Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Театр. Театрга берилгендик

Театр. Театрга берилгендик

Театрым үчүн боорум садага! Бул сөз Сабира эжедей бүт өмүрүн театрга байлап, театрды жаны менен сүйгөн жана да театрдын театр деген ысымы менен абийирин баарынан ыйык сактаган адамдын илеби нен гана чыгышы мүмкүн. Мен Сабира эже жөнүн дө ойлогонумда, ал киши ни театрсыз көз алдыма элестете албайм. Асман ме нен жерди биринен бирин ажыратуу мүмкүн болбогон сыяктуу, Сабира эже менен театрды да бири биринен ажыратуу мүмкүн эмес. Түйшүктүү адал эмгек адамдын акыбетин жебейт эмеспи. Ошонун натыйжасында, кечеги күнкү үркөрдөй болгон Төкөлдөш айлынан башкага белгисиз карапайым кыргыз кызы бүгүнкү күндө өзүнүн журтчулугуна даңкы чыккан, кадырбарктуу, сүйүктүү актриса болгонго чейин өсүп чыкты.

Театр
Театр

Театрдан боорум садага! Сабира эже минтип айтканга эч ким таң калбайт да, эч кимге өөн учурабайт. Табигый нерседей сезилет. Анын жөнү бар. Өзүнүн көп жылдык чыгармачылык өмүрүнүн ичинде театр ага көптү берди, белгисиз секелек кыздан атактуу чыгармачыл адамга чейин өстүрдү. Артисттик аброю менен адамдык баркы үчүн театрга милдеттүү экенин, Сабира эже билет. Сабира эженин өзүнүн түзгөн образдары көбүнчө ийги ликтүү чыгат, өтө эле аз мүдүрүлөт.

Мына ушундан улам, анын себеби эмнеде деген табигый суроо туулат. Албетте, мен жогоруда айткандай, Сабира эже таланттуу адам. Бир жагы ошону менен түшүндүрүлсө, экинчиден, Сабира эже көрүнгөн эле ролго макул боло бербейт. Өзүнүн ички табиятына, мүнөзүнө, айтайын деген оюна туура келбесе, баштан аяк катышуучу чоң роль болсо да албайт. Чоң артистка Сабира эже өзүнө буюрбаган чоң ролду алып, жастым басып алгандан көрөкчө, өзүнө төп келишкен кичине ролду чоң ролдон кемитпей бадырайтып, эсте каларлык кылып аткарып койгонду жакшы көрөт. Чыныгы артистке таандык асыл сапаттардын бири, менимче, ушул.

Сабира эженин дагы бир артыкчьшыгы  автор менен акылдашып, керек болсо талашыптартышып иштегенди жакшы көрөт. Сабира эженин дагы бир артыкчьшыгы  ал өзүнө да, башкаларга да талапты өтө катуу койгон артистка. Сүйлөгөнү же караганы, отурганы же турганы, басканы же бу рулганы, күлгөнү же ыйлаганы  ушулардын бардыгы чын болмоюнча, адамдарга айтайын деген оюн биротоло так тап, ошону көрүүчүлөргө жеткириш үчүн өзүнүн артисттик каражаттарын бүт бойдон топтомоюнча ал эл алдына эч качан чыкпайт.

Убакыт менен да, ден соолугу менен да эсептешпестен эси ооп суй жыгылганга чейин иштей бе рет. Сабира эженин дагы бир артыкчылыгы  ал өзүндө бол гон адамдык жана артисттик касиеттердин бардыгын жаш тарга берип, аларды өзүнүн эли менен жергесин чындап сүйүп аларга кызмат өтөөдө жанын аябаган чыныгы патриот артисттерден болушуна кол кабыш кылууга качан да болсо даяр.  Адамдар бирине бири жакшылык тилеген жерде гана оңолот,  дейт Сабира эже. Туура. Ал киши жалаң театрдын жаштарына гана эмес, бардык жанга жакшьшык тилеген адам. Сабира эже өзүнүн оорулуу экенине карабастан:  «Театрым үчүн боорум садага!»  деп түйшүктүү, асыл эмгекке башы менен кирет. Ал кыйналат. Бирок кечиндеси жүздөгөн театр ышкыбоздору залдын ичин титиреткен кол чабуулар менен тосуп алышканда, Сабира эже кыйналганын тапта кыр унутуп, өзүн чексиз бактылуу сезет. Артист үчүн көрүүчүлөрдүн алкышынан өтөрлүк бийик таалай бул дүйнөдө болбойт.


Кыргыз