Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Дары суу

Анын «Адыл мергенчи» атагы эбак өчүп, «Адыл кап-канчы» атка конгонуна он жылдай болгон. Не дегенде, он көзүн ак чел басып, жакшы кербей калган эле. Вал¬ким, алыскы шаарларга барып, адис доктурларга керүнсе, көзүн дарылап, айыктырып берет беле, ким билет? Бирок,, ал муну «кудайдын буйругу» деп түшүнүп, доктурларга кайрылбады.
Ошо оң көзү дартка чалдыккандан кийин ал капкан салууга көчкөн. Аңчылык кыла жүргөн кесиби экен, үйүндө тынч отуруп калалган эмес. Карылыктын эс алуусуна чыкса да, күзгүсүн түлкү менен кашкулакка капкан салат. Өкмөткө баалуу терилерди төгөт.
Мына быйыл да ан, терилер жетилгенден тартып, капкан салуу менен алек. Олжосу да жок эмес…
Бул тоолорду ал ийне-жибине чейин жатка билет. Түлкү жолдор кайда, кашкулактар кайда, капканды кайсы жер-лерге салыш керек, бу жагынан алдыга киши салбайт. Мына бүгүн да Аюу-Төргө салган капканынан кырдын кызыл түлкүсүн олжолоп келатат…
Аюу-Тер менен Чалканды жайлоосун Кемегенин чоң суусу белүп турат. Асыресе, бул суу июнь айларынан — те чокулардагы мөңгүлөргө кун ачуу тие баштагандан тартып кире баштайт. Ошондо, бул сууну жөө жалаң ке-чүүге болбой калат. Түшкө чейин тартылып агат да, түш оой суусу эрдөөнүнө батпай ташкындап, киргилт тартып кирген буурадай курпүлдөп чыгат. Андайда, бул суу ат агызат. Ошон үчүн, ары-бери каттаган эл бул суудан түшке чейин өтүп кетүүгө аракет кылат. Адыл капканчынын бү-гүн Аюу-Терден ашып келатышынын себеби да ошол… Бирок ал жогорку кырдан эңкейе бергенде, темен жакта, суунун аркы өйүзундө эки мамалагын ээрчитип келаткан аюуну көрө койду да, ташка далдааланды…
Аюу берки өйүзге өтүугө кечмеликке келатыптыр. Суу бугун эртелеп кире баштаганбы, саал киргилдене калган. Ошо себептен, аюу берки өйүзге өтүүгө саал жүрөксүп тургандай. Ал кечмеликке жетип, токтоп калды. Кийин эки мамалагын аркы өйүзгө таштап, «кечип көрөйүнчү» дегендей сууга кирди эле, эки мамалагы тең чыңырып, ар¬тынан ээрчиди. Аларды аюу зорго кармап калды. Бир аз кечигип бурулганда, экөө тсң агып кетиши мүмкүн эле. Эми аюу мамалактарды аркы жээкке кайра чыгарып, жер-сууну буза чыңырып, экөөнү ары кууду да, кайрадан суу¬га кирди. Бирок эки мамалак чыңырып «ыйлап», энесинин аркасынан кайра ээрчиди. Эми аюу шашкалактап, мама-лактарына кайра чыгып барды. Бирөөнү кучактап, бирөөнү ары кууп, суу кечмей болду эле, ары жактагы жалгыз ма¬малагы чыңырып, энесинин артынан сууга кирмей болгон-до кайра ары кетти. Эми эки мамалакты тең ары кууп, бирденке издей баштады. Көп өтпөй ары жактан бир жал-пак таш көтөрүп келди. Эми бир мамалагын кармап, ошол жалпак таш менен бастырып койду да, берки мамалагын тиштеп сууга кирди. Суу чон эле, аюунун белине чыга түшүп, аны бир аз калтаңдатып барып, агызбай калды. Аюу мамалагын тиштеп берки өйүзгө чыкты да, мамала¬гын жээкке коюп, кайра ары басты. А мамалагы ушу жер¬дей чыңырып «ыйлап», энесинин артынан сууга кирмей болду. Ошондо аюу кайра бурулуп келип, жээкке чыгып, мамалагын көтөрүп бери жөнөдү да, кыян жеп кеткен кемерге салып жиберип, ары басты. Бечара мамалак ке-мерден чыга албай, чучуктай чыңырды белем. Бирок аюу ага карап да койбой сууга кирди, аркы өйүзгө шашыла чыкты. Жалпак ташка бастырып койгон мамалагынын үстүнөн ташты алып ыргытып, мамалагын тиштеп кайра сууга кирди. Берки өйүзгө өтүп, мамалагын жээкке коюп, кемерди көздөй чуркады. Алиги ташка бастырып койгон мамалагы чыңырып атып эси ооп калган көрүнөт, элдир-селдир темтеңдей басып, энесин ээрчиди. Аюу кемерге тез эле келди да, анда чыңырып аткан мамалагын сууруп алып, жерге коюп, эми жайбаракат өйдө жакка бет алды. Эки мамалагы аны тойпондоп ээрчип баратты.
Чөбү көйкөлгөн ошо тушта ышкындар осот. Аюу эми ышкын терип кирди. Эки мамалагына эки ышкын берип, калганын өзү көкүрөгүнө кысып, жолун улады. Эки ма-мамалак ышкындан жеп коюп, энесин ээрчиди. Аюу өзү да ышкындан жеп келатты. Мына ушул жерден күтүлбөгөн
окуя болду. Аюу бир аз жүргөндөн кийин солго бурулуп, бир корум таштардын жанына келди да, эки-уч ташты көтөрүп ары койду. Ошондо таштын алдында агып жат-кан коккашка суу даана корунду. Аюу андан аябай ичти. Ышкындарын жеп болгон мамалактарына да ичирди. Кийин алиги таштарды орду-ордуна койду эле, бу жерде суу барбы-жокпу билинбей калды…
Адыл ушунча жылдан бери тоо аралап жүрүп, ушул корум астында булак бар экенин билген эмес экен го?! Аябай таң калды.
Аюу тойпондогон мамалактарын ээрчитип, үстү жак¬тагы арчаларга жетти да, аны аралап, Аюу-Төргө бет ал¬ды. Аздан кийин итабар алыстап, корунбой да калды.
Адыл эми жашынган жеринен чыгып, алиги коргулга түшүп барды. Тыңшады. Күмүш тыйындын шыңгырындай дабыш чыгат. Булак! Коргулдун астында булак шылды-рап агып жатты.
Адыл эми аюу койгон таштарды эптеп ордунан козгоп, ары жылдырды. Жылт-жулт эткен коккашка булак күнгө чагылыша түштү. Адыл колун төмөн малып, тиш какшат-кан суудан кочуштап иче баштады. Даамы башкача. Кан-дайдыр жагымдуу суу.
Адыл суудан кыйлага жутту да, алиги таштарды ор-дуна коюп, сапарын улады. Те томон жакта табигый от-көөл бар эле — узун карагайды шамал түбү менен омко-руп, ал алиги чоң суунун үстүн баса жыгылып, түбү берки өйүздө, башы аркы өйүздө болуп, өзүнчө көпүрө болуп калган. Ал ошо жерден аркы өйүзгө өттү. Анан, суу бой-лоп кеткен жол менен сут фермасы жакка бет алды. Ага жетсе, сут ташыган машинелер менен айылга заматта кирип барат…
Мына кызык, ал аябай ачка боло баштады. Мындан бир саат мурда эле, кызыл тулкунун терисин сыйрып бол-гондо, ала келген бир жилик этин мүлжүп, куя келген жуу-ратын нан менен согуп алган. Аябай тоюп кеткендиктен бир аз жууратты «чымчыктар ичсин» деп, жалпак таштын үстүнө төккөн… А азыр эмне болуп атат? Ачка… Мына кызык… Алиги жон суу эмес…
Сүт фермасына ал заматта келди. Ошо аралыкта ал озоруп калды. Фермадагылардан айран сурап, ага нан туурап жеди. Бирок, аздан кийин кайрадан ачка болгонун сезди… Ооба, бул жон суу эмес эле.
Ал эртеси эле тоого, капкандарга кайра келди. А ке-терде, кур кетпей, алиги суудан айран куя келген идишине толтура куя кетти.
Адылдын байбичеси ошо кезде ашказанынан жабыр тартып, ичкен тамагын сиңире албай, жакшылыктуу тамак да иче албай, табы жок жүргөн эле, ошо суудан ичип жү-рүп оңолуп кетти. Адыл өзү да кийинчерээк тамактан кала баштагандай болгон, ал да тамакка бар болуп калды…
Кийинчерээк ошол суудан бүт айыл ташып иче турган болду. Ал жүрө-жүрө «дары суу» атка конду. Ал «дары суудан» башка кыштактан да кишилер келип, алып кете турган күндөр келди. Акырындап, анын кабары узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тарай берди. А республика-нын борборуна ал суу туурасындагы кабар эки жылда жетти. Атайы адистер келип, кышында тоңбогон бу суунун химиялык жагдайын текшергенде, ал — дүйнө жүзүндөгү минералдык суулардын эң мыктысы болуп чыкты. Ага «Арашан» деген ат коюлду. Бөтөлкөлөргө куюулуп, элге сатыла баштады. Бөтөлкөнүн сыртында тоо булагы жана анын жанындагы суу ичип аткан эки мамалагы менен аюу тартылган…