Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Көкчөнүн өлүшү 1-бөлүк

Дыгдырып кууп кол салып
Колго түшкөн Көкчөнү
Алмамбет илип алгыча,
Кабарыңда бар бекен,
Атка оюнчу жөө күлүк,
Казыналык чоң мерген,
Жаман жанга таңылбас,
Караңгыда ийненин
Көзүн атса жаңылбас,
Астынан адам өтпөгөн,
Огу бекер кетпеген,
Каражой уулу Кожожаш
Жашыл кийип дыр коюп,
Айдаркандын Көкчөнү
Чекеден ары бир коюп.
Көкчөнү окко учуруп,
Көңүлү жаман бузулуп,
Кыргыздар катуу күйүнүп,
Кырк кандын эли кытай журт
Каткырышып сүйүнүп.
Минтип кытай турганда
Сарала менен аралап,
Кытай каны Ай-жан-жун
Туура тарта калганда,
Алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын жалгызы,
Туура тарткан Жаң-жуңду
Ыргыта коюп өттү эми.
Аркасынан эр Сыргак,
Алты миң кытай, миң, калдай
Аткарып атка салгыча,
Кытай каны Жаң-жуңду
Башын кесип салды эми.
Адамдын алы жетпеген,
Арстандын тиши өтпөгөн,
Узун бойлуу, кең далы
Акбалтанын Чубагы
Чоң, күрөң минген Нескара,
Манжунун каны ал экен,
Туура турган жеринен
Акбалтанын Чубагы
Көмө коюп өттү эми.
Жөө күлүк минген Канжар кол
Кыйкырып атка мингенче,
Аман алып алгыча,
Кыраан Алмаң, жетти эми,
Кытай каны Нескара
Кырк эки бөлүп өттү эми.
Кыйкырыгы баш жарып,
Балбанынын баарысын
Жыйып алып Коңурбай
Кайрат кылып турганда,
Кан Коңурбай беренге
Кабылан Алмаң жетти эле,
Жеткен жерден Калчаны
Кыргагы болот сыр найза,
Кылчайбастан Алмакең
Чындап сайып өттү эми.
Мына ошондо Коңурбай
Алмакен сайып өткөндө
Жаралуу болду кансырап.
Аты күлүк чын тулпар,
Туйлап чыкты Коңурбай.
Өзөндө күйгөн өрт жаман,
Өздөн чыккан жоо жаман,
Ушу качкын болбосо,
Олжолоп чаап Таласын,
Ондурбайт элем Манасын.
Деп ошентип чоң калча
Ыйлап чыкты Коңурбай.
Буудайык кандын Музбурчак
Телкызыл менен ээлигип,
Боз кисе белге курчанып,
Манас-Манас үн салып,
Жеткилең тууган Музбурчак
Жебеден мурун жетти эми.
Жети сан кытай манжуну
Жеке кирип аралап,
Ортосунан как жарып,
Коңурбайга жетти эле.
Түп этектен аларда,
Түбүнө эми жетерде,
Түү түбүндө Кожожаш
Кызыл кийип, чу коюп,
Кыйкырып кирген Музбурчак
Оң жак чеке өзү деп,
Өксүп тийсе көзү деп,
Мергендикке тазасы,
Белендеп турган машасы,
Ирмеп ийди Кожожаш,
Как жарылды курган баш.
Буудайык кандын Музбурчак,
Бурулбай окко учкан соң,
Көңүлгө батпай көп санаа,
Көзүнөн жашы он талаа:
Музбурчак, Көкчө кан өлсө,
Кез болгон жандын баары өлсө,
Мураска кантип жетебиз?
Кыраандардан айрылып,
Кырылышпай Бээжинден
Элге кантип кетебиз?
Деп ошентип Сыргак жан,
Астындагы Көкчебич,
Чу дегенде чуратып,
Чуу түшүрүп кытайды,
Кез болгонун кулатып,
Каршы чыккан калмактын
Канчаларын сулатып,
Кыдырата карабай,
Азизкандын Алмамбет,
Кыйкырып кирди согушка.
Кан Балтанын Чубагы,
Каарданса сан колдой,
Нойгуттардын кырааны,
Кырк кан эли кытайга
Кылчайбастан аралап,
Кыйкырып кирип келгенде,
Кайран жандан түңүлүп,
Алоокенин Коңурбай,
Карап турду таң калып.
Кан Манастын кырк чоро
Кырк жагынан жабылып,
Жабылган жагы чуркурап,
Жалаң кытай көп манжу
Жабыла качып дыркырап.
Жанды булар койбойт деп,
Кожожашка жалынып:
Мен Коңурбай болгону,
Ай ааламды соргону,
Он экимде эр болуп,
Бээжиндин болдум коргону.
Керүүгө салган там элем.
Кечилдин Ала-Тоодой каны элем.
Ушу Сыргак баладан,
Ээримен арт кетти,
Жүрөгүмө дарт кетти,
Боконо сөөгүм болк этти,
Таш сайынган кытайдын
Тазасы ыйлап солк этти.
Бел байланган белимди,
Эчен бузду чебимди.
Эчен сойду эр Сыргак
Канча берен эримди,
Көп сындырды белимди,
Көп калтырды көөнүмдү!
Кез келгенде Сыргак кул
Энкейиште эр саят,
Жетөөнү катар бир саят.
Оюна койсо эр Сыргак
Түбүмө минтип жетпесин,
Ушул турган кытайды
Түгөл кырып кетпесин.
Айланайын, Кожожаш,
Айтканымды сөздөй көр,
Бөлөгүн айтып нетейин,
Сыргак кулду көздөй көр!
Каражой уулу Кожожаш
Калчанын кебин уккан соң:
Капаланба Коңурбай,
Кара сууда кеме жок,
Канча жыл ооруп мен калдым,
Болбосо каш кайтарар неме жок.
Деп ошентип Кожожаш,
Беленденип белсенип,
Көк байтал менен күркүлдөп,
Пери ургандай теңселип,
Көзү кызыл чок экен,
Өзү Бээжинден чыккан шок экен,
Белен болот ок экен.
Муну угуп Коңурбай,
Кырк кандын эли кубанып,
Доолбасын какты эле,
Сурнайын тартты эле.
Толкуп кытай токтобой,
Тоодой Калча кан болуп,
Туу түбүндө чоң мерген
Кожожашы бар болуп,
Кырк кан эли кытай журт,
Кыйын мүшкүл күн салып,
Каптап кытай калганда
Асман ачык, жер бүркөк,
Жерден бир тал көрүнбөйт,
Каптады кытай былкылдап,
Найзанын учу кагышып,
Кап-караңгы түн түшүп,
Адамдын башы чабышып.
Ошондо алтын айдар, чок белбоо,
Азизкандын жалгызы,
Жетик темир курчанып,
Жер жайнаган кытайга
Жеке кирди кол салып.
Мындай жоону коргондо
Аянбаган чунагын,
Сунгандан кайра тартпаган,
Сумсайганын жазбаган,
Кылычын кынга жөлөгөн,
Ушундай кыйын жоо келсе
Кызыл канга бөлөнгөн,
Кара калпак кыргагы,
Кан Манастын Сыргагы,
Астына кирсе ак жолтой,
Аркадан чыкса сан колдой,
Чыканактап уйку албай,
Чырым этип тынч албай,
Көкчебич менен ойнотуп,
Кезиккенин сойлотуп,
Орто жерин эр Сыргак
Оюп келип берди эле,
Дал ортосун Алмамбет,
Камап келип берди эле.
Тегерегин эр Чубак,
Тешип келип берди эле.
Манас кандын кырк чоро,
Кыйкырыгы таш жарып,
Кырып айдап сурду эле,
Алакандай кыргыздар
Аянбастан кирди эле.
Азууларын аркайтып,
Ат өлүгү тоо болуп,
Муруттарын шыйпайтып,
Эр өлүгү боо болуп,
Не бир жалгыз эр өлүп,
Нечен сонун кан өлүп,
Тулпардан нечен ат өлүп,
Азаматтан эр өлүп,
Өлбөй тирүү жүргөнү,
Кып-кызыл канга бөлөнүп,
Качпай туруп салышкан,
Эки колу шал болуп,
Бүткөн бойдун баарысы
Былкылдабай дал болуп,
Кайкайлашып чуркурап,
Кадимкидей көп кытай
Кайра тартып качты эле.
Кырк кандын эли кытай журт
Кайра качып алган соң,
Ат соорусун салган соң,
Арт жагынан Алмамбет
Сүрүп келип берди эле,
Эс алдырбай эр Сыргак
Тийип келип берди эле,
Акбалтанын Чубагы
Аянбай колду салган соң,
Арт жагынан кырк чоро
Бөлүп айдап алган соң,
Кара таандай манжуну
Кайра айдап сапырып,
Уй түгүндөй шибээни
Уйгу-туйгу түшүрүп,
Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай
Каарданып бакырып,
Качып берген кытайды
Кайра тосуп сапырып,
Алгаранын оозун
Жыйып жүрөт Коңурбай,
Эчен солоон, манжуну
Кырып жүрөт Коңурбай.
Астынан калча тоскон соң,
Ортосунда чуркурап,
Качкан кытай жыйылды,
Кыраандар айдап алган соң,
Кыйла жандар кырылды.
Жаманына карабай,
Жайнап Сыргак кабылан
Кайнап жаткан кытайга
Кайра тартпай кол салып,
Туу түбүндө туруптур,
Кожожаштын атасы,
Каражойго кол салып,
Жебеден мурун жетти эле,
Жеткен жерде эр Сыргак
Каражойдой балбанды
Көмө коюп өттү эле.
Жесе деген бир балбан
Жетип атка мингизип,
Жетелеп жүрүп кеткиче,
Алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын жалгызы,
Саралага камчы уруп,
Асылын Алмаң жетти эле,
Жеткен жерде Алакең
Каражойдой балбандын
Башын кесип кетти эле.
Таш сайынган кытайдын
Тазасынан айрылып
Өлбөй кантип турам деп
Өкүрүп ийди Коңурбай.
Мурутун булкуп ыргытып,
Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай:
Эч болбосо качкын кул,
Алмамбетти соём деп,
Каалгадай кайран тиш,
Таруудайдан быркырап,
Алгара менен чуратып,
Келе жатат дыркырап.
Алмамбетке жетерде,
Сан кытайдын ичинен
Сараланын үстүнөн
Көмө коюп өтөрдө,
Кыдырата карабай,
Кызыккан экен согушка,
Кылча жанын аябай,
Кара калпак кыргагы,
Кан Манастын Сыргагы,
Көкчебичке камчы уруп,
Капталынан калчага
Кайран Сыргак жетти эми.
Алгаранын үстүнөн,
Жети сан кытай ичинен,
Тоодой кылып калчаны
Көмө коюп өттү эми.
Алачыктай барбайып,
Ат үстүнөн Калча кул
Учуп кетти дардайып.
Аттан Калча түшкөн соң:
Алдындагы Алгара
Олжолоп белин сындырып,
Аты күлүк кечилдин,
Минтип жанын тындырып,
Азапка минтип салайын,
Коңурбайдын Алгара
Кылчайып кача бергиче,
Кызыл каптал, даңгыл жол,
Кылт этип буйтап качкыча
Чылбырына тийди кол.
Олжо кылып Алгара,
Ойнотуп коштоп алды эми.
Казылып жаткан калың ор,
Жалгыз ат баспас жаман жол,
Жалгыз жолго түшкөндө
Астындагы Көкчебич
Мүдүрүлүп өткөнү.
Башында болот калканы
Учуп түшүп кеткени.
Каражой уулу Кожожаш
Ат оюнчу жөө күлүк,
Аңдып турган мергениң,
Мергендигин ашырып,
Бет алдында зоңгокко
Калган экен жашынып.
Жерге түшкөн калканды
Жетип илип алганча,
Башына кие салганча,
Эки көздүн ортосу,
Өлчөөлүү жердин өзү деп,
Төмөндөсө көзү деп,
Тиктеп туруп бир койду.
Эр Сыргагың бүк түштү,
А деп айтар ал кетти,
Чекеден кара кан кетти.
Астындагы Көкчебич
Желип чыга берерде
Ооз омуртка тушу деп
Көкчебичти бир койду.
Тегеренип бүк түшүп,
Аты менен ал өлүп,
Арадан Сыргак бала өлүп,
Жайнап кытай жетти эле,
Кожожашы баш болуп,
Он эки курчап кетти эле.
Ат оюнчу жөө күлүк,
Кытай бузуларда чыгуучу
Каражой уулу Кожожаш,
Ошо мерген келгенде
Музбурчак, Көкчө кан өлүп,
Кара калпак кыргагы,
Кан Манастын Сыргагы,
Сунгандан кайра тартпаган,
Сумсайганын жазбаган
Ошондо Сыргак бала өлүп,
Көкөтөйдүн Бокмурун
Ок жаңылып ал өлүп,
Керимсел өлүп, жан өлүп,
Каканчылуу Бээжинге
Кез болгон жандын баары өлүп,
Найзанын баары кагышып,
Адамдын башы чабышып,
Талаанын баары чаң болуп,
Түмөндүн баары кан болуп,
Каарданып Кожожаш,
Калайманды салам деп,
Каны Манас султанын
Азыр кармап алам деп,
Кытай дүмөк салганда,
Алмамбет, Чубак аралаш,
Алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын Алмамбет
Тегерегин карабай,
Теги өлүүчү кырааның,
Тегеле жанын аябай,
Калдайып жаткан кытайга
Жеке кирди кайран эр.
Кырк уруу кытай дүркүрөп,
Кыйыны калча эр болуп,
Алакеңе жетерде,
Ажалым жетсе өлөм деп,
Артыкча досум Алмамбет
Караан болуп берем деп,
Узун бойлуу, кең далы,
Кара болот бу дагы,
Кан Балтанын Чубагы,
Нойгуттардын кырааны,
Алышса адамдын алы жетпеген,
Арстандын тиши өтпөгөн,
Жекелеп белин курчанган,
Жети санча кол келсе
Желбегей кирип кол салган,
Каарданып бакырып,
Кан Балтанын Чубагы
Манастап ураан чакырып,
Астындагы Көгала,
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Он, тетири теминип,
Өөдө-төмөн карабай,
Өлөмүн деп санабай,
Каарданып бакырып,
Кара калмак, манжуну
Кирген жерде жапырып,
Найза жеткен жерлерин
Найза менен аңтарып,
Кылыч жеткен жерлерин
Кылыч менен кыймалап,
Кыйының Чубак киргенде
Жалпы манжу, эр калча
Жамгырдай кылып жаа тартып,
Мөндүрдөй кылып ок атып,
Жамгырды көр, чокту көр,
Жабылып тийген окту көр,
Казып койгон орду көр,
Кайнатылуу шорду көр,
Кайраны калча баш болуп,
Каптаган кытай колду көр.
Кара жанды аябай
Каптап кытай урушуп,
Кайгысы жок эрендер
Качпастан карап турушуп,
Чыканактап уйку албай,
Чырым этип тынч албай,
Күндө тынып калган жок,
Түн тынымын алган жок.
Мына минткен кыргында
Өлгөн менен арман жок.
Салышкан жери Ит-Өлбөс,
Кырк күнчүлүк жол экен,
Куу учканда канаты
Күйүп кетчү чөл экен.
Томуктай жерде тоо жок,
Токумдай болгон коосу жок,
Буурусун тийген чийин жок,
Суур казган ийин жок,
Чык этип жерде суусу жок,
Чымчып жээр чөбү жок,
Кырк күнчүлүк жол экен.
Ошончо түмөн калмакты
Оң-тетири түшүрүп,
Кырып жүрөт Алмамбет,
Жанында жолдош Чубагы,
Аргын кандын Ажыбай
Ашкере жандын ынагы,
Жолдоштошуп алыптыр
Манас кандын кырк чоро аттуу кырааны.
Ошондо орто жерин Алмамбет.
Оюп келип берди эми,
Тегерегин кырк бөрү
Союп келип берди эми.
Калдайган четин кан Чубак,
Камап келип берди эле.
Ошол талаан согушта
Алайган көзү чолпондой,
Ай кулагы калкандай,
Батасы журтту байыткан
Падыша Кошой кары бар,
Эштектердин Жамгырчы,
Элемандын эр Төштүк,
Койчу, мусулмандын баары бар.
Качырып кирген согушта
Азууларын аркайтып,
Ат өлүгү далай бар.
Муруттары сербейип,
Эр өлгөнү далай бар.
Найзасы сынып белинен,
Айласы кетип таптакыр,
Шашып жүргөн мындан көп.
Куюшканы үзүлүп,
Ээри кетип мойнуна,
Эми кыргын болдук деп,
Качып жүргөн мындан көп
Нечен качыр, тулпардын
Ээр-токум боорунда,
Туйлап жүргөн мындан көп.
Эсил кайран жан боорум,
Эми кайдан көрөм деп,
Ыйлап жүргөн мындан көп.
Эрендердин баарысы
Чет-четинде таралып,
Жамандардын баарысы,
Кудай албай былкылдап,
Ортосунда камалып.
Камчыга кайрат берүүчү
Кабыландын баарысы
Чет-четинде бөлүнүп,
Каршылашкан чоң согуш,
Адамдын каны төгүлүп.
Ит урушун салганда,
Качып кытай калганда,
Ат тизгинин айкырып,
Жыйып жүрдү көрдүнбү,
Алты сан кара кытайын
Кайра кайрып Коңурбай
Кырып и иди көрдүнбү!
Мергендерин бир бөлүп,
Бет алган жерин кыргын деп
Айдап кирди көрдүңбү!
Кылыч чабар ыктууну
Бөлөк бөлүп алыптыр,
Найзакерден ыктууну
Астыга айдап салыптыр.
Ат оюнчу жөө күлүк
Ал дагы каптап алыптыр.
Асман ачык, жер бүркөк,
Жерден бир тал көрүнбөйт,
Мунарык болуп бурчтанат,
Булуңгур болуп учтанат.
Ошо кезде береки
Кан Балтанын Чубагы
Көгалага камчы уруп,
Жеткилең белин курчанып,
Каарданып сумсайып,
Кайран жанды аябай,
Канжаркол канга жетти эле,
Канжарколдой балбанын
Жеткен жерде Чубагың
Көмө коюп өттү эле.
Айба деген бир балбан
Көтөрүп атка салганча,
Аргын кандын Ажыбай
Башын кесип кетти эле.
Канжарколу өлгөндө
Он башысы ороктоп,
Элүү башы короктоп,
Эрендери кылкылдап,
Найзалары былкылдап,
От чагылып көзүнөн,
Шамал чыгып оозунан,
Кылычы кында кыңгырап,
Айбалта колдо шыңгырап,
Кебез белбоо, кен өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай,
Өкүрүгү таш жарып,
Кыйкырыгы баш жарып,
Катынын кара баскансып,
Куугуну жаны качкансып,
Көзү жайнап сөгүлүп,
Оозунан заары төгүлүп,
Канжарды сайган Чубакка
Качырып калды Коңурбай
Ажыдаардай көрүнүп.
Жебелүү найза колго ал
Алгарага камчы уруп,
Жебеден мурун жетти эми,
Көгаланын үстүнөн
Жеткен жерден Чубакты
Көмө коюп өттү эми.
Антип кылды шумдукту,
Тирүү байлап алгын деп
Калкына кылды буйрукту.
Чубак аттан түшкөндө,
Алты миң калдай, сан балбан
Адис болгон ар жоого,
Жоонун аксакалы Коңурбай,
Айкырып үндү салды эми,
Калың кытай, көп манжу,
Чубакты каптап жатып калды эми.
Кылкылдап кытай жүгүрүп,
Кытай кыстоо кылганда
Кызыталак жандан түңүлүп,
Ай караңгы болгондо
Түн ушундай экен деп,
Ажалды башка салганда
Кудай, күн ушундай экен деп,
Калдайды чапкан бек бүтөп,
Карап туруп Чубагың
Каңырыгы бек түтөп:
Калың кытай, көп манжу
Тирүү кармап алабы?
Кан Балтанын Чубагы
Көөнү келсе кытайдын
Колуна гана түшүп калабы?!
Тизеси жерге бүгүлүп,
Чубагың тиктесе жандан түңүлүп,
Аябаган дүмөктү
Салып турат көрдүңбү,
Чорто мылтык чорт этсе,
Чочубастан баш-башын
Алып турат көрдүңбү,
Бечара Чубак кой кашка,
Берендиги сында жок,
Бет алышып урушуп,
Ажыратып алуучу
Берениң Алмаң мында жок,
Улуктугу сында жок,
Ушу кыргын ичинде
Уялаш гана Манас мында жок.
Өөдө-төмөн карабай,
Чубакең өлөмүн деп санабай,
Асмандан түшкөн алты курч,
Кылычтын кынай мыктуусу —
Манас алган зулпукор,
Ажыбайдын ач албарс,
Бакай алган ач болот,
Чубак алган жойкума,
Алмамбет алган ак албарс,
Сыргак алган нар кескен,
Алты болот курч ошол,
Алдыңкы кара кытайды
Айгайлатчу мүлк ошол.
Темирден кайра тартпаган,
Баш албай кайра кайтпаган,
Кан ичпей кынга кирбеген,
Сууруп алса кан акпай куру жүрбөгөн
Ошондо Чубак кой кашка
Кармап алып сабынан,
Ошондо сууруп алып кабынан,
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай,
Найзачан кирген кытайды
Ат үстүнөн кулатып,
Бет алдына келгенди
Чубак томурайтып сулатып,
Башына чалма салдырбай,
Толкуп жаткан кытайга
Тосуп турду Чубагың
Тогуз күнү алдырбай.
Асынганда, жаныбар,
Айдалынын айнеги,
Айгашкан жоого салганда
Аманат жандын эрмеги,
Ойноп атса очогор,
Каарданса топ бузар,
Колундагы сур келте,
Оңго ооп бир атып,
Ошондо ойрондорун сулатып,
Башына чалма салдырбай,
Акбалтанын Чубагы,
Денеге торду салдырбай,
Өзү жоо Чубагың
Өөдө-төмөн жүгүрүп,
Өрттөнгөн дүйнө оңбой кал,
Өмөлүп кытай келгенде
Өлөм деп жандан түңүлүп,
Топурак учуп чаң кетти,
Тогуз күнү урушуп
Чубакеңден ал кетти.
Ал кеткенин билгенде
Алоокенин Коңурбай
Айкырып найза салды эле,
Арстан туулган кыраанын
Этеги менен найзасын
Чубакен эше чаап салды эле.
Уй куймулчак Сарала
Уюлгутуп чуратып,
Токтоп жүрөт Алакең,
Эгизим Чубак кайда деп
Энкейишип урушуп,
Жоктоп жүрөт Алакең.
Орто жерин талкалап,
Сабап жүрөт Алакең,
Ойронум Чубак кайда деп,
Ошондо карап жүрөт Алакең.
Кандуу кыргын ичинде,
Токтоп жүрөт Алакең,
Эгизим кайда кеткен деп,
Жоктоп жүрөт Алакең.
Ээр белдей кайкыдан
Эсил Алмаң кой кашка
Чыга калып караса:
Жайнап жаткан көп караан,
Токой десе эл экен,
Ал тунарып күйүп көрүнгөн,
Жылдыз десе чок экен.
Түнөрүп күйгөн көп жайкын,
Камгак десе, ок экен.
Түнөрүңкү көрүнгөн
Дүмпүйгөн кара кол экен.
Кайкайыңкы көрүнгөн
.Камышпы десе, эл экен,
Кан Балтанын Чубагын
Курчап алган кези экен.
Кырк уруу кытай кайран журт
Кыйкырып үндү салыптыр,
Кыйыны Маңкуш, Коңурбай
Тегеректеп алыптыр.
Көгаладан айрылып,
Көк жалың Чубак кабылан
Көмкөрүлгөн кытайдын
Ортосунда калыптыр.
Кыйын Чубак эгиз деп,
Кыраан Алмаң көй кашка
Кыйкырыкты салды эми.
Жебеден мурун жетти эми,
Жеткен жерде Чубагын
Бөктөрө качып өттү эми.
Өчкөн отту тамызып,
Акбалтанын Чубактын
Өлгөн жанын тиргизип,
Оң тизеге мингизип,
Астындагы Сарала
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Он-тетири теминип,
Аманат жандын айынан
Шашып чыкты көрдүнбү?
Ала качып Чубагын
Качып чыкты көрдүнбү?
Жолунда турган Көгала
Жолборсун Алмаң жетти эле,
Жеткен жерден Чубакты
Мингизе качып өттү эле.
Чубак атка минген соң,
Тизгин колго тийген соң,
Камышты көр, селди көр,
Кайкайлап ураан чакырып,
Каптаган кытай элди көр.
Токойду көр, топту көр,
Токтонбой тийген окту көр.
Казылган калың орду көр,
Берени Калча баш болуп,
Келген кытай элди көр.
Алтын айдар, чок белбоо,
Азизкандын жалгызы,
Карыкандын жай ташын
Чап жанынан алды эле,
Бир чөйчөктөй кара суу
Кур дегисе салды эле.
Жаканын баары жамгырлап,
Бөксөнүн баары мөндүрлөп,
Жайдын күндү кыш кылып,
Кийими жука кытайды
Кынкылдатып кыз кылып,
Кыргыздар деп бакырып,
Үшүп турган кытайды
Кайра тартып Алмамбет,
Айдап жүрдү сапырып.
Орто жерин Алмамбет
Оюп келип берди эле,
Тегерегин Чубагың
Чоюп келип берди эле.
Кыл чекесин кырк чоро
Союп келип берди эле.
Кырк чоронун кымбаты
Кырктын башы Кыргыл чал,
Кыйыны Шууту эрен бар,
Аргын кандын Ажыбай,
Акбалтанын Чубак бар.
Төө көтөргөн Акаяр,
Берендердин баары бар.
Кошой, Төштүк, каны бар,
Кырк чоронун баары бар.
Жылкыда тулпар ала баш,
Алмамбет, Чубак аралаш,
Жекени белге курчанып,
Жети сан кара кытайга,
Жеке аралап кол салып,
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай.
Чыканактап тынч албай,
Чырым этип уйку албай,
Күндүзү тыным алган жок,
Күндө тынып калган жок.
Казылып алган орду көр,
Кайкайлап ураан чакырып,
Каптаган кытай колду көр.
Мунарыкты көр, чокту көр,
Бузулбай тийген окту көр.
Каптаган кытай элди көр,
Ат көтөрбөс жөөнү көр,
Асман ачык жер бүркөк,
Жерден бир тал көрүнбөйт,
Топурак чайнап тоз учуп,
Элден бир тал көрүнбөйт,
Боз ала желек туу болуп,
Бойбойлогон чуу болуп,
Ак ала желек кара туу,
Айкайлаган чуу болуп,
Чоң казаттын өзү экен,
Кытай менен кыргыздын,
Кез келүүчү кези экен.
Кандуу чаңга канышып,
Кайра тартпай эрендер,
Качпай туруп салышып,
Эрендин баары жадашып,
Кан Коңурбай баш болуп,
Качырып кытай жетти эле,
Кызырдуу Алмаң көк жалды
Кыйкырып кытай журттары
Кырк эки курчап кетти эле.
Ит-Өлбөстүн чөлүндө
Өлбөй житпей Алмаңдын
Коюлуп көзү киртейди.
Козголуп кытай кеткенде,
Алакеңе жети миң найза бир тийди.
Жетимиш күнү аралап,
Жети жерден жара жеп,
Чубагы чыкты бир жактан.
Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде,
Кара буудан күлүктөр
Кызыл болуп калыптыр.
Манас ,кандын кырк кыраан
Өткөрө кыйын салышып,
Берендер ажырашып калыптыр.
Чөл-Майдан деген талаа бар,
Кырк чоронун нечен жерде жара бар.
Ажыбай, Шууту каны бар.
Арт жагына карасаң
Бүткүл кыргыз журттун баары бар.
Акылдан кетип алтаңдап,
Айла таппай калтаңдап,
Алмамбет, Чубак эки шер,
Айласын таппай кыргыздар,
Качып калган кези экен.
Орто жерин Коңурбай
Чойгулап кууп калыптыр,
Эки четин Нескара
Эшип чыгып келатат,
Аттан түшүп калганын
Ат оюнчу жоо күлүк
Казыналык балбандар
Баштарын кесип чыгып келатат.
Алакандай кыргызды
Астыга салып ийирип,
Тийип чыгып келатат,
Арт жагынан көп кытай
Сүрүп чыгып келатат.
Качкандарды көргөндө
Буудандын оозун буралбай,
Бууругуп ыйлап өпкөлөп,
Бууданын Алмаң туралбай,
Найза кармап сабылып,
Жанындагы кырк жигитке жалынып:
Айланайын кырк чоро,
Кечээ Жылгындуунун оюнда,
Кен Таластын боюнда,
Калың аргын ой тартып
Конуп жаткан кезинде,
Күндүзү кымыз, түнү кыз
Болуп жаткан кезинде,
Ок өтпөс кара калпакты
Кырдап турган кезинде,
Кошо билип кыргызды
Жыргап турган кезинде
Жабылып баарын турганда
Жаяны кесип жечүү элем,
Жабыркатып жанымды
Жаң-жуңду бузам дечүү элем.
Кара болот зулпукор
Көөлөшүп кетем дечүү элем,
Кытай бир турмак кылымга
Сен, жөөлөшүп кетем дечүү элең.
Ойлонуп кылган ок өтпөс
Кийишермин дечүү элең,
Алакандай кыргыздын
Азап түшсө башына
Он сегиз миң ааламга
Тийишермин дечүү элең.
Найза кармап жоо келсе,
Азаптуу жерден доо келсе,
Найзалашып кыйкырып,
Озуп алам дечүү элең.
Кыр жагында кытайдан
Кыйын кыстоо иш келсе
Кылчайбай кирип атышып,
Кызыталак, тосуп алам дечүү элең.
Ок өтпөгөн асыл тон
Кийишермин дечүү элең,
Мүшкүл иш көрсө көп калкым
Бурулбай кирип атышып,
Сен тосуп алам дечүү элең!
Ажалдуу киши өлбөйбү,
Азапты пендеси чиркин көрбөйбү?!
Батырбайбы кара жер,
Киргизбейби казган көр.
Өлүм деген чоң конок,
Өлбөгөн жандын баарысы
Тирүүсүндө жутунат,
Ушу турган өлүмдөн
Баатырлар, кайсы жан качып кутулат?
Толкуп келген кытайга
Токтобой уруш салалык,
Толуп жаткан кошуунду
Баатыр ай, ажыратып алалык.
Өлгөнүнөн калганы
Жерине качып барбайбы,
Өзү Манас жок эле,
Бизди кырдырып ийди чоро деп
Ошондо осок кылып салбайбы.
Ушактап журтун жебейби,
Кабыланы мында жок,
Кызыталак кырк чоро,
Качып өлдү дебейби.
Кыркы кырк жерден келген дебейби,
Кызырдуу Манас анда жок,
Кыялында кырк чоро
Моминтип бизди жебейби.
Азизкандын Алмамбет
Арстандай чамынып,
Манас кандын кырк чоро
Артынан кирди жабылып.
Күн эсебин алган жок,
Күнүгө тынып калган жок.
Чыканактап уйку албай,
Чырым этип тынч албай,
Күндө тыным алган жок,
Алмамбет, Чубак, кырк чоро,
Баатырлар, өлгөн менен арман жок.
Эрендер эми бакырып,
Манастап ураан чакырып,
Кайнаган кара кытайды
Казатка кирген кайран эр
Кайра айдады сапырып.
Өткөлдүктүн түзүндө
Кытай кайнап калыптыр,
Жайнаганга көз салса
Аргын кан уулу Ажыбай
Ылама деген калмактын
Колуна түшүп калыптыр,
Башына коок кийгизип,
Ажыкеңди кытайлар
Тирүү байлап алыптыр.
Алмамбет, Чубак эгизим,
Эгизим качан жетет деп,
Ажыкеңдин эси ооп калыптыр.
Көзү кеткен алактап,
Ажыкеңдин эки бут кеткен салактап.
Ээр белдей кызыл чөл
Алдында барат Алакең,
Колго түшкөн Ажыңдын
Жанында барат Алакең.
Ажыкеңди көргөндө
Аянбай сунуп найзаны,
Бели ар жакта мекчейип,
Эки көзүн карасаң
Тышына чыгып чекчейип,
Найза колдо арбайып,
Акбалтанын Чубагы
Ажыбайлап кыйкырып,
Ал дагы качырып калган дардайып.
Жеткилең кыраан Алмаң шер,
Чоң Ылама калмакка
Жеткен жери ошол жер.


Кыргыз