Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Көкчөнүн өлүшү 2-бөлүк

Колундагы сыр найза
Козголбой кармап Алакең,
Саралага камчы уруп,
Жебеден мурун жетти эми.
Кендир курдун чети деп,
Оң, далынын бети деп,
Кыска кармап найзаны,
Алакең муштап келип өттү эми.
Алакең муштап-муштап өткөндө,
Чоң, Ылама калмактын
Ээринен арт кетти,
Үзөңгүдөн бут кетти,
Көзү кетти алактап,
Буту кетти салактап,
Шашкан бойдон бакырып,
Айласы кетип турганда
Акбалтанын Чубагы,
Ойронун, Чубак жетти эми.
Жойкуманы колго алып,
Жеткен жерде Ылама
Учуп түшүп кайран баш,
Бөксөгө каны төгүлдү.
Сараланы койгулап,
Кайра тартып калмакка
Кабылан Алмаң жетти эми,
Уйгу-туйгу түшүрүп,
Калмакты сүрүп кетти эми.
Азизкандын Алмамбет
Ойкуп-ойкуп алганда
Он экиси бир өлдү.
Ойрон Алмаң, көй кашка
Ажыбайга жетти эми,
Жеткен жерде Ажыңды
Жембаштыктай бөктөрүп
Иле качып өттү эми.
Ачып көздү жумганча,
Андай-мындай дегиче,
Алып барып атка мингизип,
Өчкөн отун тамызып,
Өлгөн жанын тиргизди.
Кан Коңурбай мыкты кул,
Ай-жаң-жуң экөө биригип
Акылды салып калыптыр,
Акылга дыйкан Коңурбай
Амалды таап алыптыр.
Ай-жан-жун экөө биригип,
Ооруктагы Манаска
Келин болуп жүгүнүп,
Жети күн уруш тыйгын деп,
Ошондо мөөнөт сурап калыптыр.
Алыс турган Коңурбай,
Айкөлүңдүн жанына
Ай-жан-жун ыйлап барыптыр:
Баатыр ай, бекитип койгон белимди,
Бейпай кылдын, береки Бээжин жеримди.
Казып ийдиң орумду,
Баатырай, кайнаттың минтип шорумду.
Башын алдың кыйратып
Канчалык балбан зорумду.
Менин айткан сөзүмө
Көнөсүңбү кан Манас!
Жети күнү мөөнөттү
Бересиңби кан Манас?!
Жети ай Бээжин кан кылдым,
Баатырым, жети күнгө колуң тый,
Алты ай Бээжин кан кылдым,
Баатырай, алты күнгө колуң тый!
Алты күн уруш сен тыйсаң,
Кырк эшиктүү Бээжинге
Кыйындап кабар салайын,
Кызырдуу кандын бири эле
Баатырай, Карыканды алайын.
Каканчылуу Бээжинге
Алтын таажы кийгизип,
Алтын такка мингизип,
Сени кан көтөрүп алайын!
Жети күн уруш тыйгын деп
Көп өнөрүн таптырып,
Үзүктөй калпак Шуутуну
Ылдамыраак чаптырып,
Кабарды мыктап салды эле,
Бу кабарын укканда
Капыр менен мусулман
Как жарылып калды эле.
Жети күн уруш тыйышып,
Жеткилең кылыч, найзасын
Жергелете жыйышып,
Тулпарларын байлатып,
Он-ондон болуп бөлүнүп,
Аш-тамагын кайнатып,
Жети күн мизгат алган соң
Жеткилеңдин баарысы
Талаага түнөп калган соң,
Жатып уйку кандырып,
Тулпарлардын баарысын
Чөйчөгүн чөпкө толтуруп,
Күндү катка салды эми,
Күн эсебин алды эми.
Кечээ Манаска балта тийгенде
Шалпылдап жаткан жаз эле,
Жерден чыккан чөптөр аз эле.
Ошондо салышып жүрүп караса
Былкылдак куурай бышыптыр,
Мийзамдын гүлү учуптур.
Алтайга мезгил толуптур,
Бээжинге согуш кылганы
Кеңири алты ай болуптур.
Бу кабарды укканда
Адис болгон Алмамбет,
Асмандан алданын күнү бүркөлүп,
Башына алтымыш санаа бир келип,
Ошондо алек болуп калыптыр,
Чочуп Алмаң күйүнүп,
Көк темир тонду кийинип,
Сарала менен самсытып,
Ошондо сандыргалуу Манаска
Баатыр сайрап турду күйүнүп:
Манас кан, айтпадым беле мен бая,
Көк жал, укпадың беле сен бая,
Казмак болдуң орумду,
Баатыр, кайнатмак болдуң шорумду.
Качан болсо тил албай,
Баатыр, коргозмок болдуң башыма
Киши кылбас сонунду.
Ушу жол жети күн мийзам бербесең
Чийбейт белем сызыкты,
Көргөзбөйт белем каканга
Киши билбес кызыкты.
Сынабайт белем, Сараладай күлүктү,
Бээжинге тарттырбайт белем түлүктү.
Сойбойт белем дардайтып,
Коңурбай өңдүү бүрүктү.
Кангайдагы кытайга
Баатырай, баштабайт белем бүлүктү.
Ушу турган чоң Бээжин,
Баатырай, көйнөгүм чечип жууган жер,
Энем шордуу тууган жер,
Киндигим канын бууган жер.
Быйыл менин дене каным төгүлөт,
Найза кармап топ бузам,
Манас кан ажалым жетип окко учам.
Эсен Бээжин тартпаймын,
Баатыр, аман-эсен кайтпаймын.
Баатыр, аман Талас сен барсаң
Атыма каткан жүгөн бар,
Алганым Аруукенин боюнда
Алтай талгак күмөн бар.
Бери карай тартарда,
Серүүнгө чыга конгондо,
Аташканым Арууке
Шерге талгак болгондо.
Шердей бала болот деп,
Ошондо белги кылып алгамын,
Туяксыз болбойт бу баш деп,
Медер кылып калгамын.
Достум Манас кабылан
Аман Талас сен көрсөң,
Катын бала торосо
Эркек тууса чунактын
Тоюна токсон бээни соё көр,
Атадан жетим асыл деп,
Атын эр Күлчоро коё көр.
Эркек болсо ал бала
Минген аты сур болот,
Өзүмдөн өөдө эр болот.
Карарып күйгөн чок болот,
Качырган жоосу токтолот.
Өлбөй жүрсө ал бала
Он далысы кен болот.
Аман жүрсө чунагым,
Ойротту бузган шер болот.
Эгерде эркек болбой кыз болсо
Кожо, молдо жыйып кой,
Ыйлабас жерге кыйып кой.
Арт жагынан асылым
Аркар атып жеп койгун,
Асыл төрөм Алакем
Туяксыз өттү деп койгун.
Алакең керээзин айтып тургуча,
Алакең кеп-кенешин жыйгыча
Боз ала желек кызыл туу,
Бой-бойлогон ызы-чуу.
Кылычтын учу жылтылдап,
Найзанын учу былкылдап,
Мунарыкты көр, чокту көр,
Бузулбай тийген окту көр,
Кап-кара казган орду көр,
Баатыр, кайнатып койгон шорду көр.
Кан Кожожаш баш болуп,
Камынган кытай колду көр.
Кытайдын түрүн коргондо
Чалгынга барса чарчабас,
Оорукка жүрсө оорубас,.
Алдыга салса ак жолтой,
Аркадан жүрсө сан колдой,
Ошондо алтын айдар, чок белбоо,
Азизкандын жалгызы
Жекени белге курчанып,
Жеткилең кара капырга
Жеке кирди кол салып.
Айкырыгы таш жарып,
Акбалтанын Чубагы
Ал дагы кирди согушка.
Манас кандын кырк бөрү,
Кырк жагынан кирди эми.
Жердин жүзү чаң болуп,
Талаанын баары кан болуп,
Тулпарлар туруш бере албай
Айласы кетип жорголоп,
Эчен мыкты балбандын
Боюнан каны шорголоп,
Кең дүнүйө тар болуп,
Кейиптүү булак, тунук суу
Ичерге бенде зар болуп,
Энтигип баспай ат өлүп,
Эсинен талып эр өлүп,
Каралар өлүп, кан өлүп,
Казатка кез болгон жандын баары өлүп,
Нечен мыкты шер өлүп,
Өлгөнүнөн калганы,
Алапайын табалбай,
Найзаларын жөлөнүп,
Нечен ирет кансырап,
Турган экен казатта
Нечен киши алсырап.
Ошондо жылкыдан тулпар ала баш
Акыркы болгон казатта
Алмамбет, Чубак аралаш,
Чалгынга чыкса жол бирге,
Атышка кирсе кол бирге,
Асманда жылдыз козголгон,
Акиреттик дос болгон
Түпөгү кучак сыр найза,
Түздөп кармап имерди,
Азирет тийбес Бээжиндин
Тобун чечип жиберди,
Каарданып бакырып,
Атышта жүрөт эрендер
Манастап ураан чакырып.
Түгөнгөн сайын түтөдү,
Туру суук кара кытайлар
Түбүнөн бери күчөдү.
Зубун-зубун калмакты
Зубуну менен айдаптыр.
Канынан буйрук келгенде
Жер силкинип жайнаптыр.
Топон суу тоздоп кирбеген,
Тозоку кытай эл экен,
Тоодой Манас жаралуу,
Томуктай болгон кыргызга
Тозокту тартар кези экен.
Мунарык тартып жөлөнүп,
Мурунку келген кырк кыраан
Кып-кызыл канга бөлөнүп,
Томпоюп көзгө чаң толуп,
Бүткөн бойдун баарысы
Былкылдабай дал болуп,
Урук-урук көп кытай
Уруусу менен бөлүнүп,
Жердин жүзү былкылдап,
Жайнап калган кези экен,
Алек кылып кытайды
Кечилдин каны Коңурбай
Айдап калган кези экен:
Күрмө кийген манжунун
Күчтүүлөрүн бир болуп,
Таш сайынган кытайдын
Тазаларын бир бөлүп, .
Кылыч чапчуу ыктуусун,
Катар айдап алыптыр
Айбалтачан мыктуусун,
Мылтык атчуу көсөлүн,
Кара мылтык карс этсе
Качпай турган эренин
Как алдына салыптыр.
Чогол мылтык чорт этсе
Чочубай турган беренин
Чогултуп айдап алыптыр.
Коңурбай аттуу кан чыгып,
Добушунан жан чыгып,
Бөлөк-бөлөк кытайды
Бөлүп айдап алыптыр.
Жаа тартуучу, жадачы
Дубакерин бир бөлүп,
Балта чаппай, кылыч жок,
Колу менин жайлоочу
Айлакерин бир бөлүп,
Кызыл-жашыл кийинген,
Жоону көздөй бет алса
Аттан мурун түйүлгөн
Кожожашты баш кылып,
Мергендерин бир болгон
Уруусу кырк кан эл экен,
Башынан жоо тийбеген
Бээжинин жаман жер экен,
Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Адамдын болгон кени экен.
Каптап кытай келгенде,
Караандуу жоону коргондо,
Күндүзү бүркөк түнү ачык,
Ала канчык шыбыргак,
Алмамбет жайын салды эле:
Ошондо бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Асмандан булут сабалап,
Көктөн булут күркүрөп,
Жер жүзүнө камалып,
Тик каптаган кытай журт
Күн көрөргө зар болуп,
Согуш кылган чоң майдан
Найза бою кар болуп,
Жай убакта кыш болуп,
Жабылган кытай, көп манжу
Ошондо кыншылаган кыз болуп.
Кытай үшүп турганда
Ошондо жети миңин майдалап,
Алмамбет, Чубак аты уйкаш
Жеткен жерин найзалап,
Манас деп ураан чакырып,
Күүлөнгөн кара капырды
Ит-Өлбөстүн чөлүнө
Кайра айдап жапырды.
Ошондо Алгаранын оозун
Буруп жүрөт Коңурбай,
Кайра тартып токмоктоп,
Уруп жүрөт Коңурбай.
Ошондо алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын Алмамбет
Коңурбайды коргондо
Алдындагы Сарала
Олбуй-солбуй теминип,
Оң-тетири камчы уруп,
Жеткилеңи Алмаң кан
Коңурбайга жебеден мурун жетти эле,
Жеткен жерде калчаны
Алгаранын үстүнөн
Көмө коюп кетти эми.
Чаначтай мурду барбайып,
Алгаранын үстүнөн
Учуп кетти Коңурбай
Опол тоодой дардайып.
Кан Балтанын Чубагы
Ошондо Коңурбайга жетерде,
Эми жетип башын кесерде,
Ошондо Коңурбайдын кырк төрө,
Чубакка жабылып найза салганы,
Аттан түшкөн калчаны
Алпарып атка мингизип,
Ажыратып алганы.
Алтымыш аяр, сан мерген,
Ак сакалы Кожожаш,
Адырдан тосуп калганы.
Кожожаш мергендиги ашынып,
Бетегеге жашынып,
Кызыл-тазыл кийинип,
Жебеден мурун жүгүрүп,
Алдындагы Чубакты
Аңдып калган кези экен:
Ошондо бармагынан май чыгып,
Каарданган капырдын
Тырмагынан кан чыгып,
Антаңдап шашып сабылбай,
Тиктеген жерден жаңылбай,
Камчы бою капталдан
Ошондо камбыл мерген бир койду.
Баатыр ай, очогор тийди бооруна
Чубактын от чагылды көзүнө.
Ошондо өлөр-өлбөс жан менен,
Жер көрүнбөс чаң менен,
Бээжинден алган сары алтын
Чачып кетти көрдүнбү?
Коркок болуп Чубагын
Качып кетти көрдүңбү?!
Ошондо бүйөнгө тийип белине,
Кан Балтанын Чубагы
Качып кетти элине.
Ит-Өлбөстүн жалгыз жол
Сала качып кутулду,
Аркалуу күлүк Көгала
Акбалтанын жалгызын —
Баатырды ала качып кутулду.
Каражой уулу Кожожаш
Караса козго илинбейт,
Кайда экени билинбейт,
Кайнап жаткан бурутка
Жамгырдай кылып жаа тартып,
Мөндүрдөй кылып ок атты.
Болот октуу сыр келте
Үнүн үнгө коштуртуп,
Аны менен миң атып,
Анын огу жеткиче
Колундагы сыр жебе
Муну менен жүз атып,
Араан ооз ак жебе
Аны менен элүү атып,
Астындагы сыр келте,
Аны менен кырк атып,
Жайнап огу тийгенде
Ошондо кабылан Серек эр өлүп,
Төлгөчүдөй бөрү өлүп,
Көк жал өлүп, кан өлүп,
Tөө көтөргөн Агаяр
Балбаны дагы өлүп,
Арча кандын Акжолтой,
Ок жанылып ошо өлүп,
Төгөрөктүн төрт бурчка
Төптө кабар берчү эле,
Төтө Шууту дагы өлүп,
Аркан үзөр Акжолтой
Манаска жакын бала өлүп,
Ошондо Байчоро бала дагы өлүп.
Ошондо Алмаң көй кашка
Бээжинге кирип кайрылып,
Жалгыз калды Алакең
Берендерден айрылып.
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Көк жалын Алмаң эр жалгыз,
Көзүнүн жашы он талаа.
Каарданып кагышып,
Алдыңкы кара көп калмак
Качпай туруп салышып,
Падышалап бакырып,
Манастап ураан чакырып,
Алдынкы кара кытайды
Алакең айдап жүрдү сапырып.
Каканчылуу Бээжинди,
Какайлатып кытайды
Камап айдап жүрдү эле,
Ит-Өлбөстүн чөлүнөн
Ары өткөрүп Алмамбет
Айдап келип ийди эле.
Арт жагынан кырк чоро
Такоол болуп калыптыр,
Толуп жаткан кытайдан
Алакең Чубактын өчүн алыптыр:
Бодур кумга келгенде
Боз атчанын бир кырган,
Капталга кирип келгенде
Ошондо, кара атчанын бир кырган
Орто жерин Алмаң шер
Оюп калган кези экен,
Ошондо, бир чекесин кан Төштүк
Союп калган кези экен.
Как ортосун кырк берен
Камап алган кези экен.
Асылын Алмаң киргенде,
Бээжинди көздөй тийгенде
Калың кытай көп манжу
Акылы кетип антаңдап,
Кызыл чоктуу кытайдын
Кыйыны кыргын болгон жер,
Таш сайынган кытайдын
Далайы кыргын болгон жер.
Ошондо, Жаң-жуң баштап каны өлүп,
Кыйындардан Кара балбан дагы өлүп,
Жалгыз жүрөт Коңурбай,
Капа тартып кайгырып,
Жаман болду доңуз ай.
Алгарынын оозун
Буруп жүрөт Коңурбай,
Ошондо, токмоктой болгон айдар чач
Токтоно албай кыйкырып,
Жулуп жүрөт Коңурбай.
Найзакерден ыктуу кул,
Жоонун айласын билген мыкты кул,
Каарданып сабылды,
Ошондо Кожожашка жалынды:
Бөлөгүн айтып нетейин,
Баатыр, өлөңдөн күйгөн өрт жаман,
Өңгөчө, өздөн чыккан жоо жаман,
Сырдашың жаман, сыр жаман,
Сырыңды билип кетти эле,
Жанагы, сырттаның Алмам ит жаман
Жана ачмакчы болду уйкумду,
Көмүрдөй чачты мүлкүмдү,
Кырды нечен журтумду.
Бел байлаган белимди,
Өрттөп ийди ал качкын
Бекип жаткан жеримди.
Ачып кетти уйкумду,
Башында кырк кан журт элек,
Баатыр, кырып кетти журтумду.
Айтканыма көнөгөр,
Бөлөгүн айтып нетейин,
Алмамбетти атып бере көр?!
Акылын калча айтканча,
Аңдып жүргөн Алмамбет
Кылыч колдо кыңгырап,
Айбалта белде шыңгырап,
Сыр найза колдо короктоп,
Ошондо белди бекем байланып,
Күүгүм туман көздөнүп,
Түн жан алгыч түрдөнүп,
Ошондо күнгүрөнүп күүлөнүп,
Жетип калган кези экен
Ач арстан түрдөнүп.
Асты жагын карасаң
Алты миң эрдин сүрү бар,
Аркасына карасаң
Ажыдаардын түрү бар.
Ач болотту шайланып,
Оозунан заары төгүлүп,
Белестен чыкты оркойуп
Ажыдаардай көрүнүп.
Алмамбет түрүн көргөндө
Калча кул, акыл ойлоп алды эми:
Астындагы Сарала
Жарышкан менен мал жетпейт,
Бу каарданган качкынга
Салышкан менен ал жетпейт.
Качымыш болуп калайын,
Муну калың бир шорго малайын,
Колума тирүү бул тийсе
Иттен кап-кайдагы өчтү алайын.
Жети баса бир кыйнап,
Муну ушинтип өрткө салайын.
Ошондо, белеске чыгып Алмамбет,
Сыр бараң менен бир койду,
Каарына чыдабай,
Качып манжу дыр койду.
Ээр белдей белести
Ашып калды Коңурбай,
Астындагы Алгара
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Качып калды Коңурбай.
Манжуну кудай бергин деп,
Тегерегин карабай,
Чындап кууду Алмамбет
Тегеле жанын аябай.
Жеталбай Алмаң сабылып,
Саралага жалынып:
Бүгүн убарлашым Сарала
Башыңды жерге сала көр,
Аркардай арыш ала көр.
Астыңдагы Сарала,
Алакең Сарала санга салды эми.
Ит, ай энкейишке келгенде
Эр калчанын Алгара
Эликтей колу сайылып,
Өр таяна бергенде
Алакеңин Сарала
Жал куйругу жайылып.
Чьщк ылдыйга келгенде
Коңурбайдын Алгара
Букадай мойну бултулдап,
Өр таяна бергенде
Алакеңдин Сарала
Чакмактай козу жылтылдап,
Капырыңдын Алгара
Энкейишке киргенде
Узап кетет закымдап,
Өр таяна бергенде
Алакеңдин Сарала
Жетип барат такымдап.
Күрпүлдөктүн кайкы кыр,
Энкейтип кууп алды эми.
Кубалашкан какыр туз,
Ошол какыр түзүңдө
Суур казган ийин жок,
Буурусун тийген чийин жок,
Жилик чагар ташы жок,
Ангек, чункур анда жок,
Туз талаага келгенде
Сарала менен чу коюп
Асыл шерин жетти эми,
Жеткен жерде калчаны
Оң далынын күзгүгө,
Алакең, оңтойлоп муштап кетти эми.
Ошондо, астындагы Сарала
Муштаганда калчаны
Аргып-аргып түйүлүп,
Ошондо, сынып кетпей сыр найза
Түпкүч болуп ийилип,
Эси ооп калчанын,
Ээринен арт кетти,
Үзөңгүдөн бут кетти.
Көзү кетип алактап,
Буту кетип салактап,
Сан манжу черик кайдалап,
Айласы кетип Коңурбай
Куюшканды кармалап,
Бегирээк кейип бакырып,
«Мөндүлөп» ураан чакырып,
Эстесе сөзү кеч болуп,
Ак жолтой тууган Алакең
Түп этектен алсам деп
Эки көзү төрт болуп,
Колума тийсе капырды
Курмандыкка чалсам деп.
Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай,
Этектен кармай каларда,
Узунунан салаарда,
Койдой башын кесерде,
Коондой ичин жарарда
Ошондо, Аргын кан уулу Ажыбай
Желиккенден кыйкырып,
Алаке деп чакырып,
Ээликтирип жулкунтуп,
Азизкандын беренин
Энтиктирип булкунтуп,
Кайра тартып жетелеп,
Өчкөн отун тамызып,
Өлгөн жанын тиргизип,
Андай кылган себеби:
Кызыккан бойдон калчаны
Кызырдуу Алмаң кайран эр
Кыйындап кууп алыптыр,
Бээжиндин дүмөк капкага
Алакең, жарым бута калыптыр.
Кытай кармап союуга
Алакеңе жакындашып калыптыр.
Бул азабын коргондо
Аргын кандын Ажыбай
Алакеңди кыйкыртып коштоп алыптыр:
Алаке, казып койгон ору бар,
Качымыш болуп Коңурбай
Кайната турган шору бар,
Балта менен чабуучу
Байкасаң нечен зору бар.
Коңурбайдын кара аты,
Кара атынын бар эле
Капталында канаты.
Ирмешине жан жетпейт,
Учкан карга болбосо,
Мындан бөлөк мал жетпейт.
Кечилдин каны Коңурбай,
Буга, алышкан менен ал жетпейт,
Кубалай берсең теңелип,
Ачуу шайтан, акыл дос,
Алоокенин Коңурбай
Тирүү кармап албайбы ай,
Эки көзүн тең чукуп,
Бул азапка салбайбы ай.
Кап-кайда кегин албайбы,
Балааны мындай салбайбы.
Сыргак, Чубак эриң жок,
Алаке, түбү түптүү капырга
Теңеле бербе жөнү жок!
Бел байлаган белиң жок,
Белине тануу кылуучу
Берениң Сыргак шериң жок.
Карагандан как жалгыз,
Ушинтип, кайрыларың дагы жок.
Оозун жыйып алгыча
Алты миң калдай, сан кытай,
Аралаша кол салып,
Жабыла баары жеткени,
Ойронун Алмаң шериңди
Ортого алып кеткени.
Жаман жанга күч келип,
Найзалар сынып бүктөлүп,
Алаткүн дүйнө оңбой кал,
Аманат жанга күч келип,
Мөндүрдү көр, чокту көр,
Бөлүнө тийген окту көр,
Жамгырды көр, жааны көр,
Жабыла тийген окту көр.
Жанжундап ураан чакырып,
Жабылган кытай колду көр,
Кожожаш өндүү зорду көр.
Кылымдын баары козголуп,
Тополоңу тоз болуп,
Бейжай кытай күчөптүр
Бээжинден бери козголуп.
Каражой уулу Кожожаш
Каарданып туруптур,
Каныңыз Алмаң төрөгө
Катуу амал кылыптыр.


Кыргыз