Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Чаарчык

Моңолдор жайлоонун усту жагы мелмилдеген түздүк. Жайлоого мал келелек кездеги анын ажайып көрүнүшүн айтпа! Түркүн гүлдөрдөн алка тагынган! Өзгөчө сыя гүл-дөр менен кок гүлдөр сапырылып, опсуз оскон! Тим эле айдап койгондой!

Мен чаарчыкты өмүрүмдө эң алгач жолу жана эн акыркы ирет ошол жайлоодон коргонмун. Кочуп келген-дин эртеси’Качкынчы экөөбүз кой жайып чыкканбыз, би­рок, жайлоонун тизеден буралган чобу малды алые узат-пай койгон… Качкынчы кок шиберге көмкөрөсүнөн түшүп, адатынча китеп окууга киришкен, а мен озон жаккы эң-кейишке ышкын тергени кеткемин.

Бу кезде жайлоодон төмөнкү коктулардын ышкыны­нын мөнтөк башы жарылып, ката баштаган учур болот. А бу жайлоонун үстү жагындагы озондүн эңкейишиндеги ышкындар али монток баш, солкулдак келет. Бир жума-дан кийин булардын да монток башы жарылып, ката баштайт.

Солкулдаган ышкындарга бат эле кучагым толуп чык­ты. Бир четинен аарчып жеп атам, бир четинен терип атам. Кучак толсо да, коз тойбойт…

Бир маалда түркүн гулдуу жылгачага кез келип кал­ган экенмин, так эле жанымда, кол созум жерде, жел журсо солкулдаган топ ышкын турат. Аны да узмой бол-дум. Чукулдай берип, биринчисин тырс узуп, кучагыма салдым. Экинчисине кол созуп бараткан элем, так эле ошол ышкындын жанында булкулдогон бир нерсе жатат. Бир карасам, түркүн гүлдерге окшоп кетет, бирок гул де-гендин сабагы болот эмеспи, тиги андай эмес, тебетейдей болгон чаар бирдецке. Карап туруп, эсим ооп калыптыр. Сол кучагымдагы ышкындын баары’ жерге тушуп кетти. Аяк астымда жалбырактуу чөптөр шыбырт-шубурт боло түштү. Ошо тапта тиги бүлкүлдөгөн кыймылдай кетти. Чынымды айтайын, коркконуман бакырып ие жаздадым. Абайлай карасам, алиги тебетейдей болгон чаар неме баш көтөрүп, мени карап туруптур. Көздөрү мөлтүрөйт. Улак-ка окшоп. Анан эле, ордунан секирип турду да телтең-телтен топондоп, жылганы ордой кетти.

Менин эсимдин оогону ушунчалык, аны кара-ап, дел-дейип тура бериптирмин. А тиги телтең-телтең секирип баскан бойдон жылганын башына жетти да ары ооп, ке-рүнбөй калды.

Ошондо гана эсиме келип жүрөм. Үйдү көздөй чурка-дым. Айтсам, Качкынчы боорун тытып күлөт «чаарчык деген ошол!» — деп. Ошо замат Карагул, кадимки чаар­чык тон кийген Карагул коз алдыга тартыла түштү…

Чаарчыкты өз көзүм менен көрүп калганым үчүн өзүм-дү куну бүгүн ырыстуу сезем. Баары коз алдымда. Анын жүнү тармал болучу. Терисинен тоо гүлдөрүнүн бардык түсүн тапса болот. Темгил-темгил тартып, бир жеринде аппак гүлдүн, бир жеринде кызыл гүлдүн, бир жеринде кок гү-лдүн, бир жеринде сары гүлдүн, бир жеринде коч-кул гүлдүн… элеси! Жайлоо гүлдөрүнүн арасында жатса аны оңой менен байкоого мүмкүн эместей, гул менен гүл болуп калчудай!

Ошол эле чаарчык күзгө тарта гүлдөр күбүлгөн кезде, чаары кетип күрөң тартат экен. Кышка жеткенде боз түскө оойт. Ошентип, жыл мезгилине жараша өзгөрө бе­рет көрүнөт. Байкал отурсаң, адамдар кийим которуп ки-йингендей! Бирок маңызы — сылаңкороздук эмес, жашоо үчүн болгон улуу күрөш!

Табият оз койнундагы жан-жаныбарды ар дайым душ-манынан калкалап келген. Жеке эле чаарчык эмес, баш­ка ацдар менен илбээсиндердин түсү да жыл мезгилде-рине жараша өзгөрүп турат. Табият менен жан-жаныбар-лардын биримдиги деген ушул эмеспи?!