Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манас. Аккула менен Алгара

Манас. Аккула менен Алгара

Эрнестердикинде турганыма кыйла болуп калды. Шаардын шартында иштөөгө көнүү кыйынырак болду. Эрнестин «Көк жоргосун» көчмө кабинет кылып Воронцовкада Калыйбек, Гүлжандардыкында бир нече күн иштедим. Сейфти (Аккуланын жалы бекитил-
ген), Эрнест, Керим экөө алып келгенден кийин, орунтуктуу үй керек болду. Балдар, Нижняя Ала-Арчадан үй таап, ошол үйдө туруп кал дым. Баары бир иш арбыбай, эми «Жылаңач-Бугу» мазарына барып медитацияга чыгуудан гана үмүт кылып калдым. 30 июлда Казарман жагынан барыш үчүн жолго чыктык. Биз чыгардан 3 күн мурун башталган нөшөрлүү жаан, жолго чыгарыбыз менен басылды. Соң-Көлдө кеч күздөгүдөй кар бар деген сөздү угуп, Нарын жак менен кеттик. Жолубуз шыдыр болду. Ошондон кубат алып, бир эсе белги кылып Теңирге «Тобо!» деп бараттым. Күн-түн дебей токтолбой жол жүрдүк. Августтун бири түнү жөө жалаңдап тоону беттеп баратканбыз. Мен ал күнү медитироваться этпейт элем. Өзүбүздүн балдар менен ошол жерликтер да бар эле. Бир кезде байланышты талап кылып, жылдыздардын арасынан, жылдыз түспөлүндө Шоолам белги бере баштады. Жаныбыздагы чоочун кишилерди аралаштыргым келбегендиктен жол улап кете бердим. Байланышууну талап кылган белги туталанып, нары-бери, өйдө-төмөн, куду чардак сымал ойкуп-кайкып жатты. Мен байланышка чыгууга аргасыз болдум. Балдарды силер кете бергиле деп, өзүм ошол ордумда калып калдым, байланыш тез эле башталды. Кийин балдар таң калып: «Биз сизден бир нече кадам узап, артыбызды карап таппай калдык» – дешти. Түшкөн Шоолага оронуп, байланышта жүрсөм, алар кайдан табышмак эле.

Чырагым, эсенсиңби, кандай алың?
Чыдамым кетип минтип тостум алдың.

Чак түштөн ооп эртең, каршы тогоол
Чатактуу күчкө эге, сагыраак бол.

Ал азыр, алыстабай ушул жерден,
Азыраак тынып алып, таң эртеңден,

Өткөрбөй убактыңды бекерге тек,
Өлчөмдүү жерге жетип барууң керек.

Кечиксең чоң шашкеден, демек анда
Кеткениң туура болот артка кайра.

Аз эмес түйшүгүңө ансыз дагы
Албагын кошумчалап бир балээни.

Шерттешип, жалдын суусун алмашкан соң,
Шашылыш артка кайтып кеткениң оң.

Бараткан топ ичинде сени менен
Бар экен бөтөн жандар дил бербеген.

Аларды экинчи ирет аргасыздан
Араңа кошконуңду билип турам.

Алардан жардам болбойт көчүңөргө,
А демек, өз түйшүгүн кой өзүнө.

Келүүнү келеркиде бул тараптан
Койсо эгер жол насиби буйруп, андан

Атайлап баш тартуунун кереги жок,
Арага бөтөн жанды кошпо, бирок.

Ишиң көп эртең заардан, ооганча түн
Ирмемге тыным болбойт эске түйгүн.

Андыктан, Айкөл берен жаткан жайга
Атайлап барууң керек азыр гана.

Жайына Айкөл шердин жетип алып,
Жарыгым, ошол жерден сөз улайлык.

Көрсө Шоолам жөн жеринен туталанган эмес тура. Эртең бүткөрө турган жумушумдун планын түшүндүм. Айкөл атабыздын жанына жайланышкан соң, Атабыздын жагымдуу, бирок ошол эле учурда сүрдүү да, сездүү да добушун уктум. Айкөл атабыз былтыркы Жылаңач-Бугудагы медитацияда биздин топко «Чакан Көч» деп мүнөздөмө берген болсо, эми минтип Арууке апабыздын «Кылым Көчү» деген ысымына кошулуп, төртөөбүзгө өзүнүн батасын берди:

— Бар болгун, Шамчырагым, былтыркыдан
Бир кыйла чыйралганың көрүп турам.

Кетти деп кийинчерек ыкшоо тартып
Кейиште жүргөн Жайсаң көөнү азып.

Көөдөндө туюмуңа караганда
Көбүрөөк көңүл буруп адамдарга,

Бутага жетериңе аз калганда,
Байкагын, Балтаңдайча жаза тайба!

Аталып «Кылым Көчү» — ыйык жерде
Атайлап келипсиңер шерттешкенге.

Түз болуп антка-шертке, каректерим,
Токтобой «Кылым Көчү» сапар кезсин!

Ободон Көк-Теңири назар салсын!
Оошкон журттун куту ордун алсын!

Журт жүгүн арткан көчтүн ачып жолун,
Жараткан Көк-Теңири Жылоолосун!

Туш келип учур-убак, ушул батам
Түз жетсин Эл-журтума, О Жараткан!

Болжогон убактыбыз өтүп барат.
Балтаңдай, койгун сөздү жыйынтыктап. —

Айкөл Атабыздын добушу алыстап, Жайсаң Атабыздын үнү угулду:

Чырагым, былтыркыга караганда
Чын эле чыйралыпсың алда канча.

Алдыңда түмөн түйшүк күтүп турат.
Алдырбай пенделикке койгун чыдап.

Аргаң жок, котором деп жалдын ордун,
Ал көнгөн шартын саал бузуп койдуң.

Айтарым, ыйык жалды сенден башка,
Адамдар кирбей турган жайда сакта.

Ал үчүн болбой туруп өз түндүгүң,
Аткаруу кыйындыгын түшүнгүнүң.

Төбөңдө өз түндүгүң болсо гана,
Төгүлүп чагылышат шоолаң ага.

Кыйналбай азыркыдай мына шондо,
Карегим, түшөт ишиң шыдыр жолго.

Жетишсең эртең кечте жагууга шам,
Жетишпей калган сөздү улап айтам.

42° 57′ 47″

Жазгандарымды фонариктин жарыгы менен ошол замат эле чечмеледим. Иш жагдайын түшүнгөн соң, өзүмдү да, балдарды да эч аябай эртеси болжолдонгон убакытка чейин бүткөрчү нерсенин баарын бүтүрдүк. Өзүмдүн балдарымды да, кошулган конокторубузду да шамга олтургузуп, дуба окулган соң кайра тарттык. Ал жерде калууга болбойт эле, а бирок медитацияга чыгыш үчүн «Манастын үңкүрү» деген жерди багыттап сапар алдык. Ал түнкү башыбыздан кечиргендерди Жайсаң Атабыздан артык эч ким айтып бере албас!

03. 08.2001-ж 14-ай күнү 0″ 14′ 48″

12″ 84′ 57″

Чырагым, шоолаң түшкөн жерди кара.
Чийилген таш бетинде жазууларда,

Абиссин дубалары56, бирок анын,
Ачкычы көздөрүндө Фаризанын 57.

Көктүгүң болбогондо бул үңкүргө,
Кайрылбай кетишиңер мүмкүн эле.

Фариза – пенделердин арасына,
Бир ирет келген конок болуп гана,

Тээ түпкү «дөө» тукумдан калып канда,
Төрөлөт алп адамдар анда-санда.

Ошондой алп тукумдан бүткөн сейрек,
Опол тоо Фариза деп билүү керек.

Түспөлү көөдөй кара, дили аппак.,
Төрөлгөн улуу иш үчүн атайылап.

Айтамын учурунда мунун баарын.
Ал азыр үңкүр жөнүн кеп кыламын.

Бул үңкүр эң учкусу. Суунун шарын
Бир кылка өзгөрүүсүз кармайт дайым.

Келели сапар артып, Шамчырагым.
Кел мага, колуңду бер, чочубагын.

Көздөрүн ирмеген соң ташта Бүлөн,
Кудукта тепкич менен түшкүн төмөн.

Солдогу калкып турган кысык таштан,
Сүзүп өт, кыпчылбагын, этияттап.

Кысыктан өтөр замат кескин оңго,
Өткөөл бар алып чыкчу кургак жолго.

А тиги анча деле терең эмес,
Адамга кудук сымал берген элес

Айкөлдүн дене-досун бир калыпта,
Аяндуу сактап турган кудук-капка!

Канча бир кылымдардан бери карай,
Кайтарып келет минтип сыр чыгарбай.

Караан түн башка түшүп турган кезде,
Каралуу журттун ээсин ушул жерге,

Кандай күч жеткиргенин, эмне менен,
Каалашпайт так билүүнү кимдер десең?

Чырагым, бул суроонун баарысына,
Чыдап тур, жооп берем учурунда.

Өткөн соң, оң тарапка, өткөөл менен,
Өр таяп кетет үңкүр зоого терең.

Бурулуп бирде оңго, бирде солго,
Бул өткөөл алып чыгат тиги жонго.

Көп эле өткөөлдөр бар мындан башка,
Көргөзүү кыйын баарын азыр сага.

Дастандын айткан кезде ушул жерин,
Дааналап баарысын тең көргөзөмүн.

Бабалар кечиргенин алтым баштан,
Балдары билишсин деп айттым дастан.

Соңуна чыгарына калды бир аз,
Сурарым, Шамчырагым, иреттеп жаз.

Тактыкты талап кылар келди учур,
Тайысак окус сөздөн, урат кусур.

Аягын алып келбей орто жерге,
Айтайын өз кезеги келгенинде.

Учуру келген кезде өзүң көргөн,
Үңкүрдү балдарыңа көргөздүрөм.

Ал азыр шам үстүндө көргөнүмдөн,
Азырак ой бөлүшүп алсам дегем.

Анткени, ошол ойду угуш үчүн,
Келүүнү ушул жерге кылдың бүтүм…

Көздөгөн ишиң бүтпөй калат го деп,
Көңүлүң чөгүп ичтен убайым жеп,

Түгөтүп балдарыңдын айла-амалын,
Түнөрүп даам сызбай сапар алдың.

Керт башын ойлошпостон бир да балаң,
Көздөгөн максат үчүн көрүштү кам.

Жарыгым Хусейиндин, кылганына
Жүрөгү ысыбасын кимдин кана!

Чокудан ойго түшүп, жүктү артып
Чокуга көз мелжиген келди шашып.

Курмандык, дасторконго айтып дуба
Кеттиңер шерттешүүгө тынып санаа.

Бөлүндү болуп оюң тургандыктан,
Буулугуп барып анан тутанды шам.

Ал эми балдарыңдын баардык ою,
Алоолоп күйүп чыккан шамда болду.

Мөөнөттү болжолдогон өткөрбөстөн,
Максатка жеттик дешти көздөп келген,

Ушинтип ичтеринен тынып санаа,
Унчукпай телмиришет күйгөн шамга.

Көк бээнин аппак сүтү, төрт адамдын,
Тамызган, үч тамчыдан, кошуп канын,

Төгүлгөн так төбөдөн Нуршоолага
Төөнүлүп ыйыктыкка жуурулуда.

Жыттарын төрт адамдын, майдын, сүттүн
Сиңирип, созолонот көккө түтүн.

Ушул жыт жан-дүйнөмө кубат берип,
Унуткан көз жашымды турам төгүп.

Келаткан ата көчүн, кылым артып
Кетүүгө токтотпостон нары тартып.

Төбөдө Көк-Теңирди тутуп күбө

Төрт адам шерт кылышты ыйык жерде.

Катарды толуктоого көчтү улап,
Кагылам караанынан, балдар турат.

Таланттын Улукбеги, Кусейини;
Акылдын Шаазадасы, Искендери.

Көч тобу туш болбосун кандай күнгө,
Кездешкен оордукту тең бөлүүгө,

Түз буруп нээттерин ыйык жерге
Түйшүктү тең тартышып келди бирге.

Жарыгым, мурдагыдан жооптуураак
Жүк артып, бирок көөнүм тынып турат.

Анткени, шерттешүүде жалгыз элең,
Ал ошол жүк бөлүндү төртөөңө тең.

Төртөөңдөн эртең эле жүгүңөрдү
Талашсыз төрт уландын бөлүшөрү.

Көбөйүп «көчтөгүлөр» дүйнө кезер
Кыргызым дүңгүрөчү күнгө жетер!

Уютку Улуу Көчкө болушкан деп,
Урпактар «Кылым Көчүн» кылышар кеп.

Топ келип учур-убак , шул тилегим
Теңирге угула көр деп тилеймин!

Карегим, туура эки жыл мындан мурда
Башталган талаш-тартыш араңарда

Аяктап ушул бойдон, антташкан шерт
Арадан кыл өткөрбөй ширетсин бек.

Журт ичи не дебесин, Шамчырагым,
Жалтанбай бир чындыкка тик карагын!

Калыс тут тагдырыңдын таразасын!
Калайык, бүтсө ишиң, берет баасын.

Көп айттым, кайталаймын дагы деле.
Карегим, жеңдирбегин пенделике!

Жарыгым, көргөнүмдү жалпы шамда
Жетише алар бекем талдаганга?

Анткени, насип буйруп кошулушкан
Аралаш жаккан шамга олтурушкан

Бейшенбек, ата-балдар, эне-кызга
Бир ооз сөз ыйгарбасам болбос туура.

Сөз чыны: Бейшембекке караганда
Сезимде Курманбеги калды даана.

Уялаш бир туугандар, ыйык жерде,
Уларга үн алышып өскөн бирге,

Түйшүгү тирүүлүктүн, ага-иниге,
Түрдүүчө, берди мүнөз, бой жеткенде.

Бейшенбек оокатына бүйрө чыкса,
Курманбек даалдаган көөнү таза.

Бейшенбек былтыр деле, быйыл дагы
Бурулган нээти эмес, иш ыңгайы.

Көөнүнө келгендиктен саал туура,
Кошулуп калды шамга ыйык жайда.

А тиги Табылдынын жөнү башка.
Ак дилден келген былтыр ыйык жайга.

Так ошол нээтинен көрүп үзүр
Турмушу былтыркыдан быйыл шүгүр.

Аркасы тийип анын, жаккан шамга
Аялы, кызы экөө табынууда.

Пенде да, жубайынын нээт-дилин
Пастыгы ээлеп алган көр тирликтин.

Темене тартуу кылып төө албастан,
Төө куну — теменеге топук кылган.

Пендеде пейил токтук болсо гана,
Береке кут куюлат адамзатка!

Бергени канча болсо — ала турган
Буйруктуу насип-ырыс ашпайт андан.

Жубайы Табылдынын не тилесе
Жараткан буйруп берер өлчөмүндө.

Сен, Улук, Искендерден башкасына,
Үйүнөн насип буйрук таткан даамга,

Карыздар кылган тиги үч адамга,
Кайрымжы олтургуздуң жаккан шамга.

Нукура пенделикте турмуш кечкен,
Нээтинде куулугу жок жандар экен.

Кут кылып ырыскысын өздөрүнө,
Кырсыктан тыш болушсун эл ичинде.

Ал эми силердин иш алар үчүн,
Акылга сыйбастыгын түшүнгүнүң.

Толуктап көчүңөрдү улай турган
Төртөө деп көбүнесе жактың го шам.

Башкага назар бөлүп койбой анча
Бар дилиң ошол балдар жаккан шамда.

«Улукбек таза дилин кирдетпестен,
Учуру келгичекти сактар бекен?

Жашоонун же болбосо уруп шары,
Жабыркап калабы дейм сынып шагы…

Акылдын мырза мүнөз Шаазадасын
Аз билем, суроолору бирок анын

Олуттуу, көптү көргөн карылардай
Ойлонуп берет экен тактап, шашпай.

«Каныбыз жоо деген» сиз, чинмачиндин58
Казыр ал үйрөнүүдө окуп тилин.

Тилеги — ошол тилди билип жатка
Тийгизсем дейт керегин бул дастанга.

Ал эми Кусейиндин, Искендердин
Алдыда максаттарын так билбеймин».

Сезимиң ээлеп алган ойлоруңа

Серп салып, назар коюп турам мен да.

Буйругу жазмышыңдын, айга жакын,
Бир болуп Улук менен баарлаштың.

Айрым бир ойлорунан, Шамчырагым,
Арийне мүмкүн дечи чочулашың.

А бирок бар экенин жазмыш деген,
Аны эч чыгарууга болбойт эстен.

Урунуп шар агымга, чыгып жээке
Улугуң жетет өзү тилегенге.

Ысымы мүнөзүнө Шаазаданын
Ылайык коюлганын баамдадым.

Шаазада — жашоосунда көздөсө не
Шек урба, ишене бер жетерине.

Көздөгөн максатынан баш тартпаган,
Кусейин куйкум сөздүү өжөр улан.

Көктүгү, бектигине берген сөзгө,
Көзүңөр менен көрүп, баарың күбө.

Эсимде, Акыл туура үч жыл мурун
Эзилип, эркелетип Искен уулун,

Ушунча алыс жолду басканына
Укмуштай сыймыктанып турган анда.

Анда да азыркыдай баарыңдан тең
Арада эң кенжеңер болчу Искен.

Кенжеңер азыр дагы болгон менен
Келишкен жигит болуп калган экен.

Туюму илбериңки, мүнөзү шок,
Түз экен баса турган жолу бирок.

Ээлеген сезимиңди балдарыңа
Эмесе аруу дилден берем бата.

Артымда үрөөндөрүм өнүм алган,
Абийрдүү балдар болсун эл бел туткан!

Жылоолоп жигит пири сапарында,
Жетишсин баарысы тең максатына!

Айтылган убак учур келип туура
Ак батам үзүр берсин балдарыма!..

Шамыңды жагып бүтүп, Шамчырагым,
Шашылып бул үңкүргө багыт алдың.

Оозуңдан чыккан сөзгө туруш үчүн,
Оюңду аткармакка кылып бүтүм,

Көрмөксөн болуп балдар кыйылганын,
Көтөрүп көк баштыгың жол баштадың.

Үстүндө темир аттын калдыраган
Үркөрдөй «Кылым Көчү» сапар тарткан.

Эсептеп жол жүрүшүн жылдыздардын
Эч кимдин сөзүн укпай баратасың.

Балдарың издегенди тапкан кезде,
Белгини чечмелөөнү билишпесе,

Көңүл кайт болушпасын деген ойдо,
Көргөздүм түс-келбетти, узак жолдо.

Окшотуп тоону-ташты ар нерсеге
Окуттум балдарыңды сыр чечүүгө.

Ал эми бөтөн жандар үчүн силер
Акылдан айныгандай көрүндүңөр.

Көзү бар, көкүрөгү туюктарга
Көрүнүү мыйзам ченем ушундайча.

Көрбөгөн эч кимиңер, чоочун жерге
Келгенде, түн бир оокум болгон эле.

Бейшенбек жол көргөзүп андан нары
Барбайм деп, Түгөл экөө артка кайтты.

Белгисиз, суу бойлогон жолду таштак
Бет алып жөнөдүңөр жөө жалаңдап..

Таң заардан түн ортосу оогучакты
Тарттырдың балдарыңа канча азапты.

Өзгөнү, өзүңдү да аябай эч
Өжөрүң карматтырдың болсо да кеч.

Карайлап түн койнунда, дарманы жок
Караандар токтолбостон барат бирок.

Мерчемдүү жерге жакын калган кезде,
Маанайың чөккөндүктөн дем бермекке,

Издеген жериң жакын калды деген,
Из салып шоолаң менен, белги бергем.

Чыңалууң эң акыркы чекке жетип,
Чырагым, тургандыктан алың кетип,

Жаңылып эсебиңден, дагы кыйла
Жан кыйнап жол бастыңар караңгыда.

Анан да себеп болгон жаңылууңа
Ал үңкүр, сезимиңде, көргөн бая.

Нургүлдүн бут шилтөөгө келбей алы
Эң артта Эрнест экөө калып калды.

Түз айтсам, чийдей болгон бечаранын,
Там бердим ушунчага чыдаганын.

Үн катып кыйналганын ачык айтпай,
Үңкүргө жетип алып, койду баспай.

А силер Улук, Искен келгичекти
Арбытып койгонсуңар кыйла жерди.

Көөнү сууп издегенин табалышпай
Келишти чаалыгышып, катып таңдай.

Жанараак Нургүл берген мупмуздак суу
Баарыңдын карегиңден учуп турду.

Аргасыз эң акыркы демди жыйып
Арт жакка кайрылдыңар утур тынып.

Баш ийип талабына Талантыңдын
Бул жерге араң басып келип тындың.

Жеттик деп издеп келген жерге бирок,
Жарыгым, бириң дагы билгениң жок.

Каршылаш тогоол өтүп кеткичекти
Калкалап туруум керек болчу сени.

Жеткениң билсең эгер, Шамчырагым,
Жолугам деп, кырсыка кабылмаксың.

Капарсыз кандай жерге кабылгандан
Калдыңар эс алганы аткыча таң.

Балдардын жамынчысы болуп асман
Баардыгы, төшөктөрдө, жатат таштан.

Толгон Ай туураңардан төгүп шоола,
Толгонуп тынчың кетип басат санаа:

«Балдарга тарттырган соң мынча азап
Беришим керек болчу үңкүрдү таап.

Кыйноону тарттырды деп баарысы тең
Кыязы, тилдешти го ичтеринен.

Ичинен эмес азыр ушул тапта
Угуза тилдешкени жакшы кайра.

Ал эмес күркүрөгөн дарыяга

Алышып колдон-буттан, мейли, ыргытса.

Аттигин, кайрымжысыз чарчоо болуп
Ачуу ыза жүрөгүмө турат толуп».

Санааңдан алаксытып удургуган
Саамайың сылайт сенин түшкөн шоолаң:

«Карегим, куру бекер тынчсызданба!
Күнөөнү коюшкан жок балдар сага.

Түз айтсам: балдарыңдын айрымдары
Талантты арбынырак айыпташты.

«Ай, ушул Талант атам койгондо тим,
Жасамак билгениндей эже ишин.

Биз болсо Бейшенбектер кеткен жерде
Эс алып күтүп турсак болбойт беле»

Деп алар ичтеринен, чарчашканда
Сага эмес күнөө койгон атасына.

Ал эми Талант, Акыл, Эрнестердин
Тилеги: бүтсө болду сенин ишиң.

Баарына кайыл алар, жалгыз гана
Балдарың жетсек дешет максатына!»

Шоолаңдын шыңгыраган үнүн тыңшап
Көңүлүң тыным алып, кеттиң уктап.

«Туура эмес багыт алып адаштык» деп,
Турганын өз оюнда Эрнесттин бек

Тек коюп, жаңылганын анын өзү
Тапкан соң, издегенин, жетти көзү.

Береке берсе Теңир өмүрүнө

Бул күндү сактар дайым көңүлүндө.

Жакшысы-жаманына болуп орток
Жубайы Нургүл жүрсүн жолун коштоп.

Жарыкты көрөрүмдү карегиңден
Жолуккан күндөн бери айтып келем.

Баратат курчу кетип каректердин,
Байлабай Нуршоолаңды иштебегин.

Айтайын уландысын ыр дастандын,
Аны сен бачымырак жазып алгын.

03.08.2001ж. 14-айкүнү 0° 14’48″

12° 84’57″

Дастанда айтылган окуялардын айрымдарын өзгө эмес, өзүм деле жомок деген учурларым көп. Биздин ушул сапарыбыздын өзү эле, турган турпаты менен — жомок. Бирок анын чындык экенине күбө — ошол балдар! Демек, дастанда окуяларды миф деп ишенбей коюу болбос. Үңкүрдү Эрнест тапты, мен анын ичине киргенде эртең мененки саат жети-сегиз чендер болчу, жанымда Акылдын саатын салып жүргөм. Үңкүрдөн 20-25 минуттай убакыт өткөндө чыгып, саат 14.58-ди көргөзүп турганын көрүп, таңдандым. Бузулган экен деп ойлогом, сырын чечмелегенден кийин билдим, көрсө, болгону — мен башка чен-өлчөмдө болуп кайткан турбайымбы! Эң башкысы, дастан уланып жазыла баштады.

… Ачынган эти сууп Алкаранын,
Ачууга билген белем алдырганын.

Алкара, эминеси болсо дагы,
Ал ошол ызы-чууда келип калды.

Алдырып сезимине жанаракта,
Алкара ала качып баратканда,

Ургандай канжар менен жүрөгүнө,
Укмуш ай, түшкөн болчу сезимине.

«Азгырып колдогону бурут хандын,
Ачынтып алдым жанын Алкаранын.

Тагдыры жар башында турган ханды
Түрттүрбөй туңгуюка сактап калды.

Көздөгөн максатымдан азыр өзүм
Көөдөктүк кылып алып, кыйгач өттүм!

А бирок, жер меники, ошондуктан
Айкөлүн эртедир-кеч тындым кылам!»

Кызыган эти муздап Алкаранын,
Артына кайткан кезде, Коңурбайдын

Алиги оюн бектеп, Майдан Тоодон,
Аскерин көргөн болчу качкан жоодон.

Көргөнү катуу тийген менен, бирок
Көөнүнө күтүүсүздөй көрүнгөн жок.

Бурутка келгендигин кайдан жардам,
Болжолдоп турса дагы, бирок анан

Артынан колу келип калды дештин,
Анчалык ынанымдуу эместигин,

Далилдеп, качкандар бар, бирок арттан
Душмандын аскери жок кубалаган.

Бүлүнтүп жан дүйнөсүн, коопсунтуп
Бүркөлдү ачык асман каптап булут.

Көрүнбөй аркан бой жер, шамал улуп,
Көктөгү тийип турган күн тутулуп,

Түшчүдөй адамзатка ушул бүгүн,
Түбүнө жете турган кыямат күн.

Чочутуп ушул сезим Коңурбайды,
Чокуга Айкөл турган жакындады.

А тиги Коңурбайдын астындагы,
Азезил жылоологон Алкарасы,

Ачынтса этин ээси, өчүн анын
Алмака Айкөл Шерден, көрүп камын,

Түз беттеп Майдан Тоону октой аткан,
Түбүнө жетмек болуп келе жаткан.

Жалганда азезил ат жалгыз ирет,
Жаңылды Аккуланы Айбанбоз деп.

Ат эмес Коңурбайдын өзү дагы
Алданды Айбанбоз деп Аккуланы.

«Айрылган канатынан куш сыңары,
Аргасы куруп бурут турган чагы.

Бурканым эрк-күчүмө жардам берсе,
Бурутту жеңүү мүмкүн азыр деле!»

Илгери үмүтүнөн кубат алып
Ирмебей каректерин тике багып:

«Алгарам Айбанбозун тепсеп өтсө
Айкөлдү саямын, – деп, — как жүрөккө!»

Уусуна ажыдаардын сугартылган,
Узун сап ач албарсын алып кындан,

Колдогон пирлерине Айкөл Шердин,
Коңурбай коюп каршы өз пирлерин,

Жакындап максатына калган кезде,
Жыгылды астындагы аты жерге.

Албарсы колдон ыргып, Алкарадан
Аркан бой алыс түшүп, туруп араң

Бута атым жерден аны карап турган,
Буруттун ханын көрдү Аккулачан.

Тагдыры бул жолу да сыртын салып,
Табалап тургансыды өчү канып.

Кандайча болгонуна жетпей көзү,
Калчанын эси эңгиреп турган кези.

Кыймылсыз Алкарага карек кадап
Кылганын текебердик сезип турат.

Алкынган Алкаранын дүбүртүнөн,
Аккула, анын оюн туюп күткөн.

Азезил жылоологон атты анан,
Аккула кош аяктап тосуп алган.

Күүлөнүп келе жаткан Алкарага,
Курч туяк көөдөнүнө тийген даана.

Көзүнөн от чагылып, жерге кулап
Кыймылсыз жатып калды ирмем убак.

Кучактап моюнунан Алкарасын
Куюлтуп турат Калча көздөн жашын:

— Түгөнүп ичер суубуз, батуучу күн
Туш келмек беле бизге ушул бүгүн?

Жалганда жан жолдошум жалгыз гана
Жанымдан артык көргөн сенсиң мага!

Ата-эне, ага-ини, катын-бала
Баардыгы сен болчусуң бул жалганда!

Ал азыр сенден калып, бүт баарынан
Ажырап бул жашоодон эмне табам?

Турбасаң чындап эле ушул тейден,
Тулпарым, бир жатайын сени менен! —

«Кор» жыттап көкүлүнөн Алкаранын
Коңурбай кыймак болуп турду жанын.

Калчанын жан аргасы кеткендиги
Кыймылсыз Алкарага дем бердиби…

Буттарын солбуй тартып дирт-дирт эте,
Буйдалып барып анан турду өйдө.

Коңурбай кандай көрсө Алкараны,
Кем эмес көрчү аты аны дагы.

Кошкуруп, башын силкип , туруп азга
Калчага белги берди мин деп мага.

Жанагы өчкөн оту күйүп кайра
Жалынып Бурканына, Алкарага

Аттанып ошол замат буйдалбастан
Айкөлдү беттеп жөнөйт Коңурбай хан.

Тизгинин жыя кармап Аккуланын,
Тигинин, Айкөл дагы тосот алдын.

Коңурбай ээсин эмес атын мээлеп,
Колунда сыр найзасын түздөй келет.

Аты да, кем калышпай Коңурбайдан,
Алгысы келип өчүн Аккуладан

Чыгарып канаттарын колтугунан
Чокуга сызып келет Айкөл турган.

А бирок айбаты артык Айкөл Шерден,
Абдырап, жалтанышат экөөбү тең.

Түз барбай Алкарасы буйтаганда
Түшүрүп сыр найзасын колдон Калча,

Таймаша албасына жетип көзү
Тартпастан аттын оозун төмөн безди.

Кайтарып келип колун качып кеткен
Кармашмак болду Калча жоосу менен.

А бирок качкан колу ошол тапта,
Артына келатышкан өздөрү да.

Анткени, Майдан Тоого Коңурбайдын,
Алкынып келгендиги болгон дайын.

Калчага бел байлашса аярлары,
Кайрат күч беришти ага алар дагы.

Албарсын, сыр найзасын колдон түшкөн,
Аскери, Коңурбайга таап берген.

Коштотуп аярларга, курал колдо
Коңурбай тике багып барат жоого.

Алманбет, Чубак, Сыргак ал убакта,
Аскерин душмандардын сүрүп артка

Кара жер сугарылып кызыл канга,
Качкандар бекинүүдө капкасына.

Ал кезде Айкөл менен Бакай ханды,
Аскери Коңурбайдын курчап калды.

Астында Аккуласы, белде кисе
Ажыдар сүрүн берген Айкөл Шерге,

Дубасын Чи-Лу-Сендин билишкен жат,
Калчанын аярлары кылбай такаат,

Сүрүнөн Айкөл Шердин артын карай,
Сүрүлүп кыргый тийген таранчыдай,

Келишкен жолу менен качты көбү,
Калчанын каары чындап кайнады эми.

Колунун астын тосуп, какжыраган
Каалгадан, чыккан үндөй добуш салган:

— Ажалдан бар го качып кутулгуңар?
Аны азыр так өзүмдөн табасыңар!

Жоокерлер, жоодон качкан, ала турган
Жазасы — өлүм табат коп башчыдан! —

Козголгон көр намысы хан Коңурбай,
Колунун көбүн кырып эч аябай,

Андан соң аткан октой түптүз гана,
Атынын башын бурду Айкөл жакка.

Кагышып эрендердин найзалары,
«Карс» этип Калчаныкы сынып калды

Ошондо, ызасы ашып, азезил ат
Оп тартчу ажыдаардай карек кадап,

Акыры өлүм бар деп түшөр башка,
Алкара тик карады ажалына

Атылып тике туруп, Айкөл Шердин,
Азезил апчып алды, оң тизесин

Кебелбес опол тоодой Кабылан Шер
Көзүнөн от чагылып, куюлуп тер,

Аккула жалын төшөй бербегенде,
А балким, андан учуп түшмөк беле .

Эңгирей түшүп Айкөл ирмем убак
Ээрине түздөп минип, кеткен узап

Артынан кууп жетип Коңурбайдын,
Айкөл Шер уруп калды сыр найзасын.

Оңбогон Алкарасы андан дагы,
Ойт берип ээсин аман сактап калды

Айкөлдүн сыр найзасы жаза тийип,
Аяктан карчыт этти, кетти үзүп

Козголуп ар-намысы калган Калча,
Көңүлүн жаратына бурбай анча,

Албарсын кындан алып астындагы,
Алкынган Алкаранын башын тартты

Буруттун ханын беттеп бара жатып,
Буулукту мына мындай ойго батып
«Буруттар жерим басып кирсе деле,
Бурканым жардам кылбай турат неге?!

А тиги, Көк-Теңири, бурут хандын,
Аябайт, кайда жүрсө, өз жардамын!

Колдотуп пирлерине жер жайнаган,
Колумду чачыратты төрт -беш адам..

Аларды Таш-Бурканым, элим, жерим
Атайлап күтүшкөндөй келишкенин,

Болбосо, бүртүк кум да ушул тапта,
Болушуп, жардам берип турмак мага!..»

Деп Калча бар дитинен өкүнгөнү,
Дилине Бурканынын жеттиби эми?..

Басаңча тартып бара жаткан жаңы
Бороондун күчөп кирди улуганы.

Кайрадан кум учуруп, таштар кулап,
Какшыган аптап күндө зоолор урап.

Калааба ушул эле жерди эмес,
Ааламды каптагандай берет элес.

Айбаты кем калышпай Айкөл Шерден
Астында аты дагы берчүдөй дем,

Кум-ташы өз жеринин кубат берип
Кылычын шилтеп калды кулач керип…


Кыргыз