Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эсенкан буйрук кылып жолойду баш кылып Манаска кол аткарганы

Күрмөчөнүн култуйтуп,
Күчтүүсүн сынап алганы.
Күн жаң-жуңду баш кылып,
Миң балбанды салганы,
Манасты байлап алууга
Эсенкандын жаңжалы!
Эсенкандын ордодон,
Алып чыкты бир буюм
Башаалыгы чоң экен,
Атышка кийсе ок отпос
Кайран Эсенканындын,
Камдап жүргөн тону экен!
Этеги жайык Көк күбө,
Ок өтпөгөн бек күбө.
Аркасы чынжыр себилден,
Омуроонун баарысы
Ок өтпөгөн темирден.
Көрсөң тону ушундай,
Төш үстүнө тактырган
Коордон топчу муштумдай.
Казынадан тон кийип,
Каргадай учкан ат минип.
Кокүлүн кыркып жалы жок,
Жал, куйругун чарт түйүп
Кызыталак мамынча,
Ай жан-жун жүрдү жол менен.
Каарды катуу баштады,
Кайраты жок жаманды
Колдон бөлүп таштады.
Найзага камбыл ыктуусун,
Айбалта чабар мыктысын.
Мындан кыйла кол берди,
Этеги тилик бир карыш
Ок өтпөгөн тон берди.
Кандыгын калың билгизди,
Казына тонун кийгизди.
Кебез белбоо, кен өтүк,
Кечилден жыйнап кол алып
Атка балбан, жөө күлүк,
Атышка балбан чоң бүлүк.
Желгенине жел жеткис.
Артык балбан Дөөдүр алп.
Кечилден мынча кол берип,
Дөөдүр алпты жиберди.
Кырк үйлүү кыргыз бурутту,
Кылын эсен калтырбай,
Кырып кел деп ошону,
Чоң Дөөдүрдү жиберди,
Чоң Дөөдүрдүн астына
Керишке минсе кебелбес
Кер качырды мингизди
Кер качыр жайы ушундай:
Кырк күнчүлүк жол басса,
Кыясы кымбат бел ашса,
Кылт этип суу ичпеген
Чыдоосуна жүрүшкөн,
Коргон адам тан калган.
Тан калбай адам калбаган,
Какандын каны Бээжинди
Каптаган мүшкүл келсе да,
Кагышына минсин деп,
Как ошого камдаган.
Караган бенде тан калган.
Түркүгү алтын ордодон,
Асманга учуп топурак
Адам кайнап топурап.
Кандыгы журтка дайын кан,
Тотукуштун куйругун
Тогуз түрдөп сайынган.
Күрмөчөнүн күлдүйтүп,
Кызыл күрмө тон кийип
Кыйын мерген Каражой
Жеткилең Манас канкорду,
Жетип байлап алууга
Темир аркан кол алып.
Айныбай кармап алуучу,
Чалмачанды мол алып,
Анын ары жагынан
Каражой чыга калганы.
Каражойдун артынан,
Шуру отогот, маржан таш
Лун-тундун каны аралаш.
Албан түрлүү көп колун,
Абыдан көрүп алганда
Алек болду кайран баш!
Кырк үйлүү кыргыз Манасты,
Кыйратып чаап алууга
Калмактардын Жолою,
Каалап чыкты ошол чак.
Эсенкан буйрук кылганда
Кытайлардын Тагылык,
Кыжылдады көп улук!
Таш сайынган кытайдын,
Тазалары жыйылып,
Күчтүүлөрү оолугуп.
Далай балбан, далай дөө,
Арбыны атчан, көбү жөө,
Баарысы балбан, баары дөө,
Найзакерден ыктуусу,
Айласы толук мыктуусу,
Найзага камбыл берени,
Өлүмдөн кайра тартпасы,
Ажалдан кылча кайтпасы,
Каны буйрук кылганда,
Аламан коюп жөнөлдү.
Караса көзгө илинбей,
Кайсы экени билинбей.
Асман ачык, жер бүркөк,
Жерден бир тал көрүнбөй.
Топурак учуп, жер чаңдап,
Элден бир жан көрүнбөй.
Караса көзгө илинбей,
Кудай бетин көрсөтпө
Кайсы экени билинбей!
Асманга учуп топурак,
Балбан жүрүп топурап.
Калмактардын кан Жолой,
Кайраты бөлөк, заары күч
Катылганды кылат түз!
Жолойду көрсөң жолобо,
Бул каапырдан күдөр үз!
Көк күбөнү кийгизип,
Туурасы жоон, бою пас,
Тултугуй беттүү кең далы,
Алышканды койбогон
Бир ноопаздын этине
Бир жегенде тойбогон.
Балбандыгы башкача,
Баатырдыгы бир канча.
Көк күбөнү жамынып,
Оозунан түтүн буркурап,
Көзүнөн жалын шыркырап.
Кутургур жайы ушундай,
Албан түрдүү балбаны,
Аскерин толук алганы.
Жолой кирди жол менен,
Санаты бир миң кол менен,
Байлашаары бай Жакып,
Чалышаары Акбалта.
Кармашаары кан Манас,
Колуна тийсе буларды
Чамасы жетип күч келсе,
Кашайта көзүн оюуга,
Кырк үйлүү кыргыз Манасты,
Кандарын ичип тоюуга.
Ал Жолойдун артынан,
Кызыл-тазыл кийинген
Кымбаттуусу Бээжинге,
Даңкы угулуп билинген.
Балбандыгы башкача,
Баатырдыгы бир канча.
Атагын көргөн чочуган,
Ат оюнчу, жөө күлүк
Ажайыптан окуган,
Бек сыйкырчы, чоң жайчы,
Кан алдына келгени
Бузулаарда чыгуучу,
Адис кыраан мергени.
Жаа тартуучу ыктуудан,
Чалма уруучу мыктыдан,
Эң эрдиги келгенден,
Эсеби жок мергенден,
Кайраты толук ыктуудан,
Кайра тартпас мыктыдан,
Сел каптаса шашпастан
Адам эмес түгөнгүр
Өрттөн кайра тартпастан
Туу түбүнө тургандан,
Жоо дегенде тап коюп,
Белди бекем буугандан
Каражой чыкты жол менен,
Манасты байлап алууга
Балакетти салууга,
Бу да бир миң кол менен.
Анын арка жагынан
Күрмө кийген күчтүүсү,
Акылга дыйкан ыктуусу,
Найзакерден абыдан
Жоого даңгыл мыктысы,
Чабышка баатыр кыскасы,
Жоо айласын абыдан билген устасы.
Кара мүртөз каапыры,
Жоонун айласын билген баатыры,
Кылычы кымбат миздүүсү,
Найзасы артык учтуусу
Кара канга канышып,
Качпай туруп салышып.
Кыйбат жерде жайлалуу,
Кылып ийчү эмедей
Кынжы менен байлалуу.
Кыйындан тандап кол алып,
Дөөдүр чыкты жол менен,
Бу да бир миң кол менен.
Буйрук алып канынан,
Каарды катуу кылууга,
Төрө Манас буруттун
Төбөсүнөн басууга,
Кырып-союп кыйратып,
Төрт түлүгүн чачууга,
Жээк тартып кылкылдап,
Жети миң балбан каптады
Жер айрылды былкылдап.
Кылыч тийсе кыңкайбас,
Кыйындарын бир бөлдү
Айбалта чапса баа дебес,
Баатырларын бир бөлдү.
Көзөп жоого ок аткан,
Мергендерин бир бөлдү.
Найзага камбыл айлакер,
Камбылдарын бир бөлдү.
Бөлөк-бөлөк бөлүнтүп,
Кармашаары кырк үйлүү
Душмандык түрүн көрүнтүп.
Эсенкандын көп аскер,
Өлөң айтып чуркурап,
Албан түрлүү кол болуп,
Адам көргүс мол болуп,
Күчүнө келип күпүлдөп,
Кол алдында эр Жолой,
Кол артында Нескара,
Ортого алып дүпүлдөп,
Миңден аскер бөлүнүп,
Жайнап чыгып келатат.
Дөөдүр алп менен Каражой,
Айдап чыгып келатат.
Айдаган колу ошондо,
Курт экени билинбей,
Жайнап чыгып келатат.
Камыштай найза көрүнүп
Кайраттуусу мыктысы,
Алды менен бөлүнүп.
Жерге кылдат жол билгич,
Жеткилең Жолой балбаны,
Боз адырмак кыяны,
Таптап алган кези экен.
Кантсе бурут мында деп,
Камбыл тууган эр Жолой,
Баштап алган кези экен.
Боз туурдук жаап үркүтүп,
Өнгөн Жолой эмеспи.
Чалгын чалып жер кайкып,
Конгон Жолой эмеспи.
Иткелдүү сорпо, майлуу эт,
Жеген Жолой эмеспи.
Маа балакет кайда экен
Деген Жолой эмеспи.
Көк ала майдан шиберге,
Өнгөн Жолой эмеспи.
Көчүп-конуп баштатан
Конгон Жолой эмеспи,
Жерге билгич чоң жолчу,
Сан бетеге сексен чөп,
Салган жерден изин кууп,
Сан колу жерди жапырып,
Бууп чыгып келатат.
Кырк үйлүү кыргыз, бай Жакып,
Кеткен изин эр Жолой,
Кууп чыгып келатат.
Арсак-терсек көрүнгөн,
Алтайдын берки четинде,
Аңырайган капчыгай,
Арманы ашык, иш мүшкүл,
Кырк үйлүү көчкөн кыргыздар,
Арманын айтат бир далай.
Кечээ Жакып кандын жаш Манас
Кылгылыкты кылганда,
Дөңгө менен эр Кочку
Коройтуп чогуу сойгондо.
Жоон алп менен Каман алп,
Белеске кырып койгондо,
Калмакты Манас чапканда,
Акбалта акыл тапканда,
Асмандан алданын күнү бүркөлүп,
Башына алтымыш санаа бир келип,
Алтай ашык жер болбой,
Кара калмак эл болбой,
Ойлогон экен Акбалта,
Айгыр минип суу бойлоп.
Ашык акыл чоң ойлоп.
Сан караны чачууга
Ойлогон экен Акбалта,
Кыргызды көздөй качууга,
Уулу Манас уу чыгып.
Акбалта акыл тапканда,
Айгырды биттеп ат кылган,
Алтайдан көчүп кетүүгө,
Бул акылды бат кылган.
Кочкорун биттеп ирик кылган,
Буураны атан тоо кылып,
Алтайда кара калмактын
Жылкысын тийип жоо кылып,
Букасын бычып уй кылып,
Аз үйлүү журтту буй кылып.
Жаккан отун өчүрүп,
Акылман экен бай Жакып,
Аз үйлүү болгон кыргызын,
Жалпы баарын көчүрүп,
Бокжоромол бокчонун,
Болбой баарын чачыптыр,
Отор-отор оюнчук,
Ойной көчүп качыптыр.
Көңүлдүн баарын оорутуп,
Көлүктүн баарын жоорутуп,
Малдын баарын чубатып,
Балдардын баарын ыйлатып,
Күндүзүндө тынч албай,
Түн ичинде уйку албай,
Минтип көчүп алыптыр.
Кошойго Манас кетиптир.
Кеткени бир оокум өтүптүр,
Жолой колду салууга
Койбой талап алууга,
Үч күндүк жолу калыптыр.
Ошо кезде Кутубий,
Чочуп намаз окунуп,
Телкызылды токунуп,
Оролмо тоонун урчукка,
Салып кароол карады,
Оңурайган тумшукка.
Кароол чыгып караса,
Калк аманын кааласа;
Күрмө кийген күчтүүсү,
Күчөп каптап калыптыр.
Калдайдан бери куралып,
Каптап жүрүп калыптыр.
Камышты көр, селди көр,
Какандап ураан чакырып,
Каптаган кытай элди көр.
Жер жүзүндө чөптү көр,
Чөпчөлүк кытай көптү көр.
Казып койгон орду көр,
Кайнатылуу шорду көр.
Ак асаба туу келет,
Караса жанга зор келет.
Асты жагын караса,
Карыпчысын калдайтып,
Кайран Жолой чоң келет.
Быяк жагын караса,
Манжулардан Нескара,
Баары каптап алыптыр.
Урушка кылган барабан*
Барсылдап бекем кагылып,
Кара жагал* тагынып,
Кайнап жаткан көп улук
Кең Алтайдын урчукта
Айдап чыгып келатат.
Курт экени билингис,
Жайнап чыгып келатат.
Төө мойноктун кыраңда
Көбү чыгып келатат.
Адыр-күдүр тумшуктан
Теңи чыгып келатат.
Кайсы экени билингис,
Кыжылдаган каапырлар
Жайнап чыгып келатат.
Карыганда Акбалта,
Картайганда Жакып бай,
Каптап бул кол жетеби?!
Берен Манас дагы жок,
Кызык кылып аз элди,
Кыргын кылып кетеби?!
Бейлебей жаткан бул элдин,
Төбөсүнөн басабы?
Төрт түлүгүн чачабы?
Эми көргөн эми жок,
Ушундай экен дүйнө бок.
Белгилүү Манас дагы жок,
Көрүп кантип жатайын,
Кырк үйлүү кыргыз журтуна
Кыйналчуу кабар айтайын.
Кырк үйлүүдөн кырк бала
Бараан кылып алайын,
Токтобой уруш салайын.
Качып, үрк — деп, элине,
Кабар айтып барайын.
Кайра тартып урушуп,
Кайрылып колду салайын
Деп, ошондо Кутубий
Астында тулпар Телкызыл
Кайыбынан кабылган,
Как талаадан табылган,
Кулан менен куушкан,
Не да болсо, жаныбар
Тулпар менен туушкан
Туура тулпар Телкызыл
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Абасы Балта карыга,
Акбалта, Жакып баарына,
Кырк түтүндүн өзүнө
Кутубийдин сөзүнү:
Атаңдын көрү, кырк үйлүү,
Кызырдуу Жакып карыңа,
Кабар айта мен келдим,
Кырк үйлүү кыргыз баарыңа.
Каран кылар токой жок,
Качып кирер кыргыз жок,
Ичим — кайгы, тышым-чок.
Тытышып уруш кылууга,
Арга кылып турууга,
Кабылан тууган шер эле.
Жоо бөрүсү эр эле.
Каканчындын калкынан,
Каруусу толук капырдан,
Кайран Жолой баатырдан,
Ажыратып алуучу,
Чабышып согуш салуучу,
Кабылан көк жал Манас жок.
Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен билгенди билдиңби?
Топурак учкан чаңды көр,
Толгон кытай жанды көр.
Калмактардын кан Жолой,
Каны каптап калыптыр.
Манжулардын Нескара
Дагы каптап калыптыр.
Казыналык Каражой
Кошо каптап калыптыр.
Төө көтөргөн чоң Дөөдүр,
Ошо каптап алыптыр.
Асманга учкан топурак
Аскер каптап топурап,
Айла кетип өлдүк ээ,
Атаңдын көрү, журт ыраак.
Белеске качып жашынсак,
Кара токой чер да жок.
Кармалашып урушсак,
Караан кылып отурган
Кабылан Манас шер да жок!
Бир чуңкурга кырк үйлүү
Жыйылууга көчүппүз.
Жылма болуп баарыбыз,
Кырылууга көчүппүз.
Кутубий мындай деди эле,
Курган жандан түңүлүп,
Кайгылуу кептен баштады,
Мал менен баштан бай Жакып
Такыр кечип таштады.
Оо, ботом, айтпадым беле мен бая,
Уктуңар эле сен бая.
Алтынды олжого алдыңбы?
Абайла, Балта, кебимди
Азапка эми калдыңбы?
Манасты сүрөп, сен Балта,
Көрдүңбү балаа шумдугун?!
Басып алган экенбиз,
Ажыдаардын куйругун!
Болот эшик дарбаза,
Уругу улук кан экен
Падышасын караса
Каканчындын калкы бар,
Катылганды куткарбай
Канын ичмей салты бар.
Малынган аман калчубу,
Калкына аман барчубу?
Каңгырып кеткен Манаска
Кабарды кантип айтабыз?
Селсаяк кеткен Манаска
Серпилсек кантип жетебиз?
Сексейген кара калмактан
Кыргын болуп кетебиз.
Өзүнчө кеткен Манаска
Өкүрсөк кантип жетебиз.
Бу түбү түптүү кытайга
Түгөнбө десе, болбойсуң.
Түгөнгөн Балта, оңбойсуң.
Бурулуп кеттиң олжого,
Бузугуңду койбойсуң.
Булкунгандан силкинип,
Акбалта чыкты күүлөнүп,
Көп эле болсо өлөрмүн,
Кыжылдаган кытайдан
Кыяматты көрөрмүн!
Өлбөй жүргөн ааламда
Темир өзөк болобу?
Кокуй, Жакып, не дейсиң?
Өлүмдөн корккон оңорбу?!
Алтайдан бери айдалдык,
Эмгекке колдор байландык.
Бел байлаган белиңден,
Ажырап келдик, ай Жакып,
Кең Ала-Тоо жериңден.
Айрылып келдик маминтип,
Кеңири кыргыз элиңден.
Кейибе, Жакып, кейибе!
Манас оңой бала эмес,
Бакылдаган калмакка
Бастырып салчу жан эмес.
Айбалта, кылыч, чокморун
Көрүшпөй кантип коёюн,
Кайран баш жерге киргиче,
Кара кытай, манжуга
Өлүшпөй кантип калайын.
Өкүлдөгөн калмакка
Өкүмдү кантип берейин!
Тегеректеп келген соң
Бир теминишип көрөйүн!
Ажалдан бенде өлбөйбү,
Алда башка салганын
Азаптуу бенде көрбөйбү.
Алда буйрук кылган соң,
Аманатын бербейби.
Күнү бүткөн көчпөйбү,
Күлү түшсө өчпөйбү,
Күлүм да бар, чагым бар,
Күрсүлдөп манжу каптасын
Кырылышар табым бар.
Оңой Манас уул эмес,
Оюнан бизди чыгарып,
Ойноп жүрөр кул эмес.
Бекер Манас уул эмес,
Бейлинен бизди чыгарып,
Бейлебей жүрчү кул эмес.
Ойрон Манас бар болсо,
Ордолуу башын кан кылат.
Ороңдогон калмактын
Оң эки миңин жай кылат.
Муну айтып, Акбалта
Кутубийден кеп угуп,
Кара кытай, манжуну
Курчап кетер деп угуп,
Найза, кылыч шайланып,
Чокморун кыя байланып.
Каарданып күүлөнүп,
Кан Жакыпка сүйлөнүп,
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай,
Акбалта минтип турганда
Бер жагынан Кутубий
Телкызыл менен камынып,
Камбылсыган кытайга
Кармалашып көрөм — деп,
Эрен Көк жал келгенде,
Кырк үйлүүң кана дегенде,
Кырдырып ийсем кытайга,
Эмне жооп берем — деп,
Көк нөкөр белде сөгүлүп,
Көк найза колдо көрүнүп,
Айбалта жанда шаркылдап,
Кылыч кында жаркылдап,
Көпкөк темир кийинип,
Эр Кутубий ошондо
Кайнына барчу немедей
Кашкая күлүп сүйүнүп,
Ач арстандай бой таштап,
Ак жолборстой кыйгачтап,
Телкызыл санга бир салып,
Темирдүү найза колго алып
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Белди бекем байланып,
Ээрди кесе чайналып,
Жаркылдап күлүп көз жайнап,
Кайран Куту канетсин,
Кан ичмеси чын кармап,
Каары толук, бакырып,
«Манастап» ураан чакырып.
Беттешээри чоң Жолой,
Белгилүүсү Дөөдүр алп,
Жазбай аткан Каражой,
Жаман билгич Нескара.
Беттеп жеке кол салып,
Каруусу толук капырга
Кан Жолойдой баатырга,
Качырып колду салды дейт.
Маңдайлашып турушуп,
Найза менен урушуп,
Кылыч кыйрап, чаң толуп,
Кыжылдап кытай жан толуп
Маңдай-тескей турушту,
Найза сайып, жаа тартып,
Былчылдашып урушту.
Кайран Куту жалгыздын
Карааны Манас келе элек.
Ким көргөн мындай жумушту,
Мандайлашып турушту.
Жамгыр кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Адамдан артык селди көр!
Айгайы кулак тундуруп,
Каптап кеткен элди көр!
Талаада күйгөн чокту көр,
Жылдыз болуп жылтылдап,
Милтеден күйгөн окту көр!
Астыга жайган торду кор,
Ал тордун ары жак жагында
Түшүрүп кармап алуучу,
Билинбеген орду кор.
Баарысынан мыктысы,
Найзакерден ыктуусу,
Алышкан жоонун айласын
Ашкере билген мыктысы,
Ач буудандай дардайып,
Кайран Жолой эрди көр.
Кутмандуу жолдош Кутубий
Эңкейиште эр сайып,
Экиден катар бир сайып,
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай.
Теңдешип уруш салды эле.
Кутубийди каптоого
Торала желек туу алып,
Каптады жөө күлүктөр.
Бир жагынан караса,
Мылтык атып, жаа тартып,
Чоң Дөөдүрдүн бүлүгү,
Каары тоодой жан экен.
Кара калмак ичинде
Кайран Жолой бар экен.
Ачбууданга камчы уруп,
Эрениң Жолой жетти эле.
Кайсынысын айталы,
Каптап кетти көп улук,
Мөндүрдөй огу төгүлүп,
Чама кетип, ал кетип,
Каптачуудай көрүнүп,
Жаанын огу шыркырап,
Тийген жерлер быркырап.
Чама кетип жутунуп,
Карыпчы, сооттун баарысы
Канжыга болуп тытылып.
Ураан тартып, чуу кылып
Каптап кытай кетти эми.
Топурак учуп, чаң жүрүп,
Толуп жаткан кол каптап,
Тозокту катуу салды эми.
Капталынан кан Жолой
Каарданып бакырып,
Карыпчысын калдайткан
Калдайларын чакырып:
Каңгып Манас кетиптир,
Түбүнө түптүз жете көр
Түгөл каптап кете кор!
Кырк үйлүү кыргыз буруттун
Түбүнө чогуу жете көр!
Жакып канын жалмайлык,
Акбалтасын алалык!» —
Деп, ошентип, эр Жолой
Кутубийдин башына
Куп баштады бузукту.
Куп каптатып балбанын
Туура кылды кызыкты.
Качып чыгар бел да жок,
Кутубийдин жанында
Кагыш кылып турганда,
Кан Жолой найза урганда,
Адамдан артык туулган,
Душманга салган чуулган,
Туйгуну Манас эри жок,
Акбалта Жакып каны жок,
Өлүм орток, жан бирге
Кырк үйлүү кыргыз даты жок.
Ажал жетсе өлөм — деп
Амалым болсо Кутуга,
Караан болуп берем — деп,
Ак селдеси казандай,
Айкырса үнү азандай.
Чоң кисеси бир кучак,
Кайраты мыкты заары күч.
Кулагерге камчы уруп,
Кан Балта жетти болушуп.
Булар колду токтотсо,
Күндөп-түндөп турушса,
Кол токтотуп сайышып,
Кытай менен урушса, .
Сан кара малын чачыптыр,
Кырк үйлүүнү ээрчитип,
Караан болбой, бел болбой,
Зымпыя Жакып качыптыр.
Алтайдан Жакып качкан соң,
Ченсиз колго кабылып,
Кутубий менен Акбалта
Челиш кылып жаткан соң,
Алтайдын ары жээгинде
Буурусун тийген чийин жок,
Айдай сары талаадан
Төмөнкү түшкөн бетинде,
Жекелеше турушуп.
Жети күн тынбай урушуп,
Карып көзү киртейип,
Карган Балта абаңа
Канча найза бир тийип,
Эки көзү киртийип.
Кайраттуу Кутубийиңе,
Эки миң найза бир тийип,
Туулга темир быркырап,
Канжыгалап кара кан
Как жаак ылдый шыркырап,
Кайрат кылган эки кол
Өөдө болбой шал болуп,
Бүткөн бойдун баарысы
Кыймылдабай дал болуп,
Чама чарчап ал кетип,
Бүткөн бойдун баарынан
Мөлтүлдөп кара кан кетип,
Жети күн тынбай аралап,
Акбалта менен Кутубий
Жети жерден жара жеп,
Топтуу күнү аралап,
Токсон жерден жара жеп.
Аябаган чоң чууга,
Салмак болгон кези экен,
Алпы Дөөдүр, эр Жолой
Тегеректеп экөөнү
Алмак болгон кези экен.
Курчап кытай келгенде,
Жөө күлүгүн көргөндө,
Акбалта турду аңгырап,
Керээзин айтып заңгырап:
Айланайын, Кутубий,
Карган Балта мен элем,
Караан кылган сен элең.
Каралды Манас мында жок,
Арам өлөт экенбиз.
Жүрбөгөн тоодой жарылып,
Жаман өлөт экенбиз.
Темир аркан капырдын
Торунда өлмөк экенбиз.
Тегиз канжар капырдын
Колунда өлмөк экенбиз.
Самаганың — Ала-Тоо
Кетпей өлмөк экенбиз.
Сандалган кыргыз ал элге
Жетпей өлмөк экенбиз.
Качып кетер белим жок,
Ажыратып алуучу
Арстан Манас шерим жок.
Акбалта антип турганда
Безге сайган эмедей,
Ыргып түштү Кутубий.
Аба, Акбалта, беренсиң.
Баатыр сендей болобу?
Сени баатыр деген оңобу?
Алтайда кара калмактын
Бээлерин тийип жечүү элем.
Катылышсам калмакка,
Балта абам желек кармаса,
Каңгайды бузам дечү элем.
Урушса кара калмактын
Уйларын тийип жечү элем,
Абам Балта, ал Манас
Аларым карап турганда,
Айдап кара калмакты
Каканга сүрөм дечү элем.
Кайгы төлөө болобу,
Калмактан корккон оңобу?
Кокуй, аба, не дейсиң!
Наалат күн, аба, не дейсиң!
Ат соорусун салалы,
Ит урушун* кылалы,
Тирилей келген калмактын
Тиктөөсүнө көнбөймүн.
Көөдөндө алтын жанымды,
Көп урушпай бербеймин.
Кокуй аба, не дейсиң!
Деп, ошентип, Кутубий ,
Астындагы Телкызыл
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Өрттөй көзү бек жайнап,
Кан ичмеси чын кармап,
Кайратты катуу салды эле.
Кан Балтанын Кулагер
Опсолоң бугу чылбырын
Колунан жулуп алды эле.
Желгенине жел жетпей,
Басканына мал жетпей,
Тегиз жерде үрөтүп,
Сүрөгөндө Балтаны
Тебетейдей сүйрөтүп.
Энкейиште үрөтүп,
Качкан жерде Балтаны
Эбелектей сүйрөтүп.
Астындагы Телкызыл
Тулпарлык туушу бир башка
Кыл куйруктун күлүгү,
Кылымдан артык бир башка.
Куйругу салаң, жалы бар,
Куланды көрсө куткарбас,
Чу койгондо закымдап,
Көздөн чыгып бөлүнгөн,
Акбалта ала качканда
Тулпарлык сыны көрүнгөн.
Чуркаганда кара жер
Кат-катынан бөлүнгөн.
Будур-будур бел ашып,
Будурмак чыбыр жер басып,
Томурайган тоону өтүп,
Тоңкойгон чуңкур коо кечип,
Эрендер кайдан аянып,
Алтай тоонун тумшугу
Чоң өзөндү таянып.
Тогуз жолдун тоому,
Бөрү койдун чаркына,
Ит өлбөстүн кырына,
Эрендер жетип илинип,
Ээн калган эки тулпардын
Күлүктүгү билинип.
Арт жагына кайрылып,
Тиктеп туруп караса,
Кара калмак, манжу журт
Караса көзгө илинбейт.
Душман чоңу — чоң, Жолой
Баштаганы калың кол,
Кайда экени билинбейт.
Акбалта абаң, сабылып,
Кутубийге жалынып:
«Айланайын, Кутубий,
Өчкөн отум тамызгын,
Өлгөн жаным тиргизгин
Үзүлгөнүм улаган,
Чачылганым жыйнаган.
Кутубий сендей балага,
Кутмандыгың чын экен,
Куруп кеткен Акбалта,
Азыр болсун садага.
Кайран жаным өлбөсө,
Калкыма кабар салармын.
Кадимки нойгут элине
Кутман кылып өзүңдү
Кан көтөрүп салармын.
Деп, ошентип, Акбалта
Чыканактап тынч алып,
Чырым этип уйку алып,
Жатып уйку кандырып,
Таң кашкайып калганда
Тулпарларды чалдырып,
Аз жетелеп олтуруп,
Көөдөнүн чөпкө толтуруп.
Супа саадак чалганда,
Таң сөгүлүп калганда,
Камыштай найза кылкылдап,
Катуу каптап былкылдап,
Ач бууданды жулкунтуп,
Кутурган Жолой чоң калмак
Куу изине чоп салып,
Кутура кууп алыптыр,
Сары изине чоп салып,
Саргара кууп калыптыр.
Туу кармаган Нескара
Жетик каптап алыптыр.
Акбалта көрүп ал колду
Кутубийге жүгүрүп,
Курган жандан түңүлүп,
Курган Балта бакырып,
Кутубийди чакырып:
Мен көргөндү көрдүнбү,
Мен билгенди билдиңби?
Казылган калың ор келет,
Куткарбай курман кылуучу
Кайнатылуу шор келет.
Кайраты мыкты, заары күч
Катылса, кырып кылат түз.
Калмактардын чоң Жолой
Ошо Жолой зор келет.
Киши көрбөс кордукту,
Бүгүн көрөт экенбиз.
Тирүү калбай кырылып,
Бүгүн өлөт экенбиз
Акбалта айтып турганда,
Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумганча,
Бозоргон тоонун урчукта,
Боз адырмак тумшукта,
Көк жал Манас кабылан
Көчкөн көчкө кез болду.
Көч алдына караса,
Жаккан отун өчүргөн,
Алтайдан айдап кырк үйлүү
Жалпы баарын көчүргөн.
Көк жал Манас караса,
Көч аманын кааласа,
Кырк үйлүүнүн баары аман.
Атасы Жакып дагы аман.
Сан каралуу мал аман.
Жыйып алган кырк бала,
Кырк баланын мыктысы,
Кутубий менен Көкбөрү,
Атойнок менен Алымсак,
Арстан эрдин жөкөрү.
Кырк баланы санаса,
Караса көзгө илинбейт.
Ал балдардын баары аман,
Кутубий көзгө илинбейт,
Карыларды байкаса,
Акбалта козго көрүнбөйт.
Акбалта, Куту ынагым,
Кайда кеткен буларым?
Карап Манас турду эле,
Торучаарын чайпалтып,
Канкоруңдун алдынан,
Кан Жакып чыга калды эле.
Карчыгадай камынып,
Кабыландай чамынып,
Кайыптан акыл табылып,
Аксакалы жаркылдап:
Оо, ботом, өзөндүү дайра булагым,
Малым арбын, балам жок
Өлгөндө көргөн чунагым.
Эсенкан буйрук кылган соң
Каптаган калың кол келди.
Жети асаба туу келди,
Жер жарылган чуу келди.
Асманга учуп топурак
Кудай бетин көрсөтпө,
Адам жүрдү топурап.
Калын колун коргондо,
Качып көчүп бөлүндүк.
Кайран жандан түңүлдүк.
Каарды кытай баштады.
Кытайдын түрүн көргөндө,
Малдан эмес кырк үйлүү
Жандан кечип таштады.
Кара курттай сел келди,
Катыла турган жоо эмес,
Каптап кеткен эл келди.
Түпкө чогуу жетет деп,
Түгөнгөн жандан түңүлдүм.
Чабышып чама келеби,
Уй түгүндөй капырды
Басташып адам жеңеби?
Урушкан жеңип алабы,
Кара курттай капырга,
Катылган аман калабы?
Аяш атаң Акбалта,
Куп жолдошуң Кутубий
Алтайды манжу ашты эле,
Жамгыр кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Темир аркан торчону,
Тегеректеп кетти эле,
Тегиз канжар колчону.
Найза сайып, балта чаап,
Алышканын бир көрдүм.
Аралашып эки эрен,
Салышканын бир көрдүм.
Топурак жаап, тоз күйүп,
Толкуп кытай жүрдү эле,
Толгон балбан кирди эле.
Кымбат Балта өлдү деп,
Ушу кезде ой кылам,
Ал экөөнү кайсаса,
Тез каптап бизге жетет деп,
Теги жандан түңүлдүм.
Тегеректеп кетет деп.
Кумурсканы көр, селди көр,
Кутубийге асылып,
Курчап кеткен элди көр.
Түбүнө чогуу жетти деп,
Кутман эле Кутубий,
Башын кесип кетти деп,
Кутубийден түңүлдүм.
Деп, ошентип, эр Манас
Куту экөөнүн маанисин
Бай Жакыптан укту эле.
Арстандай чамынып,
Алдасына жалынып:
Белимди бекем бууймун,
Беттешер болсо бул калмак,
Бээжинге чейин кууймун.
Таштууларын талкалап,
Албай кантип калайын,
Таш-талканын катырып,
Салбай кантип калайын,
Бир калайман Бээжинге.
Өлүп калсак окустан,
Дүйнөдөн кетсек кокустан,
Жаңжалды катуу салайын.
Кыйындарын кыйратып,
Экөөнүн жанын алайын.
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не мураска жетейин.
Түрү суук кара калмакка
Түгөнүшүп өтөйүн.
Торучаарды минейин,
Катылган кара калмакты
Каканга чейин сүрөйүн.
Кызыккан экен кытайлар
Кыйрашпай кантип калайын.
Жайнаган кара кытайга
Жаңжалдашып көрөйүн.
Каарыма тиет калмагың
Каңгайга чейин сүрөйүн.
Кармаш сонун ал болсо,
Кармалашып көрөйүн.
Азапты арбын саламын,
Акбалта менен Кутуну
Азыр жетсем мен өзүм
Ажыратып аламын.
Тирүү Манас барында
Кыйратып кытай кыралбайт.
Кырк үйлүү кыргыз бул журтту
Кыйратып кытай алалбайт.
Бөлүүчү кытай ал эмес,
Бөлдүрчү Манас мен эмес!
Урушуп бүлүк саламын,
Кайнап жаткан манжунун
Жылкысы эмес, мен Манас
Уйларын тийип аламын.
Каптаганын көрүшөм,
Качпай туруп урушуп,
Как ушу жерден өлүшөм
Деп, ошентип, Манас кан
Көчүнөн чыкты бөлүнүп.
Көк жалдык түрү көрүнүп.
Жакып кандан кеп угуп,
Акбалта, Кутубийине
Аркы калмак чогулуп,
Алып койду деп угуп,
Астындагы Торучаар
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Ок жетпеген ат минип,
Найза өтпөгөн тон кийип,
Кагышты катуу салууга,
Кара жанын аябай,
Кан Балта менен Кутубий,
Ажыратып алууга,
Оюна келди көк жалың
Алман сууга жетүүгө,
Курган эки жан үчүн,
Курдашы Манас токтобойт,
Курман болуп кетүүгө,
Кырк үйлүү кыргыз журтуна
Каарданып бакырып,
Канкор Манас чакырып:
Кордукта бурут сен элең,
Кыжылдаган капырдан
Ажыратып алсын деп,
Калайманды салсын деп,
Жаралган Манас мен элем.
Кармашарым каканчын,
Катуулап үркүп шашпай көч!
Белестин суусун сүзбөй көч!
Беренди кудай сакта деп,
Күдөрүң менден үзбөй көч!
Алтай көчүп жүрүп кет,
Кара калмак-манжудан
Өлүү-тирүү болобу,
Өкүлдөгөн султандын
Кабарын анык билип кет!
Өлүп калсам кокустан,
Кайран элим, сен үчүн,
Бек жерге конуп токтоп кет!
Берен Манас өлдү деп,
Кароолду катуу коюп сен,
Кейип ыйлап жоктоп кет!
Өлүп калсам кокустан
Сан кара малың чачып кет!
Кара курттай капырга
Кармашарга айлан, жок,
Кайран калкым качып кет!
Кайран журтум, сен үчүн
Адырга бойлой кономун.
Аянбай алты ай салышып,
Анан курман боломун.
Күчөгөн кара калмактын,
Күрдөөлдүү жаным барында,
Бир айласын табармын.
Күчөп келсе калмакка,
Күркүрөп найза салышам,
Күндөп-түндөп тынч албай,
Күнүгө тынбай урушам.
Эрдикти эпсиз кылбасам,
Эпсиз кара калмактын,
Эңишине чыдап турбасам,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Туубай туна чөгөйүн.
Журтуна айтып мындай кеп,
Кабылан Манас канкор шер
Эки колдон күч чыкты,
Эки беттин ортосу
Беш байпактык түк чыкты.
Каарданып жайнады,
Кызыр чалган тынардын,
Кан ичмеси кармады.
Токтобой белин курчанып,
Торучаар санга бир салып,
Сыр найзаны колго алып,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Ок өтпөгөн кынама
Омуроодо көрүнүп,
Балбандыгы башкача,
Баатырдын жайы ушундай,
Баары жандан бир башка.
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Калың кытай көп жоого
Канкоруң чыкты бөлүнүп.
Эрениң кайдан аянып,
Ээрчиткени кырк бала,
Эми жетти Көк жалың,
Алтайдын кара тоосун таянып.
Түгөнгөн тоонун урчукка,
Дүмүрөйгөн тумшукка
Таянып Манас жеткенде,
Маңдай жагы капчалча
Капчалчадан бакырып,
Бая кайран Балта, Кутубий
Бакырыгы таш жарып,
«Манастап» ураан чакырып,
Өлдүбү десе тирүү экен,
Өлбөгөн жандын бири экен.
Манаска жакын келгенде,
Кайран Балта ошондо
Бадана кийип балкылдап,
Минген аты Кулагер
Ак сакалы жаркылдап,
Акшумкардай баркылдап:
Кара калмак, көп манжу,
Алыш кылдым жаманбы?
Оң эки пирге кол берген,
Ой, шерим, Манас, аманбы?
Кабылан, Манас, кебимди ук
Кыяматтын кыстоосун
Көрбөй келдим көрдүңбү?
Кажылдаган кытайга
Кырк экиден сайышып,
Өлбөй келдим көрдүңбү?
Казылган калың орду көр,
Кайнатылуу шорду көр!
Дүркүн-дүркүн элди көр!
Ээ, кулунум, эр Манас,
Каптап кеткен сел келди.
Экөөбүз эмес, кулунум
Ааламга татыр эл келди!
Калмактардын Жолою
Каптап балаа саларда,
Манжулардын Нескара
Эми байлап аларда,
Балбандары башкача,
Каптап чогуу жеткенде,
Кутман жолдош Кутубий
Кургурум сенин жөкөрүң,
Кыйын белин курчанды,
Кытайды жарып, кол салып,
Илең, Шилең балбанын
Экөөнү катар сайганы.
Өлгөн жаным тиргизип,
Жан жолдошум Кутубий
Ажыратып алганы.
Бул Кутубий болбосо,
Жалынсам укпай сөзүмдү,
Даңгытына сүйрөтүп,
Жармак болгон өзүмдү.
Мекчейтмек болгон белимди,
Байлап алып токмоктоп,
Көрсөтөт эле Бээжинди.
Найзасы тийип боорума
Айдарлуу кармап аларда,
Айлансам болот кудайга,
Кутубий калды сообума.
Манасым, сендей балага
Балта кан абаң, садага!
Кырк түтүндүн бели элең,
Маңдайдагы сен элең,,
Тилимди алсаң, Манас кан
Алтайдын бер жак бетинде,
Сары талаанын четинде,
Кукулдаган кузгун жок,
Какылдап учкан карга жок,
Чымчып жээр чөбү жок,
Чык этип ууртар суусу жок,
Алты күн андан тозолук,
Кыйрашты кызык салалык.
Мылтык атып, жаа тартып,
Кысыкты тосуп турушуп,
Кыйла күн анда урушуп,
Муңдуу эл ары кеткен соң,
Кордук көргөн кырк үйлүү
Ары таман өткөн соң,
Кутулуп бул эл кеткиче,
Кичи Жылдыз, Чоң Жылдыз
Кырк үйлүү ошоо жеткиче,
Эл кутулуп кеткиче,
Ит урушун салалы.
Балам, Манас, тилимди ал!
Аманат жанды багалы,
Ал Жылдыз дан от кон соң,
Түзү токой, тоосу кар,
Ала-Тоонун башы бар.
Жети атанды тууган жер,
Энең киндик бууган жер,
Бекине консок бел ошол.
Таянган жерге барганда,
Талыкпайбыз уруштан,
Мураска калган ошондо,
Азган-тозгон эл ошол.
Акбалта мындай деген соң,
Айкырыгы таш жарып,
Кыйкырыгы баш жарып,
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш,
Кашкая чыгып калды эми.
Канга тойбос кабылан
Каарды мыктап салды эми.
Бузукту Манас баштады,
Булкунганда Көк жалын
Тоо солкулдай таштады.
Кокуй, Балта, не дейсиң?
Далайыңды билчүү элем,
Кырк үйлүүдөн Балта абам,
Даанышман деп жүрчү элем.
Кокуй, Балта, не дейсиң?
Ит урушун кылганда,
Качты Манас дебейби!
Сары изине чоп салып,
Саргара кууп кытайлар
Моминтип жүрүп жебейби!
Коркконуңду билбейби,
Артыңдан түшсө ыймансыз
Мекеге чейин сүрбөйбү,
Туш-тушуңдан ашпайбы!
Эми албайм, Балта, тилинди
Алыш кылып урушуп,
Найза кармап топ бузам.
Ажал жетсе окко учам.
Тирүү жүрбөй өлөмүн,
Уялбай качып дардактап,
Уккан менен көргөнгө,
Билген менен туйганга,
Кытайдан Манас качты деп,
Өрттөнүп кеткен ал бурут
Өз дүйнөсүн чачты деп,
Өсөк кылса кылым эл
Кантип жооп беремин?!
Качып кетсем окустан,
Кырк үйлүү кыргыз бул элди
Кытай басып артынан,
Кырылып кетсе кокустан,
Иттигим чогуу билбейби!
Танда макшар* күнүндө
Өлүп калган кайран журт
Кара эшек кылып минбейби?
Токонаалат чубалып,
Не мураска жетейин?!
Бул журт кырк үйлүү эл үчүн
Мен курман болуп кетейин!
Ачуусу келип кабылан
Каарды катуу баштады.
Кармашкан кытай эл эмес,
Айтып турган Балтаны
Соруп ие таштады.
Муну укканда Акбалта
Билегинен сап кетти,
Жүрөгүнөн кап кетти.
Кайран Балта канетет,
Айтып коюп ал кепти,
Көзү кетип алактап,
Буту кетти салактап,
Каары катуу кабылан
Күр-күр этип күйүндү,
Карап туруп Акбалта
Аманат жандан түңүлдү.
Күүлөнүп көк жал кеп айтып:
Тагдыр жетсе өлөмүн,
Тагдыр жетпей, күн жетпей,
Зордукка кантип көнөмүн.
Кылымдын эри курган жан
Кытай каптап келди деп,
Акылдан кантип шашамын.
Аба, Балта, кабылан
Дардактап кантип качамын?
Өлбөгөндө калышам,
Кайнап жаткан капырга,
Качпай жеке салышам.
Акбалта, баатыр абаке,
Көчүңө шашпай кете бер!
Шашпай көчүп жүрүп ал,
Эрен Манас уулуңдан
Беш айдан кийин кабар ал!
Бешинчи айдан мен калсам,
Сан кара малың чачып кет
Сайыштан Манас өлдү деп,
Асты-астыңдан качып кет!
Күзгүнүн шаарын сүзүп кет,
Бешинчи айдан мен калсам,
Берен Манас өлдү деп,
Күдөрүң менден үзүп кет!
Ээр белдей белестен
Эңкейе көчүп токтоп кет
Эш кылган Манас өлдү деп,
Эңгиреп ыйлап жоктоп кет!
Ажал жетсе өлөрмүн,
А дүйнө жүзүн көрөрмүн.
Ажал жетпей күн бүтпөй,
Аман турса кайран баш,
Кайнаган кытай капырга,
Карчалышып көрөмүн!
Күчөп келген калмакка,
Күрөшпөй кантип коёмун.
Керишип жүрүп кек албай,
Кантип тирүү боломун!
Тозок түрдүү кытайдын
Тополоңун билбесем,
Толуп жаткан манжуга
Тополоң уруш салбасам,
Тирүү жүрбөй өлөмүн!
Эңкейип аа бергиче
Туубай туна чөгөмүн!
Таалайы артык жаралган
Шай колдогон шер Манас
Карап чыдап тура албай,
Кайнап жини кармады.
Эки жаагы шакылдап,
Ээрдин кесе чайнады.
Калдайдын жолун бек бүтөп,
Канкоруң карап турганда
Капа болуп Акбалта
Каңырыгы бек түтөп,
Манас — жалгыз, кытай — миң,
Бала кандай болот? — деп,
Капаланып Акбалта
Ителгидей кайран көз
Имербестен жаш алып,
Алы кетип, кеп сурап,
Айласы кетип Акбалта
Жашып турду коңгурап.
Жалгыз ат баспас кыядан,
Манасым жалгыз эле уядан.
Ай караңгы бүркөлсө,
Түн эмине болуучу?!
Чалдырып салсаң кытайга
Аз гана кыргыз элиңдин,
Күнү эмине болуучу?!
Чамасы кыйын кытайга
Чалдырып ийсең жаман ат.
Чаманы кудай бере көр,
Жалгыз туума Көк жалым,
Бир кудайга аманат!
Алакан жайып Акбалта,
Көңүлү кетип бөлүнүп,
Кайнап жаткан капырга,
Көк жалым жеке калды — деп,
Көзүнөн жашы төгүлүп,
Асмандан алданын күнү бүркөлүп
Акбалтанын башына
Алтымыш санаа бир келип,
«Оомийин» — деп, кол жайып,
Тулпардын оозун бурушту
Ажырашып кетчүүдөй,
Туу кармашкан Манаска
Кол кармашып турушту
Колун кармап кабыштап,
Жаратканга табыштап,
Акбалта кайра кайрылды
Кеткен көчкө барышка.
Баатырың турду ал жерде,
Кытайга кыргын салышка.
Торучаар оозун бурду эми,
Кырк чилтен менен Кутубий
Кыраан Манас ошону,
Кубат кылып турду эми.
Калың жоону коргондо
Ээленип Манас булкунуп,
Эри өлгөндөй жулкунуп,
Эки жагын каранып,
Ээленип турган туйгунун,
Ач арстандай жаланып.
Каардантып булкунтуп,
Караан болгон Кутубий
Кармап турду ошондо,
Кабыланды жулкунтуп.
Ээрчиткени кырк бала
Көк жалындын жолдошу,
Эн кыйыны Кутубий,
Берениң турса белесте,
Түгөнгөн тоонун урчукта,
Дүмүрөйгөн тумшукта,
Жер айрылып чаң чыгып,
Туу түбүндө көп колдун
Доошунан жан чыгып,
Калың колун жылдырып,
Сурнай кулак тундуруп,
Манжулардын Нескара
Каны чыгып келатат.
Калмактардын кан Жолой
Дагы чыгып келатат.
Кара сакал Бороончу
Ошо чыгып келатат.
Керик минген Дөөдүр алп
Колдун артын токмоктоп,
Айдап чыгып келатат.
Бурулуп учуп топурак,
Бурулбай сан кол топурап,
Чоң Алтайдын бөксөдө
Айдап чыгып келатат.
Жээк тартып кылкылдап,
Жергелешип былкылдап,
Жайнап чыгып келатат.
Капырлардын Нескара
Артык сынчы, көзү ачык,
Эрге сынчы, эн билгич,
Атагын уккан чочуган,
Ажайыптын дубасын
Адамдан бөлөк окуган.
Өрттөнгүр жайын сураба.
Өтө сынчы, сыйкырчы,
Өткөрө эрдин өзү экен,
Эри өлгөндөй булкунган,
Өкүм Манас канкордун
Элесин көргөн кези экен.
Элесин көрүп Нескара
Эсинен тана баштады.
Чоң Күрөндүн үстүнөн,
Чоңсунуп турган Нескара
Кулап кете таштады.
Өлүп кетчү эмедей,
Өңгөчүн тартып алганы.
Оо, ботом, Жолой бери келчи,
Мен көргөндү көрдүңбү?
Тээтиги туура тарткан чаар атчан,
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаар булуттай,
Каары бетине айланган,
Дидаары бөлөк, заары күч,
Кармаша кетсең, Жолоюм,
Кайран жандан күдөр үз.
Бээжинге аты угулган
Мээнет Манас өзү бейм.
Кармаш кылчу канкордун
Карарган кара көзү бейм.
Эңкейтип жеңер эр эмес,
Боруму бөлөк эң башка,
Бенде жеңер шер эмес,
Берендиги белгилүү,
Беттеше койчу эр эмес.
Мен Нескара болгону
Сынчы деп атка конгону
Мындай жанды билбедим.
Мындай жанды туйбадым.
Бул Алтайдын бооруна
Сынчы менен мен келбей,
Кокуй болгон экенмин.
Кара көзүм кашайып,
Сокур болгон экенмин.
Атасы башка бул бурут
Бул Алтайда туулган.
Аман болсоң көрөсүң,
Бээжинге салат чуулган.
Эр мүчөсүн мен карап,
Боконом кетти болкулдап,
Жүрөгүм кетти солкулдап.
Билегимден сап кетти,
Жүрөгүмдөн кап кетти.
Көрсө курсак кайнаган,
Душман мында турбайбы?
Бээжинге бейпай салуучу,
Душман мында турбайбы!
Капырай, сөлөкөтүн, сөөлөтүн
Оо, ботом, Жолой, карачы
Атка минген келбетин!
Оң далысы кен экен,
Ойронун чыккан бул бурут
Ойротту бузар шер экен.
Каарданып Эсенкан
Капа болуп турду эле.
Кайран Эсенканымдын
Бул билими эп экен-.
Суру суук бурутту
Сууга салса батабы,
Каканчындын Бээжинге
Кармашпай карап жатабы?
Жулкунуп кетсе — сур жолборс
Сөлөкөтүн көрдүнбү?
Жолоюм, мындай жан болбос.
Кара чаар кабылан
Капталында чамынат.
Чолок көк жал арстан
Оозун ачып камынат.
Катылар болсок бул канкор
Билген чырын кылбайбы,
Каарына алса бул канкор
Бизди Каканга чейин кырбайбы.
Булкунса бузук салат го,
Үйүн күйгөн бул бурут
Кайнап жаткан кытайдын
Кандыгын тартып алат го!
Эңкейтип адам алабы?
Бурутка бүткөн туу экен,
Билеги жоон, таш жүрөк,
Кайдан чыга калды экен!
Теңелишсек бул бурут
Теңселип айдап имерет.
Теги Жолой, сак болчу
Акыл ойлоп, иш иштеп,
Алышпай колду тыйсакчы,
Алты күлүк ат берип,
Алакандай кат берип,
Каканчындын Бээжиндин,
Калын колун жыйсакчы,
Каптап уруш салсакчы,
Сыйкырчыны чакырып,
Анан байлап алсакчы.
Анда Жолой муну айтат,
Адам билгис шумду айтат:
Улугум Эсен жиберди,
Урушпай кантип кетебиз?
Урушпай кетсек кокустан,
Манастан коркуп келдиң — деп,
Кан Эсенкан төрөбүз
Кырып салат кокустан.
Өзүмө өзүм ээ болсом,
Катылбайт элем канкорго.
Кармашпайт элем мен өзүм
Ал өңдөнгөн анткорго.
Нескара сынап күйүнүп,
Каптап келген көп кошун
Кайран жандан түңүлүп,
Коңгуроо бекем кагылып,
Кол эсинен жанылып,
Коржойтуп Манас көк жалды,
Каптамак болду көп улук.
Кержеңдеген капырлар,
Эсенкан буйрук кылган соң,
Чынмачындан Бээжинден
Келиптир нечен балбандар.
Керикке окту артышып,
Келгендер карап турабы.
Кан ичүүчү балбаны
Калайман салып, чуу тартып,
Каптап жөнөп калганы.
Чоң мергенден Каражой
Чогулуп колун катуу айдап,
Жоо күлүгүн бат айдап,
Кашат менен камынды.
Кара жолдуу Бороончу,
Чоюнбаш чабар балбаны,
Мыктыдан миң кол алганы,
Канкоруңду карата
Каптап жүрүп калганы.
Калмактардын Жолою,
Найзага камбыл ыктуусу,
Айдаган экен жон турбай,
Адис сайгыч мыктысы.
Керик минген чоң Дөөдүр
Уруш десе сүйүнгөн,
Уйпалгыр түрү мына бул.
Көпкөк темир кийинген,
Жоо дегенде сүйүнгөн,
Суу ич десе, уу ичкен,
Адамдан коркуп тартпаган,
Ажалдан кайра кайтпаган.
Берендери белгилүү
Бет алышып турушуп,
Беттешмек болду урушуп,
Жамгыр кылып жаа тартып,
Жабылмак болду Манаска.
Найзанын башы кагышып
Адамдын башы чабышып,
Он башылар ороктоп,
Элүү башы, жүз башы
Туш-тушунан жүгүрүп,
Миң, башынын баарысы
Кайран жандан түңүлүп,
Калайман түшө калганы.
Жаа тартканы жаа тартып,
Жабылды Манас эриңе.
Тирүү адам көрбөсүн,
Мындай зордук мүшкүлдү
Бендесине бербесин.
Калдайы бар, каны бар,
Кан Манасты калың, кол
Каптаган экен абыдан.
Каптаганын көргөн соң,
Колдун артын Нескара
Койбой айдап берген соң,
Улуктары, кандары,
Кол баштаган жандары,
Бирөөнү бирөө сүрөшүп,
Канкор Манас көкжалды
Кармарын чогуу тилешип,
Нескара, Жолой муну айтып,
Бадана кийген балбанын,
Балбандарын, эрлерин
Баса каптап баргыла,
Кызыталак бурутту
Койбой байлап алгыла,
Кордукту койдой салгыла,
Окус Манас кутулса,
Билген чырым кыламын,
Атандын көрү, балбандар
Бириңди койбой кырамын!
Кыйындарың соёмун,
Кыйындарың талкалап.
Кыргын кылып коёмун.
Силер илек, ал жалгыз,
Куткарып ийсе оңобу?
Колжоктогон кокуйду,
Кетиргенде болобу?
Балбандар муну уккан соң,
Балта колго алганы.
Айтылуу Манас Көк жалга
Абийирин, кеткен көп кытай
Аламан коюп калганы.
Кайраты мол эрени,
Ар кимиси бир тоодой,
Качпай турган берени,
Жонумдуусу бетинде,
Нескара, Жолой четинде
Аламан коюп, найза урул,
Түмөндөп каптап кеткени.
Ошпурдун уулу Кутубий
Кутман экен, карачы!
Курган Манас өзүнө
Кутубий туруп муну айтат;
Курчаган жоону коргондо:
Каралды, Манас, жан досум,
Алтайда туулуп шер болдуң,
Биттейиңде биригип,
Бармактайда баш кошкон,
Кенедейде кезиккен
Жанында достун, мен болдум.
Былкылдак куурай бышкыча,
Мийзамдын гүлү учкуча,
Мыктап алты ай салышып,
Найза имерип топ бузуп,
Ажал жетсе окко учуп,
Маңдайлашып өлүшүп.
Көп каптаган капырга
Көп уруша берели.
Өлүп калбай капырга
Көчтү кантип берели.
Азыраак ичте арманым,
Кыжылдаган кытайда
Кырк түтүн болуп калганым.
Ошондо Манас кабылан
Кутубий кебин уккан соң
Кейибе, Кутум, кейибе,
Тулпар тандап минели,
Кумурскадай кытайды
Курутуп айдап сүрөлү!
Бул Алтайдын бөксөсү
Кокуй, Кутум, не дейсиң,
Жүрбөй жүргөн жер беле?
Манжу, кытай, көп калмак
Тийишпей жүргөн эл беле.
Ошону айтып эр Манас
Оозунан жалын бөлүндү.
Кайра тартпай, урушар
Кан ичме түрү көрүндү.
Аркы кайкы белести
Ашты Манас адуулап,
Астындагы Торучаар
Ок өтпөс менен жабуулап,
Жоону көздөй бет алса,
Жолдошу кызыр экөөлөп,
Оңжоңдотуп чаар атын,
Кырк чилтендер жетелеп,
Чилтендин бири — сур жолборс,
Асты жакта чамынып,
Айкөл кирди согушка
Найза сунуп камынып,
Берен да ошол, бел да ошол.
Бет алышып кытайга,
Бейпайлаган жер ошол.
Кум кашаттын мойнокто
Кутубий бар жанында.
Кыраан Манас чыкканда,
Жер жайнаган мунарык
Туманбы десе, чаң экен.
Топтоп жаткан көп караан
Токойбу деп таң калса,
Толкуган кытай эл экен.
Жылт-жулт этип көрүнгөн
Жылдызбы десе, от экен.
Туура тарткан кара кыр
Кара кыр десе, бел экен.
Ал кара кыр үстүндө
Кайнаган кытай эл экен.
Мунарыктуу жерди кор,
Бурулбай колду салуучу
Баягы кытай элди кор.
Желдет деп каптап жетиптир,
Кытай, калмак—манжуга,
Жер көрүнбөй кетиптир.
Карыпчысын калдайтып,
Калдая каптап калыптыр.
Көптүгүнөн кытайдын
Күн көрүнбөй калыптыр.
Ошо кезде Манастын
Боконо сөөгү болкулдап,
Болжоп көрсө кабылан
Опол тоодой толуптур.
Манас-Манас болуптур,
Тозбос тонду кийиптир,
Торучаарды миниптир.
Жеткен жери Каканчын,
Темир аркан торуна,
Жетигиң эми кол салды,
Эсенкандын колуна.
Торучаар менен чуратып,
Тоодой-таштай балбанын
Тоңкойто сайып кулатып,
Торучаар тулпар туйлатып,
Толгондорун сулатып,
Торучаарын ойнотуп,
Толуп жаткан кытайдын,
Тобун чечти сойлотуп.
Берен Жакып, Акбалта,
Белекке берген чарайна,
Бекем башка орнотуп,
Бет алганын сойлотуп,
Найза жеткен жерлерин
Найза менен аңтарып,
Кызып жакын келгенин
Кылыч менен кыйратып,
Толгоп найза имерип,
Толкуп келген кытайдын
Тобун чечип жиберип,
Дүнүйөнү караса,
Мунарык түшүп чаң болуп,
Кокту менен аккан кан
Оргуп булак кан болуп,
Ары балбан, ары шер,
Дөөсү бөтөн, алпы шер,
Көргөнгө кызык беттешип,
Кыраанын Манас барында
Кырылышкан ошол жер.
Жанында жолдош кырк бала,
Найза сайып, кылыч чаап,
Айкөл Манас канкор шер
Чууга кирип кеткенде,
Адам көргүс, бир үлкөн
Дууга кирип кеткенде,
Балбандарын соройтуп,
Кыргынды кызык салыптыр,
Кызыр чалган Көк жалды
Кырк бала көрбөй калыптыр.
Калмактардын кан Жолой,
Кара жалдуу Бороончу,
Чоң Алтайдын бетинен,
Кара суунун четинен,
Кезиккен экен кутургур
Кырк баланын өзүнө.
Жамгыр кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып,
Кырк баланы каптаптыр.
Найзакерден Бороончу,
Артык балбан эр Жолой,
Как ортого алыптыр.
Кыргындашып урушуп,
Кыргынды кызык салыптыр.
Кезигерге кезикпей,
Кез болбоско кезигип,
Кешиги такыр катыптыр.
Кызырдуу эрдин жолдошу —
Кара кылган кырк бала
Кыргын болуп жатыптыр.
Кырылбаска чаркы жок,
Баатырлыгы сында жок,
Арстан Манас кабылан
Ажыратып алууга
Азыркысын анда жок,
Белгилүү Манас шери жок,
Балбан каптап толуптур.
Көкжалыңдын жөкөрү,
Кырк бала шейит болуптур.
Кырк баланын өлгөнүн
Кыраан Куту көрүптүр.
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Кутмандуу баатыр Кутубий
Көзүнүн жашы оң талаа.
Тегиз белин курчанып,
Телкызылды бир салып.
Жолой менен Бороончу,
Балбандарга кол салып,
Телкызыл оозун ийиптир,
Кырааның Куту кириптир.
Тегерегин карабай,
Өлүмдөн жанын аябай,
Эңкейиште эр сайып,
Эченин катар бир сайып,
Кисенин бер жак чети деп,
Өпкөнүн өлчөө бети деп,
Муштап келип өттү эле.
Улуксуган эр экен,
Уруулуу кытай Бээжин журт,
Темирден найза имерип,
Кыргын салып жиберип,
Быяк жагын караса,
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Катылганды жегидей,
Боз качыр менен Бороончу,
Кутубийдин алдынан
Катар чыга калганы.
Кутмандуусу куп бөлөк,
Кургуруң жолдош Манаска.
Баатырдыгы башкача
Балбандыгы бир канча,
Кеби — шекер, сөзү — бал,
Кериштен кайта тартпаган,
Адамдан чыкпайт мындай жан.
Андай-мындай дегиче,
Жетик баатыр Кутубий,
Жебеден мурун жетти эле.
Кара жалдуу калмакты.
Бороончу баатыр дээр экен.
Кутубий муштап өткөндө
Ээринен арт тайып,
Үзөңгүдөн бут тайып,
Көзү кетип алактап,
Буту кетип салактап,
Курап кылган болоттон,
Куп кылдырган сыр найза,
Болотун болжоп билүүчү.
Таш муштаса тайгылбай,
Баткактан бетер кирүүчү.
Найза менен койгондо
Бороончуга жетиптир.
Өпкөнүн орто дал жерин
Жара коюп өтүптүр.
Кымбаттуубуз өлдү деп,
Кыямат жүзүн көрдү деп,
Коргон жерде Нескара
Ачуусу келип кетиптир.
Кан эмеспи Нескара
Калдайларын бакырып,
Канчаларын чакырып,
Каарданып балбанга
Катуулап жини келиптир.
Төбө чачы сүксүйүп,
Кежиге чачы уксүйүп,
Тим тура албай күүлөндү,
Балбандарга сүйлөндү:
Айтканым туура азыр бил,
Балбан болбой жерге кир.
Баатырдыгың бир канча,
Балбандыгың бир башка.
Жаа, саадагын* чалдырып,
Кыйын балбан Бороончу
Бул бурутка алдырып,
Улукту кантип көрөбүз,
Кыргын болуп чогуу өлбөй,
Кызыталак Эсенкан
Каары башка кан эле,
Ошо кандын алдына
Калк кырылып, журт дүрбөп,
Кырдырып салдык эрге деп,
Кырылбастан тирүүлөй,
Кайраты катуу зор кандын
Кантип жүзүн көрөбүз?
Бул өрттөнгөн бурутка
Кыйырдан кыйгач чалдырып,
Кыйындардын баарысын
Буруттарга алдырып,
Уялбай кантип кетебиз?
Улуктун бирөөн өлтүртүп,
Кырылышып өлүшпөй,
Не мураска жетебиз?
Андан коро бурутту
Жер алдына таптайлы.
Бирөөнү койбой бурутту
Жер чапчыган букадай
Жемирилте сүзөлү.
Тирүү койбой мунуңду
Чымындай жанын үзөлү.
Нескара кебин эп көрдү,
Балбандар тилин алганы.
Ошо Кутубийиңди,
Каптап эле жүрүп калганы.
Саадакчаны, жаачаны,
Найзачаны, балбаны
Ортосуна алганы.
Оён Манас шери жок,
Ортодо Куту калганы.
Кашаттуу кылыч болжошу,
Кыйналып жаткан Кутубий
Кыраан Манас Көк жалдын,
Кыяматтык жолдошу.
Каардуу балбан, камбыл шер,
Кутубий жок — деп, кырааның
Калмакка кирген ошо жер.
Астындагы Торучаар,
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оңураңдап конжоңдоп,
Олоктоп карап барбактап,
Астында тулпар малы бар,
Ай-ааламды айкөл шер
Ала турган алы бар.
Ээр белдей урчукту
Эңкейип Манас караса,
Кыжылдап калмак жетиптир.
Кырааны Куту көк жалды
Кырк эки курчап кетиптир.
Анча айкөл барбаса,
Найзачаны короктоп,
Айбалтачан мыктысы
Каптаган экен сороктоп,
Жадаткан темир колчону,
Жакындашып калыптыр.
Кутмандуу Кутубийине
Жетип байлап алууга,
Жээлигип чукул калыптыр.
Мыктылары мыкчыйып,
Найзакерлер ыкчыйып,
Мергендери бет алып,
Саадагын мыктап сунуптур,
Кутмандуу Куту-бийиңди
Куп азапка салыптыр.
Кутурган Жолой, Нескара
Тегеректеп алыптыр.
Көк жалың ошо Кутубий
Көп ажаандай кытайдан
Өлмөк болгон кези экен.
Күптүү болгон эмедей
Жумулбай көзү киртийген.
Кытай каптап кол салып,
Аз эле болсо Кутуга
Жетимиш найза бир тийген.
Кармоого кытай умтулган,
Канжыга болуп тытылып,
Кутунун сооту жыртылган.
Чамасы кеткен Кутуга
Сандаган кытай умтулган.
Кыргынды кызык салайын,
Кутубийди куткарып,
Жолдош кылып алайын.
Карааным жок, белим жок,
Кантип жалгыз калайын.
Торучаар санга бир салып.
Тоо сыяктуу оңкоңдоп,
Толгон найза колго алып,
Толкуп жаткан кытайга
Токтобой Манас кол салып,
Серпилип Манас жетти эле,
Жер жайнаган көп колго
Аралаша кетти эле.
Чалма урчуу жандарын,
Айбалта чабар балбанын,
Темир аркан торчонун,
Тегиз канжар колчонун,
Теңизиң Манас жетти эле,
Жеткен жерде баарысын
Көмө коюп өттү эле.
Ат көтөргүс алптарын,
Атынан сайды кулатып.
Кайраттуусун, эрлерин,
Көмө сайды сырайтып.
Каарданып бакырып,
Кара курттай манжуну,
Айдап чыкты сапырып.
Темир аркан торчону,
Тегиз канжар колчону,
Күрмө кийген күчтүүлөр,
Манастын түрүн көргөндө
Баатырлары шашканы,
Үйүң күйгөн бул канкор
Өлтүрүп түпкө жетет — деп,
Кыргын салып баарыңды,
Кыйратып кырып кетет — деп.
Жээликкен Жолой, Нескара,
Колдон чыга качканы.
Качып калган себеби,
Көргөндүн көөнү бөлүндү,
Көкжалыңдын бир башы
Көп адамдай көрүндү.
Бет алдынан караса,
Берениндин өзүндө
Беш арстандын сүрү бар.
Капталынан караса,
Ажыдаардын түрү бар.
Айкырыгы таш жарып,
Айдап келген кези экен,
Кан агызып жин төгүп,
Кара калмак—манжуну
Жайлап келген кези экен.
Жетигиң жетип найза уруп,
Айланы артык мол кылып,
Найза жеткен балбаны
Аттан кулап тырайып,
Төөдөй, таштай балбаны
Кыргын болду сырайып.
Көргөндүн болбойт арманы,
Кутубийдин айынан
Кытай менен беттешип,
Сайыппуруш Манастын
Калмакка салган жаңжалы.
Торучаар тулпар чуратып,
Алп — дөөсүнүн баарысын
Айкөлүң кирди кулатып.
Кең Алтайдын урчукка,
Урчукка качып жөлөндү,
Өлбөй аман качканы,
Кыпкызыл канга бөлөндү.
Көк мунарык күйгөн чаң,
Кыл муруттун шыйпайтып,
Кырылды кытай эчен жан,
Ай-ааламга татуучу
Айкөлүң жаңжал салганы.
Кутман болчу Кутубий
Курган Манас кырааның,
Ажыратып калганы.
Караталдай капырды
Кайра сайып кубалап,
Каканды көздөй жапырды.
Орто жерин эр көк жал
Оюп келип берди эле.
Тегерегин Кутубий
Союп келип берди эле.
Калдай жагын кан Манас
Камап келип берди эле.
Как ортосун Кутубий
Сабап келип берди эле.
Орто жерин Кутубий
Оруп чыгып келатат.
Аркасынан калмакты
Арстан Манас кабылан,
Бирөөн аман таштабай,
Соруп чыгып келатат.
Калдайлары калдактап,
Качып алган кези экен.
Качкан жоону куткарбай,
Арстан Манас, Кутубий
Басып алган кези экен.
Өз билгенин өткөрө
Кылып салган кези экен.
Кыжылдаган кытайды
Кыраан Манас ошондо,
Кырып салган кези экен.
Азууларын аркайтып,
Ат өлүгү тоо түштү.
Муруттарын шыйпайтып,
Эр өлүгү боо түштү.
Түзөңдүн баары чаң болду,
Кокту-чуңкур жерлери
Аккан кызыл кан болду.
Алапайын таба албай,
Эрен тууган шериңе
Бет алып найза сая албай,
Өкүмсүгөн манжу журт
Өз дүйнөсүн чачты эле.
Чымындай жандан түңүлүп,
Алп-дөөсүнүн баарысы
Айласын таппай шашты эле.
Эчен күлүк тулпардын
Ээри түшүп бооруна,
Мойноп жүргөн мындан көп.
Жакынынан айрылып,
Канкордон кыргын болдук деп,
Боздоп жүргөн андан көп.
Куюшканы үзүлүп,
Куп айласын таба албай,
Шашып жүргөн андан көп.
Найзаларын жоготуп,
Аманат жандан түңүлүп,
Кошу ооп колжоктоп,
Токтоп жүргөн мындан көп.
Айталаада адашып,
Алапайын таба албай,
Боздоп жүргөн мындан көп.
Өлгөнүнөн калганы
Кең Алтайдын туура кыр,
Кара тоону таянды.
Таянып качып барганда
Эр Манаска баш тартып,
Нескара келди элчиге26:
«Баатыр Манас, Көк жал шер,
Кармашкан кыйын дөөлөрдүн
Баарысын сойдуң артык эр.
Телегейиң теңдигиң
Билинди бүгүн шердигиң.
Топон суу жетпес Бээжинге
Тозокту жаман баштадың.
Толуп жаткан балбанды
Томпойтуп кырып таштадың.
Алтайдан артык туулган
Оён Манас, кебимди ук!
Оң экиңде ок атып,
Бээжинге салдың чуулган.
Бел байлаган кыраңча,
Бел экениң билинди.
Бендеден артык туулган
Шер экениң билинди.
Карыпчылуу Каңгайдан
Канкорум, сага жабылдык.
Калдайды чогуу кырдырып,
Канкорум, сага багындык.
Эрдикти кыйын салдыңыз,
Эчактагы кегиңди
Эми бизден алдыңыз.
Эсенкан буйрук кылган соң,
Эчен дөө сизге жабылдык,
Эрлерди союп жоготтуң,
Ээ, баатыр, сизге багындык.
Баатыр, сенин алдыңа
Баарын тартып турабыз.
Багындык — деп, ат тартып,
Кара баш тартуу кылабыз.
Каарын катуу шер болсоң,
Опол тоодой эр болсоң,
Бир убада кылыңыз!
Ачууланып баратсаң,
Алдына тартуу кылалык.
Алтай, Каңгай жериңди,
Чогуусу менен берелик,
Калмак — манжу элиңди!
Башалуу кытай эл мына,
Башымды кессен мен мына!
Деген сөзгө көнүңүз,
Шер экенин чын болсо,
Үч күнү мөөнөт бериңиз.
Калдайыбыз, каныбыз
Катуу кенеш кылалык.
Убада кылып былк этпей,
Ошо жерге туралык!
Дегенине көнөлүк,
Манжу, кытай кандыгын
Кенешип сага берелик!
Калкка кабар салабыз,
Чын Манас, сенин өзүңдү
Кан көтөрүп алабыз.
Ачуу пайда болчу эмес,
Ачууланбай көнүңүз.
Канкор Манас кабылан,
Үчүнчү күндөн мен калсам,
Каарды катуу баштаңыз,
Андан кийин кан Манас,
Калтырбай кырып таштаңыз!
Нескара мындай дегенде,
Дегенине көндү дейт,
Ала көөдөн артык шер,
Эрдиги калын, эси жок,
Эчтеме менен иши жок,
Үч күнү бурсат* берди дейт.
Урушту тыйып кол токтоп,
Нескара колго барды эми.
Күрмө кийген манжунун
Күчтүүлөрүн жыйнады:
Таш сайынган кытайдын
Тазаларын жыйнады.
Карыпчылуу калмактын
Кандарын бүтүн чогултту.
Туура балаа Нескара
Туралбай ичи өрт жанды.
Чылгый балаа чоң Жолой
Чыдай албай бул турду.
Таштуусу жандан түңүлүп,
Далай балбан күйүнүп,
Көк гүлдүү тон жамынып,
Көрөр болсоң, Нескара
Көк жолборстой чамынып,
Каарданып бакырып,
Калдайларын чакырып:
Чылгый кара канкорду,
Үч күн мөөнөт бергин — деп,
Алдап келдим анткорду.
Оңой Манас кул эмес,
Оюлгур жайы башкача,
Оң таптыраар уул эмес!
Толгоп найза имерди,
Кызыталак ал бурут,
Топту чечип жиберди.
Каарды катуу баштады,
Каары катуу бул бурут
Калдайды кырып таштады.
Бул буруттун кордугу,
Башкача болду зордугу!
Артык акыл салганым,
Абайла чогуу балбаным.
Үч күнү мөөнөт бергин — деп,
Алакөөдөн Манасты
Эптеп-септеп алдадым.
Аярым такыр калбагын,
Ала көөдөн көөсөрдөн
Аяй көрбө жаңжалың.
Какадчыңдын канына,
Кайраты ашык бел элең,
Кара кылып бел туткан,
Ат оюнчу, жоо күлүк,
Казыналык чоң мерген,
Ишенгени сен элең.
Аяр болсоң, эр болсоң,
Ай-ааламды буй кылчуу,
Чоң мергеним сен болсоң!
Аты тулпар буруттун
Атын болжоп байлай ат!
Алың келсе, Каражой
Ала көөдөн канкорду,
Теги тирүү койбой жайлай ат!
Саадагын, мыктап кармай көр,
Каары бөлөк канкорду,
Чекеге атып жайлай көр!
Муну жайлап сойбосоң,
Билген чырын кылуучу,
Минте берсе бул канкор
Бир жанды койбой кыруучу.
Кыйла сөз айтып Нескара
Чоң, Күрөң оозун бурду эми,
Чоң, акыл сөздөн кылды эми.
Нескара сөзүн укканда
Улуктары, эрлери,
Күрмө кийген күчтүүсү
Нескара сөзүн эп көрдү,
Күүлөнгөн Жолой балбаны.
Кайрат кылып белсенбей,
Камынбай бирөө калбады.
Жай-жарагын шайланып,
Жайнап жаткан көп улук
Жоо-жарагын байланып,
Улук Луңтуң балбаны,
Баатырсынган жандары,
Нескара камбыл эрлери,
Акыл билгич кемдери,
Нескара кебин угушуп,
Айтса-айтпаса төгүнбү,
Кадырман каным Эсенкан,
Каалап бизди жиберди.
Мылтык атып, жаа тартса,
Чоет деп бизди жиберген,
Кагыша кетсе канкорду,
Соет деп бизди жиберген
Кагышканды соо кылбай,
Жайлайт деп бизди жиберген.
Кубалатып канкорго
Куру кантип барабыз?
Буруттан качып келдик деп,
Тоодой Эсенканыңа
Айланы кантип табабыз?
Ала коодон бурутту
Чогуу каптап көрөлү.
Үркүп качып жүргүчө
Тиктеп туруп урушуп,
Тим эле өлүм бололу:
Кайрат кылып какайып,
Камынбай колу калбады. .
Каарданып күпүлдөп,
Каарын салып алганы.
Бурут келсе жейбиз — деп,
Каарданып айланып,
Жоо-жарагын байланып,
Кайнап жаткан көп балбан
Чокморун чогуу алышып,
Ардыккандан балбандар
Адыраңдап калышып,
Күрсүлөрүн байланып,
Кырса Манас кырсын деп,
Кыйын намыс кылышып,
Тобокел деп токтобой,
Толкуп колду калганы.
Тозоку Жолой, Нескара,
Толуп жаткан балбаны,
Каары бетке айланып,
Алтындан саадак байланып.
Келишимдүү ат минип,
Кең куйругун чарт түйүп,
Кызыл-тазыл кийинип,
Кытайлардын Каражой,
Жоо дегенде сүйүнүп,
Мергени жандан ашынган,
Айдай сары түз келсе,
Жарты куурай жашынган.
Жаман айтса таңылбас,
Жакшы сүрө бутадан
Найзанын ашкере учунан,
Атканда чочко жанылбас.
Жөө чуркаса чоң күлүк,
Катылганды буй кылган,
Ааламга салат чоң бүлүк,
Кызыл-тазыл кийинип,
Үйүң күйгөн бул капыр
Эликтей чуркап түйүлүп,
Каражой келди камынып,
Камынмак болду көп улук,
Камбылдары, кандары
Калайман түштү чуу туруп,
Беленденди жер өлчөп,
Мээнетти мындай салганы,
Көөдөк эрди жөөлөтүп,
Бээжинге байлап алганы.
Кыйын оор кеп урду*
Убаданы бек кылды.
Коштоо келген колунан
Нардан миңден союшуп,
Качкан мындай болсун деп,
Колодон кылган бурканды
Төшүнө бекем коюшуп,
Нескара, Жолой эки кан
Качсак кырып салгын деп,
Убада кылып эчен жан
Ташты омуруп чеп кылып,
Кетирбей жолун бек кылып
Улуктары, кандары,
Намыстанып кытайлар
Күтүнбөй бирөө калбады.


Кыргыз