Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Манаc. Журт энеси

Ишим кайрадан солгундай баштады. Эмнеден? – деп суроо берсем — ушундан деген себептер түгөнбөчүдөй. Жылда «Жылаңач-Бугу» мазарына барып жалдын суусун алмаштырган соң, Шооламды бекиткен жалды кайра ордуна алып келип коюп, ошол бойдон бир орундан козголбой турчу. Ал эми эң башкысы — Жумгалда эфир таза болчу. Борборубузда иш жагдайы караманча башка эле. Байланыштын кечендеген түрлөрү, толкундардын өтө жыштыгына көнүкпөгөндүктүн кесепетинен, кыйындыкты баштан кечирүүгө туура келди Жылдагыдай көрүп, Шооламды бекитпей, бош койгон элем, азыр ошонумдун жазасын тартып аткан кезим. Өзүмө тийиштүү түндүгүмдүн жоктугу да таасирин тийгизбей койгон жок. Шооламды байлаш үчүн Эрнестердин үйүн ылайык көрүп кайра келдим. Мерчемдүү күнү Акыл, Эрнест экөө Акылдын Айбанбозу менен мени узатып чыгышты, Шооламдын байланган жери: кезинде Байтик атабыз жыйын өткөрчү, бул күндө Ажобуздун резиденциясынын тушу — «Байтиктин-Бозбөлтөгү» деп аталган жер болгонуна там берип, кубанып артыбызга кайттык.

Чырагым, эсенсиңби, кандай алың?
Укмуштай кооз экен тапкан жайың!

Көктөгү сансыз жылдыз жерге түшүп
Көөнү жай тургансышат мени күтүп.

Тирүүлүк, дарыядай ташкыныңа,
Там берип таңым артпайт кантип кана!

Арийне, алакандай жердин бетин,
Ар бир доор өзгөртөрүн түс-келбетин,

Милдетим өтөлбөгөн тирүүлүктө,
Миң ирет кайрып ага, өзүм күбө.

Кезимде болсо чакан чеп-капкалар,
Калганын кергем кийин урандылар.

Ал кайра курулганын көрдүм нече.
Аймактар, капка-чептер толуп элге.

А бирок кооздугун азыркыдай,
Алгачкы ирет көрдүм кумар канбай.

«Айылы Айкөл Шердин» деп урматтап,
Аташкан урпактары тигил аймак,

Тушуна Айкөл Шердин туш келгенде,
Тагдыры журттун башка болбойт беле!

Ообостон бөтөн элге журттун куту,
Ободон төгүп турмак Аалам нуру!

Тирүүлүк өкүнүчсүз болбос эч бир,
Төгүлтсүн журтка кутун эми, Теңир!

Арбалып тирүүлүккө, Шамчырагым,
Айтайын деген ойдон алыстапмын.

Туптуура алты жылы мындан мурда
Тагдырың тушуктурган Нуршоолаңа.

Эмнеге ээ болгонуң анча сезбей,
Эсимде кубанганың секелектей.

Ал сезим коштобостон анча узак,
Акылга там берүүчү жетип убак,

Карабай курагыңа өр таянган,
Котордуң көңгөн жериң аргасыздан.

Бекитпей Нуршоолаңды жаздан бери
Бир кыйла ыңгайлуу кез өтүп кетти.

Тартылган жалгыз жебем, дал бутага
Түз тийер мезгил жакын калган чакта,

Акпастан агым менен төмөн карай
Аны эми каршы жире түк тартынбай.

Шондуктан төмөн эмес, өйдө жактан
Шоолаңа түндүк керек түшө турган.

А демек, утурумдук Нуршоолаңа
Азыркы бекий турган жери туура.

Бүтөт деп эжебиздин иши кандай
Балдарың күтүп турат санаа тынбай.

Куткарып балдарыңды кур санаадан
Кут болсун Нуршоолаңа жайың тапкан!

Жарыгым, убактыбыз калды бүтүп,
Жетип ал балдарыңа турган күтүп!

Шоола байланып, санаабыз саал тынган соң, Акылдын кичинекей Баалысын Алайга алып барып келүүнү чечтим. Анткени: Арууке апабыздын өтүнүчүнө кошумча менин да эңсөөм бар эле. Табияттын керемет сырларынан чоочун болбой, бирге чоңоюшун тилеген элем. Акыл саал кыйылып: эртелик кылып, кичинекей бала узак жолдо кыйналат го, эмдиги жылы барсак эмне болот дегенине, кескин талап кылгам. Барсаң быйыл, болбосо кеч болот деп. Журт Энеси ысымы ыйгарылган наристеге апабыздын батасын тилеп сапар тарттык. Алайда, былтыркы тааныш үй-бүлөөнүн жардамы менен болжоп барган жерибизге жетип шамга олтурдук.

27.09. 2001-ж 10-ай күнү 333° 22’12″

12° 51’25″

Чырагым, арыбагын, Баба-дыйкан
Чаалыккан эмгегинен баар тапкан,

Дасторкон нанга толгон алтын күздө
Дагы бир кезигиштик Көк-Дөбөдө.

Кылымдар тизгин каккан өтүп далай,
Кыйрында эскерилип сөз айтылбай,

Урпагы унутушкан Журт-Энесин,
Урматтап келипсиңер, каректерим

Туйганы дилиңерди, Журт-Энеси,
Түбөлүк сөөгү калган Көк-Дөбөнү,

Жан-досу имерчиктеп, жол утурлап,
Жаадырап «Кылым Көчүн» тосуп турат.

Жарыкка бөлөп түндү, Көк-Дөбөдө
Жагылган, таазим кылып, шам күйүүдө.

Дендери асылдардын жаткан жерден,
Дилинде ар-бирөөсу сезденишкен

«Көч» тобун, эне ысмы ыйгарылган
Кичекей Баалыңарды карап турам.

Ээсинин ар бир шамдын тактап атын
Эсиме даректерин салып жаттың.

Алоолоп күйгөн шамдын жалынынан
Аяндуу сырын окуп тагдыр жазган,

Телмирип адатыңча ар бирөөнө
Таспиктеп түйүүдөсүң көңүлүңө

Олтурган күйгөн шамды тегеректеп
Оюна ар адамдын саламын серп.

Алайдын Акылбеги деген жигит
Анчалык ынабастан назар тигип,

Акыл, Таланттардын досу, Максаттын иниси Акылбек жөнүндө айтылып жатат.

Тек гана тирүүлүктө алака деп,
Туюнтат олтурушу шамды тиктеп.

Ал тиги, аппак темир арабасын
Айдаган, ыкшоо мүнөз Сатылгандын

Аткарып өз милдетин келген менен
Араңа дил койгону кошкон экен.

А бирок кыпын кирсиз, таза дилден
Ак кызмат өтөшүүдө экөөбү тең.

Акылбек, Сатылганга берер батам:
— Айлыңар алыс болсун кур санаадан!

Илинип назарына Көк-Теңирдин
Иштери алга жылып үзүр көрсүн! —

Жагарда шамын жана Батмакандын,
Жадымда ыраазы-пейил сөз айтканың.

Арбагы ырчы атамдын, Баалы эненин
Ак дилден баталарын берсе дедиң.

Пейлиңди, Шамчырагым, салган жанга
Берели пейлибизден биз да бата:

Туурунан Журт-Энеси чыккан жердин
Тукуму өнүм алган кыз экенсиң.

Өмүрлүк жарың менен кармашып кол,
Өркүнүң тамыр жайып, бактылуу бол!

Саябан чынар болуп кош чырпыгың,
Салкыны журтка тийип, кызмат кылсын!

Баалы эне, ырчы атаң, Курманжандын
Батасын таберик тут, Батмаканым! —

Балбылдап күйгөн шамдын жарыгынан
Баарыңа назар тигип карап турам.

Балдардын шамдарына келбей калган,
Бар дилиң, көөнүң буруп тынбайт санааң.

Улукбек, Искендердин, Каныкейдин
Шамдары, алоолонгон, не дегенин,

Чечмелеп ар бир сөзүн кетирбей тек,
Чын дилден кубанасың «Буйрусун!» деп.

Абайлап Каныкейдин түздөп шамын
Айттырган дубайысын эске салдың:

«Туюму сездирген бейм, биз бул жакка
Так айтып келер күндү, апасына

Бышыртып токочторун Сизге арнап
Бергенин алып келди мында Талант».

Сезимде чагылышкан оюңду окуп,
Садагам Канышыма турдум толкуп.

Секелек балапаным, Бир Жараткан
Сактасын көздөн, сөздөн, көрө албастан!

Жетилсин канаттарың, Теңир сактап,
Журтуңа кызмат өтө, үмүттү актап! —

Көңүлүм бурсам сага, адатыңча
Көздөрүң күйүп жаткан шамдарыңда.

Күлүнөн «Көчтүн» тобу жаккан шамдын,
Күттүргөн сөзүн окуп бишаараттын,

«Тобо» деп, тооп кылып Жаратканга
Тобуңа назар бурдуң эми гана.

Алдына аяр алган наристесин
Акылга шам караган назар тиктиң.

Көрүнбөй каректери айнегинен
Көөнүмдө мына мындай ойго келем:

— Наристе ымыркайдын ыйык атын
Нээтине Теңир салып ыйгарганын,

Буйругу экендигин тагдыр берген
Баамдап Акыл уулум туйду бекен? —

Карегим, даярданып бул тарапка
Кам көрүп нээт бурган күндөн тарта

Баалы-эне атын алган наристеге
Берсем деп ак батасын күткөн эле…

Ысымын наристенин эмнеликтен
Ыйык деп айтканымдын сыры терең.

Эненин эмне айтканын урпагына
Эмесе өз оозунун тыңдагыла:

Дал төбөбүздө алтындалган кесе сымал, тептегерек Айдан түшкөн Шоола менен шамдардын жалыны жуурулушуп, чагылышкан сөздөрдү чечмелеп атып Баалы апабыздын элеси кайсы маалда келгенин байкабай калыпмын. Ушунчалык мээримдүү чыккан үндү укканда, ошол үндүн таасиринен жан-дүйнөм ээрип, бууга айланып
баратканымдай сездим. Жашоомдо — мынчалык мээрим төккөн үндү, эч качан угуп көргөн эмесмин! Келбети үнүнө төп келишкен, элес эмес, куду эле тирүү жандай болгон Баалы апабыздын карааны дейминби же.. элесиби.. бет маңдайымда олтурганын көрдүм
Элибиздин улуттук кийимдерин көп билбестигим чын Баалы апанын үстүндө кемсели не деген кездемеден тигилгенин, азыркы күндүн кайсы кездемесине салыштырып айтууну билбейм. Кыязы согулганбы, же токулганбы, айтор ийи (ийи, изи) майда, тик турган, жымылдаган нерседен экен. Өзгөчө таңданганым баш кийими болду. Дагы деле мен билбеген баалу жаныбардын териси болсо керек, бийик кеп такыясынын чети кыюуланыптыр. Мээримдүү жүзүнө кандайдыр бир сүр берип турган ошол баш кийими экен. Такыянын сыртынан, түштүктөгү ургаачылардай, апакай, үлбүрөк оромолду жая таштап коюптур. Оң колунун ортонунда тамандуу туюк шакек салынуу экен. Алпейим, мээримдүү жүзүндө — бир эле мезгилде чагылышкан эрки, кайраты жана өктөмдүгү үнү аркылуу азыр да кулагыма угулгансыйт.

— Арыба, Шамчырагым, жарыктагы
Апаңар толкунданып турган чагы.

Басылып далкисине кылымдардын,
Бул жерде жаткан сөөккө кайрыларым

Белгилүү болгон менен, абдан узак,
Бул күндү күтүп жүрдүм араң чыдап.

Ал анан тогошкондо учур-убак,
Апаңар не айтарын билбей турат…

Башаты болуп келген баардык шарттын,
Баштайын бата менен сөздүн башын:

«Кылымдын Көчү» аталган тобуңардын
Кызматы жасап жаткан журтка жаксын!

Кыргыздар түп-тамырлуу журт экен деп,
Кыйырды дүңгүрөтүп салгыла кеп!

Аяндан бүткөн «Дулдул» тулпарга окшоп
Арымы дабан жарсын, калбай токтоп!

Көбөйүп Үркөрдөй топ, канат жайсын!
Көрүшүп иш убайын, мээнет кайтсын!

Оомийин! Учур-убак тушташ келсин!
Даргөйүн ак батамдын, Теңир берсин!»

Балдарым, Көкөңөрдүн, энеңердин
Башынан өз кезинде кечиргенин,

Өткөрүп жатышкандай Акыл, Нуркан..
Өзүмдөй көрүп сырым ачып турам.

А бирок асман-жердей айрыма бар,
Анткени, бир перзентке болгонбуз зар.

Тукумун Акылбектин улай турган
Туурунда үч кушу бар — чыгат кыраан!

Барышса базар болсун аларга деп,
Балдарым кыз күтүптүр эңсеп, тилеп.

Бизге окшоп — наристени Тагдыр-Буйрук,
Билгиле Акыл, Нуркан — берди буйруп!

Эненин зары жетсе Жаратканга
Энчилүү аты менен берет бала.

Энчиктүү аты менен — Баалы деген,
Эгемдин берген кызы бул наристем!

Карегим мотурайган, колуң созуп
Карт энең берген нурду алгын тосуп!

Жолумду, кадырлаган калайык журт,
Жолдогун, так төбөдөңдөн төгүлүп кут!

Бирок да, перзентке зар баскан жолум
Бастырба, Кудуреттүүм, алыс болсун!

Башыңа бак-дөөлөттүн кушу консун!
Балдарга, журт баштаган, эне болгун!

Аягың ырыс куйган бөксөрбөстөн,
Ата-эне, элиң менен болгун эсен!

От күйгөн коломтосун Умай энең
Ободо Теңир берген Кутум деген.

Мээрими жуурулушсун отто Кутка!
Апаңдын бешенесин, кызым, сыла!

Дагы бир таңгалаарлык нерсе: Шаазада Алайга барып келгенибиздин эч нерсесин калтырбай видеокамерага тарткан болчу. Шамда отурганыбызды кийин кассетадан көрүп олтурсак, бир жаштагы кыз колдорун шамдын отуна үч жолу тосуп энесин үч жолу тайындырып жатпайбы..

Буйруган Тагдыр-Жазууң ыйык ысым
Буйрусун, колдоп жүрсүн, Баалы кызым!

Оомийин! Туура келип учур-убак
Ободо Көк-Теңирим салгын кулак!

Угулуп кулагына, ак батамдын
Убайын узун жашап көрсүн Баалым!

Жайланып, Шамчырагым, орун алгын.
Жайынча мындан наркы сөз улансын.

Атымды Баалы дешип атам-энем,
Айтайын аташканын эмнеликтен.

Ал үчүн төркүнүмдүн өткөнүнөн
Азыраак баяныма көңүл бөлсөң…

Эл-жерин кай заманда чаппасын жоо
Эрксизден тирүүлерү түшкөн колго.

Айрымы бөтөн жерден издеп бакыт,
Аргасыз тууган жерден кетет качып.

Атамдан бир нече муун мурун өткөн,
Атасы жети түтүн эли менен,

Жоосу чаап, канга батып, өрт каптаган
Жеринен оошуптур аргасыздан.

Кечирип баштарынан далай азап,
Койнунан шул тоолордун туур табат.

Тектери, тууган жери эстен чыгып,
Тек гана тирүүлүкө тооп кылып,

Жуурулуп кетишсе да бөтөн элге,
Ыйыгын сакташыптыр көөдөнүндө.

Ууздун тукумдары Теңир дешкен,
Улуу күч, уруу үчүн качып келген

Баал деп аталганын унутпастан
Баарынан бийик коюп ыйык туткан.

Дегеле пенде аттуу, Шамчырагым,
Дилинде танбайт Улуу Күчтүн барын.

А бирок айрым жанды азгырык күч
Азгырат, адаштырып жолунан түз.

Кесири, кесепети андайлардын
Келтирет калк башына Теңир каарын.

Ааламдын айлампасы тегеренип
Айлантат тагдырларды «түйүн» бекип.

Ободо Улуу Күчтүн Кудуретин
Оболтон таану, тануу — пенделердин,

Өнүгүү-өсүүсүнө жараша деп,
Өткөндө Журт-Атасы козгогон кеп.

Кекөңөр жыйынтыктап оюн ошол
Калкына айткан эле бир ооз собол:

«Теңирге тең аталык кылбай пенде,
Тек кана өнүп-өсө бергенинде,

Доорлор алмашылмак төгүлбөй кан.
Дил-нээттин таза сактап калмак адам…

Тагдырлар татаалданып, түйүн болбой,
Түп-тегин таап алмак сүрүп оңой!

А бирок, Жараткандын өзү берген
Акылдын өнүккөнү, тээ эзелтен

Өзүнө, Кудуреттин, создуруп кол
Өтүүгө так төрүнө издетет жол…

Көкөлөп өнүгүүнүн аркасынан,
Кыйроонун такымдарын, калбай кадам,

Адамдар абалтадан билип туруп
Алышпайт капарына назар буруп.

Ааламдын аралаган катмарларын
Азыркы от араба — адамзаттын,

Өнүккөн акылынын бир бутагы,
Өрттөөрүн билип, адам, жасайт аны

Айлантар жерди чөлгө, андан башка
Адамзат тапканы бар дагы канча?!

«От менен ойноп жатат адамдар» деп,
Ободо Акыл-Катмар тынчы кетет…

Кылымдын толгон кези, дагы кайра
Кайталап эскертемин, сактангыла!»

Ушул эскерүү айтылгандан бир апта өтпөй Америкага террористтер кол салышты. Нечен күнөөсү жок адамдар курман болду. Анын арты чоң согушка айланды. Айтмакчы, алтынчы китепте өтө кызык маалымат бар. 1999-2000- жылдары жай маалында Баткен жана Алай аймактарына нээти бузук сакалчандар басып киришип, ал жерлерде түбөлүк жай тапкан ата-бабаларыбыздын арбактырынын тынчын алышты. Ата-балаларыбыздын арбактары баскынчыларга катуу нааразы болуп козголуп калышты. Ал баскынчылардын уюгу бир жылдан кийин талкаланып жок болот деп жазылган. «Жайсаң – 6» китеби 2000-жылы жарык көргөн. Нью-Йорктогу Дүйнөлүк Соода Борбору же «Эгиздер» деп аталчу 110 кабаттуу имараттын кыйрашына жана АКШ өкмөтү өч алуу чарасын 2001-жылдын 9-октябрында баштап «Талибан» кыймылын эки ай ичинде талкалашына чейин туптуура бир жыл бар болчу.

Кеп кылып жаткан менин баяныма
Көкөмдүн айттырганы келип туура

Азыраак сөздүн нугун койдум буруп
Анымды айып көрбөй койгун угуп.

Ал эми ысымыма тийешелүү
Айтайын нары улап үзгөн сөздү.

Басылган тамга сымал сезимимде
Бир элес өчпөй калган түбөлүкө..

Астына эркелетип алган мени
Атамдын мээрим төккөн так элеси!

Салаалап саамайымды бермет тизген
Сөз айткан басаң чыккан добуш менен:

— Түбүбүз Кош-Өзөндүк калдуулардан.
Тегибиз Улуу күчтөн аян алган.

Өткөн чак, келер кезди айтып берер
Өзгөчө Баал берген күчкө эгедер.

Чекене касиеттүү уруубуз деп,

Чоң атаң мага «аманат» таштаган кеп.

Таруудай чачыратып, тууган жерден
Таратып душманыбыз кууган менен,

Калдуунун касиеттүү тукумунан
Кантсе да урпак калдык уч улаган.

Бөтөн эл, бөлөк жерге тамыр жайып
Баалды дилибизден чыгарбадык.

Жердик эл — тоосун, ташын аздекдешсе,
Жалынган, Ыйык, атын — Теңир десе,

Биздин эл — отту-сууну ыйык тутуп,
«Баал» деп жалынышат кулдук уруп.

Тоосундай намыска бек, Суудай таза
Ууздун тукумубуз деген калкка

Кыз берип, кызын алып тууган болдук.
Көбөйүп жети түтүн, санга толдук.

Калдуулар деген бир суу эл жашаган,
Капкалуу калаабыз бар хан башкарган.

Алмашып кылым тогоп кылымдарга,
Аттигин, мезгил деген учкул тура!

Өткөндү мезгил-балбан көөмп чаңга,
Өзөгүн калдуулардын дат басууда.

Каада-салт, үрп-адатын аталардын
Кармабай калды көбү калдуулардын.

Көбүбүз «Баал!» дебей, «О Теңир!» деп,
Кош колду көккө созуп тилейт тилек.

Биздин муун минтип калды, демек урпак
Баалды эстеринен чыгарышат.

Болобу урпактарга таарынуга?
Бир беткей жооп берүү кыйын буга.

Анткени, азган эмес, түптүү калктын
Алмашар мезгили бар каада-салттын.

Тукумдун келечегин ошондуктан,
Туура деп тагдырына табыштаган

Арттагы муундарга учту улар,
«Аманат» деп айтылган жалгыз сөз бар:

«Баалдын мөөрү делген — оң мүрүдө
Оттуктай калдуу бала төрөлгөндө,

Ал бала, мейли эркек же кыз болсун,
«Аманат!» Анын атын Баал койсун!»

Аткарып аманатты сенин атың,
Аяндуу калы бар деп, Баал атадым.

Дагы бир укмуш нерсе, Баалы энебизди атасы өң мүрүүсүндө калы бар деп атын койгон болсо, биздин Баалыбыздын дагы, дал ошондой калы бар болуп чыкпадыбы. Там бербей коюуга болобу анан?..

Башынан калдуулардын тукумдары
Башка жуук 59 экендигин билет баары.

Айтылып аталардан калган кепте
Аз тукум калдууларды өз элинде:

«Кайыптан бүткөн уруу, аян-сырлуу,
Калдуулар, ошондуктан, кем тукумдуу.

Кармашып касиетти аруу-аяр,
Үй-бүлө күтпөйт, калдуу эркек балдар»

Ушунтип Кош-Өзөндө бөлөк уруу
Уруусун калдуулардын аңыз кылчу.

Чындык бар өзөгүндө ушул сөздүн.
Чырагым, зар тиленип сени көрдүм

Калдуунун тукумунан болгон менен
Калым жок, касиеттүү аян берген.

Үй күтсөм салт көтөрмөк, ошондуктан
«Үйлөнгүн өзүң арзып» деген атам.

Тек гана айткан менен, өзүлөрү
Тагамдын кенже кызын алып берди.

Кыйбалык перстер болот тагаларым.
Карегим, тагаң болду сенин дагын.

Биз сени көргүчөктү кыйла жылдар
Балага кандан бүткөн болгонбуз зар.

Өзүңдү, аян-сырлуу, мөөрүң менен,
Өксүгөн ыйды басып, Баал берген.

Канчайым бой көтөрөр алдында мен
Кайыптан кабар берген түштү көргөм.

Баасыздын Дөөлөтберген ханы менен
Байуулу чокусуна барат экем.

Кыязы күн батаарга аз калганбы,
Кызгылтым нур каптады айлананы.

Кеткенин Дөөлөтберген билбейм кайда.
Көөнүм чак өзүм жалгыз турганымда

Асмандан түшүп келип Баалу-Пери
Астыма коет экен бир нерсени.

Оролгон ак булутка буюмга шол
Опкоолжуп, даай албай, сунамын кол.

Кубулуп аппак булут кундуз бөрккө
Караймын көз уялткан кош шакекке.

Манат тыш, кундуз бөрктүн ичиндеги,
Мөөрү бар жалт-жулт эткен шакектерди

Таңданып, сугум түшүп турсам карап,
Тушума Дөөлөтберген келип калат.

Асылзат шакектерге анын дагы
Артканын баамдаймын дил-назары.

Аңгыча шыңгыраган добуш менен
Асмандан Баалу-Пери минтет экен:

Жүздүктү бөркү менен, Дөөлөтберген,
Жүз буруп Көк-Теңирге алгының сен!

Шахназар, мөөрү барын Улуу Баалдын
Аяндуу белеги деп кабыл алгын!

Бир бөрктүн ичиндеги эки шакек
Бириксин эки уруу деп, бердик белек.

Шакектер эң баалусу асылзаттын.

Шарт ушул — түгөл кылбайт төрт тарабын.

Токтотуп журттун кутун куйган туюк
Таарынбай тагдырыңа таберик тут!»

Жаңырып назик добуш шыңгыраган,
Жаш агып көздөрүмдөн, чоочуп тургам.

Агарган таң алдында сууну бойлоп,
Алиги көргөн түшүм тургам ойлоп.

Шабырттап ат добушу чыгып анан:
«Шахназар!» — деген үнгө жалт бурулгам.

Кириптир мен көргөн түш ага дагы,
А бирок меникинен айрымасы —

Түшүмө кирип менин санаам бөлгөн,
Уучунда шакектерди Дөөлөтберген

Учуруп ийүчүдөй аяр кармап,
Укмуш ай! Мени көздөй сунуп турат!

Оозума дегеле бир кирбестен сөз,
Ордумдан козголбодум болгондой нес…

Казыр да айтуу кыйын, экөөбүз тең
Канчага чейин шонтип турдук экен?

Бир кыйла убактан соң Дөөлөтберген
Биринчи келип сөзгө мындай деген:

«Теңир ай! Жан ишенбес болду нерсе.
Түшүмдө «Ач көзүңдү!» дегенинде

Ордумдан ыргып туруп, ачып көзүм
Оролгон ак булага муну көрдүм.

Калтырып алаканда шакектерди
Колума эрип була сиңип кетти.

Белгисиз үн угулуп кулагыма:

«Бирөөнү бергин, – деди, — Шахназарга!»

Уучумду жумган тейден, бир да жанга
Унчукпай көргөнүмдү, келдим сага.

Шахназар, бирин алып бул экөөнүн,
Шашылбай көргөн түшүм жоруп бергин!

Чоң атаң Садалмелек, атаң Сансар
Чекене, Көк-Теңири бурган назар.

Өзгөчө касиеттүү жандар эле.
Жай алсын жан-достору түбөлүктө!

Жыл сүргүч Садалмелек деп азыр да
Журтубуз таазим кылат арбагына.

Ал эми атаң Сансар жылдыз карап
Айтканы төп келүүчү кынтыксыз так.

Шахназар, аян-сырдуу тукумдансың.
Шарт койбо кандай кана, аткарамын!

Кетет дейт түш жоруудан, өтүнөрүм,
Кетирбей кылдай кыйшык жоруй көргүн!» —

Жалооруп сөзүн бүтүп Дөөлөтберген,
Жообумду айта турган күткөн менден.

Эскерип Дөөлөтберген чын дилинен
Элесин чоң атамдын чакырган бейм,

Көрүнүп жүзү гана, үлбүрөгөн

Көгүш түс мата оронгон Эндей тейден,

Чоң атам Садалмелек таң нуруна
Чачылып тургандыгын көргөм даана.

«Жүрөктө туйганыңды айткын, – деп, — так»
Жүзүмө сүрдүү карап, түйгөн кабак.

Ошондо ойдон чыгып бара жаткан
Ободо Улуу Баалдан тилеп жардам

Кочуштап мөлтүр суусун Күн-Электин
Көргөнүм төкпөй чачпай айта бердим…

Атамдын, Шамчырагым, ошондогу
Айтканы айтканындай келген болчу.

Кочушта кол какшаткан мөлтүр суудан
Көрүптүр келер чакты даана атам.

Жубайы Дөөлөтберген хандын шондо
Жатыптыр жетинчи күн тартып толгоо.

«Аялың эркек бала төрөдү» деп,
Айтыптыр колундагы сууну тиктеп.

«Көрүндү түшкөн белги Көктөн белги.
Көк-Теңир Көкөтөй деп ысым берди.

Угулсун жерге, сууга, Жаратканга!»
Үч жолу атын атап, салам дуба,

Деп атам көктү карап «Көкөтөйлөп»,
Добушун бийик созуп ысым берет.

Кайрадан кочушунда сууну карап
Көрүнгөн элести окуйт нары улап:

«Калкынын наркын-салтын туткан бекем
Хан болот байлык-бийилик көздөбөгөн.

Качырбай журттун кутун — көзү өткүчө
Кам көрөт кыркууз аттуу журтка мүлдө.

Төп болуп төрт тарабы, бирок анан
Түбүнөн пенде аттуу жаралбаган.

Өмүрү Көкөтөйдүн болот узун.
Өзөктүү, кандан бүткөн болбойт тукум.

Калайык Журт-Атасы деп атаган
Кадырман, калкы сүйгөн болот адам.

А демек, жүздүк шакек, Дөөлөтберген,
Арналган Көкөтөйгө шакек экен.

Ал эми мөөрү барын бергин мага!
Ал деле тийешелүү, бирок сага…

Канчайым бой көтөрүп, кыз төрөлөт.
Калы бар, кутка шерик күткөн дөөлөт.

Баалдын буйруганы шундай экен,
Баалымды келиндике сага берем.

Буйрукту, ачык аян кылып берген,
Бузууга акыбыз жок, Дөөлөтберген!

Жакшылык тизгиндешин жамандыка,
Жок чыгар, билбеген жан бул жалганда!

Жакшыдан ырым кармап баштадым сөз,
Журтуңа не берерин келерки кез,

Акым жок жашырууга, ошондуктан
Айтайын көргөнүмдүн баарын суудан.

Кыркуузуң кырк бөлүнөр, мезгил жакын.
Кыйын кез күтүп турат журттун башын.

Түптүү журт атын сактап калыш үчүн
Түш көрдүк экөөбүз тең бирдей бүгүн.

Тукуму Ууз хандын тун баладан
Түп күтүп атын сактап калат аман.

Өтүшүп элегинен шор-азаптын
Өзөктүү эл болушат, кошуп башын.

Кылымдын нечени өтүп, желдей сызган,
Күн келет ушул түштү эстей турган.

Атыбыз унут болгон алда качан,
Аталар эл ичинде кайра баштан

Бул учур бүлбүлдөгөн келер кезден
Бүгүнкү айтар сөзүм, Дөөлөтберген,

Айтпастан аян-сырды эч бир жанга
Ала кет түбөлүктө барчу жайга!

Болбосо тетиринче болуп баары
Боздотот тукумуңду Теңир каары!» —

Мүчөл жаш он экиге келгенимде,
Мөл булак чыккан тоонун этегинде,

Атакем астына алып, саамайымдан
Акырын сылап, ушул сырын ачкан.

Айттым го жанарак, сөз арасында,
Келгенин атам айткан сөздүн даана.

Көкөтөй он сегизге, он бешке мен
Толгондо ата-энебиз үй күттүргөн.

Кылымга жакын мезгил ошол тейден,
Кубаныч-кайгыбызды бөлүшүп тең,

Тирликтин бар-жогуна болуп даяр,
Теңирдин берген кутун туттук аяр.

Аткарып жалгандагы милдетти так,
Аттандык түбөлүкө жетип убак.

Убакыт өтүп барат, айта турган
Ушунча көп сөз калды, аттиң арман!

Өтүнөөр бир өзүңдөн, Шамчырагым!
Сөзүмө дитиң коюп назар салгын!

Калы бар наристеми атымды алган
Кудурет тайдырбасын түз жолунан!

Жашооңо күүгүм кирип, күн бүткөнчө
Жүзүңдү наристемден үйрө көрбө!

Жалганда болот сөзсүз өйдө-төмөн,
Жаңылыш кетпей койбойт пенделиктен.

Кандайдыр мүчүлүштүк кокусунан,
Кыздардын эне-атасы байкабастан,

Кетирип коюшса анын залакасын,
Каныкей менен Баалы тартышпасын!

Жалган деп, тирүүлүктү, жакшы нерсе
Адамга берилет деп түбөлүктө

Айтабыз, төгүндөөгө акым да жок.
Артыгы тирүүлүктүн, бар дейм бирок…

Анткени жалгыз гана тирүүлүктө
Ар дайым жан-дос менен дене бирге.

Кош тизгин — жан-дос, чылбыр — өмүр,
Коштотуп тирүүлөрдү берген Теңир!

Теңирдин бардыгына, тирдигине
Там берип, тануу дагы тирүүлүктө.

Бал-Таңдай тирүүлүктү ошондуктан
Дайрага салыштырат ташкындаган.

Ааламда түбөлүктүн башаты деп,
А демек, тирүүлүктү айтуу керек!

Түптөөгө түбөлүктүү жайын пенде
Төрөлүп күн кечирет тирүүлүктө.

Аткарса тирүүлүктө вазийпасын,
Ааламдан түбөлүктүү алат жайын.

Жеңдирбей азгырыка, Шамчырагым,
Жашоодо вазийпаңды так аткаргын!

Чыргайлуу тик бет менен бийик жонго
Чыктым деп, тынып калбай, түшүүнү ойло!

Ал жонго сенин баскан изиң менен
Артыңдан чыккандарга жол кой кенен!

Анткени төмөн түшүп келе жатып,
А балким, алсаң кокус жаза басып,

Жүгүңдү жондон алып, андан нары
Жолуңду улап кетсин артыңдагы!

Оюмду түшүндүңбү, Шамчырагым?
Ордуңду басчуларды даярдагын!

Баалдын баскан мөөрү оң мүрүмдө.
Белгиси тең шериктин бак-дөөлөткө.

Журт жүгүн аркалаган түгөйүмдүн
Жүгүн тең тартыш үчүн төрөлгөмүн.

Качырбай журттун кутун кармай турган,
Кабылан Шер келгиче бергем жардам.

Көкөңөр зарлап тилеп өз кезинде
Калк кутун берер Шерди күткөн эле.

Айкөл Шер төрөлгөндөн тартып Көкөм,
Акыркы дем тартканча камын көргөн.

Кызырлуу Шердин жары, Канышты мен
Кызымдай кандан бүткөн көрөр элем.

Андан да, Айкөлүмдүн Каныш жары,
Апама бар болучу жакын жагы.

Каныштын төркүндөрү, менин энем —
Кыйбалык хан тукуму, бир уруу элден.

Каныкей көнгүчөктү тоолуктарга,
Калкалап, кактырбадым канаттууга.

А кийин, алдан тайып калганымда,
Аскарлуу тоодой арка болгон мага…

Мүнүшкөр таптагандай алгыр кушту,
Айкөлдүн табы жетип алган кутту.

А бирок өтмөк учур атам айткан,
Ал кезде абдан эле чукул калган.

Каныкей аяр эле жандан башка,
Коштогон Периштеси колтугунда,

Күн мурун кабар берип келер кезден,
Күтүнүп баарысына турган белен.

Кут сиңген тулкусуна Айкөл Шерин
Кол жеткиз жерге койгон асыл денин.

Кыргыздын уюткусун бекем сактап
Кызырлуу Шердин дени басып жатат.

Алтыны Боз-Коргондун оогон жерге,
Айкөлдүн дене-досун койгон эле.

Асылды сактап асыл, Айкөл Шердин
Арбагы айланчыктайт кыргыз элин.

А демек элдин кутун кезегинде
Көкөңөр таап берген өз ээсине.

Жатканым бир өзүңдөн өтүнүп не,
Жарыгым, жетти го дейм сезимиңе!?

Кеткидей оор жүгүң көтөрүп так
Кең пейил, таза жанды алгын таптап!

Убакыт өтүп кетти, Шамчырагым!
Уучуңдан Нуршоолаңды чыгарбагын.

Дайрадай ташкындаган тирүүлүктө
Даректүү атың калсын эл ичинде!

Аткарып вазийпаңды жашоодогу,
Ааламга жүзүң жарык, алгын жолду!

Асилер, каректерим, Акыл, Нуркан!
Алдыда жолуңар түз баса турган!

Эр-Пирин көтөрмөлөө — ургаачыдан.
Эстүү аял орто эрди башчы кылган.

Көкөсүн сыйлагандай Баалы апаң,
Күтүп ал Акылыңды, кызым Нуркан!

Ага-ини арка тутуп, калк кадырлап
Акылбек, эмгегиңден бак-дөөлөт тап!

Тең карып, алпештеген уул-кыздын
Төрүндө тең көргүлө урмат-сыйын!

Батасын кутка шерик апаңардын,
Балдарым, Көк-Теңири кабылдасын! —

Баалы апабыздын сөзгө кумары канбай калганын туйдум. Убактыбыз тез өтүп кеткендигине мен дагы айгапта калдым. Болжолдуу убактыбыз өтүп кеткендиктен апабыздын элеси алыстап, жанымдан Жайсаң Атабыздын шашып чыккан добушун эшиттим.

12°51’25″

Эскертер сөзгө убак жетип турат.
Эмесе, Шамчырагым, салгын кулак.

Айтканын Баалы энеңдин баштан-аяк
Акылга салып өзүң алгын талдап.

Көк төккөн жамгыр менен көгөрсө жер,
Көп берген бата менен көгөрөт эр!

Калбаса ак батанын нукусуна,

Кут конуп, дөөлөт коштойт шондо гана!

Нээтимде, ар бириңди, каректерим,
Нукуска калышпаса деп тилеймин!

Көп эле бата бердим, айрымдары
Кетирип пендечилик жазып тайды.

Кеткенин, сезбей бирок, өздөрүнөн,
Кеп айтып жүрөт көбү жан кейиткен.

Азыр да бата алгандар жазса тайып,
Айыпка, Шамчырагым, биз калбайлык!

Батанын нукусуна калышпасын!
Балдарга эскертип кой, Шамчырагым!

Билбейсиң жердин шартын, Шоолаң менен
Балдарга жетип алгын аман-эсен…

0′

Алайга баруудагы максатым — кичинекей Баалыга, Баалы апабыздын ыраазычылык батасын алуу болчу. Буйруса тилегеним кабыл болду деп, көңүлүм тынып келдим. Улуу арбактардан бата алганда дайым таң калуум бөксөрбөдү. Ал баталардан сөзүнө баа
берип айткыдай сөз таба албайм. Ар дайым таңым артып: «укмуш!» дейм. Ал эми ушул баруубузда берилген баталарга — «керемет!» дегенден күчтүү сөз табуу мүмкүн болбоду.

Кичинекей наристеге Журт-Энесинин батасы калыбын бөксөртпөй тийсе экен, Кудурет! – деп бар дилимден тиленип турам. Ушул батанын барк-баасына жетип, нукусуна калышпаса экен, Жайсаң атабыз айткандай.

Алайга баргандагы жазууларды чечмелөө оор болду, анткени балдардын өтүнүчүнө макул болуп баргандан келгенге чейинкилерди Шаазада видеокамерага тартып келген. Камера бузулуп калбасын деп Шооланы коштоткондон чочулагам. Эми чечмеленүү түйшүк
тарттырып аткандыктан медитацияга чыгышым керек болду. Шооланы байлаганда барган «Байтиктин Боз-Бөлтөгүнө» чыкмак болгонбуз, бирок жаан карга айланып, көз ачырбай жаан туруп алгандыктан Кызартка барууну чечтик. Биз «Ак-Мөөргө» жеткенде күн чайыттай ачылып кетти. Мерчемдүү жерге ойдогудай жетип, мен чыгып кеттим.

27. 10. 2001-ж. 10-ай күнү. 340″ 2345″

12° 5Т42″

Чырагым, эсенсиңби? Көнгөн жайга
Чыгалы, колуңду сун бери мага.

Баамымда, кыйнабайын балдарды деп,
Баягы жерди эле турдуң көздөп.

Келебиз бир кайрылып деп баарыңар,
Карегим, эсиңдеби айтканыңар?

Ай менен Үркөр жылдыз андан бери
Алты ирет тоголушуп кыш да келди.

А бүгүн бул тарапка келбесеңер,
Айтылган жазда сөздөр болмок бекер.

Кыябы көп нерсенин келе бербей
Кыйналып жүрөсүңөр баарың бирдей.

Аз калды, жолуңарды тоскон тосмо
Ачылып, түшөсүңөр шыдыр жолго.

Иштеген ишиң шондо жылат алга,
Илгери кетет иши балдардын да.

Төбөңдө өз түндүгүң болсо кана

Түз түшмөк, Шамчырагым, шоолаң анда.

Ал азыр көлчүктөгү балыка окшоп
Акчабак, Шооласы экөө турат токтоп.

Көлчүктө сууну бурар башатыңа
Күн чукул, Акчабагым, саал чыда.

Сагынган башатыңда агым жиреп,
Садагам, сүзө турган күнүң келет.

Берсин деп күч-кубатты тууган жериң
Бул жакка атайылап алып келдим.

Биз дайым олтурчу жондо турдук. Дал эле тушубуздагы дөбөдө абдан чоң карышкыр карга оонап атканын көрүп, жана жолдо келатканда көргөнүмдү эстедим. Кубакынын жонуна чыгып калганбыз, сүйлөшүп келаттык эле, машинанын жарыгында жолдун сол жак четинде килейген итти көрүп таң кала түшкөм. Караңгыда ээн жерде жүргөн эмне деген ит деп ойлоп, анан карышкыр болбосун дегендей балдарга айтсам. Акыл, Талант экөө көрүшкөн, а Эрнест бизге карап сүйлөп атып, көрбөй калган. Негедир эсимден кетпей койгон, азыр тигил жерде оонап жаткан карышкырды карап таңданып турсам атабыз мындай деди:

Калкалап кырсыктардан Айкөл атаң
Көкжалын утурлаткан алдыңардан.

Жанарак Кубакынын туу белинен

Жол бойлоп келатканын кердүңөр бейм?

Тигине, соно карга ооналактап
Жонунан жолдун чаңын күүп жатат.

Аздан соң сапар алып, ал силерди
Акмалайт жериңерге жеткичекти.

Атабыздан уккан сөзүм менин таң калуумду жанагыдан да күчөттү. Агай менен көп ирет бирге чыгып жүрүп, бирок бир да жолу ал кишиге ушундай даана мен көргөндөрдү көргөзө же сездире алган учур болгон эмес. Балдардын өткөндө Жылаңач-Бугуга барганыбызда Шооланы, а бүгүн Айкөл атабыздын Көкжалын көрүшкөндөрүнүн себеби неде болду экен?

«Туюнуп сезгенимди балдардын да,
Туярын билер элем, бирок даана

Көкжалдын келатканын жолду бойлоп
Көргөнүн алардын да турам ойлоп.

Сегиз жыл бирге жүрүп агай менен
Сезгенин мындай даана билбейт элем.

Ал эми эмнеликтен мынча даана
Аянды көргөздүңүз бул балдарга?

Табууга табышмактын жандырмагын,
Кыязы, жетпейт окшойт менин баамым?»

Жарыгым, сыр деле жок баш оорутар.
Жөн гана айта турган бир оюм бар.

Шарыпкул башкартканын сезимине,
Серп салып байкадыңбы жүрүп бирге?

Акылды сезим, туюм коштобосо,
Ааламга аралашам деп ойлобо!

Сезимтал адамдарды Шарыпкулдун
Сыйлабай тургандыгын көп эле уктуң.

Адемек, баш ийбесе сезимине,
Аяндуу көрүнүштү көрмөк беле…

Ардайым Шарыпкулду ынантам деп,
Аракет кылар элең далил издеп.

Килити кереметтин анткен сайын,
Карегим, бекигенин байкабадың.

Ал эми башкалардын ынанганын
Анчалык зарыл дебей көнүп алдың.

Ошентип ынанабы-ынанбайбы,
Оюңа алганың жок бул балдарды.

Купуя кереметке кирчү каалга
Кулпусуз ачык калат андай маалда.

Керемет дүнүйөгө аралашса,
Көкжалын Айкөл Шердин көрүшөт да.

Ооба, ырас эле агай сезимтал адамдарды жактырбайт эле. Көрсө, сырдын ачкычы оңой эле жерде тура.

Жарыгым, сөз ыңгайы келген кезде
Жайынча эсиңе алар да бир нерсе:

Чыксын деп баштаган иш аягына,
Баарың тең жүргөн кезде бейкам гана,

Дастанды ээлегиси келгендер бар.
Даректеп кабар алсын, барып балдар.

Кызык деп койдум оюмда, кимдер болду экен дастанды ээлегиси келгендер?

Кыйладан бери карай көнгөн жерде
Көңүлдө чер жазышпай калдык эле.

Дагы да олтурсак деп бир кыйлага
Дилимде каалап турам, бирок гана

Эркеси Жараткандын — Шамал тентек
Эреркеп жаткан чагы, эртелеп кет.

Карачы, кар тозоңун уюлгутуп
Кадимки кардан чепти жатат куруп.

Туш келген жандуу-жансыз азыр буга
Тумчугат кар-тозоңдуу суугуна.

Сен мунун сезбегениң менен бирок
Суука балдарыңдын байымы жок.

Атабыз коштошуп аткан экен деп, шашып келгендеги максатымды айттым. Баарынан да, Алайга барганым туура болдубу, же? – деп тынчым кетип жүргөн. Атабыздын сөзүнөн соң санаам тынып калды.

«Бүгүн мен бул тарапка келишиме
Бүтпөгөн ишим себеп болду эле.

Алайга барган сайын эмне үчүн
Арбыбай калат ишим, түшүнбөдүм?»

Чоочуба кур бекерге, Шамчырагым!
Чекене, чектен чыккан иш кылбадың.

Былтыркы барганыңда акыбалың
Бир кыйла оор болчу, унутпагын.

Андан да кара тогоол тогоп каршы
Ааламдын тынчы кетип турган жалпы.

Ал анан, тирүүлүктүн түйшүгү да
Аесуз минип алган моюнуңа.

Ошончо оор жүктү көтөрүүңө
Ободо Теңир жардам берген эле.

Ал эми быйыл күздө барганыңда
Атайын өтүнгөнүң аткардым да…

Коштотпой Нуршоолаңды жол жүргөндө
Койдуң го, тоскоол болот деп ишиңе.

Алыстан ошол тейден түшпөй Шоолаң,
Арбыбай жатат ишиң ошондуктан.

Которуп конушуңду, жер ыңгайын
Кыйналып билбегениң мага дайын.

Белгисиз жер шартында кезип талаа
Башыңды бир кырсыка чалдыктырба.

Кездешүү зарыл десең, Шамчырагым,
Колдонбой калган санды пайдалангын.

Ал деле опурталдуу, мындан бирок
Артыгы — ал ыкмаңды билген жан жок.

Күн менен Чаян жылдыз тогошкон чак
Кыйраткыч күчкө эге, болгула сак!

Жолуңду торогончо каршы тогоол,
Жериңе байыр алган жеткидей бол.

Ушул кыйраткыч күчкө эгедер күндү өзүм тандап алдым эле. Себеби, жыл маал бою бизди кармап турган, менин ишиме тоскоол кылган, балдардын ишин жылдырбай аткан нерселерди биротоло кыйратып салабы деп үмүттөнгөм. Бирок аз жерден баарыбыз тең кыйрап кала жаздадык…


Кыргыз