Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манас кошойго жолукканы

Кэң өзөндүн баткалда
Керилип кыргыз жатканда
Адыр-адыр бел экен,
Чеч-Төбө ата дээр экен.
Адырда жылкы алабаш,
Эр Кошойдун колунда,
Аргымак буудан аралаш.
Чеч-Төбөнү жайлаган
Ченебеген эр Кошой
Тулпарларын байлаган.
Коштоп кийип, суусар бөрк
Ыргап турган кези экен.
Эч кимге башын бийлетпей,
Абаң Кошой ошондо
Жыргап турган кези экен.
Кошойдун жайы ушундай,
Жети өзөндөй кайран жер
Эби менен жер кылып,
Жети өзөндө кыргызды
Эптеп жүрүп эл кылып,
Жалгыз жүрүп көбөйгөн,
Кулаалы жыйып куш кылган,
Курама жыйып журт кылган.
Телик куш таптап куш кылган
Тентиген жыйып журт кылган.
Абаң Кошой артык эр,
Акылга дыйкан кеменгер.
Кудайназар куу чокмор
Курган Кошой жолдошу.
Угар кулак, көрөр көз,
Абаң Кошой ыктуусу.
Жазы жаак, жалпак тил,
Куу калпактуу Кутунай —
Курган Кошой сөздөшү.
Чалгынчысы Чалыбай
Ак буудайдын камыры,
Арстан Кошой тамыры.
Ордолууну чакырып,
Башта Кошой түш көрүп,
Башынан жакшы иш көрүп,
Түш жоручу билгичти,
Узун кулак барыны
Жыйган экен эр Кошой,
Көптү көргөн карыны.
Даанышманды, чеченди,
Журт чогултуп, той кылып,
Жоруктуу Кошой ой кылып,
Түш жорутту ошондо.
Бээ баштаган семизден
Берениң Кошой сойдуруп,
Кантты кардай опуруп,
Сары майдан томуруп,
Багылан козу, ширин баш
Сүт бото тайлак аралаш.
Аралаш а салды дейт.
Бор кайнатып калды дейт.
Көргөн түшүн жорутуп,
Кан Кошой кепти салды дейт:
Найзакерден даанышман,
Ыктууң мында турасың.
Ар түрлүү кыргыз эл элек,
Мыктың мында турасың.
Чеч-Төбөнү жер кылдык,
Канча жоо менен алышып,
Ар үйлүүнү эл кылдык.
Түндө жатып түш көрсөм,
Канжар кылыч байланып,
Күн чыгышка шилтесем,
Күн чыгышты өрттөдү.
Кайнап карга көп учуп,
Ал кылычка жетпеди.
Туура тарткан кара тоо
Тийсе эки бөлүндү.
Ошол турган кара тоо
Болотко эки бөлүндү,
Бу кандай түш болучу?
Бул түшүмдү жоручу!
Жана жатып түш көрсөм,
Муз мурут * бүркүт алыпмын,
Колунда алтын боосу бар,
Төгөрөктүн төрт бурчун
Төрт айланта салыпмын.
Кайыр айтаар бир жан жок,
Арстанды илиптир.
Жан-жаныбар макулук
Кыргын салып жүрүптүр.
Көлөкөсүн көп кыргыз
Баана * кылып жатыптыр.
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу!
Кудайназар куу чокмор
Курган Кошой сырдашы —
Карчыгадай чамынып,
Кайыптан акыл табылып:
Аты Кошой, кан заадам,
Кындан тарткан кылычың
Күн чыгышты өрттөсө,
Уламадан уладык,
Билгичтерден сурадык,
Алтайга кеткен айдалып,
Айласын таппай сандалып,
Күнөөгө башы катылган,
Күйүткө жаны чатылган,
Өлдүк го деп кайгырган,
Ордолуу журттан айрылган,
Алтайга айдап камаган
Мал-башына ээ кылбай
Кара калмак талаган,
Кордук менен күн өткөн,
Кейиш менен суу ичкен
Кара нээт Жакыптан
Аты Манас коюлуп,
Кара Көк жал тууду дейт.
Каарын салып калмакты
Каңгайга чейин кууду дейт.
Кас болгонго жаралган
Казат келе турганы,
Алты шердин кенжеси,
Алданып сүйгөн бендеси,
Жалгыз уулу Жакыптын
Манас келе турганы.
Кайрат берип сөзүңө,
Камчы болуп өзүңө,
Кара тоонун башына
Таш көтөрөт экен го!
Баатыр Кошой абам деп,
Ааламдын баарына
Кан көтөрөт экен го.
Катылышкан душманга
Азап кылат экен го!
Кырк капкалуу чоң Бээжин
Кара карга кууганын,
Кабылан Манас кыраанын
Казат кылат экен го!
Муз мурут бүркүт салганын,
Кыраан Манас эмеспи.
Каканчындын чоң Бээжин
Кандыгын тартып алганы!
Ата Кошой, жан абам,
Алтындан болуп тагыңыз
Арстан эр колго бир тийсе,
Ачылат экен багыңыз!
Аман-эсен биздерге
Арстан Манас табылып,
Ачылган этек жабылып,
Үзүлгөнүн уланып,
Чачылганын жыйналып,
Өчкөн отуң тамат го!
Өлгөн жаның тирилип,
Ушул түшүң чын болсо,
Арбактуу Манас келет го!
Кудайназар куу чокмор,
Айтып оозун жыйганча,
Угар кулак, көрөр көз
Куу байталчан Кутунай
Ашып-шашып аңтаңдап,
Кошойго шашып келди эми.
Түш жоруткан карыга
Кутунай айта берди эми:
Оргуп чыккан чаң көрдүм,
Аба, Кошой, кебимди ук
Орою суук жан көрдүм!
Чоңдугу тоонун өрүндөй,
Көзү көлдүн оозундай,
Көрүнгөндү соргудай!
Кабагы чуңкур быткылдай,
Кагышканды жуткудай!
Кабагы бийик, заары күч,
Катылганды кылат түз!
Айбаты ашык жан көрдүм,
Ал кишиден күдөр үз!
Түрү суук үңкүйүп,
Түпкө чогуу жеткидей!
Эгерде душман-жоо болсо
Бизди түк койбой кырып кеткидей!
Мен Кутунай болгону,
Баатыр, Кошой, карыя
Өзүңө кароол болгону,
Мындай эрди көрбөдүм.
Боконо сөөгүм болкулдап,
Боор-ичегим солкулдап,
Өзүнө качып келгеним!
Оң далысы кен экен,
Орою суук бир адам
Ойротту бузар шер экен!
Ач арстан төштөнгөн
Аба, Кошой, бат камдан,
Адамдан мындай көрбөдүм,
Алгыр бүркүт көздөнгөн!
Кудай бетин көрсөтпө
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаар булуттай,
Каар бетине айланган,
Кыйындык түрү көрүнөт.
Кылымга чуу баштаган,
Комокойлуу сыр найза
Колойтуп өйдө аштаган.
Жер жарылган кол келсе,
Коркуп колтук ачпаган.
Койгулашкан адамды
Коёндой жерге жанчтаган.
Ичсе канга тойбогон,
Беттешкенди койбогон,
Берендик жайы бар экен!
Кара чаар кабылан
Капталында чамынат.
Чолок көк жал арстан
Бет алдынан камынат.
Алп кара куш, зымырык *
Алып кетчү немедей
Асмандан бутун салыптыр.
Кылыгын көрүп ал жандын
Кымбатым, Кошой, абакем
Сени карай качканым,
Кытайбы деп шашканым.
Кыйын болсоң чыгып көр
Кымбатым, Кошой арстаным!
Угар кулак, көрөр көз,
Ашып-шашып аңтаңдап,
Айтып турду мындай кеп,
Бийик салган коргондо,
Кан Кошойдун ордодо.
Кошой кандын көп жолдош
Кабарчыдан кеп угуп,
Катуу жан келет деп угуп.
Улук Кошой карысы
Уйгу-туйгу түшүшүп,
Жыйылган колдун баарысы.
Ал колунун ичинде
Эмине бар, нелер жок:
Кары Кошой алпы бар,
Кылыччаны жыйылып,
Каарданып таптанып,
Кан абаң Кошой баш болуп,
Алптан бир миң, аттанып.
Жоо-жарагын алышып,
Берен Кошой абаң, бар
Белести тосуп калышып.
Белгилүү Кошой караса,
Торучаар тулпар мингени,
Ок өтпөс торко кийгени,
Ок жетпес ат мингени,
Зордугу тоонун теңиндей,
Ким көрүнсө жегидей,
Телегейи тең экен,
Шай колдогон шер экен.
Ичин карап отурса,
Жер жүзүнөн кең экен.
Оо, ботом, аты угулуп көп жүргөн
Качан келер деп жүргөн,
Кудуреттин бендеси,
Курган Жакып жалгызы,
Кыргыз журттун коргону,
Кыйла журттун баатыры,
Түнөрүп жаткан Бээжинге
Түз кирип найза сунуучу
Манас шердин өзү экен.
Өзү турмак Манастын
Карарган кара көзү экен.
Тууган караан жер издеп,
Адам туйгунуң келген кези экен.
Аңкаган Манас табылып,
Андыган жооң чабылып,
Алакандай кыргыз журт
Абийириң минтип жабылып,
Көрүнгөн жер жабылып,
Убара болуп издөөчү
Көкжалың мындан табылып,
Көрүнөө кудай бериптир.
Калкың эстеп тилеген
Кабылан Манас келиптир.
Нойгуттардын Акбалта *
Кабарын кыраан айткан го!
Ат арытып, жол чалып,
Арстан бери тарткан го!
Муну Кошой айтканда,
Эр Кошойдон бөлөгү
Аттан түшүп чуркурап,
Салам айтты буркурап.
Ордо күтүп журт билген
Алп, дөөлөрдүн баарысы
Тизеси жерге бүгүлүп,
Уйгу-туйгу жүгүрүп,
Сүйүнүшүп бакырып,
Сүйүнгөндөн чыдабай
«Манастап» ураан чакырып,
Өөдө-төмөн дүргүшүп,
Энтеңдешип далай алп
Этегине мүргүшүп.
Баабединге бээ союп,
Алдуулары төө союп,
Баабединге жабылып,
Баатыр Манас келди — деп,
Той кылууга камынып,
Кудайназар карысы
Кызык болуп чуу турду
Келген журттун баарысы.
Кубанып журт жүгүрүп,
Журт моминтип калган соң
Кер кабылан ат минип,
Кең, ок өтпөс тон кийип,
Опол тоодой чалкайып,
Чоң, муруту калкайып,
Чоң абаң, Кошой калкайып.
Ак сакалы жаркылдап,
Абаң Кошой ошондо
Келгин каздай каркылдап,
Келбети башка абаңдын
Бой-келбети жаркылдап,
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Кезиккенди жегидей.
Канкор Кошой кан абаң
Алагай көзү чолпондой,
Ай кулагы калкандай.
Жоо-жарагын шайланып,
Ач албарс кылыч байланып,
Жаратканга жалынып,
Алтын жаак айбалта
Билекке кынай чалынып,
Билимдүү Кошой абакең
Астынан чыкты Манастын
Көрүшүүгө камынып.
Абаң Кошой карыя
Алдынан чыгып, Манастын
Саламдашты олуя:
Көрбөсөм да, билбесем,
Бай Жакыптын жалгызы,
Балам, Манас, эсенби?!
Кашатка тиккен тал барбы,
Кайгылуу шердин өзүсүң
Калың журтун издебей,
Калмакка жүрөр жөн барбы?!
Эми карангүн Көк жал эл кайда?
Бекзаада туулдуң кытайда,
Безип жүрөр жөн барбы,
Мээнет күн Манас эл кайда?!
Канкор болдуң, Каканга
Кайрылбай жүрөр жөн барбы?!
Көчө чыгып Алтайдан
Жериңе качан коносуң?!
Аз гана кыргыз элиңе
Качан караан болосуң?!
Ээн калган ээсиз элиңди
Качан ээлеп аласың?!
Алтайда жүрүп кагышсаң,
Жал-куйругуң такыр жок,
Бир балаага каласың!
Таап ал, Талас жериңди,
Күтүп алгын, кулунум,
Күрдөлүү кыргыз элиңди!
Ай, кулунум Манас кан!
Менин жайым сурасаң
Медияндын чөлүндө,
Олуя өткөн жеринде.
Баабедин деген мазардын,
Так ошондо туулдум.
Чоң атаң Каракан өтүптүр,
Ошол Каракан атаң өлгөндө
Таш коргонун талкалап,
Өз билгенин кылыптыр.
Өңкөй элдин баарысын
Дөңгө, Жолой кырыптыр.
Чоң, Каракан өлгөндө,
Каракандын калың журт
Кара кытай, манжулар
Камчыга ченеп бөлгөндө
Жанымда бар кырк жигит,
Жетик белим курчандым,
Жер жайнаган манжуга,
Жеке кирип кол салдым.
Жекеде нечен эр өлүп,
Алптын уулу Жүгөрү
Ал алышта ал өлүп,
Найзакерден ыктуу өлүп,
Айбалта чабар мыктуу өлүп.
Мени менен жанжоро,
Ээрчиткен кырк бир алп өлүп,
Жапаа салып тутулуп,
Салышканым кытайга
Элүү сегиз күн болуп,
Кыйырымдан чалдырдым,
Кыйындардын баарысын
Кытайга белек алдырдым.
Жаралуу болду эр Кошой
Жетимиш жерден жара жеп.
Толкуган калмак, мен — жалгыз,
Томугум жара ок тийип,
Кечээ толгоно албай калганда,
Элсиз ээн талаа бар,
Эрден жалгыз Кошойдун
Эчен жерде жара бар,
Селбип минер буудан жок,
Серпишип кирип кол салсам
Караан болоор тууган жок!
Кармашып жүрүп кытайга,
Канатым окко чалдырып,
Чалдырганым билгемин,
Короюп жалгыз калганда
Кокуй Манас, кебимди ук!
Чалдырып салдым ошондо
Эрендерден айрылып,
Тукумдан бирөө чыгар деп,
Сени туу кылып жүргөмүн.
Туулса Манас болор деп,
Сени туулбастан мурун билгемин.
Кечээ кара калмак — манжу журт,
Кечүүдөн чапты көчүмдү.
Кеңири башым барында,
Кежилдеген кытайдан
Алалбай келем өчүмдү.
Талаадан чапты көчүмдү,
Дардайган кара калмактан,
Алалбай келем өчүмдү!
Кытай кыргын салганда,
Көктөн Көк аймен жылдыз тутулуп,
Көк жал Кошой абакең
Көрүнөө качып кутулуп,
Эчен жакка кеткемин,
Кордук менен мен Кошой
Ушинтип күндү өткөмүн!
Кер кабылан баспаган,
Жерде бүтүн калбаган
Курган Кошой тийбеген,
Элде бүтүн калбаган.
Куу ылаачын теппеген,
Кууда бүтүн бар бекен?
Курган Кошой тийбеген
Элде бүтүн бар бекен?
Элкин ээн жерди издеп,
Караан болоор элди издеп.
Көктөн булут тутулуп,
Чамбыл белдин нары жагы
Чоң, тоого чыгып кутулуп,
Абаң, Кошой карынын,
Айтса сөзү дагы бар
Эчен жерге киргемин,
Эчен жылы, эчен күн
Атактуу Манас ак жолтой,
Астыга салса сан колдой
Арстан эр качан келет деп,
Сени күтүп жүргөмүн!
Кары абаң Кошой кайгырып,
Кайран элден айрылып,
Ашып-шашып жакалап,
Кас буудандын баарысын
Кайра баштап такалап.
Будурдан тиктеп белди издеп,
Бууданым сендей шерди издеп,
Шер табалбай айла жок,
Чеч-Төбө күтүп жер кылдым,
Мен тентиген жыйып эл кылдым
Кулаалы таптап куш кылдым,
Курама жыйып журт кылдым.
Жарды жүрүп байыдым,
Жалгыз жүрүп көбөйдүм!
Жети өзөндөй кайран жер,
Эби менен жер кылдым.
Жети өзөндүн кыргызын,
Эптеп жүрүп эл кылдым.
Эрешен жыйдым, эр жыйдым,
Эл уулунан эр сынап,
Эчен түрдүү шер жыйдым.
Берен Манас сен үчүн,
Бекерге карап турбадым,
Бекер жатпай мен Кошой,
Билгичтерден сурадым.
Келгендерден кеп уктум,
Адырмак тоонун бетинен,
Аркайган Алтай четинен
Алптарын союп кытайдын
Белинен кармап бүктөпсүң.
Олжо кылып алтынын,
Атандап төөгө жүктөпсүң.
Аныңды угуп эр Манас.
Ажал жетсе өлсөм деп,
Айла болсо мен Кошой
Жакыптын жалгыз уулу Манаска
Караан болуп берсем деп,
Оо, ботом, оюм жүрөт кулунум!
Алтайда кара манжудан,
Кара калмак, тыргооттон,
Шибээ менен солондон,
Каканчындын Бээжинден,
Кара кытай ал журттун
Кайнап жаткан жеринен,
Кагышты катуу салсам деп,
Чынмачындан, Алтайдан,
Чын Бээжин журт Каңгайдан,
Чын жаратып бууданды
Бээжинге сапар барсам деп,
Тууган үчүн, журт үчүн
Кыйратып кыргын салсам деп
Акбалта, Жакып, эр Манас
Дарегин таап алсам деп,
Ушуну ойлоп жүргөмүн.
Келээриңди билгемин,
Келет го деп жүргөмүн!
Келбесең издеп барууга
Азган-тозгон кыргыздын
Эрлерин жыйнап алгамын.
Чеч-Төбө бойлоп конгомун,
Дардайып эркин болгомун.
Ат семирип ык болуп,
Эрендин баары ык толуп,
Эрендин баары оолугуп,
Өлүмдөн кайра тартпаган
Көйкашкалар чогулуп,
Чеч-Төбөнүн боюнда
Чуркурап конуп турганбыз.
Үйүрмөнүн сазына,
Үч күн жыйын кылганбыз.
Кырк уруу кыргыз бөрүнүн
Кыйынын жыйып алгамын.
Алтайдагы калмакка
Кыргынды кыйла салсам деп,
Ажал жетсе өлсөм деп,
Айлам болсо кырк үйдү
Ажыратып келсем деп,
Аргындан тандап ыктуудан,
Айылга дыйкан мыктыдан,
Кыргыздан тандап албандан,
Кылымга моюн бербеген
Жоон көкүрөк балбандан,
Айт дегенде токтолбой
Ааламга бузук салгандан,
Өзү өлөөрүн билбеген
Ала көөдөн дардаңдан,
Кара мылтык карс этсе,
Качпай турган эренден,
Чогоол мылтык чорт этсе,
Чоочубаган беренден,
Тобокел — деп, бакырып,
Токтобой жоого чапкандан,
Топту бузган эренден,
Токтоп октон коркпогон
Топту бузган беренден,
Кайраты бар ыктуудан,
Эрдиги мол мыктыдан,
Билеги жоон балбандан,
Билими ашык зардалдан,
Кылычка кыйын ыктуудан,
Кылчайбай жоого тийүүчү,
Кызыл моюн мыктыдан,
Түгөл жыйып алгамын,
Уулум Манас сен үчүн,
Кары Кошой абакең
Ушунчаны камдадым.
Кыйналып эчен түш көрдүм,
Кырааным келген турбайбы?!
Келе, Манас, колуңду
Кубандым бүгүн десемби!
Курдашым Жакып, Акбалта
Кургурларым эсенби?!
Айдалган элдин башчысы,
Алтайга келген кырк түтүн
Өөдө кылар жакшысы,
Өпкө чабар бакшысы,
Аз айлалуу эл эле,
Азган журттун бели эле.
Акбалта, Жакып аманбы?!
Кол кармашып секеңдеп,
Кан Манастын кеби ошол,
Кабылан абаң Кошойго
Жоон кайтарган жери ошол:
Абам Кошой, карыям,
Айла тапкыч олуям?!
Өйдө тартсам — өбөгүм,
Ылдый тартсам — жөлөгүм.
Астыга салсам — ак жолум,
Аркамда жүрсө — сан колум!
Эр абам Кошой чын болсоң
Кагышка кирем тонуң бер!
Бир туткан бириң болом деп,
Билимдүү Кошой колуң бер!
Маңдайга чыксам бараан * бол;
Байгамбар чалыш экенсиз,
Падыша абам караан бол!
Арстаным деп чын билип,
Өткөн айдын жайынан,
Аба, Кошой, айыңдан
Алтайдан каалап чыккамын,
Акбалта кандан уккамын.
Жетип кытай кордуктап,
Жергемди бузуп алаарда
Жекени белге курчандым.
Жер жайнаган кытайга
Жеке кирип кол салдым.
Кытай түмөн, кыргыз аз,
Айылы кандай конуучу?
Кырылышсак кытайга
Качып кирер токой жок,
Кара кылар бир жан жок,
Айла кандай болуучу?
Угуп Кошой абакең
Көңүлү кетип бөлүнүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп:
Кокуй, Манас, не дейсиң!
Бу кебиңди ким уксун,
Бир караңгы түн уксун!
Айтканым канча билип ал,
Арстаным, Манас, тилимди ал!
Козголуп кетип Бээжин журт
Колун жыйнап калбасын,
Кордукту бизге салбасын!
Төрт түлүк малды чачпасын!
Тободон кытай баспасын!
Билгенин кытай кылбасын!
Тукумду курут кылбасын!
Тукумду курут кырбасын!
Туш-туштан каптап ашпасын,
Тутанып өлгөн каапырлар
Дүмүрдүн баарын казбасын!
Кайра тартып, сен кеткин.
Ашып-шашып Алтайга
Азырынча сен жеткин.
Кырк үйлүү кыргыз элиңди
Ойнотуп көчкүн бер жакка.
Кара калмак-манжуну
Четтеп көчүп алганда
Оркондун тоосун таянып,
Оркоюп чыга калганда
Кечикпей жолуң чалаармын,
Кызырдуу Кошой өлбөсөм
Кыяматты көрбөсөм,
Алты айдан кийин бараармын!
Ок өтпөс темир тонум бар.
Эл эсебин алганда
Элди катка салганда,
Оёнум сени тосууга
Оң эки миң колум бар.
Ок өтпөгөн тон камдап,
Ок жетпеген ат камдап,
Маанисин көрүп жерди алып,
Басма ылоолоп * эрди алып,
Кызыр чалган жол болуп,
Кыйланын баары козголуп,
Кызыкты кыйла саламын.
Кызыр чалган кабылан,
Кымбатың Кошой абакең
Чөп көгөрүп, жер жайнап,
Бетеге ыраң толгондо,
Эл өөдөлөп ошондо
Жайлоого жаңы конгондо,
Ат кара тил болгондо,
Жети асаба туу алып,
Жер майышкан кол алып,
Астыңдан тосо барармын.
Чунагым сенин өзүнө,
Жолдош болуп калармын.
Кара калмак каптаса
Өйүз-бүйүз турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып урушуп,
Кажылдаган калмакка,
Кабылан, Манас, сен үчүн
Качырып найза сунармын.
Канкорум сенин айыңдан
Кара кытай, манжуга
Жанымды курман кылармын!
Эр жерине конуучу,
Канкор деп кудай жаратса
Эл үчүн курман болуучу,
Көк жалым, сага кебим бар,
Көп сөз айтар ченим бар!
Жана айтса мунум бар,
Канкор шерим угуп ал!
Айкожонун Билерик
Кытайга элчи барыптыр,
Кыстоону кытай салыптыр,
Миң балбан менен чоң Жолой,
Манжунун каны Нескара
Баланы сынап калыптыр.
Билерикти жактырып,
Чоң күрөң оозун буруптур,
Чоң калдай бар жанында,
Айкожонун Билерик
Жапааны Нескара чочко кылыптыр.
Темир аркан торчону,
Тегеректеп тор салып,
Тегиз канжар колчону
Ач айкырык кол салып,
Буйрук кылып Нескара
Өкүргөндөн бакырып,
Балбандарын чакырып,
Тегеректей калгын — деп,
Чапчышарга чама жок
Кол-аягын байла деп,
Качырга байлап мингизип,
Каканды көздөй айда деп,
Ай Жаң-жуң кан, Күн Жан-жун,
Чет Бээжинде Эсенкан,
Таш-Көпүрө шаарында,
Жарым каным Азезил.
Бээжиндин каны Карыкан.
Буларга айдап барыңар!
Мындай адам табылбайт.
Бул түрдүү адам кабылбайт.
Балбандыгы башкача,
Баатырдыгы бир канча
Колго түшкөн жан экен.
Каканчындын Бээжиндин
Ырысына табылган,
Ырас мыкты жан экен.
Колго тийген коёнду,
Коё бер ген оңорбу?!
Касташып жүргөн буруттун,
Бурут деген журуттун,
Уйпалган кыргыз ал журттун
Улугунун өзү экен.
Карарган кара көзү экен.
Орго алпарып салалык,
Тутанып өлгөн кыргыздын
Кыздарын тартып алалык!
Кырк аркан бою чоң зындан
Ошого барып салалык!
Кызыталак буруттун,
Кыйласын тартууга алалык!
Ал сөзүнө көнбөсө,
Ал айтканды бербесе.
Колго түшкөн Билерик,
Кылычтап башын алалы!
Кыйратып башын жаралы!
Нескара мындай айтып кеп,
Зилинде бул иш керек деп,
Баланы кармап алыптыр,
Бээжинди көздөй жүктөптүр,
Каары толуп бакырып
Сүйүнгөндөн баарысы,
Какайлап ураан чакырып.
Эсенкандын алтын так,
Айланасы чынар бак.
А тагынын эшикте,
Казылган даяр ору бар
Ары жагын караса,
Кынжы салып байлаган
Катылса соёр зору бар.
Тизеси жерге бүгүлүп,
Дал алдына барганда
Келин болуп жүгүнүп.
Нескара айтат эми кеп,
Кан алдына мындай деп,
Баатыр Эсен улугум!
Ат бороюн сыдырып,
Жердин үстүн кыдырып.
Чалгын чалып, жер кайгып.
Эрдигим менин ким үчүн,
Эр Эсенкан сен үчүн!
Ат бороюн сыдырдым,
Ааламдын баарысын
Жортуп жүрүп кыдырдым.
Нескара жортуп ашпаган,
Адыр-күдүр бел калбай
Мен көрбөгөн эл калбай
Тулпар атым жоорутуп,
Көбүрөөк көңүл оорутуп
Чай алган тоонун Кентинен,
Алтын казчуу чай тоонун
Түгөнгөн ары четинен.
Үзүлгөн тоонун урчуктан,
Узун түшкөн тумшуктан.
Курун селде чалынып,
Кудуретке жалынып,
Аркар айдап, кулан кууп,
Астымдан чыкты бир топ жан,
Чегимди бузуп келиптир,
Келгенин көзүм көрүптүр.
Уламадан уласам,
Учу-түбүн сурасаң,
Көрсө бурут өзү экен,
Бир шайтанды Бээжинге
Кызыталак ал бурут,
Салганы жүргөн кези экен.
Бажыдан жыйган түмөн мал,
Казыналык түмөн мал
Кастык кылып бу бурут,
Алганы жүргөн кези экен,
Бир шумдукту Каканга
Салганы жүргөн кези экен!
Кутуруп кеткен бурутка,
Жекени белге курчандым.
Жеке аралап кол салдым.
Кутургурдун өзү экен,
Зордугу тоонун теңиндей
Анча-мынча адамды,
Айдап кырып жегидей.
Миздей сары талаада,
Өйүз-бүйүз туруштум .
Мылтык атып, жаа тартып,
Кырк бир күн тынбай уруштум.
Кырк бир күнгө бой бербей
Таш сайынган кытайдан,
Тазалары өлгөнү.
Ат салышып турушуп,
Айкалышып урушуп.
Шибээнин Калдай каны өлүп,
Кагышка кирип барганда,
Калмак Жондук дагы өлүп.
Кагыш кыйын калайман,
Каарды катуу баштадык
Канжар колду каптатып;
Кайраты жок жаманын
Такыр кырып таштадык.
Белгилүүсүн жайладык,
Канга керек болот деп
Кадырдуусун кармадык.
Таамай уккун сөзүмдү,
Тартуу кылдым өзүңө!
Кармап келген бул бурут,
Билеги жоон, таш жүрөк
Бил мүчөлүү бадирек.
Балбандыгы бир канча.
Баатырдыгы бир башка.
Жалаяк ооз, жар кабак,
Айбаты артык, заары күч
Кармаша келген адамды
Кырып-союп кылат түз!
Бул өңдөнгөн куу бурут
Элинде бекер жатабы?!
Кармап минтип албасак,
Бээжинди аман коёбу?!
Үйүң күйгөн бул бурут
Адамдан артык туулган,
Мынча кармап албасак,
Сала турган чуулган.
Кыйындарын кыйратып,
Каарды сала киргенбиз,
Кармап алып бирөөнү
Бет алдыңа береним
Тартуу кылып келгенбиз!
Сынчыңызга сынатып,
Сынап туруп алыңыз,
Сыныңа толсо бурутту
Зынданыңа салыңыз!
Нескара мындай дегенде,
Доолбас бекем кагылып,
Сыйкырчысы, сынчысы
Доолбас үнүн укканда
Каптап жетти көп улук.
Сынчылары келгенде,
Сынап бергин муну деп
Катуу буйрук кылыптыр.
Билериктин мойнунан
Тээктеп бекем байлаптыр,
Жети дөөсү жетелеп
Өйдө-төмөн айдаптыр.
Сынчыларды көрүптүр,
Эр Эсенкан чоң канга
Кылыгын айта бериптир:
Улук да экен, шер да экен,
Колго тийген бул бурут
Артык мыкты эр экен.
Кан ичме канкор бурутка
Жолдош болчу эме экен.
Орто бойлуу, кең далы,
Ойротту бузар эр экен.
Каканчындын Бээжинге,
Ок атуучу эр экен.
Кең көкүрөк, жайык төш,
Келберсиген куу бурут
Кандай күнү болгон кез.
Кол-аягын бекитип,
Кордук кылып бакпасаң
Топ казына мүлкүндү
Чача турган уул экен
Токтобостон Какандан
Кача турган кул экен.
Мурадына бир күнү,
Жете турган уул экен.
Бузулса качып элине,
Кете турган уул экен.
Көзү кызыл, өңү чок,
Көп жерде мындай бала жок.
Бекер калчу кул эмес.
Бээжинге токтоор уул эмес.
Эсенкандын алдына,
Сынчынын каны Чоң Аяр
Чоң Аяр туруп муну айтат,
Билген жанга шумду айтат:
Колго тийген коёнду
Коё берген оңорбу?!
Эсенкан улук сен элең,
Билгич аяр мен элем!
Колго тийген буруттун,
Кол-аягын бекитип
Орду көздөй айдаңыз,
Кырк аркан бою зынданга
Алып барып салыңыз,
Бек бекитип калыңыз.
Билерик колго түштү деп,
Бурутка кабар кылыңыз!
Дегениңе көнбөйбү?
Башчыларын жыйбайбы,
Баланы аман алам деп
Мал-башын тартуу кылбайбы?
Ушул жаткан баласын,
Ажыратып алууга
Айтканыңа көнбөйбү,
Алты-Шаар, Маргалаң
Ары жагы Самаркан,
Колтугу Кокон, Анжыян
Ошондон берки калаасын,
Тартуусуна бербейби?
Дегениңе көнбөйбү,
Кызыталак буруттун,
Канча мүлкүн алабыз!
Бербесең жайлап салам деп
Кызыталак буруттун,
Кандыгын сурап алалы!
Адегенде көнбөсө
Ал айтканды бербесе
Колго түшкөн баланы,
Кол аягын байлайлы,
Өйдө-төмөн токмоктоп
Кордук кылып жайлайлы.
Кыстоону кыйын салалы,
Кыйыгын таап буруттун
Кыйла мүлкүн алалы!
Чоң Аяр айтып турган соң,
Аны укканда Эсенкан
Тилегим кудай берди деп,
Тиктеп жүргөн душманым
Нескара байлап келди деп.
Күйүттүн баары чачылып,
Күптүнүн баары ачылып.
Адам тапкыс ой кылып,
Аалам журттун баарысын
Жыйып алып Эсенкан,
Жылма болгур той кылып,
Билериктей байкушту,
Кырк аркан бою чоң зындан,
Алып барып салыптыр.
Өлтүрбөстөн-житирбей,
Каары толук Эсенкан
Казынага багыптыр.
Өлбөй-житпей Билерик,
Ушу бүгүн аман дейт.
Өлүк эмес, тирүү эмес,
Айкожонун Билерик
Көргөн күнү жаман дейт.
Ордо жатып зыркырап,
Күйүп жүрөт деп угам.
Олуя Кошой абакем
Качан апы* кылат деп
Билип жүрөт деп угам.
Арстан Манас кулунум,
Айтып бердим жомокту
Көөдөндө черим мунум бар
Айттым муну, угуп ал!
Балам Манас кулунум
Абаң, Кошой кары бар,
Кошой абаң ичинде
Төө көтөргүс зары бар!
Жылгындуу Кең-Кол, Талас бар,
Мекен кылып конуп бер,
Шер болуп Манас туулдуң,
Бизге караан болуп бер!
Бабаңдан калган жерин тап,
Атан өткөн Каракан,
Өлүмдөн калган элин тап!
Кан зааданын өз көзү,
Калмакка жүрөр жөн барбы?!
Карангүн Манас эл кайда?
Бекзааданын тукуму,
Бээжинге жүрөр жөн барбы?!
Берен Манас эл кайда?!
Айланайын, Манасым,
Аркайып кары кетпеген
Кен Ала-Тоо жериң бар.
Кабыландай жойлогон
Калын кыргыз элиң бар!
Алтайдан көчүп жериң тап!
Ал Алтай сага жер болбос,
Кан төгүшүп, баш кескен
Кара калмак эл болбос!
Айкожонун Билерик,
Ошо күндөн ушу күн
Самаркандын Жарманас,
Билерик экөө бир жерде.
Темир аркан кытайдын
Торунда турат деп угам.
Кыяматтын кыстоосун
Көргөнү турат деп угам.
Кыйла жыл болду жатканы
Өлгөнү турат деп угам.
Ошолор эске түшкөндө,
Туура жакка салган там,
Туталанып ич күйүп,
Тутамча келбейт курган жан?
Кыйноодо балдар ал үчүн,
Кыстоодо жүргөн жан үчүн,
Кылчайбай колум жыйсам деп,
Кыжылдаган кытайга
Кызык кыргын кылсам деп,
Найзалаша топ бузсам,
Ажал жетсе окко учсам.
Бээжинге барып конушсам,
Байланып жаткан эр үчүн,
Жапааны жаман көрүшсөм,
Жайы-кышы урушуп,
Канды суудай төгүшсөм,
Ажал жетсе өлүшсөм.
Ошо камалып жаткан жан үчүн,
Кантип чыдап турамын,
Сакалымдын агында,
Сапарым чукул барында,
Кытайга уруш саламын,
Кордукта жүргөн балдарды,
Ажыратып аламын.
Сен быякка келгенде
Кырк үйлүү болгон кыргыздын
Кара кытай, көп манжу
Төбөсүнөн баспасын,
Төрт түлүгүң чачпасын!
Өөдөгүсүн тийбесин,
Өрттөп-кырып ийбесин!
Кабылан Көк жал өзүң жок
Кайраттуулар өлбөсүн,
Калгандардын баарысын
Кара кытай, манжулар
Камчыга ченеп бөлбөсүн!
Көптүгүнө салбасын,
Сен баргыча элиңдин
Күлүгүн тийип албасын!
Түбүнө чогуу жетпесин,
Кара калмак-манжулар
Катын-кыздын баарысын
Олжо кылып кетпесин!
Деп, ошентип, кан Кошой
Билбегенди билгизип,
Манасты жолго киргизип.
Кол кармашып кабыштап,
Акбалта менен бай Жакып
Кутубий баштап бир тобун,
Манас канга табыштап.
«Оомийин»—деп, кол жайып,
Бата берип калды эми.
Кыраан Манас көк жалды
Кысталып жолго салды эми.
Каарданып аттанып,
Канкор Манас ошондо
Кан Кошойдон бата алып,
Кыял кымбат жерин таап,
Кыдырдуу Кошой элин таап,
Кошойдон мыктап кеп угуп,
Кайран кыргыз тоо-тоого
Кайып болду деп угуп,
Кыргыздын баары кырк үйлүү
Атам Жакыр баш кылып,
Бир көчүрүп алайын.
Кезиксе душман мытаамдын
Бирөөн койбой кырайын!
Кайып болгон кайран журт
Кайра көчүп бир келип,
Анан кийин жыяйын! —
Деп, ошентип, Манас кан
Күп-күп этип күүлөнүп,
Күркүрөп көк жал сүйлөнүп,
Эки жакты каранып,
Эзелден көк жал арстан
Эрди-мурдун жаланып.
Каарданып тутулуп,
Канкор тууган кыраанын
Ач арстандай жутунуп,
Каалгадай кашка тиш
Калайыктан башка тиш,
Кашкайып чыгып бөлүнүп,
Кыдыр чалган кыраандын
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Астындагы Торучаар,
Куландай кулак жапырып,
Куюнча жерди сапырып,
Желгенине жел жетпей,
Жеке жүрдү Алтайга
Басканына мал жетпей,
Бачым жүрдү Алтайга.
Өзү көргөн жол менен,
Өзөндүү булак суу менен,
Эрениң кайдан аянды,
Кара-Кырда Тал-Мазар
Тал-Мазарды таянды.
Тал-Мазар жетип конду эле
Ал күнү эми шер неме
Мазарга конок болду эле.
Муну мындай таштайлы,
Ары жактан кабар баштайлы.
Дөөдүр барды энтеңдеп,
Эр Манастан келтек жеп,
Өкүргөндөн бакырып,
Өрүктүн башын жапырып,
Бакырыгы баш жарып,
Өкүрүгү таш жарып,
Чакчелекей чаң болуп,
Башы-көздүн баарысы
Кызыл челек кан болуп,
Дөөдүр алп жетип барганы.
Бара сала ал Дөөдүр
Канына кабар салганы.
Иш ушундай, угуп ал,
Кырдырып салдык канкорго.
Согушкан өлө бергидей,
Алптын баарын аймады.
Эрендин баарын жайлады.
Алышкан аман калбады,
Катылышып баргандын
Бирөөн койбой жалмады!
Дөңгө менен Каман алп
Кайчы кулак кошо бар
Бир далайын кармады.
Кара жолтой канкорго
Кабылган аман калбады!
Коюлган аты Чоң Жинди
Манастыгын ким билди!
Каарды катуу баштады
Баргандарды тырайтып,
Такыр кырып таштады!
Кызыталак буруттан
Барган жандын баары өлдү!
Жору куйрук Жоон алп,
Кайчы кулак Каман алп,
Катылып Кочку дагы өлдү!
Улук элең Эсенкан,
Уят болуп турамын,
Ушулардын баары өлдү!
Ишенген Жолой балбанын
Чыңыроон тартып жөлөнүп,
Чылгый канга бөлөнүп,
Ашып-шашып антандап,
Алдыра турган болуптур.
Жарадар болуп ал кетип,
Былкылдай турган шайман жок,
Денеден кара кан кетип,
Көп жигитин кырдырып,
Өз дүйнөсүн эр Жолой
Чачып келди деп уктум.
Өлө турган болгондо
Күндү жайлап жиберип,
Качып келди деп уктум!
Теңир урган буруттун
Телегейи тең экен.
Ичин карап отурсак
Жер жүзүнөн кең экен!
Кызыталак бурутка
Орногон темир чеп экен.
Алышкан женип ала албайт,
Бай-бай бурут эр экен!
Каттап бенде бара албайт.
Катылган тирүү тук калбайт.
Бендеден түрү бир башка,
Бээжинди бузат көй кашка!»
Муну укканда Эсенкан
Каарданып тура албай,
Каарды катуу баштады.
Катуу келип ачууга
Калдай, шибээ, тыргоотун
Кырып ие таштады.
Калдайынан кеп угуп,
Кан Жакыптын Манасы —
Катуу чыкты — деп угуп,
Манжуусунан кеп угуп,
Башка Манас туулуп,
Балакет чыкты — деп угуп,
Каарды катуу баштады.
Минген алтын тагынан
Улук экен Эсенкан,
Учуп кете таштады.
Жаны калбай бакырып,
Эр Эсенкан ошондо
Жоролорун чакырып,
Мунарга жарык жагылып,
Доолбас бекем кагылып,
Доолбас үнүн укканда
Каптап кетти көп улук!
Так үстүндө Эсенди
Дагы эмне болду — деп,
Ай жаң-жуң менен Күн жаң-жуң
Эсенкандын сырдашы.
Луйпу, Суйпу эки аяр,
Эсенкандын курдашы.
Балбандарын бакырып,
Аяр, сырдаш — курдашын
Бачым кел — деп, чакырып,
Каарды катуу баштады.
Калдай билгич сыйкырга
Буйрук кебин баштады:
Аярлар сени жиберсем,
Кокуй болгон экенсиң!
Көрбөй көзүң кашайып,
Атаңдын көрү, манжулар,
Жүрбөй калган экенсиң.
Колуңдагы баланы
Билбей калган экенсиң!
Каарданып дүпүлдөп,
Каарды катуу баштады.
Сынап барган алтымыштай аярын
Бирөөн тирүү койбостон,
Такыр кырып таштады.
Көк күбөнү жамынды,
Көрөр болсоң Эсенкан
Көк жолборстой чамынды.
Каарды катуу баштады,
Калын, тыргоот, манжуну
Кырып ие таштады.
Кан Эсенкан бакырып,
Көп черүүнү чакырып:
Найзага камбыл ыктууң кел,
Аябаган мыктың кел!
Жоо бөрүсү эриң кел,
Жолобой жоого тийүүчү
Жоон көкүрөк бөрүң кел!
Коркогуң коюп, эриң кел,
Найза тийсе солк этпес,
Баатыр болуп барчууң кел!
Беттешип жоого барганда
Бет алышып сайышып,
Мээнетти мыктап салчууң кел!
Кара мылтык каре этсе,
Кайра тартпай кирүүчү,
Кажыбай жоого тийүүчү,
Улуксуган жаның кел!
Кайраты артык эриң кел,
Ал канкорго айкырып,
Аябай найза сунчуң кел!
Айгайлап журт кырылса,
Ашып-шашып кетпестен
Туу түбүндө турчуң кел!
Чын кайратман барың кел,
Ат оюнчу жоо күлүк,
Казыналык чоң мерген,
Камбылдарың баарың, кел!
Эсенкан каарын салганда,
Ак асаба туу болуп,
Айкайлаган чуу болуп,
Көк асаба туу болуп,
Көк жаңырган чуу болуп,
Оң башчылар ороктоп,
Найзанын башы короктоп,
Жезнай үнү чыркырап,
Көк ала желек көрүнүп,
Көргөндүн баары бөлүнүп,
Түркүн-түркүн сөгүлүп,
Каны буйрук кылганда,
Каны бөлөк бөлүнүп,
Тыңшабастар кырылып,
Тыргооту тыйпыл жыйылып,
Манжу, кытай калкы бар,
Бары жогун жыйнаптыр,
Жыйналбай адам калбаптыр.
Манжу каны — Нескара,
Калмак каны — кан Жолой
Калбай булар баргын — деп,
Чоң аярым Каражой,
Канкор бурут көөдөкө
Калайманды сала көр,
Калбай сен да бара көр!
Мергендигиң ашынган
Берендигиң бар эле
Куурай көрсө жашынган
Эрендигиң бар эле
Беттешкенди мерт кылган
Кыйындыгың бар эле.
Атандын көрү, Каражой,
Кол ичине катылса,
Күлүгүн атып жайлай көр.
Күйүп кеткен канкорду,
Кызыталак анткорду
Өлтүрбөстөн, житирбей
Аман байлап келе көр!
«Каным, сизге тартуу»— деп,
Дал өзүмө бере көр!
Байлап келсең Манасты,
Дегениңе көнөмүн
Оой, Каражой, угуп тур!
Мактанган бойдон мен Эсен
Бакбурчун канын берермин!
Калмактардын кан Жолой,
Кайдасың — деп чакырып,
Кан чакырып турган соң
Жолой келди барбайып,
Жолум үйдөй дардайып.
Жанына Жолой келгенде,
Жолойду Эсен көргөндө,
Баскан жерин тебелеп,
Коё берди Эсенкан
Эр Жолойду жемелеп:
Атандын көрү, эр Жолой,
Ааламды буй кылган
Артык элең, сен Жолой.
Алдырып салган экенсиң,
Алкымыңдан арстанга
Чалдырып салган экенсиң!
Балбан кана, эр кана?
Баатыр Дөңгө, Каман алп
Булардай болгон эр кана?
Кыр жагыңдан чалдырып,
Кыраандардын баарысын
Бурутка белек алдырып,
Бул эмине кылганың?!
Не үчүн өлбөй турганың!?
Жети батман буудай жеп,
Дан жыттанган кул элең.
Жетимиш алп өлтүрүп,
Кан жыттанган кул элең!
Алты батман буудай жеп,
Дан жыттанган кул элең!
Алтымыш алп өлтүрүп,
Кан жыттанган кул элең!
Балбан кайда, алп кайда,
Баатырсынган чоң соргок,
Баштап барган калк кайда?
Ошо канкор буруттан
Кызык болуп салышып,
Ажал жетсе өлүп кел!
Алышып жүрүп буруттун,
Кызыталак канкордун,
Кыйланы кылган анткордун
Кашайта көзүн оюп кел!
Кармап алып, союп кел!
Тирүү койбой бурутту
Эр экенин көрүп кел!
Чамаң келбей баратса,
Тирүү калбай өлүп кел!
Былкылдак куурай бышкыча,
Мыйзамдын гүлү учкуча
Мыктап алты ай салышып,
Кармашып канын төгүп кел!
Кабыргасын буруттун
Качыратып сөгүп кел!
Эпсиз болсо буруттун
Эрдик жайын көрүп кел!
Ашып-шашып жүргүчө
Тирүү калбай буруттан
Кайра тартпай өлүп кел!
Кагышып жүрүп жайлап кел!
Чамаң жетип күч келсе,
Бери тирүү байлап кел!
Тыптыйпыл кылып өлтүрүп,
Курмандыкка чалалык!
Кутургурдун өзүнөн
Ушинтип өчтү алалык!
Эр Эсенкан кеп айтып,
Каарын салып бакырып,
Каканчындын Бээжинди
Каптап кетчүү немедей
Калың колун чакырып,
Калдайларын шаштырып,
Жөө күлүгүн, алптарын
Аркы-терки бастырып,
Так үстүндө Эсенкан
Буйрукту мурда баштады.
Какандын журту чуркурап,
Бузулуп кете таштады


Кыргыз