
Көк ала калкан ойноптур,
Ээр белдей белестин
Белине чыгып караса
Оргуп-оргуп чаң чыгат,
Бакай кандан жан чыгат.
Уйгу-туйгу көп кытай,
Уюлгушуп алыптыр.
Береги Алакең окко учканда
Кытайлар качырга байлап алыптыр,
Качкыныңыз мына деп,
Карыкандын алдына
Кытайлар сүйүнчүлөп барууга
Баатырды жүктөп жүрүп калыптыр.
Боз кисени курчанып,
Кытай түрүн коргондо
Болжолу жок кабылан
Кыргыз деп эми үн салып,
Буурул менен ойнотуп,
Кезиккенин сойлотуп,
Артык таап дарысын,
Баатырын, талкан кылып баарысын,
Алты сан кара кытайга
Айгайлап кыргын салды эле.
Асыл Бакай, Ажыбай,
Айкөлүн Манас үчөө бар.
Ит-Өлбөстүн чөлүндө
Алакең тартып алды эле.
Ошондо алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын жалгызын
Айкөлүн Манас өңөрүп,
Жаагына жаагын жаздады,
Күнгүрөнүп токтобой,
Өкүрүп сөзүн баштады:
Эгиз козу түгөйүм,
Экөөнү бирдей жеп алып,
Эрикпей кантип жүрөмүн!
Аккула окко учуруп,
Алмамбет шейит кечирип,
Канатыман кайрылып,
Мен кантип кетем Таласка!
Алмамбет атышка салсам ак жолум,
Чубагым артымда жүрсө сан колум,
Карагай жалгыз, как жалгыз,
Долоно жалгыз, топ жалгыз,
Топ жолдоштон айрылган,
Томсоргон Манас мен жалгыз!
Адырдагы карагат,
Ак жолтой Алмам ала жат.
Алакем, каз айланбас зоодоюм,
Каргылуу кара тоодоюм.
Болот элем таш кескен,
Маталып калган экенмин.
Берендерди жеп алып,
Мен кашайып калган экенмин.
Ирмесем бутум басылбайт,
Жыланга чалыш болупмун,
Эгизимден айрылып,
Жал-куйругум такыр жок,
Мен куланга чалыш болупмун.
Алакем кытайдан келген белегим,
Чубакем нойгуттан чыккан эреним.
Соолуп чалкap дарыям,
Журтум, чамам келбей турамын,
Чалдырып салдым Бээжинге,
Журтум, кандай айла кыламын?!
Кең дарыя, чалкар көл,
Чубагым табылгылуу өзөнүм,
Таалайга бирге жашаган
Алмамбет колума келген эреним.
Кечээ Жылгындынын оюнда,
Кен Таластын боюнда
Жаяны кесип жечүү элем,
Жапаа түшсө бу башка,
Айкырып Алмам турганда
Мен, жаңжунду бузам дечүү элем.
Жаңжуңдун жаны тындыбы?
Жети сан кара жоо келсе
Желбегей кирип кол салган
Алакем бели сындыбы?!
Берендерди жеп алып,
А кудай эми менин жаным тындыбы?!
Ак кисе белге курчанган,
Алты түмөн кол келсе
Аралап жеке кол салган
Асылым Алмам ала жат!
Кечээ Манас кабылан
Тайбуурул оозун бурганда,
Талыгып кейип турганда
Алмамбеттин Сарала
Көкүлдү көккө зыргытып,
Кара болот ооздук
Көмөкөйгө каккылап,
Тал жибектей куйругун
Чаткаякка чапкылап,
Айтайын десе тили жок,
Айбандан эстүү жарыктык
Башын жерге салыптыр,
Кындырдай жарап, жарыктык
Аса күтүп калыптыр.
Аса күткөн себеби
Биттейинде биригип,
Бармактай күндө баш кошкон,
Кулун кезде куушкан,
Айбан да болсо Сарала
Алакең менен жаныбар
Экөө бир күнү туушкан.
Ошондо Алмамбеттин Сарала
Ээр белдей кайкыдан
Токтоп жүргөн кези экен,
Көй кашкасы Алмаңды
Айбан да болсо Сарала
Айтайын десе тили жок,
Жоктоп жүргөн кези экен.
Башын жерге салыптыр,
Кырт дегизип чөп чалбай,
Кылт дегизип суу ичпей,
Кындырдай жарап жаныбар
Аза күтүп калыптыр.
Арстан Бакай, эр Манас
Алакеңдин Сарала
Алыстан кармап алды эми.
Падыша Бакай кан заада
Сарала оозун бурганда,
Манас кандын кырк чоро,
Падыша Манас жанында,
Саралага Алмамбет жүктөп турганда,
Жибектен кылган суп аркан,
Ошондо олуя Бакай кайран шер
Он эки ороп бүктөдү,
Олуясы Алмаңды
Баатыр ай, Саралага жүктөдү.
Кабылан Бакай абакен
Капылетте сөз тапкан,
Карангы жайда көз тапкан,
Канжыганын өзүнө
Алтындан кылган шаңшуурду
Кайра байлап кабыштап,
Кан Алмамбет беренди
Кыргыз жетип көмгөндө
Акысы ушул болсун деп
Капырай, канжыгага табыштап.
Белинен кармап бүктөдү,
Беренин Алмаң көк жалды
Саралага жүктөдү.
Алакеңди Сарала артып турганда
Кадырман ыйлап, кан ыйлап,
Калың журттун баары ыйлап,
Ажыбай, Бакай эр ыйлап,
Айкөлүң Манас шер ыйлап.
Сараланы Бакай кан
Ооздуктан кармап буркурап,
Алакандай бул кошуун
Алек түшүп башына,
Ошондо ыйлап эле турду чуркурап.
Айласы жаман кеткенде,
Аташканы кан Бакай,
Сараланы ооздуктан кармап кабыштап,
Тил угуучу эмедей
Алмамбеттин сөөгүн
Аманат кылып табыштап;
Айланайын Сарала,
Башыңды жерге сала көр,
Алмамбеттин сөөгүн
Аман-эсен көргөзүп,
Жаныбар, жерге алып бара көр!
Жерге алып барбасаң,
Сенин айбандыгың билемин,
Айбандан айбан экен деп,
Сени мен эшекке теңеп иемин.
Ата айланайын Сарала,
Азирет тийбес Бээжинге
Алдырып ийдик жаман ат,
Адамдан жалгыз Алмаң шер,
Бир өзүңө аманат.
Алпара көргүн өзүмө,
Айланайын Сарала,
Көргөзө көргүн көзүмө.
Көкүлдөн кармап, кур жыттап,
Кош Сарала деп жыттап,
Арстан Бакай абакең
Сараладай бууданды
Ошондо айдап эле жолго салды эми.
Айкөлүн Манас кабылан
Айбалтаны таянып,
Асылды гана жоктоп калды эми:
Ителгидей кайран көз
Имерген сайын жаш кетип,
Карагат сындуу кайран көз
Камчы бою жаш кетип.
Берендин баары кырылып,
Өлгөнүнөн калганы
Бет алган гана жайга жыйылып,
Сары-Арканы жердеген,
Көргөн элдин баарысы
Салмактуу кыйын эр деген,
Таруусун таштай актаган,
Катынын кыздай мактаган
Көкчөсүнөн айрылып,
Сары-Арка көздөй кайрылып
Казак түштү бир жолго.
Кырым деген элинен,
Бу дагы кызыгып келген жеринен,
Кыйкасынан чалдырып,
Кыйын каны Музбурчагын алдырып,
Кызыл найза жайланып,
Кылычын кынсыз байланып,
Ээринин башы кесилип,
Алакчы дүйнө оңбой кал,
Тобунун гана колу чечилип,
Кырым журт кайтты бир жайга.
Өзү сары ногой эл эле,
Элине эпсиз бек эле,
Тоюна бээ союлган,
Аты эр Бокмурун коюлган,
Адырмактын булагы,
Көкөтөйдүн өлгөндө көргөн чунагы,
Найзалашып топ бузган,
Ит-Өлбөстүн чөлүндө
Каканчылуу Бээжинде,
Калың кытай келгенде,
Ал дагы казасы жетип окко учкан,
Өзү кең Ташкенди жердеген,
Келберсиген эр деген,
Бу дагы бейлебей Бээжин кайрылып,
Сары ногой журт экен,
Бокмурундан айрылып,
Капа болуп кейишип,
А да тартты элине.
Ошондо Музбурчак, Көкчө кан өлүп.
Эчен сонун жан өлүп,
Ошо турган Бээжинге
Кез болгон жандын баары өлүп,
Ошондо кейип Манас турганда
Арка моюн арасы,
Ооруп кетти баатырдын
Айбалта тийген жарасы.
Кайрылып атка мине албай,
Кыраандардан айрылып,
Каран түштү Бакайга
Кара кылып отурган
Манас кан гана атка мине албай.
Ошондо Бакай ойлонуп,
Карагай катуу, тал жумшак,
Арчадан табыт алды эми,
Суп тошок салып алдына,
Султанды бегирээк эле танып салды эми
Алмамбеттин азабы,
Кан Сыргактын күйүтү,
Ошондо Чубак жандын азабы,
Тилден кетип алактап,
Баатыр тил сүйлөбөй шалактап.
Жети миң кызыл нар айдап,
Ошондо нар куйругун өрүшүп,
Асылдардан айрылып,
Азапты гана минтип көрүшүп,
Каралуу болду бул кошуун
Баатыр ай, кандарынан айрылып,
Каран күн түшүп Манас кан
Ошондо кайра тартып Бээжинден,
Тулпарга алтын олжо артып,
Туйгундардан айрылып,
Баатыр Таласты көздөй жол тартып,
Аккула окко учуруп,
Манас алдырып койгон жери ошол.
Алты күн мөөнөт берем деп
Баатырлардын баарысын
Баатыр ай, чалдырап койгон жери ошол
Каалап кирип кайрылып,
Канын Манас кабылан
Ошондо кандарынан айрылып.
Оорулуу жаны жуурулуп,
Ойронум Алмам деп кейип,
Баатыр ай, ойлосо жаны куурулуп.
Күрдөөлүү баштын өзүнө,
Баатыр ай, күйүт түшүп алган соң
Берени Бакай достусу
Табытка салып үптөптүр,
Ошондо Манас көк жалды,
Асый чыкма кези экен,
Баатырды Тайбуурулга жүктөптүр.
Желмаянга ок артып,
Жеткилен Бакай кабылан
Ошондо Таласты көздөп жол тартып,
Күндүз жатып тынч албай,
Түн ичинде уйку албай,
Ошондо түндөп жүрдү Таласка,
Дүмөк түшүп башына,
Ошондо түйшүк түштү Манаска.
Кокусунан биз барсак
Журт түбүнө жетет деп,
Аргын менен кыргыздын
Жүрөгү түшүп кетет деп,
Алты күлүк ат берип,
Таластагы эл-журтка
Баатыр ай, алакандай кат берип,
Карасаң кирбес Бээжинге
Кабылан Манас султанды
Кан көтөрүп салдык деп,
Сулайман тийбес Бээжинден
Суракты мыктап алдык деп,
Сулуу шер Манас көк жалды
Бээжинге кан көтөрүп салдык деп,
Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай
Жылоого байлап алдык деп,
Таласта жаткан калайык,
Бээжинди алып салганга
Өлүп кеткис ой кылсын,
Миң кара кашка бээ союп,
Миң карача төө союп,
Ошондо аябай калкым той кылсын!
Ал тойго журтум чогулсун,
Токсондогу каргандар,
Ошондо он экиде боз балдар,
Дегениме көнсүн де,
Ошондо журт кубанган чоң тойго
Калктын баары келсин де,
Ырамандын Ырчыуулу
Ырдап турат кашында,
Дөө кандын төлгөчү,
Төлгө гана салат башына,
Төрө Бакай султаным
Буйрук гана кылат кашыма.
Алмамбеттин ак ордо,
Аруукени кийинтип,
Таластын алкымына тиксин де,
Эшигинин алдына
Абыдан кур боз бээден
Алтыны байлап койсун де,
Алтындан кылган чатырдын
Алтымышын бүксүн де,
Алмамбет, Чубак ордосун
Таласка эшиктеше тиксин де,
Кызыл чырай кыз балдар
Кыпкызыл тон кийсин де,
Келеңкер чачпак, кең соору
Ошондо келиндердин баарысы
Жашылдан гана жоолук салынсын,
Карк токтолгон катындар
Карадан кыргак байланып,
Алмамбет, Чубак экөөнүн
Ордосуна камынсын.
Алгылыктуу эрендер
Алты-алтыдан бээ сойсун,
Айласыз жаман начарлар
Эки-экиден бээ сойсун.
Ошондо алты күлүк ат берип,
Таластагы Каныкейге кат берип,
Таласта аргын, кыргызга
Ырчыуул кабар салган соң.
Бээжинди алып салдык деп,
Кабар салып барган соң,
Калайык дүрбөп чуркурап,
Калың элдер жабылып,
Кан Манас келе жатат деп,
Калайыктар камынып.
Кабарды мыктап салдырып,
Кайран жеңең Каныкей долу баш болуп
Алмамбет, Чубак ордосун
Демге калбай алдырып,
Жылгындуунун оюна,
Кен Таластын боюна
Эшиктеш тигип салды эми.
Кайран жеңең Каныкей
Ич этинен суп көйнөк
Кийген долу эмеспи,
Алтайчылык азапты
Кадимкидей дапдаана
Билген жеңең эмеспи.
Чылбырдай чачты бура албай.
Чын азап түшүп башына,
Женекең, чыркырап ыйлап тура албай,
Канкор Манас кан жалгыз өзү экен,
Ошондо өлгөндө көргөн Семетей,
Алты ай болгон кези экен,
Балтыр бешик чагы экен,
Ошондо бала Семетей
Алжактап күлүп эле калган кези экен.
Күйүттү тартып жеңекен,
Ошондо тура албай турган табы экен.
Асмандан алданын күнү бүркөлүп,
Башына алтымыш санаа бир келип,
Кабырга сөөгү сөгүлүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Ошондо көңүлү жаман бөлүнүп,
Олоңдой болгон кайран чач
Төбөгө кынай түйдү эми,
Кара кашка аргымак
Токунуп долу минди эми,
Балтыр бешик кезинде
Семетейди өңөрүп,
Айкөл Манас кабылан
Астынан түшүп жүрдү эми.
Кереметтүү жеңекең
Кереметин ашырып,
Ооруп султан барар деп,
Алакандай кайран журт
Жүрөгү түшүп калар деп,
Кара кашка аргымак,
Кабакка оозун бурду эми,
Колтугунда балтыр бешик баланы
Оймок бооч салып чымчылап,
Баланы чыркыратып урду эми.
Оймок бооч салса этине
Бар-бар бала бар ыйлайт,
Баркырап бала бек ыйлайт,
Бала бакырык салып ыйласа
Кулак мээни жеп ыйлайт.
Астыга салса ак жолум,
Аташкан Бакай сан колум,
Баркырап чыккан шумдуктуу үн
Байкачы Бакай кабылан,
Кара нээт күн эле,
Каныкей кабактан күйүп калган бейм,
Баланын үнүн укканда
Кайраттанып калсын деп
Балага оймок боочту салган бейм.
Чын-чын-чың ыйлайт,
Чыркырап бала бек ыйлайт,
Чыркырап чыккан бул үндөр
Кулак мээни жеп ыйлайт.
Боз ала гана туйгун болпон го,
Маа боз карчыга чолпон го,
Өлгөндө көргөн чунак го!
Көрүп койсом көөнүм ток,
Көк жалым Бакай тура тур,
Менин баламдан башка медер жок!
Алмамбет, Чубак асыл зат,
Бакай, эстеген сайын күйөмүн,
Туу казанат чунактын
Кудайдан өмүрүн эле сурап жүрөмүн.
Ошондо каарданып дардайып,
Кан ичмеси бек кармап,
Бөлүнтүп нечен санааны,
Медер кылып баланы,
Касиеттүү боз кисе
Кынай белге курчанып,
Кызырдуу Манас кайран шер
Ок өтпөгөн ак олпок
Жоого кирчүү немедей
Кийип алган кези экен,
Аркалуу күлүк Нарбуудан
Берениң Манас кабылан
Минип гана алган кези экен.


Кыргыз