Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манас. Айкөлдүк

Айкөлдүк

Мурда медитациядан кийин өзүмдү жакшы сезип, жеңилдеп калар элем. Бул сапар андай болбоду. Чаеке келгенден кийин деле кеселден арыла албай койдум. Алайдан жазып келген аалам жазуусун чечмелешим кыйын болгондуктан, кайрадан медитацияга чыктым. Абалым оор болуп, Шакин агай узатып барды. Айылдан оолак, карлуу бетке калтырып агай артына кетти. Аздан соң Шоола түшүп, Жайсаң атанын кабатырланган добушу угулду:

Чырагым, арыбагын, алың кандай?
Чыйрыккан дагы деле түрүң бардай.

Кантебиз, каршы тогоол кастар тигип,
Калдың го дарылана албай минтип.

Өтө чак убактыбыз азыр дагы,
Өткөрбөй ирмем текке, кеп салалы.

Алайдан жазганыңды алигиче,
Аяктай албадым деп түк кейибе.

Алдыда убактың бар он үч апта,
А демек, чечмелөөгө эч бир шашпа.

Он тогуз апта бою кара-тогоол
Ободо бийлик кылат, абдан сак бол.

Талаага чыкмак түгүл ал мезгилде
Эшике этиет чык кеч киргенде.

Он тогуз апта өтмөйүн кыйналасың
Ошого даяр болгун, Акчабагым.

Чечмелөө оор болсо, азап тартпай
Чыдагын келгичекти убакыт жай.

Аз калды убактыбыз, Алайдагы
Айтылбай калган сөзгө кайрылалы.

Түбөлүк ордун алган Журт Атасы,
Так айтат келер кезди, өткөн чакты.

«Калтырбайм эл алдында уятка» деп,
Карегим, убадамды бергемин бек.

Даректүү аты-жөнүн Айкөл Шердин,
Далилдеп Журт Атасы айтып берсин.

Көкөмдүн дене-досу жайын алган,
Кабырын тайын дедим ошондуктан.

Кош Алай, Кырка-Адыр, Кең-Жайылма
Көкөмдүн жери болчу ошол чакта.

Өмүрдүн кечи кирип, күн батарда
Өзөгү чалынды эле өксүк дартка.

Кодулап Эл-Төрөсүн Санжы, Арстан
Көкөмдөн атайылап оолактаткан.

Калганда төшөк тартып, «Жоо-Жүрөктөн»
Көкөмдү көчүрүшүп бөлүп элден,

Каттатпай бейчеки жан, тосуп жолду.
Капаска кайран асыл түшкөн болчу.

Акырын өмүрүнүн, тигил дөңдө,
Атадан калган хандын өргөөсүндө,

Зар болуп Эл-Төрөсүн бир көрүүгө,
Зарурат 30 бойдон Көкөм өткөн эле!

«Жарк эткен чагылгандай ирмем убак,
Жарыка бөлөп элди, кеткен узап.

Аттигин, барк-баасына жаш Эштектин,
Арман ай, учурунда жетпептирмин»

Көкөмдүн өкүнгөнүн бармак тиштеп,
Көргөмүн көзүм менен көп эле ирет.

Кыязы, ошондуктан болсо керек,
Көкөбүз Айкөл Шерге болуп тирек,

Атадан артык камын көргөнүнө
Ар дайым назар салган Теңир күбө!

А демек Айкөл жөнүн тактап айтар,
Абасы Көкөтөйдөн ашкан ким бар?

Мезгилдин бүктөмүндө калып калган,
Манастын даректүү атын эл атаган,

Учуру жеткендиктен, урпактарым,
Уктуңар аянынан Улуу арбактын!

«Адамдын зор кемчили — айкөлдүк» деп
Арстан айтып калчу кытмыр тиктеп.

Ал кезде эмнегедир бул сөзүнө
Анчалык маани бербей койдум эле.

Түз айтсам ушул азыр ошол сөздүн
Тирүүдө бир чындыгы барбы деймин?

Болбосо айкөлдөргө караганда
Боору таш зулумдардын кылымдарга

Аттары унутулбай эл ичинде
Аталып жүргөндүктүн сыры неде?

А көрсө унутулуп айкөлдүк тез
Азап так калат тура эч бир кетпес!

Айтууга себеп болгон ушул ойду
Арстан жөнүндө айткан сөзүң болду.

Бек Арстан Тайчы жөнүндө Гумелевдун, Бернштамдын, дагы башка тарыхчылардын эскерип кеткен эмгектери бар экен. Айкөл Манас атабыз жөнүндө, бир да жерде жазылып калбагандыгы эмнеден деп?, сезимимде чагылышкан суроомо Жайсаң атабыздын да туталанганын төмөнкү сөздөрүнөн билдим.

Жазмада далилдөөчү ким экенин
Жазылып калбай аты Айкөл Шердин,

Бириккен журттун башын бириндеткен
Бек Арстан Тайчы аты калган экен!

Калтырыш үчүн атын, канчалаган
Канына, адамдардын жууруп салган

Кан ичер зулумдардын кабырлары,
Карытып турат дале кылымдарды.

Тирүүнү тамшандырган ошол даңктын,
Түйшүгүн түбөлүктө тартышарын,

Бейоопа пенделикте адамзаты,
Белгилүү капарына эч албасы!

Далили бул сөзүмдүн — Көкөм айткан,
Жан-досу бек Арстандын сазга баткан.

Кеменгер кең пейилдүү Айкөл Шерим,
Көтөрүп жүрөт дале жүгүн элдин.

Атиги кылымдарды карытышкан,
Атактуу бируундардын сөөгүн каткан,

Кабырда жаткандардын жан-достору,
Келгиче акыркы күн кор болору,

Келбеси тирүүлөрдүн капарына,
Кейиштүү болгон менен, бирок чын да!

Аталып калыш үчүн аты артта,
Адамдар жасашпаган нени гана?

Кай бири канга жууруп күмбөз салса,
Кээлери атын чеккен аска ташка.

Ал эми гректердин Геростраты,
Акылдан адаштырчу амал тапты.

Байыркы доордогу бабалардан,
Баа жеткис асыл мурас деп аталган,

Аяндуу Артемидага арнап салган,
Атактуу Эфестеги ыйык храм,

Өрттөлүп колу менен Геростраттын,
Өчүрбөй калтырыптыр шылдың атын.

«Чыгарам десең атың жер өрттө» деп,
Чырагым, дал ошондон калыптыр кеп.

Жалганда түбөлүктүү болуш үчүн,
Жан далбас уруп жумшайт пенде күчүн.

А бирок, түбөлүктөн ошо менен,
Ажырап калышарын, билбейт экен!

А демек зор кемчили пенденин деп,
Айтууга дал ушуну туура келет.

Кайрымжы айкөлдүктөн тирүүлүктө,
Кайтпасын мейли, бирок түбөлүктө,

Татыктуу жайын алып, ордун табат,
Тирликте «айкөл эле» деп аталат.

Теңирдин таразасын калыс коюп.
Теңелбей, жамандыктан алыс болуп,

Кыргынды өздөн эмес, жаттан издеп,
Кытайга кол баштаган жоону беттеп.

Тарыхта Айкөл Шерим жазылбастан,
Там бердим калганына бек Арстан!

Арстан жашап өткөн адам делсе,
Айланган Айкөл Шерим жомок кепке.

Көкөбүз кеп салгандай, мунун өзү
Көралбас, ич тардыктын кесепети.

А бирок, таш бетине атын чекпей,
Айкөлүм жүрөт дале элден кетпей!

Анткени кыргыз элдин жүрөгүндө,
Жазылып, калган аты, түбөлүккө!

Ал эми түбөлүктө Айкөл Шерим,
Али да көрүп жүрөт камын элдин.

Дүйнө жүзүнүн деңгээлинде өткөрүлүп жаткан Ош шаарынын 3000 жалдыгына арналган мааракенин айланасында ар кыл ойлор айтылып жаткан. Ошол сезим менен барсам керек медитацияга, бул тууралуу да Жайсаң атабыз жообун берген экен.

«Ош» деген сөз эмнени билдирерин,
Ороскел 31 көрбөйм элим билбегенин.

Ал сөздү алып келген Наби молла,
Айтылбай учурунда калган тура.

Набинин тамырында айланган кан,
Жок болгон небак париз уруусунан.

Тилинде ал уруунун Ош деген сөз,
Түшүнтөт, ыйыктыкты, кол тийгизбес.

Ал эми түп мааниси — чалкып ташкан
Дүйнөнүн төрттөн үчүн каптап жаткан,

Мухиттей чен-өлчөмсүз сыры терең,
Мээрими энеге окшош пейли кенен.

Жандууга, жансызга да суудай сиңген,
Жараткан төккөн шоола, көктөн тийген.

Кыскасы, туюмунда ушул сөздүн,
Камтылган бар-тирлиги Кудуреттин.

Бул сөздүн тийиштүүсүн кайсыл элге,
Баамдап тургандырсың өзүң деле?

Ажырап шооласынан Кассандра,
Азапка байлап башын — анысына

Теңирдин кайрымжысы — уруусунан
Түп тегин сактап калган бир нече жан.

Көбүнүн париз деген өчүп аты,
Берберлер 32, хеттер 33, галлдар 34 деп аталды.

Айрымы мекендебей чөл талааны,
Аргасыз деңиз боюн пааналады.

Ай-жылдар алмашылып кылымдарга,
Аз уруу көбөйүшүп, курат калаа.

Аздектеп дилдеринде сакташкан бек
Ал уруу шол калаасын атайт Ош деп.

Шол күндөн аты өзгөрбөй ушул күнгө,
Франктар 35 жергесинин түштүгүндө,

Ош деген калаа барын уккан менен,
Ошентип аталганын эмнеликтен,

Урпагым, силер эмес, аны курган
Уруунун урпактары унутушкан.

Түп теги унутулуп, небак эле
Тамырлап сиңген менен бөтөн элге,

А бирок, ыйыктыкты туюндурган,
Байыркы шол уруунун сөзү калган.

Ушул сөз кандай жерде, кайсыл элде
Учурай турган болсо — түп тегинде

«Өткөнүн унутпасын урпагым», деп
Өз башын шорго байлап, алган тилеп,

Аяндуу Кассандранын уруусунан
Ал жерде, демек бирөө байыр алган.

Устаты Айкөл Шердин Наби-молла,
Улаган, касиетти өткөн канга.

Камтыган аруулукту тоо койнуна
Көктөн түз төгүлгөндө Ыйык Шоола

Оозунан наристенин капысынан,
«Ош» деген сөздү угуп, ыйык туткан,

Пиринин ыйык ысмын наристеге
Бир теңир айттырды деп, билген эле.

Ободон түшкөн жерге Ыйык Шоола
«Ош-Пир» деп койгон атты Наби молла.

Аттигин, унутулуп өзү такыр,

Ал жерде турат калаа Ош деп азыр!

Карегим, Журт Атасы айткан сыңар,
Көөдөнгө кошо кеткен канча сыр бар!…

А бирок угуш үчүн анын баарын,
Арман ай, унутпайлы, өмүр чагын.

А демек, тийешелүү ыр дастанга
Айтууга туура келет сырды гана.

Чырагым, сөзгө алаксып, убакыттын
Чымылдап өткөндүгүн байкабапмын.

Калыптыр убактыбыз бир аз гана,
Кайталайм, көңүл бургун ыр дастанга.

Кыйладан бери дастан эмес, медитация учурундагы аталарыбыздын сөздөрү да чечмеленбей калган. Ушул медитацияда ден-соолугум бир аз оңолуп, иш улунганына «тобо» деп, кубандым. Кептен бери күткөн дастанды чечмелей баштадым:

Алманбет, Сыргак кыйла жерге узап,
Алалы тынып дешип калат уктап.

Түшүнө Алманбеттин ошол түнү
Түнөргөн Суук-Төрдө Көйкап кирди.

Баягы думана чал, жылаңаяк,
Боорунан кара тоонун добуш салат:

— Каралдым, тамчы каным, кейибестен
Кайратың жыйып сөзгө көңүл бөлсөң.

Айланып Аккептерге, апаң менен
Ааламды кезер мезгил жакын десем,

Ал сөздөн чочубагын, тамчы каным,
Ааламда түбөлүктүү сенин жайың.

Ал эми жалгандагы вазийпаңдын
Аз калды бүтөрүнө, тамчы каным

Андыктан өтүнөрүм, так аткарып,
Ааламга кеткендей бол шак аттанып.

Чубака бергениңди убада кеп:
«Чалгынга аттанабыз экөөбүз» деп,

Аткарбай калганыңды эмнеликтен,
Айтпадың түшүндүрүп жөнөрдө сен?

Аныңа ызаланып турган жанды,
Азезил адам түстүү кайрап салды.

Алдырды Чубак досуң азгырыкка.
Алдынан ачуулунун каршы чыкпа!

Ааламга аттангыча, тамчы каным,
Ардайым айланчыктап жаныңдамын.

Башыңа кыйынчылык түшкөн кезде

Бар деп бил жардам берер Нурпериште! —

Капилет жер силкинип, Көйкаптагы
Капканын каалгасы кулап калды

Кечилдер кара кийген баштан аяк,
Куюнга сапырылып учуп жатат.

Айланып думана чал Аккептерге,
Асмандан назар салат тигилерге.

Куюндун илеби уруп Алманбетти,
Көккө учуп бара жатып, чочуп кетти.

Көздөрүн ачкан кезде уйкусунан,
Калыптыр түн сүрүлүп, агарып таң.

Көөдөнү куйкаланып кусалыктан,
Колдору сүртүп жатты жашын аккан.

Түшүндө думананын түспөлүндө,
Түндөсү аян берчү Нурпериште,

Атасы экендигин билген күндөн,
Алманбет бир да жолу түш көрбөгөн.

Аны, эми түштөн көрүп, ирмем убак,
Алманбет өткөн кезин бирден чубап,

Элеси энесинин, бала кези,
Эзилтип жан дүйнөсүн, элестеди.

Учугу ойдун анан учур чакка,
Уланып бирден чубап, такалганда,

Чубака берген шерти түшүп ойго,
«Чекилик кетирипмин», деп толгоно,

Астынан өтүш үчүн Эр Чубактын,
Артына кайтмак болуп, токуду атын.

Андан соң уктап жаткан Сыргак эрге,
Алманбет добуш салып минткен эле:

— Туйбадың мен туйганды, баатыр Сыргак.
Тургузгум таттуу уйкуңдан келбей турат.

Аргам жок, Сыргак баатыр, турууң керек,
Артына аттын башын буруум керек.

«Чалгынга барамын, – деп, — сени менен»
Чубака тээ башынан антым бергем.

А бирок, кокус кытай каптап калса,
Айкөлге тирек болор андан башка

Ишенер, күчү толук, жакын жогун,
Ичимден өзүмчө эле ойлоп койдум.

Айтпастан түшүндүрүп ал оюмду
Аттанып кеткендигим чеки болду.

Убада сөзгө турбай кеткениме
Убайым тартып турган ызалуу эрге,

Кыязы, ичи бузук арабыздан,
Кычыткы кеп айтканын туюп турам.

Алдырбас сан миң жоого кыраан берен,
Ачууга жеңдирерин билер элем…

Ар түркүн санаа түшүп, оюм бузуп
Айтпастан аттаныпмын, тек унутуп.

Анымдан пайдаланып ичи бузук
Ачуу сөз айтып аны ууктуруп,

Ажалдын огу кылып аткан экен,
Артымдан кууп келет Чубак берен.

Ажалга төшүм тосуп, тосом астын,
Алдырса ачуусуна, ажал таптым.

Ак көңүл эле бирок, токтотсо акыл,
Айбымды кечир деймин Чубак баатыр…

Актыктын иши өктөмдүк кылса эгер,
Ажалдын огу кыйгач өтүп кетер.

Кыпын кир жок экенин көөдөнүмдө
Кыямат доско айтармын өзүм деле.

Ал эми ажал огу таамай тийсе,
Айтып кой, ак экеним Чубак эрге.

Не күнгө туш болбойлук, Сыргак берен,
Нээтимдин түздүгүнө күбөмсүң сен! —

Алманбет сөзүн бүтүп күңгүрөнө
Аттанмак Саралага болгон кезде,

Түрсүлдөп төмөн жактан ат дүбүртү,
Түнөргөн Эр Чубактын чыкты үнү:

— Ант урган арсыз кытай, чыккын жеке!
Аттанат ажалдуубуз о дүйнөгө! —

Чылбырын Сараланын жерге таштап
Чубака басты Алманбет тике карап:

— Антташкан доспуз, Чубак, кыяматтык.
Аңкоолук кетирипмин шашып жатып.

Кетирген зор күнөөмдү моюңга алам!
Кечиргин достук үчүн кечире алсаң! —

Алманбет, Чубакты албай кеткендигин,
Айыбым кечирилгис деп сезгенин

Түшүнүп Чубак аны тетиринче
Түн түшүп мурдагыдан, сезиминде:

«Каны, -деп, — Байтөрөнүн» айткан кеби
Каапырдын айткандыгы чындык деди.

Алдырып ачуусуна, чындап эми
Албарсын Алманбетке шилтей берди.

Адамга акылы тең Айсарала
Ажалга тосуп өзүн, түштү арага.

Астыңкы колу менен чапчып жерди,
Албарска Аккаңкы ээрди тосо берди.

Ачууга алдырса да Чубак, бирок
Албарсын Алманбетке чаба алган жок.

Шилтенип секин гана «шыңгыр» эте
Ээрдин кашын серпип өткөн эле.

Дал ошол көз ирмемде төмөн жактан
Добушту салып Айкөл жер жаңырткан,

Алкынтып желдей учкан Аккуласын,
Айкырып тигилерге келди жакын:

— Айрылгыз кош дүйнөдө доспуз дешкен
Антыңар, эгиздерим, кайда кеткен?

Чекилик кетсе дагы кимиңерден,
Чечишкин, кыраандарым, кан төкпөстөн!

Сурарым, кыйышкыңар келсе чындап
Сунулган кылычтарды мага кандап,

Тагдырын түмөн колдун беттеген жоо
Таштоого чечим кылып ара жолдо,

Тозоктун алоолонгон жалынына
Түшөлүк үчөөбүз тең бирдей анда.

Болбосо кимиңерден кетсе күнөө
Бириңер экинчиңди кечиргиле! —

Ачууга алдырарын Чубак берен
Алманбет мурунтадан билгендиктен,

Тагдырым нени жазса көрөмүн деп,
Тек гана эч куралсыз турат тиктеп.

Ачуусу чукул Чубак адегенде
Албарсын шилтей берип Алманбетке,

Адамдан достука бек Сараланын
Ажалга достук үчүн тик барганын

Көргөндө мизи кайтып, уялгандан
Кирсем деп жер жарыгын издеп турган.

Аңгыча Айкөл Шердин үнүн угуп
Алманбет, Чубак бирдей башын буруп,

Колунда ач албарсын таштап жерге,
Кучагын жайды Чубак Алманбетке.

Аккөңүл асыл досум кечирди деп,
Алманбет Эр Чубагын кучактап бек,

Айыптуу сезип өзүн, башын бурду.
Ай жүзүн ачуу жашы жууп турду.

Калганын көрүп аман эки кыраан,
Көңүлү мурдагыдан саал тынган

Айкөл Шер аттан түшүп, бирок анан
Аларга басып барбай, таарынгандан

Дөңсөгө гүлгө оронгон көчүк басып,
Дүңкүйө жер тиктеди сыртын салып…

Жазышпай кучактарын турган менен,
Жүрөгү жараланган Чубак берен,

Басылбай сыздаганы дагы деле,
Басыңкы добуш салып минткен эле:

—Алманбет, жол чалгынга аламын деп,
А көрсө көңүл үчүн айтыпсың кеп.

Айткансың бар экенин Нурпериштең,
Атамды ошол чыгар так билдирген.

Андан сен билгениңди өзүмө эле
Айтканың мындан жеңил болбойт беле.

«Туулган Байтөрөдөн бузук ит» – деп,
Таштапсың чалгынга албай мени жектеп.

Уу сөздү өлөр жерден таамай чыккан
Укканым жаттан эмес, Ырчуулдан,

Көзүмө бир өлүмдөн башка нерсе
Көргөзбөй, кууп сени келдим эле.

Айтканың мойнуңа алып кечир дешиң,
Ачуумду андан дагы келтиргенин,

Алманбет, кайталоонун кажети не?
Аныма Акканкынын кашы күбө… —

Деп Чубак Алманбетке таарынычтуу
Карегин жаш чайыган тике бурду.

Ошондо уккан сөзү Алманбетке
Огундай чагылгандын тийген эле.

Калтырап эриндери, каны качып,
Кыймылсыз бир кыйлага турду катып.

Көрүнүп сөз чындыгы ай жүзүнөн
Көңүлү ичиркенип анан минткен:

— Айтпасын кимдер эмне, жалгыз гана
Акбалта атаңдыгы чындык мага!

Ал эми Байтөрөнүн баласы деш,
Айтканды мындай койгун, ойго келбес!

Кечирим ошол сөздү айткан үчүн,
Кан досум, сурады деп түшүнүпсүң.

Кытайдын аярлары туюп калып,
Капыстан каптап келсе бүлүк салып,

Мен сага так өзүмдөй ишенгенден,
Манаска арка-тирек болсун дегем.

Айыбым — шол оюмду түшүнтпөстөн
Аттанып кеткендигим, шашкан тейден.

Кыпынча кир жогуна мындан башка
Кудурет өзү күбө, ишен мага! —

Бурбастан каректерин кадап тике,
Буулугуп сөзүн бүткөн Алманбетке

Күнөөлүү болуп эми Чубак өзү,

Кеп таппай карбаластап жер тиктеди.

Ыргыткан ач албарсын алып жерден,
Ыңгайсыз добуш салып Чубак минткен:

— Достука кыянаттык кылган мендей,
Дардеске 36, аёо болбойт бир кенедей.

Дилимде ишеничим болсо бекем,
Тилине наадандардын кирмек белем?

Ырчуулда бар болучу жалгыз максат:
Ырк бузуп, ортобузду ажыратмак.

Жол берген бузукуга ант бузардын,
Жан досум, аябастан алгын башын! —

Алманбет, Чубак сунган ач албарсты,
Алды да, белиндеги кынга салды.

Айкашып кайра баштан кучактары,
Алкымдан бирин бири жыттап жатты.

Кыйлача турушкан соң, Чубак анан,
Келгенин Айкөл Шердин эсине алган.

Кыпкызыл көңдүн чогун жылаңаяк
Кечкендей сезим өрдөп, берен Чубак,

Алайтып каректерин, Алманбетке
Акырын үн чыгарып минткен эле:

— Ачууга алдырып мен, акылымдан,
Алманбет, ажыраган сыяктанам.

Болбосо дал жанымдан Айкөл Шердин
Айкырган ачуу үнүн эшиткемин.

Теришип таарынычым сени менен
Таптакыр чыгарыпмын аны эстен…

Көңүлү менсиз деле сынган тапта,
Көр жаным , күчөттүрдүм, кандай айла,

Кылганым туура болот? Асыл досум,
Кектебей кылганымды, акыл кошкун! —

Чубактын сөзүн угуп, шондо гана,
Чочуду чок баскандай Алманбет да.

Көгала, Сараланы жетелеген,
Курлары моюндарда эки берен

Баштарын жерге салып, илкий басып,
Батынбай Айкөл Шерге жакын барып,

Алманбет кыйладан соң айбыккандай
Айкөлгө сөзүн айтты тик карабай:
— Айкөл Шер, күнөөлөрү тоодон ашкан
Астыңа келдик басып эки наадан.

Акылсыз башыбызды алам десең
Ач албарс кынсыз колдо турат белен.

Айкөлдүк кылып кечсең — эр канаты,
Астыңа тартуу кылдык тулпарларды! —

Алардын келгенине назар бөлбөй
Айкөл Шер жерди тиктейт баш көтөрбөй,

Ызага уукканын, тигилерге
Ырастап, ачуу жашы төгүлүүдө.

Абалын айкөл Шердин көрүшкөндө
Айласын таппай калды тигил экөө.

Баятан, кетпесин деп төгүлүп кан,
Бушайман болгон Сыргак, азыр араң

Көңүлү тыным алып, Айкөл Шерге
Кол берип жүздөшкөнү келген эле.

Айкөлдүн түрүн көрүп, анын дагы
Аргасы түгөнгөндөй туруп калды.

Балдарга окшоп үчөө – баесуздан
Байкабай, аябай оор күнөө кылган.

Батынбай жер тиктешип турмак канча?
Баатыр Шер, баш көтөрүп карабаса.

Көзүнүн кыйыгынан Айкөл берен
Көргөндө кыйналганын үчөөнүн тең

Ачуусу, ичте ыза саал тарап
Акырын таарынычтуу добуш салат:

Уядан жалгыздыгым, арман дүйнө,

Учуру моюнга алар келген беле?!

Кыркыңдын туулганың, кырк аялдан,
Кыларың кыянаттык, аңдабагам.

Кыйын күн башка түшсө кыйышат деп
Кыпынча, көңүлүмө кетпеген шек.

Ошентип, осуятын Соолобанын 37
Оюма албай коюп — жазаландым.

Олпокту ок өтпөгөн, Каныкейге
Оендор, тиктирдим кем, кимиңерге?

Бириңди кем көрбөстөн экинчиңден
Бириккен бир бүтүнчө – өзүм дегем!

Ичинен кырк көкжалдын, Алмам, Чубак,
Ит көйнөк кийишкен деп, алгам кубат.

Жалгандан узаганча, арабызга
Жик салбайт адам эмес, азезил да,

Деп ойлоп жүргөндүгүм, арман дүйнө
Дилимди делөөрүткөн кыял беле?!

Болбосо куру кыял, эгер аным
Батынып Алманбетке кол салганың

Түшүнсөм болот кандай, Чубак берен,
Түз айтып өз оюңду, жооп берсең?

Ачууга алдырбастан мындан нары
Акылга салып, Чубак, иш кылалы!

Башка эмес, кыркыңардын ичтерине,
Бузуктук киргенинен сыр билдирбе!

Ансыз да араң турган курама кол
Азапка кабылдырат, этият бол!

Алманбет айтпаганын айың кепти
Артынан кууп келип көзүң жетти.

Кыянат чагымчынын айткан кебин
Кайрадан териштирем дей көрбөгүн!

Оозуна алы жетпес эселек жан
Оттоорун, эсиңе түй, мындан жаман!

Адамдык атты бийик, ыйык туткан
Адамдар аз кездешет бул жалгандан.

Ак көңүл, бала кыял Акбалта хан
Адамдын атын өткөн булгабастан.

Кол жеткис дал ошондой асыл жандын
Ким танат, Чубак, сенде каны барын?

Ал эми Байтөрөнүн каны бар деп,
Артыңдан айтса бирөө айыңдуу кеп,

Аны сен терикпегин, Чубак берен,
Атабыз бир экенин танат белең?

Сен эмес, ошону айткан наадандын да,
Согорун билгин каны тамырында.

Төп келген төрт тарабы пенде аттууну
Теңир да жаратпаган, билгин муну.

Жакшынын кемтиги бар сымалдуу эле,
Жамандын жакшы жагын билгин көрө!

Бир кезде берген баамды Байтөрөгө,
Билгиле танбаганым азыр деле.

Ажалга, колун сунган, тике карап,
Алдырбай сезимине, өзүн кармап,

«Кана эми, кандаш боорум, чаап сал!» – деп
Дагдайтып көкүрөгүн, турган тиктеп.

Турпаты Байтөрөнүн, али күнгө
Түк өчпөйт, ошол бойдон сезимимде.

Там берип эрдигине, эске салсам
Турпаты, тайыганын, көрөм алдан.

Ал эми эрегишип, көргөндө жек,
Айбаты ажыдаардай болуп кетет.

Жек көрүү өзүн эмес, кур элесин,
Байкадым, Байтөрөгө күч берерин.

Чыгарсак жыйынтыкты мындан, демек,
Четтетип сезимдерден коюу керек.

Алманбет, Чубак, Сыргак, берендерим
Атышсам душман менен — арка белим!

Уугуп ачуу ызага, арман дүйнө,
Уядан жалгызмын деп айткан сөзгө

Терикпей, теңиздерим 38, кечиргиле
Текебер болбосо дейм Көк-Теңирге. —

Деп Айкөл караганда үч беренге
Даай албай турган үчөө, шол ирмемде

Айкөлгө баары бирдей ташташып бой
Ар бири өөп жатты чолоо койбой.

Көлкүшүп денелери коргошундай
Көөдөндөр тазаланды кири калбай.

Кыйлага кыраан шерлер эзилишип,
Кеткенин бир-биринен, кечиришип,

Улашып сапарларын чалгынчылар
Убакыт жетет баары аттанышар.

Алманбет алды жакка колун жаңсап
Айкөлгө жүзүн буруп минтип айтат:

— Күн түшүп акты-кара асыл башка,
Күйүтүм батпай ичке, ата-журтка,

Аттанган кезди эске салып турган,
Айкөлүм, тиги тоого назар бурсаң.

Ошондо санаалашым Мажит менен
Оодарган кечил сакчы тиги белден.

Айкөл Шер! Ошол белге чыгып барып
Аңдап көр кытай жерин дүрбү салып. —

Алманбет атын минип жолду баштап,
Айкөлдөр туу чокуга чыгып барат.

Жардырып жакут ташын айнек кылган,
Жети айлык жерди тартып карыш кылган,

Көөхар сап турнабайын колуна алып
Айкөл Шер карегине алып барып,

Имерип бурамасын көзгө түздөп,
Ителги куштай Айкөл назар тигет.

Көгөргөн мунарыктан мунарлуу чеп
Көрүнүп Айкөл Шердин көөнүн бөлөт.

Кылымдар бузулгустай курулган бек,
Курчалып казган аңга менменсинет.

Карарып түтүн каптап жаткан калаа,
Карааны түспөлдөшөт ажыдаарга.

Кыбырап уюктагы кумурскадай,
Кыжылдайт калаасына эли сыйбай.

Кыйырсыз, чеги жоктой душман жерин,
Кайнаган ал жерлерде сансыз элин,

Көргөндө дүрбү салып Айкөл берен,
Күңгүрөп добуш салат мындай деген:

— Алаке, сунган колдун учу жеткен
Аралык, каңгайларга калган экен.

Тоо-түзүн салган сымал алаканга
Туу белден көрүнөрүн билгенсиң да?

А демек өргүбөстөн, келип чогуу,
Алаке, болмок беле чалсак жолду?

Ортону жел аралап турган кезде
Оруна колду таштоо зарыл беле?

Өзүбүз өзүбүздү чаккычакты,
Өзгөгө ууну чачсак болмок жакшы.

Түшүнбөй турам, досум, себебине
Түз жолго чалгын чалам дегениңе? —

Кебинен Айкөлүнүн туюм жеме,
Кейиштүү тийген белем Алманбетке.

Жаш каптап каректерин, эрдин тиштеп,
Жабыгып добуш салат мындайча деп:

— Бул сөздү сенден башка ким айтса да,
Береним, сынбайт элем ага мынча!

«Кытайдын караалы 39» деп, сен да менден,
Кыязы кинем санап жүргөн белең?

Болбосо, Айкөл Шерим, эмнеликтен
Берилди шектүү сурооң жан кейиткен?

Жети айлык аралыкты кылган жакын,
Жеткилең жасатылган турнабайың.

А бирок ал жерлерде, эмне барын?
Ал сага айтып бербейт, мендей дайын.

Ансыз да сынып турган көңүлдү, дос,
Аёосуз тепсегениң туура болбос!

Дүрбүдөн көрүнгөн чеп аң курчаган,
Дубалы кытайлардын сыймыктанган.

А берки мунарыктуу булуңчаны,
Аташат Чет-Бээжин деп кытай калкы.

Черүүлөр түмөндөгөн жаткан ээлеп,
Чет-Бежин — кытайлардын чеги делет.

Кокустан кол салбасын кас душман деп,
Коргоочу орчундуу күч топтолгон чеп.

Улугу Чет-Бээжиндин — Хэнь-Янь-Сан
Улуусу, менин атам Азиз хандан.

Каарына алса калкын жүндөй сабап,
Казынам бөксөрдү деп салык салат.

Мээримин төккөнүндө казына ачып,
Малкытат, майга бөлөп, барын чачып.

Жактырат букарасы бул мүнөзүн,
Жалпы журт тек кетирбейт, бир да сөзүн.

Оңой жоо эместигин Хэнь-Янь-Сандын,
Оюңа Айкөл Шерим түйүп алгын.

Ал тиги кара кырга туура жаткан,
Айкөл шер, түздөп бурап дүрбү салсаң.

Дүңкүйгөн калың бадал боорундагы,
Дүйнөгө маалым болгон «кытай чайы».

Ал кырды улап нары, кум эшилген,
Агала чаптуу тоого назар бөлсөң,

Ажалын тапкычакты өз колумдан,
Ал жерде дооран сүргөн Азиз атам.

Тамызып киндик каным ошол жерге,
Таалайы тайкы энем тууган эле.

Киндигим Үрүлайым кесип бууган,
Киринтип мөл40 суусуна каным жууган.

Түшкөндө кучагына жер-эненин,
Дем тарткам абасынан ошол жердин.

Жарыкта жарым кылым өмүр кечсем,
Жашоомдун көбү ушул жерде өткөн.

Жан досум, жаратымдын сыйрып картын,
Жанымды ачыштырып суроо салдың.

Салгандай алаканга дүрбүң менен,
Жерлерге жеткичекти өзүң көргөн,

Билгизбей казылган ор, тозот барын,
Береним, айкөлдүктөн аңдабапсың!

Аярлар жан-жаныбар тилин билген,
Айбанды машыктырып, билим берген!

Учкаяк жаныбарды, кушту учкан
Үйрөтүп чек кайтартат кас душмандан.

Аларды, алга барып, жок кылбасам,
Алдыдан селдей каптайт жооң уккан.

Айтылган сөздөрүңө берер жообум,
Аруу дил кабыл алсаң, ушул досум…

Кетпесе дагы деле шектенгениң,

Кесип сал, мына башым, Айкөл Шерим! —

Ызалуу Алманбеттин сөздөрүнө
Ысыптыр Айкөл берен түшүп терге.

Айтууга уятынан табалбай сөз,
Айыптуу жашын төгөт алагар көз.

Белинен кемер курун чечип алып,
Мойнуна карбаластап, шашып салып,

Алдына Алманбеттин бүгүп тизе
Айкөл Шер араң сүйлөп минткен эле

— Сыңарым41, Теңир берген, жок болсоң сен,
Сеземин жарты адамдай өзүмдү мен!

Көөнүңдү оорутам деп оюма албай,
Көөдөкмүн, айтканым көр, кепти уудай…

А бирок ишен, досум, бир кыпындай
Арам ой жоктугуна, сен айткандай!

Кытайдын караалы деп санасам шек,
Күрмөлбөйт эле тилим «түгөйүм» деп.

Көңүлдүн азгандыгын ушундан бил,
Көөдөндө кирсиз оюм, так айтпай тил,

Шагыңды, менсиз дагы сынып турган,
Шарт чаптым албарс менен, сайып шайтан.

Билбесим сен билгенди чындык, досум.
Бейлебей адатымча сүйлөп койдум.

Көрүнгөн бул Бээжинге, бөлүнбөстөн
Кол менен чогуу кирсек, болор дегем.

Анан да, болор нерсе бачымырак
Болсо деп, азган көңүл, каалап турат!

Жазуусун тагдырымдын тездетем деп,
Жан дүйнөң сыздаттырып сүйлөдүм кеп.

Кең пейил, кабылан шер, Алманбетим,
Кетирген зор күнөөмдү, кечирерсиң?..

Көңүлүң агаргысы келбей турса,
Кириңди, аккан каным, жуусун анда.

Эсепсиз жоонун башын жер жазданткан,
Эрениң тапсын жазат, Ач Албарстан! —

Айкөл Шер асыл башын жерге салып,
Албарсын кынындагы белден алып,

Кучактап тизесинен Алманбетти,
Курч мизин, күрөө туштап сөзүн бүттү.

Эңкейип, колтугунан Айкөл Шердин,
Этиет өйдө кылган Алманбеттин,

Көзүнөн мөндүр сымал аккан жашы,
Көңүлдө турган кирин жууп жатты.

Эгиз Шер кучактарын жазышпастан,
Эришет коргошундай, сөз айтпастан.

Ошондо басып келип Чубак берен,
Опол тоо эрендерге мындай деген:

Баатырлар, азезилдин азгырыгы,

Бараткан жолубузга тоскоол кылды.

Акылга бийлик берип мындан нары,
Азгырган куу шайтанга алдырбайлы.

Алаке, кеңдигине пейилиңдин

Тең келет, пейли жалгыз Айкөл Шердин.

Кең пейил, Кабылан Шер, бизден кеткен,
Күнөөнү так калтырбай кечтиң го дейм!

Ал анда кетирбестен текке убакыт,
Алманбет, жол улайлы сапар артып.

Жүгүңдү Карткүрөңгө тыкан таңып,
Жан досуң Сыргак небак койду артып. —

Деп Чубак, Алманбетти бек кучактап,
Дирилдеп жан-дүйнөсү, турду жыттап.

Айкөл Шер, перзентиндей кандан бүткөн,
Арстан Эр Сыргагын жакын көргөн.

«Туйгунум, бозум түлөк42, эсен кайт» деп,
Төбөдө айдарынан жытын искеп,

Теңирден эки шерге өмүр тилеп
Түнөргөн Бээжин жакты турду тиктеп.

Алкымдан «кур» жытташып, дагы кайра
Атказып эрендерди аттарына,

Алманбет, Сыргак экөө сапар улап,
Артына кайтышты анан Айкөл, Чубак…


Кыргыз