Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Чалгын

Азиз кандын Алмамбет,
Жанында Сыргак кара көк,
Өзү көргөн жол менен,
Өзөндүү булак суу менен,
Ашуусу бийик тоо менен,
Аркар жаткан зоо менен,
Ирмеп алар чөбү жок,
Чык этерге суусу жок,
Үстүнөн ысык кетпеген,
Төбөсүнөн айланып
Канаттуу учуп өтпөгөн,
Кыйыр-кыйыр жер менен
Кылчайбай, турбай жол жүрдү,
Ат аябай мол жүрдү,
Көп ойлонуп нес болду,
Жаңырыктын Жар-Кыя,
Ажыдаар жүрбөс чубама,
Тешик-Таштын оюна,
Агарган талаа боюна
Жакын кирип барганда
Артындагы эр Сыргак
Айланасын караса
Мергени турат бир жерде
Мээлеп тиктеп атканы,
Ажыдаар турат бир жерде
Арбап-соруп тартканы.
Бир жагын Сыргак караса
Илбирси турат илгени,
Жолборсу турат комдонуп,
Качырып шери киргени.
Мунун баарын көргөндө
Бала Сыргак муну ойлойт:
Чолпондой болгон кайран көз
Ойдурганы келген го,
Ажыдаар-жыланга,
Алдап чалгын чалдырып,
Көөнү келсе Алмамбет
Сойдурганы келген го?!
Качан болсо өлгөмүн,
Ал манды ээрчип келгемин.
Ажыдаар оп тартса
Аянбастан соёюн
Жолборсу кёлип кол салса
Өлүм кылып коёюн!
Бекитип койгон чептерин
Мен талкалап өтөйүн,
Астымдагы Алмамбет,
Артынан кууп жетейин,
Канын чачып бу. жерден
Кайра тартып кетейин!
Жабдыгын алып шайланып,
Жалаңдаган эр Сыргак,
Жанына болот байланып,
Эңтеңдетип шаштырып,
Алдындагы Сарала
Согончоктой бастырып.
Сыргактын түрүн көргөндө
Сырттан тууган Алмамбет:
Каапыр кытай көрөт деп,
Минтип жүрсө Сыргагым
Түбүмө түгөт жетет деп,
Аңдып жаткан кытайга
Шек билдирип кетет деп
Муну ойлоп Алмамбет
Сарала оозун бурду эле,
Күпсөр менен бир дары
Күркүрөп Алмаң суурду эле,
Алакан толгон дарыны
Таңдайына урду эми.
Ээрдин башын каккылап,
Камчы менен кайталап
Үзөңгүнү чапкылап,
Калмактай сүйлөп калдырап,
Кытайча сүйлөп балдырап
Амал окуп кытайдан
Айласын билген Алмамбет
Сыйкыр окуп турду эми.
Алмамбет сыйкыр окуса
Ажыдаар качты ышкырып,
Мергени качты үшкүрүп,
Жолборсу качты тоо менен,
Илбирси качты зоо менен,
Каманы качты токойго,
Быт-чыт болуп сыйкырлар
Житип-житип жоголду.
Сарала оозун бурду ошол,
Бул амалды коргондо
Алаке чынын айткын деп
Сыргак камап турду ошол.
Уктаса көргүс түш кылдын,
Ажыдаар бизди сорордо,
Адамдан башка иш кылдын, Алмам!
Ырас чынын айтып бер,
Анык сырын айтпасаң,
Сенин тилиң албаймын
Өлсөм Бээжин барбаймын.
Береним Сыргак угуп тур,
Чолок этек көйнөгүн
Кийип турган кезимде,
Алакандан чыгарбай
Кырк кандын эли кытайды
Билип турган кезимде,
Кыргыз болор ойдо жок,
Калың манжу кытайдын
Калың согуп чеп жасап,
Тамы болуп турганда,
Каканчындын Бээжинде
Төбөмө асыл таш сайып
Каны болуп турганда
Арстандай белим ийилген,
Бээжинди чаап кетет деп,
Түбүмө бурут жетет деп,
Даңзасына кытайдын
Манас көк жал чийилген.
Муну көрүп алганда,
Таш сайынган кытайлар
Тамак ичпей коркушуп,
Чуркурашып күйүнгөн.
Мусулман болор ойдо жок,
Жин-перини чалдырдым,
Жин-перинин шаарынан
Алтымыш аяр сыйкырчы
Атайы буйруп алдырдым.
Айлыгына буттап алтын зер берип,
Минтсем Бээжин келбейт деп,
Бээжинди Манас көрбөйт деп,
Ажыдаар, жолборс канча аң,
Сыйкыр менен мен Алмаң
Жол кайтартып койдурдум.
Бекитип койгон сыйкырды
Чечип ийдим көрдүнбү?
Эми сырым айтайын,
Дүмүрөйгөн чоң зоңкок
Түз деп ашар бел эмес,
Түрү суук кытайга
Түз эле кирер эл эмес.
Бел байлаган бели бар,
Бекип жаткан шери бар.
Түлкүсү жатат белинде,
Өрдөгү жатат көлүндө,
Кулжасы жатат каңкайып
Коймого койгон жеринде.
Анын нары жагында
Кырк кечили жанында
Таштан койгон тагы бар,
Алышса адамдын алы жетпеген
Чоң Малгун деген дагы бар.
Түп Бээжинде санатсыз
Сапырылган журту бар,
Алты айчылык Бээжинге
Алты күндүк кабарды
Жетип жеке берүүчү
Кып-кызыл калтар түлкү бар,
Он күндүк жерден жыт билген,
Алты күндүк узак жол
Алыстан анык көз көргөн
Түлкүсүн кармап биз алсак
Кытайдын малын чачабыз,
Түлкүсү бизден кутулса *
Дүмөктүү болуп кайтабыз.
Тээтиги дүмүрөйүп көрүнгөн
Түз болгон тоонун урчугу
Бетеге чыккан чоң талаа
Чай алчуу тоонун тумшугу.
Билген жанга ал тумшук
Кан-Жайлактын бели ошол,
Кароолго койчуу түлкүнүн
Качып кетер жери ошол.
Ошол жерге барганда
Бөлөк жакка кайрылба,
Айткан жерден айрылба.
Ордунда болсо түлкүнү
Астыма салып кубалап
Айкырып анда бакырам,
Сыргак кел деп чакырам.
Чыканактап дем албай,
Чырым этип уйку сен салба.
Муну айтып Алмамбет
Бура тартып дыр койду,
Сарала менен чу койду.
Бөксөгө мөндүр жаадырып,
Күндү түнгө айлантып,
Сасык туман түшүрүп,
Жайдын күнүн кыш кылып,
Кароолдогон калмакты
Кар бороонго туш кылып,
Түлкү жаткан өзөнгө
Түнөртүп мөндүр жаадырып,
Кароолчусун камады.
Алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын жалгызы
Сыр баранды колго алып
Бастырып чыкты кайкыга
Караган шак белине,
Качан болсо түлкүнүн
Кароолго чыгар жерине.
Түлкүнү карап элеңдеп,
Арта салып бир ташка,
Бараңды турду белендеп.
Ошол чакта куу түлкү
Башын жерге салды эми,
Мезгилсиз кандай жаады деп,
Кандай күндөр болду деп,
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Алмамбет жайы көрүнөт!
Кароолго барып мен карап,
Кайра тартып келейин,
Кашат бойлоп желейин.
Кароолдогу кырк кечил,
Барып кабар берейин.
Бээжиндеги Карыкан
Белгиленген сөзү эле,
Берен көк жал Алмамбет
Бээжинге сапар кылмакка
Быйыл келер кези эле.
Муну ойлоп куу түлкү,
Жаны калбай түйүлүп
Зымырылып жүгүрүп,
Тумшугун өөдө көтөрүп,
Жыттап турду айланта.
Аңдып турган Алмамбет
Окчо кармап бараңды
Капталдата бир койду.
Мээлеген жерге тийбестен,
Бир жагы колун сый койду.
Кара жандан түңүлүп,
Канаттуудай түйүлүп,
Качып барат түгөнгүр
Үч буту менен жүгүрүп.
Агала кыя капталдан
Алмамбет келет бакырып,
Эр Сыргак деп чакырып.
Колундагы Карткүрөң
Кабак жакка ыргытып,
Астындагы Көкчебич
Оңду солду-камчылап
Оң-тетири теминип
Чү деп калды учкандай,
Карыдагы сыр найза
Кармай салып он колго,
Түлкүнү көрүп сүйүнүп,
Тиктеген көзүн ирмебей,
Белестеги кайкаңда,
Бетегелүү тайпаңда
Безилдетип тулпарын
Түлкүгө жаңы жетерде,
Жандай салып өтөрдө
Кудай кууну бергин деп
Сыр найзаны көтөрдү.
Түлкү демеп дыр койду,
Караган, бадал, калың чер
Качып түлкү кирерде
Кабылан берен Сыргагың
Капталдата бир койду.
Аттан түшүп түйүлүп,
Азизкандын Алмамбет
Түлкүгө келди жүгүрүп.
Кара болот нар кескен
Кындан алып сууруп,
Алты бөлүп таштады
Түлкүнү канга жууруп.
Караган шак, калың таш,
Ошол таштын ичинен
Жаткан тоодой шири кап
Азизкандын Алмамбет
Эр Сыргактын алдына
Алып келди көтөрүп.
Ичин жарып караса
Коңурбайдай калчанын
Камдап койгон тону экен,
Кароолго келгенде
Кие турган тону экен.
Коросонго кой айтып,
Баабединге бата айтып,
Ай туяктан ат айтып,
Алмамбет турду сүйүнүп.
Жаткан төөдөй шири кап
Жара чаап жиберип,
Коңурбайдын кеп тонун
Алмамбет алып кийинди.
Тонду кийип алган соң
Алмамбет турду шаңданып,
Көрүп турду эр Сыргак
Алмамбетке таң калып.
Көз-көз алтын балкылдайт,
Көөкөрдөй болгон шуру таш
Төбөсүндө жаркылдайт.
Сырт жагынан караса
Кебез белбоо, кен өтүк,
Кебетесин карасаң
Кечилдин каны Коңурбай
Алакең өзү болуп калды эми.
Колундагы чылымы
Алтын найлуу сыр канжа,
Алдынан чыгып караса
Алачыктай зор калча.
Ошондо береки кен Таластан келер де
Өөдө-төмөн чыркырап
Туйлап берген эмеспи,
Белек кылып бир куржун
Берен жеңең Каныкей
Ыйлап берген эмеспи.
Ой аяш Бээжинге барсаң чала бар,
Береним жеңем берди деп
Белек кылып ала бар.
Каканчындын Бээжинге
Барсаң кытай чеп деген,
Балакети көп деген.
Бээжинге бейпай салганда
Белекке алып барсын деп
Иштүүлүктөн Каныкей
Нашап салган эмеспи,
Коңурбайдын Алгара
Кулагына кулагын,
Туягына туягын
Так ошондой кылдырып
Жасап салган эмеспи.
Ички жагын жабуунун
Була менен байлаткан,
Түк келүүчү сырт жагын
Кара кыл менен карматкан.
Берен Алмаң кабылан
Астындагы Сарала
Ээрин алып жайдактап,
Берендигин билгизди,
Каныкей берген кеп тонду
Саралага кийгизди.
Ээр белдей белестен
Чаңдап чыкты көрдүнбү,
Ээк алдында куу кулжа
Коңурбай болуп кубулуп
Алакең алдап чыкты көрдүнбү:
Ажыдаар жатат белинде,
Куу түлкүң жатат көрдүнбү
Кароолго койгон жеримде,
Менин балбаным жатат чебимде,
Өрдөгүм жатат көлүмдө.
Атаңдын көрү Аккулжа
Кара сууда кеме жок,
Кайран башым барында
Каш кайтарар неме жок.
Туура сууда көлүм жок,
Туйгун башым барында,
Тура бергин куу кулжа,
Туура сага өлүм жок.
Канча жылы болгончо
Кароолчу болуп өзүмө
Жол кайтарып калганын,
Аркарга сени кошпогон
Өзүмдө болот арманым.
Карыкандын алдынан
Алты аркар тандап аламын,
Абайлачы куу кулжа,
Өзүңдү айгыр саламын.
Мына минтип өзүңдөн
Жана тукум аламын.
Мына муну укканда
Таштан чуркап дыр коюп,
Алакеңдин алдына
Коңурбайым экен деп
Жетип» келди чу коюп.
Туура тартып турганда
Кара калпак кыргагы,
Кабарында бар бекен
Кан Манастын Сыргагы,
Колун дагы чорт кел те
Окчо кармап бир койду.
Кулжаны минтип кулатты,
Бала Сыргак кой кашка
Аткан жерге сулатты.
Куу кулжа атып сойду эми,
Этине экөө тойду эми.
Аяныч жок жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп,
Томуктай жерде тоосу жок,
Токум батар коосу жок,
Ит өтпөгөн чөл менен,
Ийри-буйру жол менен,
Аттын оозун бурду эле,
Азканакай Алакең
Жанындагы Сыргакка
Бу сөздү айтып турду эле:
Маңдайдагы кашатта
Жалгыз аттын жолу бар,
Өрдөгү көлдөн кетиптир,
Эки күн мурун келбеген,
Алмамбеттин шору бар!
Алты күндүк алдыда
Чоң Малгун деген зору бар.
Алачыктай чочмору,
Алышарга колу бар.
Алдында турат кырк кечил,
Кароолдогу чону бар.
Чоң Малгундун алдында
Кытайча бичик каты бар,
Капыр Малгун минерге
Боз качыр өңдүү аты бар.
Айбандан күлүк чоң эшек,
Чуркашына мал жетпейт,
Үстүндөгү Малгунга
Алышкан менен ал жетпейт
Малгундун жайын сурасан
Адамдан башка сөзү бар,
Маңдайынан карасаң
Коноктой жалгыз көзү бар.
Чет Бээжиндин тамы ошол,
Ченебеген чоң Малгун
Жалгыз көздүү каны ошол.
Кандай заман, кандай түн,
Кабылан Сыргак кырааным
Экөөбүздө бу жолдо
Болор экен кандай күн?!
Чочуп турган кообум—
Ошол капыр чоң Малгун.
Алышканды түк койбойт,
Бир чочконун этине
Бир жегенде, түк тойбойт.
Тетиги бозала мойнок, кыран таш
Казаны жатат кайналуу,
Тетиги капталда чынар теректе
Качыры жатат байлануу.
Качырына жете көр,
Жетүүчү болсоң Сыргагым
Качырдын башын кесе көр!
Атышка кирсе ак жолтой,
Алышканда сан колдой,
Алтын айдар, чок белбоо
Азизкандын жалгызы
Барааны тоодой көрүнөт.
Бара түшүп бөлүнөт,
Байкал турса турпатын
Кебез белбоо, кен өтүк
Кечилдин каны Коңурбай
Чоң калчадай көрүнөт:
Күдөрү чылбыр булкунтуп,
Күлүгү менен жулкунтуп,
Чоң өтүгү чойкоюп,
Короздой мойну койкоюп,
Кылычы белде кыңгырап,
Бастырып келет зыңгырап.
Кечилге жакын калганда
Очогу оттой чоң канжа
Белинен жулуп алды эле,
Дүңгүрчөктө тамеки
Беш чеңгелдеп салды эле,
Берениңдин канжасы
Беш эли толбой калды эле,
Кытай оттук боор таш
Кырып ийип чок койду,
Канжасына от койду.
Коңурбайдын сыр канжа
Тартканында коркурайт,
Коё берсе түтүнү
Жеңдей болуп бур алып
Төбөсүндө буркурайт.
Муну көрүп алган соң
Коңурбай калча экен деп
Кароолдогу кырк кечил
Карап турду чуркурап.
Жакын кирип барганда
Колуна болот курч алып,
Урушка кирди ошондо
Кырк кечилге кол салып.
Ары бери Алмамбет
Ойноп-ойноп алды эле,
Ойногондо ону өлдү,
Жана кирип калды эле,
Кирген жерде жармы өлдү.
Ок жыландай октолду,
Октолгондо Алмамбет
Кырк кечил бүткүл жок болду.
Сыр найза сунуп кычырап,
Кылычын сууруп көтөрүп
Малгунду көздөй бет алды.
Амалкөй тууган чоң Малгун
Шашып чуркап барбактап,
Жетмек болду жалгыз көз
Чоң качырга дардактап.
Качырына жеткизбей
Кара болот кыргагы,
Алакең үнүн укканда
Качырып калды мелтиреп
Кайран бала Сыргагы.
Тегеректи карабай,
Жетип келди эр Сыргак
Теңиз жанын аябай.
Жебеден мурун жетти эле,
Колундагы нар кескен
Жетип Сыргак берениң
Моюнга чаап өттү эле.
Ит Малгундун боз качыр
Башы үзүлдү быркырап,
Too ураган эмедей
Кулап кетти дыркырап.
Канатынан кайрылды,
Жалгыз көздүү чоң Малгун
Боз качырдан айрылды.
Алмамбет кыраан көк жалың
Сокурду көздөп бет алып,
Алмамбет деп бакырып,
Найзаны түздөп сундурду,
Мелтиретип оңдонуп,
Көзүнөн жалын шыркырап,
Тиштенгенде Алмамбет
Кашка тиши быркырап,
Жебеден мурун жетти эми,
Оң далынын бети деп,
Өпкө-жүрөк чети деп
Жетип муштап өткөндө
Таш муштаган сыяктуу
Сыр найза кетти бычырап,
Оңбогон сокур оңбоду,
Соктугуп аты тийгенде
Тизеден жерге орноду.
Эсин жыйып алганча,
Кайран күлүк Сарала
Өөдө тура калганча
Айкырыкты салганы,
Сараланын куйругу,
Алмамбеттин этеги
Куу сокурдун колуна
Кабат тийип калганы.
Саралага кошоктоп
Экөөнү бирдей сүйрөдү.
Жолум үйдөй ай балта
Оңтойлонуп колуна
Алмак болду чоң Малгун.
Алмамбет антип турганда
Алдындагы Көкчебич
Оңдоп, солдоп камчылап,
Олбуй-солбуй теминип,
Жебеден мурун жетти эми,
Жеткен жерде сокурду
Алмамбеттин үстүнөн
Көмө коюп өттү эми,
Муну менен Алмамбет
Ыргып минип атына
Бир оңолуп кетти эми.
Бура тартып эр Сыргак
Ылаачындай качырып
Кайра жетип келди эми,
Болоттон соккон ай балта
Бекем кармап эр Сыргак
Дөбөдөй болгон Малгунду
Төбөсүнө эки кур
Салып-салып өттү эми.
Чапканга Малгун кенебейт,
Сыргактын чапкан зардабын
Бучкагына теңебейт.
Бура тартып өткөнчө,
Көздү ачып жумганча,
Бала Сыргак баатырдын
Башын жара чабарда
Эр Сыргакты чаптырбай
Көк жал кайран Алмамбет
Куюндан мурун жетти эми,
Жеткен жерде Малгунду
Көөдөнгө муштап өттү эми.
Малгун менен Алмамбет
Чапкылашып калышты,
Калкандын бети карышты,
Сооттору жыртылып,
Качпай туруп эки эр
Чындап жатып салышты.
Турумтайдай жетти эле,
Малгундун жалгыз көзү деп,
Чечекейге эр Сыргак
Муштап эми өттү эле.
Жалгыз көзгө сайдырып,
Чечекейден айрылып,
Амалы кетип чоң Малгун
Тоого качты шок-шоктоп,
Алмамбет Сыргак эки шер
Тоого койбой токмоктоп.
Бээжинде Малгундай башка эр болбойт
Сайган менен найза өтпөйт,
Шилтесе кылыч түк кеспейт.
Чындап качып чуркаса
Эки күлүк ат жетпейт,
Сабаса балта дагы өтпөйт.
Каапырдан кайдан аянды,
Ортого алып Малгунду
Алты күнү сабады,
Өлтүрө албай Малгунду
Эки кыраан жадады.
Ажалдын жеткен убагы,
Жана жетти түйүлүп
Кашында бала Сыргагы.
Жеткен жерден эр Сыргак
Башындагы туулга
Ыргыта коюп өттү эми.
Атайы соккон асыл курч,
Азизкандын жалгызы,
Чындап колго алды эми.
Кыйгай тартып Малгунду
Башка шилтеп калды эми.
Бир чапканда Алмамбет
Чоң Малгунду сойгон соң
Алмамбеттей шер болбойт,
Эрдин тешип Малгунду
Артып берсе атына
Кайран Сыргак тең болбойт.
Көбү төгүн, көбү чын,
Көрүп келген киши жок,
Бири төгүн, бири чын,
Билип келген киши жок,
Илгеркиден биздерге
Келе жаткан ушу кеп.


Кыргыз