Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Достук

Бул мындан коп жыл мурда болгон эле…

Кара-Ташта кышкысын кар жатпайт. Ал кыштоо Чоң-Талды-Булак өзөнүндөгү кыштоолордун эң жайлуусу. Кой короосу да ыктоо жерде. Мына ошол кыштоодо аппак аре чычкан бар эле. Анын ийни таш короонун кыбыла тара-бындагы бийик беттеги чоң таштардын арасында болучу. Өзу аппак болгондуктан, кар жатпагаң беттен ал күмүш чекиттей болуп алаканга саЛгандай дгг&на көрүнөт. Аны дайым эле көрө албайсьщ, кээде-кээде гана, капыстан…

Ошондогу бир окуя ушу кезге чейин эсимен кетпейт. Ээн кыштоодо китеп окубасаң, эригесиң. Күндөрдүн би-ринде китеп окуп жатып, сыртка чыгып калдым. Боз уй-дон он эле кадамдай жерде, таш короонун тубундо акыр боло турган, баягы аппак аре чычкан ошол акырдын ичинде жүрүптүр. Мени коруп жылт койду — таш короо­нун конулдарына кирип кетти. Мен аны мурда ушунчалык жакындап коргон эмесмин, аппак жундору улбуроп таты-накай экен! Адам суктанарлык! Аны дагы коргум келди, себеби ал кирип кеткен коңулунан эртеби-кечпи чыгышы керек эле. Кайра боз үйгө келип, туурдуктун акыр көрүн-чу жерин саал кылтыйта, жылчыктан карап тур дум.

Чай кайнамдай убакыт откондон кийин ошол акыр кырында баягы аре чычкан кайрадан пайда болду. Кыска жунү күмүштөй жылт-жулт этет! Не деген керемет?! Кор­ее, баягы аре чычкан акырдан жем терип жегени келет экен! Тегерегин элеңдей карап, кооптуу коркунуч жок зкенние козу жеткенден кийин, акырга түшүп, тоюна баш­тады. Кызыгып карап турам. Аре чычкан акырдын кыры-на улам секирип чыга калып, кайра култ этип акырга секирип тушот, дан терип жейт. Ошо таптатынакай аре чычканга суктанып атып, күтүлбөгөн жерден экинчи бир нерсеге катуу таңгалдым. Жо, адегенде коркуп кеттим, не дегенде, биздин көкдөбөт так эле ошол акырдын түбүнөн өтүп баратты, бирок… негсдир сереңдеп жүргөн аре чыч­канга эч тап бербеди. Аны бир карап коюп, эриккенден эмне кыларын билбей, үйдүн жанына келди да, итаягы-нын тубундо калганын шапшып иче кетти. А мен кок до-бот аре чычканды корору менен баса калып жеп коёбу дел чочудум эле. Жо, андай болгон жок, ушуга катуу таң-галдым.

Аре чычканды кийин да ошол акырдан коп көрдүм. Көбүнчө, чоң шашкеде келер эле. Кокдобот ага таптакыр тийчү эмес…

Арадан коп жыл откондон кийин тигини бул алыскы тоодогу, ээндиктеги сейрек кездешучу достук экенин ту-шүндүм. Алыскы тоо койнунда кыштап калсаң, адам көзүңөн учат, сага жан-жаныбардын бардыгы, асманда учуп бар аткан куштан бери дос сыяктуу сезилет, тегере-гиңдегинин баардыгы сенин аялуу дүйнөң болуп калат. Аларды сен жамандыкка кыйбайсың, себеби күндө ошо койнунда жүрөсүң. Ошон үчүн көкдөбөткө да жападан жалгыз аре чычкан ошондой жылуу корунуп, дос болуп алышкан экен…