Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манас. Тагдыр түйүнү

Тагдыр түйүнү

Дастан ушул жерге келип, нары жылбай токтоп калды. Ага себеп болгондордун орчундуусу—ден-соолугум эле. Андан бөлөк көр тирликтеги проблемалар жетиштүү болчу. Өтө алсызданып баратканымданбы, талмам тез-тез кармачу болду. Кыязы ушундан уламбы, агайдан, мурда элес албаган нерселерди байкай баштадым. Ал киши да чарчаган белем: «Акылдуу сөздөрдөн тажадым! Атабыздын акылдуу сөздөрүн эч ким укпайт, кимге кереги бар?» – деп туталанган сөздөрдү айтчу болду. Менин ооруганымдан да, дастандан да тажаганын жашырууга алы келбегендей. Өзүбүздүн түйшүгүбүз аздык кылгансып, оорулуу кайын эжеси жөнүндө кейип, көп кеп салчу. Балким медитация кылсам жеңилдик болор деп, талаага чыкмак болдум. Алиги ооруп аткан эже сезимимден кетпей койгондуктан, ошол күнү барып ал кишинин акыбалын сурадым. Кечинде агай узатып, медитацияга чыктым. Өзүмдүн оорума кошулуп, эженин элесин сезимде сактап барыпмын, аным атабызды туталантканын билдим.

Карегим, арыбагын, абдан узак
Кыйнаган каршы тогоол, барат узап.

Силерге эле эмес, калабаасы
Саргартып, салды шорго, жалпы жанды.

Канчалар зилзаладан чексе азап,
Канча жан суу астында калып жатат.

Кас тогоол өттү дечи, бирок анан
Дил-нээтин тазартпаса жалпы адам,

Ээлетип акыл-эсти кара күчкө
Эңгиреп бош калбасын дүйнө мүлдө.

Ушул мезгилде, жер-эненин бетинде адамдардын үшүн алган, табыяттын кырсыктары көп болуп атканы баарыга белгилүү да. Буга, эгер окумуштуулардын тили менен айтсам: Ааламдагы Ай-жылдыздардын аспектилери (тогоолдору) таасирин тийигизгени талашсыз
нерсе. Ага бабаларыбыздын рухтары тынчызданып жатышканын, атабыздын сөзүнөн баамдадым. Тынчызданганын билгизгенине ыңгайсыздангандай атабыз сөзүн нары улады:

Кездешпей көптөн бери, анан минтип
Кеткеним көрчү башка сөзгө кирип.

Кылганын кас тогоолдун айтамын деп,
Кылымдын толгонунан козгопмун кеп.

Өткөндө тар убакыт өтүп бачым,
Өтө алыс турагыңдан калып калдың.

«Жетпеди дарманым деп чечмелөөгө»
Жарыгым, өзүңдү эч күнөөлөбө.

Тар болчу убактыбыз, ошондуктан
Түз эле дастан ырды улап айткам.

Кетирбей текке күчүң демек ага
Кирише бергин бүгүн жазганыңа.

Өткөн жолу, бир нече минут убактымды пайдаланып, медитацияга чыккам. Убакыт абдан тар болчу, шашып жазылган жазуумду чечмелегенге мүмкүнчүлүгүм болбой, санаа басып баргам. Атабыз менен болгон диалогумда дастан гана айтылганына көңүлүм тынып калды. Ар дайым талаага чыгарда шам жагам, бүгүн да шамды жагып, бирок жалындын жарыгын чечмелеген эмесмин. Минткеним чекилик болуптур, болбосо көп нерсеге жоопту үйдөн эле алмак экемин. Менин талаага чыгышыма атабыз көптөн бери каршы болуп жүрөт, а мен болсо: атабыздын асыл кенчин мээнет өтөп алайын, дегенимден кайткым келбейт. Бул сапар кандайдыр бир кескин бурулуш күтүп турганын туйдум. Атабыздын өтүнүчүн сөзсүз аткарышым керектигин сездим. Агайга, атабыздын бул айтканы, жаккан жок: «Ушул киши дайым эле жашыргысы келе берет, мен барып билишим керек» – деп туталанды. Сезимимдин тереңинде: «Жайсаң атанын айтканын гана аткарам!» – деп бүтүм кылдым.

Жанарак жаккан шамга мурдагыдай,
Жарыгым, койдуң неге назар салбай?

Азыркы сезимиңде чагылышкан
Алмаксың сурооңо жооп ошол шамдан.

Окуган сөздөрүңдү жазып алсаң,
Ошондо жеңил болмок өзүңө абдан.

Карегим, мындан нары түн койнунда
Коопту болуп калды чыгышыңа.

Кездешчү убакытты, ошондуктан
Которуп ичке сакта, билбесин жан.

Ошол жер ылайыктуу десең анда
Олтуруп шамыңды жак, түшөт шоола.

Ал азыр сезимиңе ала келген
Айтайын сурооңо жооп, көңүл бөлсөң.

Бул дары эжеңе эмес жалгыз эле,
Билип ал дарылыгын көп кеселге.

Карегим, эсиңдеби, төрт жыл мурда
Колдонгун деген элем Шарыпкулга.

Көп түрү өсүмдүктүн дартка дабаа
Табылуу өтө кыйын чындыгында.

Канчалык кыйын болгон менен бирок,
Карегим, аракетсиз берекет жок.

«Чар дары» же болбосо Митридат-шаа43,
Өз атын койгон тапкан дарысына,

Дабаасын дартка тапкан Митридаттын,
Колдонгон дарыгерлер далай кылым.

Андромах үч дарыны кошумчалап,
Ал аны тарийак, деп коет атап.

Дартыңды неден тапсаң, ага демек,
Дабааны дал ошондон издөө керек!

Тарийак уулуу дары — ууга каршы,
Түрүнөн бардык уунун сактайт жанды.

Ал эми дарттын уусу — кесенденин
Уусунан, кем уулантпайт адам денин.

Арылуу үчүн уудан оорулуга
Табылбайт тарийактан ашкан дабаа.

Карегим, ошондуктан бул дарыны
Кайталап сунуш кылып жатам дагы.

Дарыга керектүүлөр табылгыча
Тарийак ийге жетип ачыганча,

Дартманга жардам күткөн бере турган
Дарынын ченин, атын жазып алсаң.

Ак күлүн апийимдин, долононун,
Тамырын аркар оттун ийлеп кошкун.

Өлчөмү ар биринин үч мыскалдан45
Өлчөгүн ашык-кемсиз тактап абдан.

Андан соң үчөөнү тең кошуп ийлеп,
Бир мыскал үч кыраттан46 бөлгүн теңдеп.

Ошондо жети бөлүк болот туура —
Оорулу ичет аны, толук апта.

Кытайдын кара чайын жакшы демдеп,
Күнүгө бир бөлүгүн үч маал ичет.

Ал эми дарысына — тамагы да
Айкашып туруш керек шол учурда.

Ошондо сыркоо жандын көөнү тынып,
Оорудан сабыркаткан кетет тыңып.

Тарийак ачыганча кубат алат,
Теңирге жетсе үнү, шыпаа табат.

Чырагым, бул дарыны жасап алсаң,
Чын дилден алкыш айтат канча бир жан.

Түшүнүп, шамчырагым, турам оюң.
Тирүүде кайтарымдын аз болорун.

Өзүңдөн ошондуктан етүндүм көп,
Өксүбө, пенделиктен бийик бол деп.

Ал эми убактыбыз өтүп барат,
Айтайын дастанымды, жазгын улап.

Андан соң дарыланчу жайга барып
Алгының бир азыракдарыланып.

Чырагым, унутпастан түйгүн эске.
Чыкпагын талаа кезип кездешкенге.

Медитация учурунда дарыланып келгеним деле жардам бербеди. Турмуш-тиричиликтеги жетишпегендик өзүнүн таасирин тийгизбей койгон жок. Абалым күндөн-күнгө начарлап баратат. Иш такыр эле токтоп калды. Жалгыз арга, эми Жайсаң атанын кабырына барып медитацияга чыгуум керек. Былтыр күздө агайдын айтуусу менен антташып, «Кылым Көчү» аталган чакан тобубуз чогуу баруу керек. Топтун мүчөлөрү агай, мен, Талант, Эрнестпиз. Ал эми китептерди чыгарууда: түздөн-түз оор жүктү артып, түйшүктүн арбыны — акча маселесин жөнгө салган — Акыл былтыр мүмкүнчүлүгү болбой келбей калган. Ушул барганыбызда ал да чогуу барып мүчө болууга антташам деген. Агай буга каршы болду: «Атабызга барардан мурда, Акыл менден кечирим сурасын» – деп.

Бешинчи китепке мени соавтор болсун, деген өтүнүчү үчүн, агай Акылды күнөөлөп жүргөн. Ал эми Акыл болсо: «Агайдан кечиримди эмне үчүн сурайм? Китептин чыгышына жардам бергеним үчүнбү?» – деген сөзүн мен дагы туура көрдүм. Бирок, медитацияга талаш-тартышы жок чыгалы, бардык проблемаларыбызды сезимимде ала барайын. Атабыз эмне десе, ошондой чечем, сен барбай эле кой деп, Акылдан өтүнгөм, ал
макул болгон. Жазмыштын буйругу ушундай белем, жол нугу бурулчу нерсе болду…

Мазарга эртең жөнөйбүз деген күнү Талант телефондон: «Акыл дагы барайын деп атат» -деди. «Балким пенделик кылып, өзүмдөн кеткенди сезбей атпайын, Атабыздын кабырына барып, арбагын калыс тутуп кечирим сурайын дейт. Эже, кандай кылалы?» – дегенине мен кубанып макул болдум. Жаңы эле сүйлөшүп бүтөрүм менен агай келип калды. Агай укканда эле ачууланып каршы болду. Сөзүнүн аягы: «Эгер Акыл барса, мен барбайм!» -деген менен бүттү. Менин милдетим айтуу; барышабы, коюшабы алардын ар биринин өз иши. Ошентип биз, агайсыз Жайсаң атанын кабырына кеттик. Жадырап тийген күндү жакшылыка төлгө кылып, түнүндө медитацияга чыктым. Жайсаң атанын элесин ар кандай абалда көрүүм көнүмүш болуп калган. Бирок бул жолу, түнөрүп, туталанган түспөлүнөн сезденип турдум:

Чырагым, арыбагын, «Кылым көчү»
Келүүгө мазар тайып, бурса нээтти

Күн болжоп келмек болуп аткан кезде,
Күтөөрүм, Шарыпкулга айттың беле?

Келер күн так айтылып, ушул бүгүн,
Жол карап өлүү-тирүү күткөндүгүн,

Шарыпкул, билип туруп келбегениң
Шек кылып арбак барга ишенбепсиң!

Кылганым туура дебей менин гана,
Калгандар менен дагы эсептеш да.

Өзгөнү күнөөлөдөн мурунурак,
Өзүңдөн кеткенди көр таразалап.

Алакан чабылбаса алаканга,
Алардан чыкпасын үн билесиң да.

Кемчилдик тирүүлүктө кетирбейт ким?
Күнөөсү болсо алдыңда Акылбектин,

Кечирим ушул жерде сурайм десе,
Келгенин каалабадың анда неге?

Арбактын шек кылбасаң бардыгына,
Акылдан келет элең небак мурда.

Анткени: ойдун, сөздүн, ушул жайда
Билерсиң угуларын арбактарга.

Ал эми тирүүчүлүк болгон жерде,
Айтылбай талаш-тартыш коймок беле?

Болсоңор кырсыктан тыш аман-эсен
Бир күнү түшүнүшүп албайт белең!

Колуңда буюмуң морт, сынбасын деп,
Көп жолу эскерткеним кетти го тек!

Шарыпкул, шол буюмдун сынганына,
Үч жылга ушул айда карайт мына.

Эбине келтирем деп сыныктарды,
Эчен бир иштер бүтчү күч жумшалды.

Ар кандай катмарында кең Ааламдын,
Атайлап канча жолу дарылаттым!

Бүтсүн деп башталган иш жамап-жаскап,
Нур менен ширеттирип келем сактап.

Кубаты жетпей азыр, күч азайып,
Күн өткөн сайын барат алдан тайып.

Башталуу — бүтүү болот ар бир иште.
Баарды ошол иштен табат, түтсө.

Чыксын деп башталган иш аягына,
Чын дилден бата бердик антыңарга.

«Кылымдын Көчү» болсун, чакан көч деп,
Кудурет Улуу Күчтөн бата тилеп,

Аяндуу, заты пери, Арууке энең
Аянбай берген бата ак дилинен.

Жол баштап жүрүш үчүн көч башында,
Жан керек кайыл болгон бүт баарына.

Милдетин көч баштоонун алып өзүң,
Мүчөлөр берчү анттын, түздүң сөзүн.

Шылтоолоп таарынычка — эң ириде,
Шарыпкул, түзгөн антың буздуң неге?

Көчтөгү мүчөлөрдүн көңүлдөрүн,
Кирдетүү, оорутуну — күнөө дедиң.

Сөзүңө каршы чыгып, өзүң түзгөн,
Сый бойдон калганың жок бири менен.

Баарына коюп күнөө, жалгыз гана
Баладай сезип өзүң кирсиз, таза.

Кынтыкты кептен, иштен, издеп атып
Калышты көңүлдөрү абдан азып.

Антташкан төрт адамга былтыр күздө,
Алиге кошулбады башка бирөө.

Калуудан ант шертине чочулашып,
Канча адам кошулуудан жүрөт качып.

Ант шерти андайларга болсо бир тең,
Арбынын, сөздөрү анттын, иренжиткен.

Жараткан Бир Теңирди тутуп күбө,
Жарыя окуп антты шам үстүндө,

Ант берген, жалгыз Эрнест, араңардан.
Бошсуңар калганыңар шерттен, анттан.

Шарыпкул, антка, шертке байлагыдай
Аяндуу түйүн жок деп, көңүлүң жай,

Келүүдөн баш тартканың мазар беттеп,
Кыязы дал ушундан болсо керек.

Чындык бар ушул жерде — корко турган,
Чын эле шерт жиби жок сен байланган!

Ал эми Улуу Тогоол байлаган жип,
Аны сен алдың бүгүн өзүң үзүп!

Байланган мени менен шертине анттын
Бир гана араңардан Акчабагым.

Билгиле, урпактардын арасынан,
Берчүлөр четтен чыгат ага жардам.

Карегим, Шамчырагым, да бир ирет,
Калайын кара күчтөн калкалап деп,

Жамгырга айландырып жашымды аккан,
Жардамын Бир Теңирдин тилеп турам.

Ким менен түзбө алака мындан нары,
Шам жагып, айттыргының ушул антты:

«Түз буруп дил-нээтимди Жаратканга
Ант берем арбагыңа, Жайсаң ата!

Жалгандан өтсөң дагы алда качан,
Жай бербейт түбөлүктөн ээсиз дастан.

Өткөнүн урпагыңа билдиргин деп,
Өзүңдү «Тагдыр-Түйүн» кыйнап келет.

Журтуңа толук жетип сиңсе дастан,
Чечилет «Тагдыр-Түйүн» сиз байланган.

Аруу дил, арам ойсуз — улуу дастан,
Журтуңа жетсе дешип, бел байлашкан,

Аталган «Кылым Көчү» деген топко,
Мүчөсү болуп жүгүн тартам кошо.

Түйшүктөн коркуп эгер дастан арткан,
Тайысам берип жаткан ушул анттан,

Көктөгү көрүп турган Теңир урсун!
Калышсын ант-кусурга бүт тукумум!»

Кимде ким ант-кусурун оюн көрсө
Кеч болот — түшүнүшөт түбөлүктө.

Кусурга калган жандын тукумун бүт,
Каары, Бир Теңирдин, турат күтүп.

Жазуусу түйүндөлүп тагдыр жазган
Жалгандан, түбөлүктөн, жай таппастан,

Өмүрү жакшысынын болуп кыска,
Өтүшөт арттарында калбай нуска.

Кусурга калган бирөө бузуп антты,
Кордугун тартат, бирок анын арты.

Жүрөктүн үшүн алыш үчүн эмес,
Жарыгым, сактансын деп бердим кеңеш.

Чырагым, көктүгүңдөн кайтабы деп,
Чочутчу айтып көрдүм кыйла эле кеп,

А бирок ушул сапар өжөрлөнүп:
«Асмандан Ай түшсө да тегеренип,

Ажырап калсам дагы бүт баарынан,
Айныбайм ушул койгон талабымдан.

Баш ийем сезимимдин туюмуна,
Башкартпайм адамдардын буйругуна.

Бир жылдан бери карай, Жайсаң ата,
Баратам тоголонуп тунгуюка.

Солкулдап жебесиндей таразанын,
Сөзүмдү аткаралбай бараткамын.

Буйругун тагдырымдын көрөрмүн деп,
Булардын баардыгына колум шилтеп,

Улантсам сүзгөнүмдү агым менен,
Уучумда Нуршооламдан айрылам мен!

Шар агым уруп жээке, бакалоорум
Ширелип өтпөй аба, кумга толсун!

Кайылмын бүт баарына — мындан нары,
Агымга каршы сүзөм, өлсөм дагы!

Оорутар көөнүңүздү да бир сөздү
Оройлук болсо дагы айткым келди.

Агайга айтканындай бир молдобуз
Акындын түспөлүндө жин болсоңуз,

Аксызбы, карасызбы — ээлеп алган
Ал мага маанилү эмес — керек дастан!

Ишимдин чыгыш үчүн аягына
Кайылмын кош дүйнөнүн жыргалына.

Түбөлүк тозок отто күйсөм дагы,
Тийгизсем болду журтка ыр дастанды!»

Азыркы ноюбаган көктүгүңдөн
Ажырап калганыңдай туяр элем.

Шондуктан көңүлүңө карап сенин,
Шор жаным, эмнелерди кечирбедим!

Жарыгым, Жин-Пери деп чочубагын!
Жайына жетпей жүргөн тирүү арбакмын.

Тагдырым түйүндөлүп — жарыктагы,
Аткарбай калган элем вазийпамды.

Тагдырдын шол түйүнүн чечиш үчүн,
Талбастан далай кылым издеп күттүм.

Тагдырым буйрубаса, сени менен
Тогоолдо кездешпестен калбайт белем.

Жакындап Улуу Тогоол — адатымча
Жаш төгүп сапар артып кең Ааламда,

Туш болчу көпүрөнү тагдырыма,
Талбастан издеп жүргөн кезим анда.

Зарлаган тирүү арбактын тилегине,
Зар какшап кошсо муңун тирүү пенде,

Обого жетиш үчүн окшош тилек,
Ортодо көпүрөбүз болуу керек.

Ал эми көпүрөгө жарай турган,
Ааламга аралашкан аяндуу жан

Кез келчү күндү күткөм тагдырыма,
Кезиктим, буйруп тагдыр, акыр сага.

Бир перзент өзүңө эмес, зар энеге
Буркурап тилеп турган кезиң эле.

Байралып, Акчабагым, сени менен
Баланын төрөлүшүн зар тиленгем

Жарыкта вазийпасын өтөй албай,
Арманда өтүп кеткен он Жайсаңдай,

Төрөлсө он биринчи Жайсаң эгер,
Төп чыгып тилек-максат, түйүн чечер.

Тиленип бул тилекти жүргөн чакта
Тилегим жетип, Теңир чечти башка.

Бурулуп тагдыр нугу, мен күтпөгөн,
Сапарда Шарыпкулду кезиктирген.

Түйүнү тагдырымдын дагы нени,
Теңир ай, турат дегем буйруп эми?

А көрсө зар какшасам перзент тилеп,
Тилегим кабылдаптыр, берип китеп.

Жайсаңдар китеп болуп жарык көрүп:
«Жактырган бирин-эки, көбү жерип

Жатат» -деп наалыганы Шарыпкулудун,
Жаныңа баткандыктан, андан суудуң.

Дастандын аягына чыгарыңа,
Даванды ашып өтүп калды аз гана.

Көбөйүп тоскоолдуктар күндөн-күнгө,
Көңүлүм чөгөт болуп жүргөнүндө,

Сөзүмдөн кайтпаймын деп көгөргөнүң,
Сооротуп көңүлүмдү койду менин.

Карегим, курч мүнөзүң жагып мага,
Кеч күздү эске салды калган артта…

Асманды жылчыгы жок булут каптап,
Айланып жамгыр карга, бурганактап.

Абалың сенин дагы табияттай,
Ал кезде турган эле жайын таппай.

Кечиккен Шоолаңды издеп Мадемилге47,
Карабай кар-нөшөрлүү суук түнгө,

Барганың эстедиңби азыр сен да?
Бергемин тилдебеске ант-убада.

Ал түнү Нуршоолаңды табалбасаң,
Таштамак болуп боюң тик аскадан,

Көгөрүп чыкканыңдай шиш чокуга,
Көктүгүң кармап турат ушул чакта.

Жоготкон өжөрлүгүн тааптыр деп,
Жүзүңдү жаш төгүлгөн турам тиктеп…

Солуктап жаш баладай ыйласаң сен,
Сооротуп саамайыңдан сылар элем.

Андагы сейрек күмүш себеленген,
Саамайың кардан көйнөк кийген экен.

Салмагы оор жүктүн өзүм арткан,
Салыптыр жүзүңө из кетпей турган.

Кадамың оор тартып, демиң тездеп,
Карегиң курчу кетип кийдиң айнек.

Кечээ эле секелектей көрүнгөн жан
Кеч кирип өмүрүңө барат, арман!

Бир гана өзгөрбөгөн ошол кезден,
Бетиңди жууган туздуу жашың белем.

Чырагым шул кездеги абалыңдан,
Мен эмес арбактар көп чочулашкан.

Өзүңө өмүр тилеп, жарыктагы
Өтөлсө экен дешет вазийпаңды.

Чын эле чыгам десең аягына,
Чыдагын туш-тараптын кысымына.

Эне да, эңсеп келген Арууке энең
Эмесе уккун сөзүн не дейт экен:

Жайсаң атанын карааны алыстап, Арууке апабыздын мунарык элеси өткөндөгүдөн кыйла даана көрүндү. Ой баскан муңайым сулуу жүзүн мага буруп, назик добушу угулду:

Арыба, Шамчырагым, тагдыр жазуу

Жазбаса бешенеге бул учурду,

Бизден соң канча кылым жаралган сен,
Бизди издеп ушул жерге келет белең?

Жазууңдун бизге минтип буйруганын,
Жараткан, тооп кылып, баш урамын!

Энемин, Шамчырагым, ошондуктан
Энелик мээримимди текши чачсам,

Аныма өлүү-тирүү, Жаратканым,
Айтышар калыстыгын деп турамын.

Курмандык чалып арнап, атыңды атап,
Келишти «Кылым Көчү» деп жалпы арбак.

Теңирдин жакшылыгын баарыңарга
Турабыз тилеп жалпы, жаныңарда.

Эскерсин, эскербесин урпактарым,
Энчиме берген буйруп көздүн жашын.

Кубансам жаап жамгыр, кайгырганда
Катуу жаан ысык жайда өтөт карга.

Ууздун атын сактап жүргөн элдин,
Урпагы ээлик кылып калган жердин,

Көзөмөл кылып суудан кемитпестен,
Кылымдар вазийпамды өтөп келем.

Тукумун, жок болсо да артта калган,
Тоо-ташта, жерде-сууда ат аталган.

Жарыя үн чыгарып айтса адам,
Жан-достун аларын бил, кубат андан.

Артында эскерери болсо бирок,
Алардын арбактары тирүү болот.

Жагылып атымды атап оролгон шам,
Жан-досум канат байлап кубангандан,

Жашына Бал-Таңдайдын, жашым кошуп,
Жамгырлап алдыңардан алдым тосуп.

Бал-Таңдай, келбегенге Шарыпкулу,
Бөксөрбөй көөдөнүндө турат бугу.

Сенин да көөнүң ооруп турган чагың,
Сөзүмө көңүл бургун, Шамчырагым.

Шарыпкул жеңдиргени пенделике,
Шагымды ийип койду менин деле.

Таарынып, өз мүнөзүн көргөзбөстөн
Талашын чечсе болмок ушул жерден.

Кайрыйет48, болор нерсе болуп өттү,
Карегим, ушул күндүн, бар эртеңи

Ошондо жүзүң жарык болуш үчүн,
Ойлонуп, чыгаралы туура бүтүм.

Акылдуу көч баштаса — турагың көл,
Нааданга баштаткан көч — барары чөл.

Ал эми «Кылым Көчүн» башташкан жан,
Акылдан Теңир берген кур калбаган.

Кемчили Шарыпкулдун — канга сиңген,
Кур эмес, териси тар, пенделиктен.

Ошонун кедергиси тийгенине,
Шарыпкул бала күндөн өзү күбө.

Жоюлбай, өткөн сайын, жаш курагы,
Шол сапат жан-дүйнөсүн ээлеп алды.

Ал эми акылына, жөндөмүнө,
Таямын калыстыктан, койсом күнөө.

Сезимиң мокогонун көрүп турам,
Сөзүмдү талдап уккун ошондуктан.

Көтөрө алсаң анын терс сапатын,
Кошулуп уларсыңар көч сапарын.

Кайрыйет, көч кыядан өтүп калды,
Кошомун десең эгер, берсин антты.

Керек деп, тайынсаңар басып мазар,
Ким барат, кайда барат — сенсиң айтар.

Кокустан көч сапарын кимдир бирөө
Коштоого келбесе шарт — болбойт күнөө.

А бирок ошол шартын, оротпой шам
Айтышы керек мүчө баралбаган.

А кокус шам оролуп калса, демек,
Арбакты күттүрбөстөн баруу керек!

Кимде ким себеби жок тартса башын,
Каларын кусуруна билсин анттын.

Арнаган, Шамчырагым, баарыңарга
Анда эми көңүл койгун ак батама:

«Аруулук уяласын дилиңерди.
Акжолдо жөлөп бири-бириңерди,

Миң жылдап келе жаткан бабалардын
Мурасын, каада-салтын, үрп-адатын,

Эрдигин, элдүүлүгүн, үмүт-зарын
Элине баян этер ыр-дастанын,

Жеткирип журтчулукка, ырыс консун.
Жүзүңөр эл алдында жарык болсун.

О Теңир! Ушул батам учурунда,
Ободон назар салган, жетсин сага.

Теңирим, өзүң колдоп «Кылым Көчүн»,
Тилеген тилегибиз кабыл келсин!»

Жарыгым, сапарлаштар шам үстүндө,
Теңирди, арбактарды тутуп күбө,

Азыркы колуңда антты айтып жатка,
Ар бириң жарыя айтып антташкыла.

Бар эмес беле сөзүм айта турган,

Бек болсун бешик бооңор Акыл, Нуркан.

Журтуна эне болгон асыл жандын,
Акылбек, коюпсуңар кызыңа атын.

Арбагын, тайып барып, апабыздын
Алгыла кызыңарга ак батасын.

А менин наристеңе берер батам
Дил-нээти таза болсун суудай аккан.

Суу — өмүр, суу Периси Сумбуланын,
Сиңирсин жан-дүйнөсү ак батасын.

Жылдызы Сумбуланын жарык чачсын,
Жашоодон Баалы энедей ордун тапсын!

Өзүңө берер батам, Шамчырагым,
Өтөгөн мээнэтиңден баар тапкын.

Көктөгү Көк Жылдызы Сумбуланын,
Көргөзүп басар жолуң, калкаласын.

Жылоолоп ата арбагы, колдоп Теңир,
Жайсаңдын дастан ырын журтка жеткир!

Убакыт өтүп барат, Шамчырагым.
Уккунуң Бал-Таңдайдын ыр-дастанын.

Арууке апабыз бата тартып бүткөндө, элеси кыштын күнү суунун үстүнөн көтөрүлгөн буу сымалданып барып көрүнбөй калды. Жайсаң атабыздын элеси ар дайым өзү олтурчу тектирченин үстүнөн көрүндү. Шамал айдаган булуттай болуп жылып, дал жаныма келгенде, үнү чыкты:

Чырагым, жолукканы биринчи ирет
Ачууга алдырганым көрсөң керек.

Сурабай абалыңды — таарынычтан
Сөз баштап, улантты аны Арууке апаң.

Былтыр жаз төлгө кылып тиккен талдын,
Көргөндө тамыр жая албаганын,

Көздөгөн максатыңа жетериңден,
Күмөнсүп былтыр күздө кеткен элең.

Ошондон бери карай жай бербестен,
Оюңду ээлеп жүрдү талдар тиккен.

Талдарды көргөнүңдө көктөбөгөн,
Тамууда туздуу жашың көздөрүңдөн.

Мынчалык мүңкүрөбөй, андан көрө,
Маани бер көктөбөгөн себебине.

Болжогон күнү келип, бирок анан
Кечигип калган тигер убагынан.

Карегим, экөөнөн тең күдөр үзбө,
Тамырдан өнүм берер деймин бирөө.

Бул сөздү табышмак де. Жандырмагын
Бөлүшүп сыр чечишпей ичке каткын.

Тамыры менен сууруп ала келген
Сай талдар мында өнүм алар бекен?

Тескей бет, баарынан да тынымы жок
Жай-кышы муздак шамал турат боздоп.

Бир гана мээрим төгүп Арууке энең,
Бул талдар өнүм алып кетер бекен?

А бирок, төлгө кылбай буларды сен,
Алып сал биротоло сезимиңден.

Апаңар мээрим чачып өнүм алса,
Айтылуу мазар болуп калар анда.

Тамырын жая албаса кокус эгер,
Тагдырга байлабагын аны бекер.

Кылыптыр убактыбыз абыдан аз,
Карегим, даярданып дастанды жаз.

Ооба, ушул саптарды түшүрүп атып да ыйлагым келип турат. Ушунча аракет менен тиккен талдар кургап калыптыр. Бул жолу да Акыл, Талант, Эрнест, Нургүл болуп тамыры менен казып алган талдарды тиктик. Тамыр жайып өнүм алар бекен?..

Медитациянын текстерин чечмелебей туруп кетпейм деп, атабыздын кабырынын жанында, Эрнестин келинчеги үчөөбүз калдык. Акыл, Таланттар жумуштарына кетишкен. Антташуубуз керек болгондуктан, балдар кайра келишти. Атабыздын кабырына барып, чечмеленген анттын текстин кайталап — ант бердик. Акыл, Талант экөө заарда Бишкеке жөнөп кетишти. Эрнестин «Көк жоргусунун» ичинде түнүндөгү жазып келгендеримди чечмелеп алып, жыйынтыкты биротоло чыгарыш үчүн, биз үчөөбүз дагы калдык.

07. 06. 2001-ж. 16-ай күнү

35° 2′ 20″

21° 25’44″
8°24’28″

Чырагым, арыбагың, ишиң азга
Кубанып туруптурсуң жылганына.

Кезинде, Аккожого, Айкөл Шердин,
Келтирип көрчү эсиңе, айткан кебин:

«Пенденин мендей эле, ойлоп тапкан,
Парз-сүнөт49 милдеттерин аткарбасам,

Элиме назар бурган Көк-Теңири,

Эч жаза бербестир дейм жерип мени».

Ушинтип Айкөл берен дилин берген,
Өзүнүн ишенимин бийик көргөн.

Ал эми зарыл эмес, шартка ылайык,
Ант сөзүн өзүңөргө кабыл алып,

Үчөөңөр ант шертинен четте калып,
Эрнесттин жалгыз өзүн бердиң салып.

Ошентип сегиз айдан бери карай,
Оорудан азап тарттың тыным албай.

«Теңир ай, жаралган соң болуп пенде,
Жаңылып-жазат экен пенделикте.

Азапты тарттыргыдай, кылган күнөөм,
Анын так кайсы экенин билбей жүрөм?»

Деп күндө, талмаң кармап эс алган соң,
Дилиңден Жаратканга берген сурооң.

Нукусун Эрнест билбей берген анттын,
Андан сен четте калбай бирге тарттың.

Анткени, байланышар Аалам менен,
Алардын арасында бир гана сен.

Кутулуп ошол жүктөн кечөө гана,
Кайрадан башка жүктү мойнуңа артпа.

Башыңдан антташууну өткөргөнсүң,
Билет деп ошондуктан эскертбепмин.

Сен болсо расмийди50 ант берүүдө,
Сактабай калыптырсың түк эсиңде.

Чыгарбай чыпалактан каныңарды,
Чын дилден берген менен антыңарды,

Тузу кем аштай болуп калат бирок,
Тагдырга бекий турган шерт каны жок.

Эсиңе ушул шартты түшүртсө деп,
Эскерттим жагып жаткан шамды үйлөп.

А бирок аракетим кетип текке,
Аны сен түшүрө албай койдуң эске.

Болуптур, учур-убак келип дагы,
Кошулам десе келип, бирөө жаңы,

Ал күнгө, Шамчырагым, даяр болуп
Аткаргын анттын шартын шондо толук.

О кечиримдүү кең Теңирим! Кетирген пенделигимди кечире көр!? Ант шарты толук болбой калганына мен гана күнөөлүмүн. Антташканы жатканда, жаккан шамыбыз, тутанбай барып күйгөн. Канчалык кабатыр болгонум менен, себебин издегенге сезимим жетпептир. Балдарды дагы убара кылат экемин да? -деп өкүнүүдөн башка аргам жок! Анттын шертин китепке жарыя жазууга болбойт экен, ошондуктан бул жерге түшүрбөдүм. Былтыр, зарылдыктан эмес, шартка гана ылайыктап антташкан экенбиз көрсө… Түз кеп, биз эмес, Эрнест жалгыз бериптир. Антты сыртыбыздан үчөөбүз окубаган менен, дилимде ойлогонум чындык болчу. Ошол анттын нукусу51, ушунча жапа тарттырганын эми гана түшүндүм. Өткөндөн сабак албай жаңылыштык кайталаганыма өкүнүүм чексиз болуп турат.

Унутуп койгондуктан анттын шартын,
Убара көч мүчөсүн тарттырасың.

Табият туталанып ушунуңа,
Теребел кардан көйнөк кийди, мына.

Бул белги каар эмес — мурда берген
Ант шертин жууп салды Арууке энең.

Кыш бою тарткан кыйнооң пенделиктен
Кайрылбай аяктасын ушу менен.

Карегим, тогошууну эсептеп так
Кырсыктын тузагынан болгунуң сак.

Орчундуу талабым бар, Шамчырагым,
Ошого көңүл коюп назар салгын.

Ант сөзүн, аткарылчу баардык шартын
Жарыя салбай ичке сыр сактагын.

Кошулган кезде көчкө жаңы мүчө
Төртөөң тең болууң керек ант бергенде.

Кокустан орчундуу бир себеп болуп,
Калсаңар чогула албай баарың толук,

Жаныңда, Шамчырагым, ошол күнү
Балдардын болуш керек сөзсүз бири.

Агарып чыгыш тарап, сөгүлүп таң,
Аз калды убактыбыз, уккун дастан.

Таң ык салып калыптыр. Кошубузга келип бир нече сапты чечмелеп, Акыл, Талантты кете бергиле дедим. Эрнест келинчеги Нургүл менен калышты. Толук чечмелеп бүткөн соң, Чаекте калууга мүмкүн эместигине көзүм жетти. Кандай кыларымды билбей кабатырланганымды, Эрнестин сунушу тынчтанткансыды. Ал- «Эже, утурумдук биздикине барып иштеп көрбөйсүзбү? Колумдан келишинче шарт түзүп бергенге аракет кылайын, иштеп кетсеңиз, кийинкиси ыңгайга жараша болсун?» – деди. Көңүлүмө туура келди, бирок Чаекке барып, агайга медитациянын материалдарын окутуп туруп, анан кетейин дедим. Агай бир нече сыйра окуду окшойт, биз сүйлөшкөн жокпуз, кыйладан кийин туталанып мындай деди. «Мени ичи тар дептир Жайсаң. Мен эмес ошол Жайсаңдын өзүнүн ичи тар экен! Кол жазмаңызды бересизби же? – дегенде — Агайдын, адам эмес, арбак менен да тирешкени денемди дүркүрөттү. Ушул саамда, агайдан оолактону баш тарткыс болуп чечтим. Түндөп Эрнестер менен жолго чыгып, таң аппак атканда Эрнестикине келдик. Эрнест менен Нургүл колдорунан келгенин аянышпай, чын дилинен шарт түзүп берүүгө аракет кылып атышты. Иш аз-аздан жыла баштады.


Кыргыз