Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кошойдун келип манаска кошулганы

Оргуган чанды караса,
Бала каздай баркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Абаң Кошой ал экен.
Кер кабылан күлүгү,
Кериш кылып кошулган,
Бул Кошойдун бүлүгү.
Абаң Кошой карыя,
Адамдан башка олуя.
Каза жетсе өлөм деп,
Канкор Манас шериме,
Карыганда мен Кошой
Караан болуп берем деп,
Эң кайраттуу эр эме,
Көк темирдей куралып,
Оң эки миң кол алып,
Чачпай колун чогуу алып,
Мусулмандан алп алып,
Кайраттуудан жалпы алып,
Алтай бойлоп коном деп,
Айкөл Манас канкорго
Арка болуп берем деп,
Каза жетсе өлөм деп,
Канкор Манас Көк жалга
Караан болуп берем деп,
Жер тумандап чаң болуп,
Желиккен ураан чаң болуп,
Эрендери ээлигип,
Өлүмдөн кайра тартпаган,
Көйкашканын баарысы,
Алды менен жээлигип.
Асманга учуп топурак,
Калын, кол чү деп топурап.
Сыр найза учу жаркылдап,
Жезнай үнү такылдап,
Жер тумандап чаң болуп,
Катагандын кан Кошой,
Туу кармаган ал болуп.
Ач айкырык чуу баштап,
Абаң Кошой баш болуп,
Кара кытай, манжуга
Абаңдын салган жаңжалы.
Мылтык атып, жаа тартып,
Камгак учкан эмедей
Аралашып калганы.
Караса козго илинбей,
Капыр менен мусулман,
Карсылдашып калганда
Кайсы экени билинбей.
Маңдайлашып турушуп,
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып урушуп.
Жаанын огу чыркырап,
Тийген жери быркырап,
Кан төгүлдү шыркырап.
Эрендери элтеңдеп,
Эрки менен болушуп,
Кемегедей бир жерди,
Керте чаап жиберип,
Кийими менен коюшуп,
Кыжылдаган көп кошун,
Бет алышып калышып.
Беттешкендер берендер,
Берен жанды аябай,
Найза менен алышып,
Жакалашып кармашып,
Алы жогун алдуусу
Кармап алып жайлашып.
Айбалта менен чабышып,
Камчы менен кагышып.
Алышкан колдун ичинде,
Нелер бар да, нелер жок.
Колу сынып кокуйлап,
Качкандары мындан көп.
Буту сынып ошондо
Жаткандары мындан көп.
Беттешкенде көп аскер
Кулагы түшүп кулуюп,
Шашып жүргөн мындан көп
Мурду түшүп мултуюп,
Шашып жүргөн мындан көп
Тополоңдоп урушуп,
Кара чокмор, айбалта
Көтөрүшүп калды эми.
Калмак, кыргыз беттешип,
Кылчылдашты салды эми.
Былчылдашып урушкан,
Колду мындай таштайлы,
Торучаары окко учуп,
Тоодой болуп жөө турган,
Тоодой Манас кабылан
Андан кабар баштайлы:
Калың каптап баргыча
Болкулдай басып аянып,
Боз найзаны таянып,
Капка таш басып токтоптур,
Кабыланың ошондо,
Кан Кошойду жоктоптур.
«Кыргыздардын кан Кошой,
Касиеттүү жан эле,
Атышкан кытай, манжуга,
Арка болуп барам деп,
Ажыратып алам деп,
Абам Кошой көк жалдын,
Убадасы бар эле.
Күн эсеби болду эле,
Унутту бекен абакем».
Айтып Манас тургуча,
Ачып оозду жыйгыча,
Абаң Кошой карыя
Асый чыкма Айбанбоз,
Алган экен жетелеп,
Бет алдында Манастын,
Берен калган Айбанбоз,
Беренге тартуу кылганы.
«Ата Манас, кабылан,
Жердин үстүн чалдырдым,
Тетиги кең Котондун нары жагы
Керме-Тоонун бер жагы,
Медиян чөлдү чачтырдым.
Нарга жүктөп зер берип,
Так ошондон алдырдым.
Шер экениң билгенмин,
Жалгыз туума чоң Манас,
Минсе экен деп жүргөмүн.
Айбанбоз коштоп чыкканда
Алдага жүрдүм зар ыйлап,
Түшүмдө көрүп мен сени
Айбаттуу көк жал кабылан,
Атайы келдим арынап,
Канжыгамда суп чепкен,
Өзүң кийсең куп чепкен.
Жакасында каты бар,
Казатка Манас киет деп,
Каран калган бул тондун
Жазылып жүргөн аты бар.
Белекке бердим кийиңиз,
Айбанбозду сен минип,
Бейпайды бекем салыңыз.»
Болкулдап Манас ошондо
Боз чепкенди кийди эми.
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Кызыр чалган кабылан
Боз сеңир тоодой көрүнүп,
Кажылдаган калмактан
Кан ичме көк жал чочунуп,
Беккожо берген Айбанбоз
Азыр эми токунуп,
Айкөлүңдүн ак каңкы,
Айбанбозго чак каңкы.
Алдыңкы кашы ак алтын,
Арка кашы чылк күмүш,
Эки каптал эн темир,
Эңишке кирсе эңкейбейт.
Аркасы бийик, зээри бас,
Урушка кирсе ылайык.
Айкөлүңдүн чоң боз ат,
Көмөлдүрүк куюшкан,
Көбүнчө боо жарашат.
Ат көзүнөн учуптур,
Алтын таман үзөнгү
Теппей ыргып чурады,
Жетиктеп белин курчанды.
Жети сан кара кытайга,
Жеке аралап кол салды.
Арстандай көзү жайнады,
Алышпай Манас калбады.
Каарданып бакырып,
Канкор Манас ошондо,
«Манастап» ураан чакырып.
«Манас, Манас, Манас!» деп,
«Манастап» ураан салганда,
Өлгөнүнөн калганы
Адырдан чыкты бакырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Кашаттан чыкты бакырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Кайдан чыкты бакырык?
Таруусун таштай таптаган,
Катынын кыздай мактаган,
Казактардын Айдаркан, . ,
«Манастап» ураан чыкырып.
Кыраңдан чыкты бакырып,
Кыйбанын каны Буудайык
«Манастап» ураан чакырып.
Ойдон чыгат бакырык,
Ойдун-тоонун баарысы,
«Манастап» ураан чакырып.
Тоодон чыкты бакырык,
Ою менен баарысы,
«Манастап» ураан чакырып.
Бузулбай манжу көп колго
Бурулуп кирип кол салып,
Баашадай турган калмакка
Кайра сайып жол салып.
Алкым жагын айкөлүң
Айдап тийип келди эле
Кутпа жагын Кутубий
Куйкалап айдап жүрдү эле.
Алкым жагын Кошой кан
Айдап келип тийди эле.
Кара талдай капырды
Кайра сайып кубалап,
Канкор Манас жапырды.
Манас сайып өтүп жүр,
Кошой башын кесип жүр.
Кошой сайып өтүп жүр,
Манас башын кесип жүр.
Ээр белдей мойнокту,
Ашып кетип баратат,
Өлгөнүнөн калганы
Качып кетип баратат.
Өз дүйнөсүн кытайлар
Чачып кетип баратат.
Адыр-күдүр жерлерге
Найза калып короюп,
Күрмө кийген күчтүүлөр,
Таш сайынган тазалар
Талаада өлдү тороюп.
Эчен мыкты тулпардын
Чылбырлары чубалып,
Найза тийип алп-дөөсү,
Кырылган экен тырайып.
Уйгу-туйгу сороктоп,
Шашып жүргөн мындан көп.
Тоо-тоо бойлоп аңтаңдап,
Качып жүргөн мындан көп.
Белгилүүдөн кан өлүп,
Бет алгандын баары өлүп,
Өлгөнүнөн калганы,
Кошой кандын адамы,
Алгылыктуу эрендер,
Найзакерден берендер,
Алтымыштан ат алып,
Найзакерден камбылдар,
Жоонун айласын билген даңгылдар,
Жетимиштен ат алып,
Жеткилең коркок эң, кокуй
Жетиден олжо ат алып,
Бейпайды бекем салышып,
Кайнаган колдон калын, шер,
Кадимки Манас султанды,
Ажыратып алышып,
Кара талдай капырды,
Кайра тартып сапырды.
Торучаар окко учуруп,
Тоодой болгон ойронун,
Айбанбоз минген чагы экен.
Айгайлатып кытайды
Айдап калган табы экен.
Каарды катуу баштаптыр.
Келген колун кержейтип,
Кан Манас кырып таштаптыр.
Кен, Алтайдын ар жагы,
Тогуз тоонун урунуш,
Токсон суунун куюлуш,
Толгон жолдун тоому экен,
Эрдин эри чыдаса,
Эптеп жолун чалчу экен.
Эселектер жол чалса,
Киши өлүгү калчу экен.
Кароол го келген адамын,
Ач арстан бөрүсү,
Алгырынан жолборсу,
Кылыч ооз каманы,
Кыйратып салып жээр экен.
Баары кытай Каканчын,
Барса келбес дээр экен.
Куш учпастын кысык жол,
Кубалап Манас жүрдү эле,
Өтмөлүктөн өткөрүп,
Кечмеликтен кечирип,
Өлгөнүнөн калганын
Өткөрө сайып жүрдү эле.
Жалгыз аттын чубоодон,
Ашып-шашып кытайлар
Ары жакка өттү эле.
Тар кысыкка барганда
Өкүрүгү таш жарып,
Кыйкырыгы баш жарып,
Абасы Кошой карысы
Кармаган экен Манасты,
Алп дөөсүнүн баарысы.
Каардантып жулкунтуп,
Айбанбозду чылбырдан
Кармап алды булкунтуп.
Булкунгандан жулкунуп,
Айкырып Манас муну айтып:
«Коё бер, Кошой, колумду,
Тоспо менин жолумду!
Байлаба менин багымды,
Каканчындын Бээжинди
Бүгүн кырар кезегим!
Билип ал, менин табымды!
Уруусу кырк ушул эл,
Урушар жерим ушул жер!
Көп кызыккан Бээжиндин
Көк жалын айдап көрөйүн,
Көп урушуп кытайга,
Кармашып канын төгөйүн.
Зордукчу кара калмакка,
Аба, Кошой, коё бер,
Согуш кылып көрөйүн!
Карап Кошой, кебимди ук
Кара кытай, манжунун
Буласын булап албасам,
Бузук кылып атышып,
Бузукту мыктап салбасам
Кызыккан калмак бул журттун,
Аласын ала качпасам,
Ак теңге булун чачпасам,
Оорукта журтун албасам,
Опсуз тентек салбасам,
Көп аскерин жиберип,
Тилептир мындай кызыкты,
Манжунун баарын чогултуп,
Баштаптыр мындай бузукту.
Төрөсүнгөн калмакты
Төбөсүнөн басамын.
Төрөлөрүн өлтүрүп,
Канына чейин кубалап,
Айнып карап турбаймын,
Карылуусун кармаймын!
Канына чейин кубалап,
Калтырбастан жайлаймын.
Кен ачайын жолумду,
Кежир кара калмакка
Көрсөтөйүн сонунду!»
Кабылан атка камчы уруп,
Кан абаң Кошой карыя,
Эн акылман олуя,
Качырып жетип Манасты
Ат суулуктан алыптыр.
Көкжал Манас, тилимди
Айтканым ушу билип ал!
Кайнаган кытай кара курт,
Кан ичүүдөн кайтпаган,
Өлөрүн билбес өжөр журт.
Адыр-күдүр аска тоо,
Аңдабай ашар бел эмес.
Жапаа тартып кытайга
Жалгыз кирчү эл эмес.
Минтпе Манас, жөнү жок,
Өтүк чечип, бут сунуп,
Ала-Тоо артык жериң жок.
Бээжин менен кармашсаң,
Белсенип кирип салышар,
Белгилүү кыргыз элин жок.
Көк жалым, Манас, билип ал,
Бөөдө дууга жүрбөйлү.
Качырдык иттин колун деп,
Каканга чейин сүрбөйлү.
Башта барып кабылан
Жети өзөндөй жер алып,
Азып-качып, тентиген
Аз гана кыргыз элди алып,
Өзөнгө бойлой конолу,
Канатты калың камдайлы,
Кармашсак жеңип алгыдай,
Калы кошун шайлайлы.
Ат жетүүчү жерди алып,
Ааламга татыр эрди алып,
Бекерге карап турбайлы,
Кулак угуп, көз көргөн,
Тил алган колду жыйнайлы.
Кабарды катуу салалы,
Кайнап жаткан капырга,
Анан казат кылалы!
Кечикпей кекти алалы,
Кең-кесири баралы.
Жыл оң эки ай болгончо
Семирип сергип калалы!
Аңгыча Манас тилимди ал,
Кылыч мылтык шайлайлы,
Кыйындап сан кол камдайлы.
Ок жетпеген ат алып,
Оң эле пирден бата алып,
Белди чечер шер камдап,
Белеске конор эл камдап,
Канатты калың камдайлы.
Андан кийин кытайга
Балам, Манас, тилимди ал,
Кармалашпай калбайлы!
Кызырдуу Кошой карыдан
Кыйын нуска сөз угуп,
Кыйыры кыргыз деп угуп,
Жети өзөн анын жери деп,
Азган-тозгон аз кыргыз,
Арстаныңдын эли деп,
Билбегенди билгизип,
Минтип жолго киргизип,
Туйбаганды туйгузуп,
Туура жолго киргизип.
Тосуп барып кан Кошой
Тоодой болгон төрөңдү
Алтайдан тосуп алыптыр.
Белгилүү Кошой абакең
Өчкөн отун тамызып,
Берен Манас султандын
Өлгөн жанын тиргизип,
Үзүлгөнүн улаптыр,
Чачылганын жыйнаптыр.
Катагандын кан Кошой,
Бир туткан жери ал болду.
Ошондо Кошой карыя,
Оён Манас Көк жалга,
Олуя заада жан болду.
Кайра тартып Алтайдан,
Кара-Кырчын, Тал-Мазар
Бойлоп көп кол конду эле.
Эл эсебин алышып,
Элди катка салышып,
Манас жакка келгенде
Кутубий, Манас эр аман,
Кошой жакка келгенде
Кудайназар куу чокмор,
Кезигерге кезикпей,
Кезикпеске кезигип,
Орой чоку кырына
Айбалта келип жетиптир.
Чоң Жолойго кезигип,
Кайра келбес чын жайга
Кайран киши кетиптир.
Курган Кошой абаңдын,
Куп жолдошу Кутубий,
Каражой кулга аттырып,
Кашатка шейит болуптур.
Жоорукер минген Жортуулчу
Кыр жагынан чалдырып,
Нескарага сайдырып,
Бу да өлүм болуптур.
Ата уулунан ал төртөө,
Ал дүйнө жүзүн көрүптүр.
Ал кытайдын колунан,
Алышып жүрүп өлүптүр.
Андан бөлөк жан аман,
Казактардан Айдаркан,
Кыйба каны Буудайык
Кан Кошой жээни Жүгөрү,
Кагышкан эрдин баары аман
Айкожонун Билерик,
Карадөң уулу Жар Манас,
Кайратман аман, ыктуудан,
Камчы чабар мыкты аман.
Найзакер аман, эр аман,
Төртөөнөн башка мусулман,
Кылы сынбай тең аман.
Кытай жактан кабар ал,
Жети күн тынбай аралап,
Манжулардан Нескара,
Жети миң жерде жара бар.
Алтымыш күнү аралап,
Калмактардын чоң Жолой
Кабылан экен Манастан
Алтымыш жерден жара жеп,
Каражой, Дөөдүр балбаны,
Канчаларын кырдырып,
Кытайдан төртөө калганы.
Бээжинди көздөй жол тартып,
Төртөөнүн кылган арманы:
Жал-куйруктан айрылып,
Сопол болгон экенбиз!
Мүйүз сынып, баш калып,
Токол болгон экенбиз!
Кан Эсенден кол айдап,
Оңбой калган экенбиз!
Канкорго чогуу кырдырып,
Болбой калган экенбиз!
Катуу бүлүк чоң кыргын,
Кызыталак буруттан
Көргөнү келген экенбиз!
Калбастан чогуу кырылып,
Өлгөнү келген экенбиз!
Эсенкандын алдынан,
Чыктык эле чыдабай,
Жер жайнаган калың кол
Такыр калбай кырылып,
Каткан экен биздин шор!
Бай-бай Манас шер экен,
Балакет салчу эме экен!
Каныбыз буйрук кылганда,
Каптап сан кол барчу элек.
Катылгандын баарысын,
Кыргын кылып салчу элек.
Азапты артык тартабыз,
Кырдырып колду биз салдык,
Эсенкандай улукка,
Эми кантип айтабыз!
Жолой кейип барбактап,
Ат аябай жол жүрүп,
Аз гана эмес, мол жүрүп,
Кабарды катуу салыптыр,
Эсенкандын алдына,
Ашып-шашып антаңдап,
Төртөө жетип барыптыр.
Төрт балбан кирип барганда
Уйкудан чочуп ойгонуп,
Падышалык тагынан,
Айбаттанып толгонуп,
Көк күбө тонду жамынып,
Көрөр болсоң Эсенкан
Көк жолборстой чамынып,
Мунарга жарык жагылып,
Коңгуроо катуу кагылып,
Аскер үркүп, журт дүрбөп,
Калайман түшүп топо учуп,
Сакчылары, балбаны
Жоо келгендей чуркурап,
Доолбас кулак тундуруп,
Айбалта тийип быркырап,
Далай жарым кандары.
Уйгу-туйгу сороктоп,
Кечилдери, дөөлөрү,
Айласын таппай короктоп.
Таштуулары, кандары
Мунусу кандай болду деп,
Аң-таң калып антаңдап.
Көз жетпеген мунара,
Көбүнчө бийик көрүнөт.
Көрө калган адамдын
Көңүлү жаман бөлүнөт.
Кежиге чачы үксөйүп,
Төбө чачы түктөйүп,
Улук экен Эсенкан
Мунарадан чамынды,
Айласы кетип бул төртөө
Айтып жөнүн камынды:
Жер майышкан туу алып,
Бурутту кармап алууга
Бурулуп уруш салабыз,
Кызыталак бурутка
Кылчайбай кырк күн урушуп,
Кыргын болуп калганбыз.
Каарды Манас баштады,
Колунда бар сыр найза
Кармай калып имерди,
Бир сайганда Оргону
Эки бөлүп жиберди.
Кайра тарткан урушта
Мүшкүлдү чындап баштады.
Ала коодон Көк жалдын
Астындагы Торучаар
Каражой атып таштады.
Темир аркан торчонду,
Тегиз жыйып аларды,
Азыр кармап аларда,
Мандайдан чыкты бакырык
«Манастап» ураан чакырып,
Кыргынды кызык баштады.
Катагандын кан Кошой
Ал канкорго кошулуп,
Кыргын кылып таштады.
Берен Манас төрөнүн
Бейжайлыгын бир көрдүм.
Каарды катуу баштады,
Беттеп барган балбанды
Белчеден бөлүп таштады.
Айбаты катуу заары күч,
Кызыталак бурутуң
Кырып койду бизди түз.
Алты күнү аралап,
Нескара чыкты кан болуп,
Алтымыш жерден жара жеп.
Жолой кирди аралап,
Жети күнү аралап,
Жети миң жерден жара жеп.
Мээнетти бурут баштады,
Таш сайынган тазаңды,
Такыр кырып таштады.
Мүшкүл кылды ишиңди,
Бүлдүрдү кыйла кишиңди.
Көрсөттү кыйын сонунду,
Таш талкан кылды колуңду.
Бизди бери кууганга
Кутуруп канкор жутунду.
Алтайдакы кырк түтүн,
Чаап кел деген ал журтун
Аман кетип кутулду.
Алым ал деп жумшадың,
Алым деп барып алдырдык,
Ара жерде эрлерди,
Арстанга чалдырдык.
Алым тургай таш бербей,
Кырк түтүн кетти жерине,
Пайдасы тийип Манастын
Баары бурут кутулуп,
Көчүп кетти элине.
Теликуш кетти жерине,
Темтейип жүргөн букараң,
Тентиген кетти элине.
Ала албай келдик буруттун
Акбалта, Жакып карысын.
Куткарып ийдик ал жетпей,
Кырк түтүндүн баарысын.
Алымың жетип ала албай,
Арада калдык тороюп,
Кыйын шерге кабылып,
Кыргын болдук сороюп.
Алп-дөөнүн баары союлуп,
Алп-дөөлөрдүн этине
Карга, кузгун тоюнуп.
Кан Эсенкан, кебимди ук!
Кайрылып кайта барбаймын,
Манаска согуш салбаймын.
Жолобойм андай канкорго,
Жолукпаймын анткорго,
Каарын көрүп күйүндүм,
Кара жандан түңүлдүм.
Айбаты катуу Манастын
Акылын эптеп табыңыз.
Ачууңуз келсе, Эсенкан
Тирүү келген төрт кандын
Азыр башын чабыңыз!
Эсенкандын алдына
Нескара, Жолой эки кан
Билгени менен туйганын,
Укканы менен көргөнүн
Айтып берди ушинтип.
Угуп алып Эсенкан
Капкасы бекем жабылды,
Кан эсинен жаңылды27.
Каканчындын Бээжинге,
Карыкандын өзүнө,
Алты күлүк ат бергин,
Алакандай кат бергин.
Карыканга кат учур,
Кат учурсаң бат учур.
Канкор Манас эр бурут,
Эрикпей көчүп жер табат.
Эптеп жүрүп эл табат.
Каканды тооруп жол чалат,
Камынбай койчу уул эмес,
Кагышпай койчу кул эмес.
Каканчындын Бээжинге
Кайра келип кол салат.
Бедөөнүн жалын өрүп ал,
Беш-алты жылдын ичинде,
Бээжиниңден көрүп ал!
Кырк эшиктүү Бээжиндин,
Кыйласын жыйып бул элдин,
Күрмө кийген күчтүүдөн
Күлдү баарын чогултуп,
Таш сайынган мыктыдан
Тазаларын жыйнайлы!
Карыпчы кийген кандардан
Калтырбай баарын жыйнайлы!
Жаш өспүрүм балбандан,
Калтырбастан жыйнайлы.
Зуу кудукта чоң аяр,
Сынчылыгы бир далай,
Чоң аярды алалы.
Кырк кандын эли кытайга
Чогуу кабар салалы.
Улуктарын, чоңдорун,
Улууларын, жандарын,
Жаңы өспүрүм балдарын,
Жалпы жыйып алалы,
Сынчылардын алдына
Чубатууга салалы!
Найзакерден ыктуудан,
Эр көкүрөк мыктуудан,
Кара канга канышып,
Качпай туруп салышып,
Кайраттуу эрден табалык,
Кароолду коюп абыдан,
Жанды жакшы багалы!
Кыйла жерде мүлкүм бар,
Чоң, Бээжиндин тагында
Карыкандын чоң чынар,
Сейилге чыкчу багында
Жердин үстүн чалдырган,
Кароолго анык маш кылган,
Кырк кулач кызыл түлкү бар.
Белеске кароол салалы,
Бекитип жанды багалы!
Боз баланын дардаңы,
Жалгыз көзү абдан чоң,
Маамытбек балбаны
Кароолго муну коёлу!
Кулжадан кароол салалык,
Курган жанды багалык!
Оңой Манас уул эмес,
Ойлонуп жан бакпасак,
Оң таптырчу кул эмес!
Алоокенин кенжеси,
Алтымыш жайсаң баатыры,
Коломтодон кол тууду,
Быйыл оң экиге келгенде
Калдайларды камаган,
Кызыл чоктуу кытайдын
Кыйындарын сабаган.
Тентегине чыдабай,
Чоң Бээжин журту жадаган.
Качырдан канча сойдурган,
Жактыргандан Карыкан
Эр Конурбай койдурган.
Керүүгө салган там кылган,
Келберсиген эрен дейт,
Кез болгонду жай кылган.
Ишенгенден Карыкан
Кечилге мыкты кан кылган.
Эрдигин уккан билет дейт,
Эңкейген жоонун бетине,
Кырылчу элдин четине,
Кыйшайбай элди багат деп,
Ылайыктап жүрөт дейт.
Арбагын артык жам кылып,
Чет-Бээжинге кан кылып,
Эр Коңурбай калчаны,
Ушу жерге алалык,
Кара жолтой буруттун
Как жолуна салалык!
Кармашка даңгыл эр ошол,
Кан Манаска тең келчүү
Бээжинден чыккан шер ошол!
Атагын уктум ар кимден,
Найзакерден ыктуу дейт,
Өзү жоонун айласын
Ашкере билген мыкты дейт!
Каарына алганда
Кармашар болсо орот дейт,
Алтымыш кытай, сан калдай
Жан жолдош кылып алды дейт.
Каталдын уулу Карагул,
Кара саат мына бул,
Кайгуулга чыгаар ал болуп,
Камыштан найза кыйды дейт,
Бели катуу Бээжиндин
Берендерин жыйды дейт.
Түрдүү акыл айтып Эсенкан
Канына кабар салыптыр,
Айткан сөзүн таштабай,
Дүбүрөтүп Бээжинди
Түгөл жыйып алыптыр.
Доолбас бекем кагылып,
Кайнап жаткан көп улук,
Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумгуча
Алтын түркүк чатырды
Качырына жүктөтүп,
Алып кирип келиптир
Эр Коңурбай баатырды.
Калын кытай улугу,
Калдай тонун кийгизип,
Кароолго муну койду эми.
Жел учса кабар берүүчү,
Жез канаттуу куу өрдөк,
Абаргер деген көлүнө,
Суук капчыгай төрүнө,
Муну кароол койду дейт,
Кабылан төрө Манастын
Келе турган жерине.
Тогуз жолдун тоомуна,
Бөрү койдун чаркына,
Үзгүлтүк тоонун урчукка,
Үңүрөйгөн тумшукка,
Как суунун четине,
Каспаң тоонун бетине
Кулжаны кабар койду дейт.
Карыкандын тагынан
Каалап алып келиптир,
Кан Эсендин багына
Адам тилин үйрөтүп,
Баккан экен жашында
Кырк кулач кызыл түлкү экен,
Айбандан болгон артык сак,
Эсенканга мүлк экен.
Мүлктүгү ушул эмеспи,
Кароолто койгон куу түлкү
Бел байлаган бел экен.
Желгенине жел жетпес,
Басканына мал жетпес,
Балакеттин өзү экен.
Нескара баштап көп канын,
Эшигине жыйды дейт.
Кең Алтайдын быягы,
Кен Кара-Тоо тыягы,
Алтын кендин ары жагы,
Сегиз суунун куюлуш,
Сексен тоонун урунуш,
Секи мойнок белеске,
Манастын келер жолуна,
Түлкүдөн кароол койду дейт.
Эр Эсенкан чамынып,
Так үстүндө камынып,
Быжылдап кайнап жан толуп,
Ай жан-жун менен Күн жан-жун,
Жанындагы курдашы,
Кеп айтуучу сырдашы,
Жакын турган ал болду.
Аскер жыйнап кыжылдап,
Адам толуп быжылдап,
Алоокенин Конурбай
Эр Конурбай чоң калча,
Эрени кирип келгенде,
Келгенин Эсен көрүптүр,
Келери менен калчага,
Керүүгө салган там кылып,
Кечилге мыктап кан кылып,
Алтын түркүк чатырын,
Эр Коңурбай баатырын,
Эки тизгин, бир чылбыр
Эр Алооке уулу элең,
Эми колго алыңыз!
Катуу душман эр чыкты,
Буруттан Манас шер чыкты,
Бул Бээжинге келтирбей,
Кайтарып элди багыңыз!
Каардуу болсоң, эр болсоң,
Караан кыла жүрөрбүз!
Качкы, жалтак уул болсоң,
Кара эшек кылып минербиз!
Элди эсиңе алыңыз,
Кароолго көзүң салыңыз!
Катуу мүшкүл күн түштү,
Ошондон бизди багыңыз!
Чынмачынга, Бээжинге
Чын ата болуп калыңыз.
Медеримсиң, белимсиң
Бек такоол берип бурутка,
Беттеше турган шеримсиң.
Ай, кулунум, Коңурбай
Калдайдан тандап алпын ал,
Калың элди кырдырбай
Бул Бээжинге көзүң сал!
Дегенди угуп калыңыз,
Керишке мыкты журт эле,
Кечилдин канын алыңыз!
Кан Эсенкан муну айтып,
Кадырын журтка билгизип,
Карыпчысын калдайткан
Эр Коңурдун башына
Кечилдин ташын кийгизип,
Кечилдин ташы жарашып,
Керүүгө салган. там кылды,
Кечилге мыктап кан кылды.
Ок отпос тонун кийгизип,
Улук экен Эсенкан
Манастын жөнүн билгизип,
Акылды артык оздурду,
Манас келчү шектүү жол
Конурбайга тоздурду.
Алты миң кытай, сан калдай,
Аксакалы Конурбай,
Анын бери жагынан
Мангубадан туулган,
Ай ааламдын баарына
Артык салган чуулган,
Адам билбес сөзү бар,
Башында жалгыз көзү бар,
Кармашкан жанды койбогон,
Бир чочконун этине
Бир жегенде тойбогон,
Карасаң мунун таноосу,
Ачылып калган ороодой,
Көз үстүндө кара каш
Мал тепсеген шородой,
Каканчындын балбаны
Маамытбек сокур дээр экен.
Каарды катуу салуучу,
Катылыша кеткендин
Башын жулуп алчу экен.
Кароолго турган болжошу,
Кызыталак чочконун
Маамытбек болду жолдошу,
Маамытбектин балбаны,
Беттеп балбан чогулса,
Чыга түшөт далдалы.
Балбандыгы башкача,
Каарданып булкунса,
Капчалдуу тоону уратат,
Бет алышып кол салса,
Чынарларды сулатат.
Боз гүлдүү тон кийгизди,
Боз качырды мингизди.
Ок өтпөгөн тон берди,
Найзакерден, камбылдан,
Акыл тапчуу даңгылдан,
Кечилден так кырк кол берди.
Билбегенди билгизди,
Билдирип жолго киргизди.
Камбылдарын шайлады,
Кан Манастын жолуна
Камынбай кытай калбады.
Баатырларын зекитти,
Кароолун таштай бекитти,
Кароолчунун мыктысын
Кечилдин каны Конурбай,
Кечилдерин зекитти.
Жалгыз көздүү Мамытбек,
Көчүгү кучак Канышай,
Кароолду чындап бекитти.
Кармашып бенде келген жок,
Каттап бирөө көргөн жок.
Боз адырмак, кыран түз,
Болжоп чыгар тоо болду,
Алоокенин Конурбай,
Астындагы кара аты,
Кара атынын бар болду,
Капталында канаты.
Кулак угуп, көз көргөн,
Жаралган адам уулуна,
Алоокенин Конурбай,
Талкандай чалган адаты.
Жүргөнүнөн чаң чыкты,
Кайран калча* Көк жалдын,
Доошунан жан чыкты.
Эки тизгин, бир чылбыр,
Эми колго алыптыр.
Чынмачынга, Бээжинге,
Чын Каканга, Туңшага,
Алоокенин Конурбай.
Улук болду мынчага.
Сурагын алып калдайдын
Каны болду кечилдин.
Өлгөн менен арман жок,
Алоокенин Конурбай,
Азыркы кытай элинде,
Буга каяша айтар калган жок.


Кыргыз