Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Коңурбайдын таласка чабуул салганы

Манжуулардын Коңурбай
Казынасын ачтырып,
Карк алтынын чачтырып,
Калдайып жаткан тоолорду
Калдыратып каздырып,
Коргошунун агызып,
Калдайган болот темирди
Каршы-терши чабышып,
Кулак уккан, көз көргөн
Усталарын жыйдырды,
Найзага каскак даярдап,
Калдайган калың токойдун
Катууларын кыйдырды.
Жетимиш миң найзаны
Жеткилең ууга сугартып,
Тилсимдүү жерге койдурду.
Токсон күн чапса жоюлбас,
Албарс кылыч, чоюн баш,
Жетимиш миңден кылдырып,
«Бул жагы камсыз болду» деп,
Муну да койду жыйдырып.
Тоо текесин аттырып,
Мүйүзүн кылдат чаптырып,
Бугунун өөгүн тилдирип,
Жебеге кере тарттырып,
Жетимиш миң саадакты
Керип бүттү кылдырып.
Өрттөй болгон бурутту
Коёюн деп тындырып,
Муну да койду жыйдырып.
Мин кулач милте кылдырып,
Очогор огун куйдуруп,
Канат коюп, жаа жасап,
Тоодой кылып жыйдырып,
Кекке тууган Коңурбай
Муну да бүтүп тындырып,
www.bizdin.kg
411Муну да коюп жыйдырып,
Заңгилерге кеп айтат:
«Баарын уккун, — деп айтат, —
Кайратымдын барында,
Күчүм толук чагымда
Эчен жолу талкалап,
Буруттарды айдадым.
Акырында Манасын
Кан жуткузуп жайладым.
Өзүңөр көрүп турган иш,
Өзөккө түштү мүшкүл иш!
Мен Бээжинге киргени
Жаңжуңду жеке билгемин,
Алакандай буруттун
Ак үйлүүсү кирбеди.
Манастын уулу Семетей
Манжуудан чыккан Коңурдун
Ким экенин билбеди!
Бурут түгүл Чынмачын
«Кан коңур, өзүң бил!» деди.
Кайсы жоого Коңурбай,
Күчү келбей, кирдеди?
Качан болсо Коңурбай,
Калк бийлеген чоң ушул,
Касташканын кармаган
Кара болот тор ушул!
Таанытайын өзүнө,
Көрсөтөйүн көзүнө,
Унутканын буруттун
Салайынчы эсине!
Келтирейин бурутту
Чачыла калган кезине!».
Деп, ошентип, Коңурбай
Алгараны чулгутуп,
Туягын жерге мылгытып,
Канжасын тартып кан Коңур
Түтүнүн көккө бургутуп,
Чоңдору чогуу келишип,
Жарактарын беришип,
Кылкылдаган туу менен,
Кыжылдаган чуу менен,
Очогор мылтык октошуп,
Отуз, кырктан топтошуп,
Найзаларын таянып,
«Калбайбыз» деп аянып,
Пилге жүгүн жүктөшүп,
Бирин-бири тиктешип,
Эчен түркүн малдарын
«Азык болот» деп алып,
Көрүнгөндүн баарысын
www.bizdin.kg
412Тамак кылып жеп алып,
Текести басып теминип,
Көк желектер кылкылдап,
Сел каптаган эмедей,
Жердин бети кылкылдап,
Алда канча дөө менен,
Ат көтөрбөс жөө менен,
Адам билгис шаң менен,
Асман жапкан чаң менен
Түндө жүрүп билинбей,
Тынып жатат таң менен.
Күн көрүнбөй күүгүмдөп,
Ат көрүнбөй бүлбүлдөп,
Сыйынып алып аласка
Хан Коңур келди Таласка.
Алдына салып чалгынды,
Артынан коюп кайгуулду,
Алыстан кабар салууга,
Аярдап коюп тоорулду,
Түн боюнча Коңурбай
Кеңешин кылып токтолду,
Мындайча деп бир адам
Баш көтөргөн ‘жок болду.
Буйрук кылып Коңурбай,
Ошондо мындай октолду:
«Как эткен карга болгон жок,
Камынтпай басып калгыла!
Манастын жалгыз жетимин,
Үйүнөн байлап алгыла!
Жолуккан эле адамды
Жол боюна жаргыла!
Капарсыз жаткан бурутка
Катуудан казан калтырбай,
Жумшактан күлүн сапырып,
Талоонду мыктап салгыла!
Жетпегениң сулуудан
Бештен, ондон алгыла!
Жансыздарым кеп айтат,
Көңүл ачар эп айтат,
«Семетейден таарынып,
Күлчоро кеткен» деп айтат.
Күлчоронун кеткени —
Семетейдин башына
Чындап ажал жеткени.
Буркан, бакшы, манжууга
Чыңдап жардам эткени.
Иш оңунда болгон соң,
Ээлигип эрлер кирбейби,
Олжону канча алсаңар,
Күчүңөр эле келбейби!
www.bizdin.kg
413Жаккан отун өчүрүп,
Түндүгүн жерге түшүрүп,
Сапыралык бурутту
Таласынан көчүрүп!».
Деп, ошентип, калганда,
Түн жарымга барганда,
Капарсыз жаткан ордону
Туш-тушунан камалап,
Коңурбай басты коргонду.
Кең-Колдо жаткан кырк чоро.
Эч кандай кабар билген жок,
Коңурбай келип калат деп,
Капарына кирген жок.
Жайлоодо жаткан Буурулду
Семетей жетип миңген жок.
Зор айлакер Коңурбай
Жолдун баарын торгоду,
Тышка адам чыгарбай,
Ичке адам киргизбей,
Курчап алды ордону.
Ким экениң билгизбей,
Жер бети толгон эл болуп,
Элдин деми жел болуп,
Жер силкинткен үндөрү
Каптап кетчү сел болуп,
Каркайып турган кара тоо
Омкорулуп кетчүдөй
Кара жер менен тең болуп,
Опсуз дүбүрт чыкканда,
Очогор үнүн укканда,
Манастын уулу Семетей,
Эчтемеден кообу жок
Жатат эле кенебей,
Аголпокту жамынып,
Ач арстандай чамынып,
Атышаар жоого камынып,
Кой башындай ок салып,
Дары куюп Келтеге,
Отун коюп милтеге,
Сырнайзаны таянып,
Тынчый албай жай алып:
«Ажал айдап кол салып,
Кесешкен жоом келгенде,
Тилегим кудай бергенде
Тайбуурулга жете албай,
Боломбу эми шерменде!
Кыйкырып жатчуу кырк чоро
Кыйноого түшүп калганбы?
Кесепеттүү чоң калдай,
Бардыгын кырып салганбы?
www.bizdin.kg
414Кайран абам кан Бакай
Көргүлүктү көргөнбү?
Таарынып кеткен Күлчоро
Чоң Коңурдан өлгөнбү?
Же болбосо Күлчоро,
Өзү баштап келгенби?!».
Деп, ошентип, турганда,
Калың манжуу чуркурап,
Ордого батып кире албай,
Эмне кылып жатканын
Семетейдин биле албай,
Акылы айран таң болуп,
Коңурдун башы маң болуп,
Очогор менен сарайды
Он чакты атып калыптыр.
Абасы Бакай кулагы
Очогор үнүн чалыптыр.
«Бир балакет болду» деп,
Ык болуп жаткан эрлерге
Мындайча кабар салыптыр:
«Айланайын балдарым,
Кудай уруп салганбы!
Капарсыз жаткан ордону
Коңурбай басып калганбы?
Семетейдин колуна
Темир зоолу салганбы?!
Очогор үнү чаңырат,
Үнүнөн тоолор жаңырат.
Ойрондоп салса ордону,
Оёнуң кайдан табылат?!
О, кагылайын Күлчоро,
Санаса санга бир чоро,
Салмакташып келгенге,
Садагасы миң чоро,
Таарынып турбай абаңа,
Бул жорукту бил, чоро!».
Анда Күлүс кеп айтат,
«Ай, абаке! — деп айтат, — .
Сырымды айттым өзүңө,
«Чүрөк менен жакын» деп,
Чачыкей айткан сөзүнө
Ишенип алып көк жалың
Тил тийгизди өзүмө.
Кыйын болсо, Коңурга
Жеке чыксын өзүнө!
Эл көзүнө Айчүрөк
Жеңем болуп көрүнөт,
Чынын айтсам, өзүмө
Энем болуп көрүнөт.
Ак жеринен, абаке,
www.bizdin.kg
415Аралашып ушакка,
Чын кабыргам сөгүлөт!».
Анда Бакай кеп айтат:
«Акылсыз бала! — деп айтат, —
Сенин агаң Семетей
Эрдиги бар, эси жок,
Күнүлүктөн Чачыкей
Ушак менен шыкакты
Кылганы менен иши Жок.
Сенден күмөн ойлосо,
«Менин балам Күлүс», деп,
Эркелетип өзүңдү,
Келет беле Каныкей?
Эр жүзүңдү өлгөнчө,
Көрөт беле Каныкей?
Айбың болсо, кулунум,
Айтпайт белем өзүңө.
Мен билбеген иш барбы,
Көрүнүп турат көзүмө,
Коңурбай канжар салбасын,
Айланайын Күлчоро,
Абакеңдин төшүнө.
Аманында агаңдын
Көрүнгүн, балам, көзүнө!
«Күлүсүм качан келет» деп,
Күтүп турган кезидир.
Кайгы аралаш кызыл кан
Жутуп турган кезидир.
Күлчоросу көзүнөн
Учуп турган кезидир!».
Байдын уулу эр Бакай
Деп, ошентип, калды, дейт,
Жаркылдап күлүп Күлчоро,
Сырнайзасын алды, дейт.
Тайбуурулду коштотуп,
Эр Бакайды баштатып,
Чоролорду жайнатып,
Кайнарга жетип барды, дейт,
Асмандан түшкөн эмедей,
Ач кыйкырык, куу сүрөөн
Алмамбеттей Күлчоро
Айкырыкты салды, дейт.
Кыжылдаган манжууну
Жарып кирип калды, дейт.
Карышкырдай кырк чоро
Найзаларын алды, дейт.
Кумурскадай көп жоого
Аралашып калды, дейт,
Ошол кезде ордого
Кезекчилер киришип,
www.bizdin.kg
416Жакын келген душманга
Аянбай жообун беришип,
Ордону коргоп кармашып,
Ок жыландай арбашып,
Жаралуусу кансырап,
Эсендери алсырап,
Коркоктору калтырап,
Мүшкүл түшүп турганда,
Ач арстандай айбаттуу
Күлчоро ураан салды, дейт.
Бийик коргон сепилди
Аттатып өтүп эсен-соо
Тайбуурулду жетелеп,
Абасына барды, дейт.
Айласыз турган Семетей,
Атасы келген эмедей,
Чорону барып кучактап,
Уялгансып кылчактап:
«Кагылайын Күлүсүн,
Берендей сенин жүрүшүн,
Билбей акмак болупмун,
Чачыкейдин күнүсүң!
Алтын жаның барында
Жанымдын жарык күнүсүң.
Камап жаткан калдайдын,
Заарын алып коркуткан
Кагылайын Күлүсүм,
Кадимки Манас үнүсүң!».
Деп, ошентип, аттанып,
Жерге батпай шаттанып,
Баатыр Семең башында, .
Бала жолборс кашында
Айкырыкты салышты,
Айгайлаган манжууга
Аянбай кирип калышты.
Кара кытай калың жоо
Манастап ураан чыкканда,
Семеңдин үнүн укканда,
Чаң асманга созулуп,
Туш-туштан колдор кошулуп,
Замбирек атып топ коюп,
Жазайылга от коюп,
Каптаган калын сан менен,
Калкан кийген эр менен,
Үйөр жүргөн сел менен,
Үпчүн кийген эр менен
Туу түбүндө турушуп,
Тулпар минип урушуп,
Чочмор менен чабышып,
Чокудан канды агызып,
www.bizdin.kg
417Айбалта менен салышып,
Сабы колдо калышып,
Кылыч менен чабышып,
Чаны колдо калышып,
Жарак колдон кеткенде,
Жакасынан алышып,
Аттан кулап калышып,
Буттан торой чалышып,
Чалкасынан салышып
Айрылбаган баш калбай,
Алжайбаган каш калбай,
Кара кытай, кыргыздар
Кырылышты эс албай.
Бир-биринен жазганбай,
Болот найза мылгытып,
Оозунан канын кулгутуп,
Найзага келген адамды
Тебетейдей ыргытып,
Ортосунда баатырлар
Калың жоону дыргытып,
Бадана кийген оёндор
Башын кесип туйлатып,
Көй баатырлар киргенде,
Кара кытай черүүсү
«Көкө теңир, буркандап»,
Качып жүргөн андан көп.
«Кантип аман калам» деп,
Шашып жүргөн андан көп.
Найза тийбей өзүнчө,
Кулагандар андан көп,
Өлгөн болуп коктуга
Сулагандар андан көп:
«Оңбо, Коңур. оңбо!» деп,
Бышакташкан андан көп;
«Кандай заман болот» деп,
Кучакташкан андан көп.
Чаң-тополоң болушун,
Чарчаганча согушуп,
Таластын үстү чан болуп,
Талаанын баары кан болуп,
Кыймылдабай кылтасы
Кылыч тийген андан көп.
Кый сүбөөдөн жардырып,
Кыңылдаган мындан көп.
Айбалта тийген андан көп,
Алсырап жаткан мындан көп.
Кан токтобой шаркырап,
Кансырап жаткан андан көп.
Жүрөгү түшүп токтобой,
Сүзүлүп жаткан андан көп.
www.bizdin.kg
418Ат үстүнө тура албай
Үзүлүп жаткан мындан көп.
Топурак учуп, чаң басып,
Тоо көрүнбөйт адамга,
Кимиси душман, кимиси эл,
Жоо көрүнбөйт адамга.
Кан кечишкен майданда
Качкан кыргыз жок болду,
Кара кытай, манжууга
Качангы кеги козголду…
Кордук көргөн Коңурбай
Кол эсебин ала албай,
Береңдерге беттешип,
Өзү мурун бара албай,
Жан чыдагыс баатыры
Чабалайга кеп салды:
«Бул чакчаңдаган бурутту
Ойрондоп жибер!» деп салды.
Керик минген Чабалай
Алды кийнин карабай,
«Мадыкан кунун алам, — деп, —
Талкан кылып салам!» деп.
Майданга кирип акырды,
«Баатыр болсоң, келгин!» деп,
Семетейди чакырды,
Чокмору менен жер салып,
Тозоңду тоодой сапырды.
Бүтүн дүйнө жүзүнөн
Ким көргөн мындай баатырды!
«Атпай кыргыз уулуна
Салам, — дейт, — заман акырды!
Ыраңы жандан башкача,
Көрдөн чыга калгандай.
Көргөн адам таң калат,
Көмүрдөн ачып алгандай.
Кабагы бийик, өңү саз,
Эрибеген кара таш.
Көздөрү ачкан ородой,
Көргөн бенде жолобой,
Кан төгүшкөн майданда
Кылайган күчү коробой,
Астыңкы эрди албайып,
Үстүңкү эрди далбайып,
Оозу үңкүр коргондой,
Оп тартканын соргондой.
Саадак, кылыч жарагын,
Асып алган боюна.
Жеңилем деген коркунуч
Түшөр эмес оюна.
«Семетей — бурут, келгин!» деп
www.bizdin.kg
419Чокморун алып колуна,
Тоодой болуп менсинип,
Тосуп турду жолуна.
Каргашалуу Чабалай
Калың болду калбасы.
Жети карыш казандай,
Жезден кылган канжасы.
Куржун көзү тамеки
Канжасына уруптур
Коркуратып Чабалай,
Канжасын тартып туруптур.
Муну көргөн кишилер
Үрөйү кетип, кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
«Жалпыга жабыр келет бейм,
Жандын баары өлөт бейм?
Ат төбөлдөй аз кыргыз
Көргүлүктү көрөт бейм?
Адамдан башка Чабалай
Адамдан тууган бала эмес,
Алдына түшүп жалынса,
Аяп койчу жан эмес.
Калмактан тууган бала эмес,
Кылымга өлчөөр жан эмес!
Пери бекен, жин бекен,
Адам түрдүү пил бекен!.
Деп, ошентип, калың эл
Убайым кыла баштады.
Ошол кезде эр Бакай
Мындай сүйлөй баштады:
«Карап турган каныңар,
Улуу, кичүү баарыңар,
Берендердин баарысы,
Өз тилимди алыңар!
Бул жекеге чыккан Чабалай,
Найзалашкан баатырды
Найзага илип кетчү эле,
Күрөшкө чыккан балбанды
Жерге таптап өтчү эле.
Эңишке чыккан баатырдын
Колун үзүп алчу эле.
Кордукту мындай салчу эле.
Ошондо деле Чабалай
Черин жазып кармашпайт,
Комуттуу болуп калчу эле.
Жоонун бешин алганга
Мылтыктан мыкты жарак жок,
Мылтыктап кирип калгыла,
Ошентип, жоону алгыла!
Семетей, азыр аттанба,
www.bizdin.kg
420Козголбой Коңур жатпайбы.
Кандай уруш болсо да,
Каржалбаган күчтөрүн
Душманынан катпайбы!
Алеңгир салчу күчүңдү
Арт жагына сактайлы!
Билели жоонун салмагын,
Тыңшагыла шашылбай,
Айланайын балдарым!».
Деп, ошентип, калганда,
Аккелтени баш кылып,
Мылтыктарын маш кылып,
Чаначтап дары салдырып.
Чабалайга сундуруп,
Куржун көзү дарыны
Кулагына куйдуруп,
Машаа кошкон көп мылтык,
От койгондо «күп» этти,
Жер чайкалып «дүп» этти.
Илебине чыдабай,
Кереге, уугу кыйрады,
Кермеде аттар туйлады,
Келжиреп жаткан коркоктор
Кейиш тартып ыйлады.
Жер чайпалып басылды,
Туман түшүп ачылды.
Ачылса, туман караса,
Ажап кызык тамаша,
Келберсиген Чабалай,
Кериги менен өлүптүр.
Келбес жолду көрүптүр.
Баатыр Бакай башыңда,
Сары каны кашыңда,
Замбиректи түзөтүп,
Милтесин кайта түтөтүп,
Жоону көздөй сундуруп,
Жан, кулакты тундуруп,
От койгондо күңгүрөп,
Жер солкулдап дүңгүрөп,
Кемпир-чалдар үлдүрөп,
Төөлөр боздоп бакырып,
Тооктор беймаал чакырып,
Катын, бала буркурап,
Иттер улуп чуркурап,
Туман түшүп, түн болду,
Түйшүгү көп күн болду.
Эт жүрөгү козголуп
Эсин жыйып ала албай,
Зеңгиреп жаткан көп болду.
Кылымда мындай иш болбойт,
www.bizdin.kg
421Кырылган элдер көп болду.
Акыр заман журтуна
Айтыла калчу кеп болду.
Кара кытай — калың жоо
Чабалайды көргөндө
Жол четине сүрүлдү.
Чегирткедей эрбеңдеп,
Жонду көздөй түрүлдү.
Шашып калган коркоктор,
Не кыларын биле албай,
Өзүнөн өзү бүлүндү.
Жан соогалап далайы,
Курган жандан түңүлдү…
Кабагын салып эр Коңур,
Өзүнө-өзү кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
«Кандай кайгы күн болду,
Төрөсүнөн чоросу эр
Кара кытай калың кол
Болуп калды кириптер.
Мени тилеп калганбы
Канга тойбос кара жер!».
Деп, ошентип, Коңурбай
Акыркы күчүн жыйнады,
«Бергин, буркап, бергин!» деп,
Алдындагы каранын
Тизгинин тартып жыйынып,
Кол башындай алтын бут
Койнунан алып сыйынып,
Элден оолак чет болуп,
Семетейге бет болуп,
Өзөккө түшкөн өчтөрү
Жетеге жетчү кек болуп.
Жекелеп Коңур чапканда,
Семетей чыкты бет болуп.
Кармашкан жоолор калтырап,
Карап калды тек болуп.
Жер силкинген эмедей,
Кезенген үндөр күркүрөп,
Карап турган ‘жандардын
Бүткөн бою дүркүрөп,
Тайбуурул менен Алгара
Бир-бирине беттешип,
Учуп жүрөт диркиреп.
Кайраты жок далайы
Качып жүрөт зиркиреп.
Эсепте жок эки дөө
Найза менен сайышат,
Найзалары тайышат,
Калкандары кагышат.
www.bizdin.kg
422Айбалта менен чабышат,
Калкандардын бетине
Кадимкидей жалындар
Тутанып барып калышат.
Баатырлардын башынан
Буркурап көпкөк буу чыгат.
Тулпарлардын этинен
Булактап кара суу чыгат.
Карап турган элдерден
Жер козгогон чуу чыгат.
Баатырлардын оозунан
Көк жалын менен буу чыгат.
Семетей менен Коңурбай
Алыша албай бир-бирин,
Кылыч менен салышты,
Бир-бирине экөө тең
Берер эмес намысты!
Мындан айла таба албай,
Алкалардан алышып,
Аркы-терки барышып,
Кол тийген жерин булкушуп,
Коржоңдошуп жулкушуп,
Үзөңгүсүн тебишип,
Кол кармашып эңишип,
Аттардын бели бүгүлөт,
Карап турган калың журт
Жандарынан түңүлөт.
Жойкундусу кан болуп,
Жер бузулган чаң болуп,
«Кандай айла болот?» деп,
Адамдын башы маң болуп,
Тайбуурул менен Алгара,
Алар да айла издешет,
Тартышып турган учурда
Бирин-бири тиштешет.
Чунаңдашып келишет,
Бирин бири тебишет.
Ошол кезде эр Коңур
Асабадай Семеңди
Алкымынан алды, дейт,
Артка тартып калды, дейт.
Айласы кетип Семетей,
Ала салчу немедей,
Арткы кашка барды, дейт.
Карап турган көп кыргыз
Чыдай албай өкүрүп,
Чуркурашып калды, дейт.
«Буруттун күнү бүттү» деп,
Карап турган калын жоо
Кубанышты салды, дейт.
www.bizdin.kg
423Ошол кезде Коңурбай
Үстүнөн басып Семеңди
Мыкчып-мыкчып алды эле,
Карап турган адамга
Кайрылбастан Семетей
Кыяматка барды эле,
Ошол кезде Семетей
Жер көтөргөн эмедей,
Ана-мына дегиче,
Ачып көздү жумганча,
Жаш чыбыктай толгонуп,
Жаш жолборстой жондонуп,
Коңурдун колун имерип,
Колтукка муштап жиберип,
Манастын уулу Семетей,
Оңолуп минип алыптыр,
Ала тоодой калчаны,
Ачып көздү жумганча,
Бакалоордон алыптыр,
Чыкыйга колду салыптыр!
Дем ала албай Коңурбай,
Оозун ачып калыптыр.
Карап турган көп кыргыз
А, кудайлап чуркурап,
Тегеректеп алыптыр.
Ошол кезде Коңурбай
Эптеп колдон бошонуп,
Топурактай бозоруп,
Оозунан каны тамчылап,
Алгараны камчылап,
Качып жүрүп калыптыр.
Ачынып алган Семетей
Ак жолборс чапкан эмедей,
Атырылып кекенип,
Манастан ураан салыптыр.
Алгараны узатпай
Айкалышып калыптыр.
Тоодой болгон Коңурду
Тоо кулаткан эмедей
Алгаранын үстүнөн
Ажыратып салыптыр.
«Кан Коңурбай өттү» деп,
«Калктын кеги бүттү» деп,
Башын кесип ыргытып,
Кара канын жылжытып,
Бура тартты Семетей
Тайбуурулду чулгутуп.
Ошол кезде карасаң,
Кара калмак кайгырып,
Калчасынан айрылып,
www.bizdin.kg
424Өлүктөрүн сай кылып,
Дөгүрсүгөн олжокеч,
Дөөлөрүнөн айрылып,
Канаттары кайрылып,
Алсыраган жармачтар
Кол куушуруп калды, дейт.
Алдуулары кылчайбай,
Алыс жолго салды, дейт.
Олжо кылам дегендер,
Ойрон болор баштарын
Араң коргоп калды, дейт…
Алакандай аз кыргыз
«Анык жоону жеңдик, — деп,
Азыр тийди теңдик, — деп,
Үпчүлөрүн чечишип,
Үч кайтара бекишип,
Олжолорун бөлүшүп,
Ою менен өбүшүп,
Эл эсебин такташып,
Эрдиктерин макташып,
Семетейдин кылганын
Ырчылары макташып,
Тынчып жатып калды, дейт,
Элин эсен сакташып…
Муну мындай таштайлык,
Үмөтөйдүн Семеңе
Кол салышын баштайлык.


Кыргыз