Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бүркүтчүнүн аңгемеси

Атактуу манасчы Саякбай мен бала кезде айылыбызга көп келер эле. Күйөө баласы Токтом Сары-Камыш мек-тебинде кеп жылдар бою директор болуп турган.
Айлыбызда Абды деген мүнүшкер бар эле. Ал бостери-лик болучу. Саякбайды жезде дечү, себеби манасчынын байбичеси бостерилик… .
Абды көбүнчө ителги, куш таптаган мүнүшкөр болучу. А Саке болсо чоң бүркүтчү. Жылыга күзүндө тору атын минип, бүркүтүн колуна кондуруп, тайганын ээрчитип, аны менен кошо чырпыктылык бүркүтчүлөр да болор эле…
Андайда «Саякбай манасчы келиптир! Манас уга-быз!» — дешип, айылдагы кары-картаңдар дүрбөп калы-шар эле. Кечкисин мал союп, Сакени төргө өткөрүп, о түн ортосуна чейин манас угушчу. А эртеси бүт бүркүтчүлөр Абдынын үйүнүн жанына чогулушчу. А кезде Абды дүкөн-чү, астыцкы айылдагы Койчуматтын тамында, бизге ко-шуна туручу.
Ушундай салбуурунга чыга турган таңдардын биринде, биздин айылдык карылардын бири минтип сурап калды:
— Саке, кеп жылдан бери эле кол оорутуп, ат жоору-туп бүркүт салып жүресүз, ушу жылдар ичинде мүнүш-кердүк кандай кызыктарды, укмуштарды кердүңүз, ортого салбайсызбы?..
Саке аппак мурутун чыйрата жылмайып койду. Колун-дагы бүркүтүн сылап, туурга кондуруп салды. Жайланып отурду.
— Мен силсрге мындан алда канча жыл мурдагы, Ак-Кез деген бүркүтүм бардагы окуялардан кеп салайын,— деп калды.
— Айт! Айтыңыз! — Тургандар жаалап кетишти.
— Ак-Өлеңдүң тушун Үч-Кудуктун Кек-Адыры деп коёт. Ошол Кек-Адырда «киши жечү көркоолор пайда бо-луптур, ары-бери еткен жолоочуларга кол салат экен…» деген кабар тарап кетти. Ак-Кез деген бүркүтүм бар. Тап-таганыма үч айдын жүзү болгон. Өзү бүркүттүн Карачыгы эле! Көзү өткүр. Тырмактары канга малып тартып алган-сып кыпкызыл, курч. Эликти эңип, текени терип, кулжаны курутуп, карышкырды качырып сала берчү дешкенден са-тып алганмын… Күз эле. Бүркүт тап этине келген, түлкүгө салам деп камынып жүргөн учурум болучу. Эл айтып кал¬ды: «Бүркүтүңдү карышкырга салып, сынап көрбөйсүңбү?» деп, оолугуп кеттим. Кезге атар мергенден жаныма кошуп, Кек-Адырды кездей бет алдым. Этекти карай кеткен жал-гыз аяк жол менен чубап келатабыз. Аңгычале тайганым алды жагын карап кыңшылап, чебелектеп калды. «Айдак! Айдак!» — дедим. Тайганым алды жакка атырылды.
Керкоо те дүпүйгөн алтыгананын түбүндө, жолду бе-геп туурасынан жаткан экен, тайган жанына баргыча кебелип да койбоду, чукулдаганда гана торпоктукундай болгон башын көтерүп, тиштерин ырсайтты. Тайган даай албай, кайра качты.
Жанымдагы мерген: «Саке, Ак-Көздүн томогосун шы-пыр! Эгер, карышкырга алдырып баратса, көркоону атып салам…» — деди. Ак-Көз али жаш, мурда карышкырга эмес, түлкүгө да салынган эмес… Тобокел дедим да, томо¬госун шыпырып, таманга кагып жибердим. Ак-Кез асман-га типтик атылып чыкты. Көркоо бир жамандык болорун сезди бейм, жаткан жеринен лып туруп, тоо таянды. Биз кыйкырык-сүрөөн түшүп, соңунан чаап баратабыз. Адатта мындай сүрөөн бүркүткө шумдуктуудай күч-кубат, кайрат, ишенич берет.
Ак-Квз асманга житип кеткендей болду да, бир учурда көктөн шуулдаган доош угулду. Карасак, жебедей сызып келаткан экен. Көзгө илешпейт. Көркоонун көздөрү кан-талап кызыл, куйругу чолок, кулун эмес, кунандыкындай жалы бар. Ал капталдап калган. Ошо учурда кандай тепкенин билбейбиз, «тап!» — эле дей түштү да, өзү ас¬манга кайра атып чыкты. Карышкыр Ьңко-чоңкосунан ке-тип, ылдый томолонду да, очорулуп отуруп калды.
Ал аңгыча болгон жок, жанымдагы мергенчи: «Карыш¬кыр! Тигине!» — деп туура жакка чапты. Карасам, дагы бир торпоктой болгон карышкыр теңирден тескери жакка, адыр түздүгүндө сызып бараткан экен. Ошоякка чаптым. Тайганым да сызды. Асмандан дагы шуулдаган доош чык¬ты. Ак-Көз! Жебедей сайылып келаткан экен! Карышкыр аңга-дөңгө салып сызып баратат. Бир маалда шукшуру-луп келип теберде, көркоо ойт берип кетти. Бирок ал бүр-күттөн кутула алган жок, Ак-Көз кайрылып келип аны желкеси менен тумшугунан басты. Аңгыча тайганым да жетип карышкырга бир тийип өттү, кайрылып келип жана бир катылды. Ошондон кийин бүркүтүм үзүктөй канатын эки-үч сермеп, бир чоң таштын үстүнө барып конду. Ка¬рышкыр турган жеринде басалбай карайлайт, көрсө ал эки көздөн тең айрылган экен, толорсуктан тайган булуп түшүптүр.
Кийин эки карышкырдын тең терисин сыйырып алдык. Биринчи карышкырды тепкенде, бели омурулуп кеткен экен…
Мына, ошол Ак-Көзүмдүн алгачкы эле жолу ушундай байсалдуу болгон! Кийин канча, карышкыр, канча түлкү, канча кийик албады! — деп тамшлнды бүркүтчү.
Кеп жүрө-жүрө куу түлкүлөрдүи кылык-жоругуна өттү.
Саке бир сүйлөп алса, токтолбогон киши экен, керген-билгенин бапылдап айтып атат, эл дымырап угуп атат…
— Боз кыроо түшүп калган. Боз-Бармактын адырын кыдырып келатам. Бүркүтүм колумда, тайганым жаным-да… Ошол Боз-Бармактын этегиндеги койчулар азыр Кы-зыл-Сазга конгон. Журттар ээн калган. Бир маалда эле бет маңдайыбыздагы асманда бир жапан бүркүт пайда болду. «Кля-як! Кля-як!» шаңшып, айлана баштады. Ал үндү угуп колумдагы бүркүтүм да «Гү-үк! Гү-үк!» этип, талпы-на кетти. Атты ошол жакка тездей бастырдым. Аңгыча асмандагы бүркүт тик сайылды. Чоң кашатка жетсем, көчкөн журтта бир түлкү асманды карап, шоңшоюп оту-руптур. Алдыңкы эки колун серендетип, шукшурулуп ке¬латкан бүркүттү колуна кондуруп алчу мүнүшкөрден бе-тер, кебелбейт. Ана, бүркүт ыргыткан таштай болуп келип, түлкүнү жалпайта тепмей болду. Бүркүт түлкүгө жете бер¬генде, түлкү ойт берип кетти. Көрсө, казыктын үстүне оту¬руп алыптыр, күү менен келаткан бүркүт бурулалбай, ка-зыкка келип бир тийип, жан берди. Кийин керсем, казык бүркүттүн курсагынан кирип, жонунан чыга түшүптүр.
Эми түлкү чубалжыган кыпкызыл куйругун булакта-тып, кылт-култ этип, жарынып елген бүркүтке жакындай баштады. Жемей болду-. Ошондо Ак-Кездун томогосун алып, таманга кактым. Бүркүт түз эле түлкүнү кездей уч¬ту. Үзүктей канаттарын эки-үч серпкенде эле жете түштү. Түлкүнү журттан узатпай илип кетти да, бийиктеп барып таштап жиберди. Түлкү жерге бир тийип, жантаслим бол¬ду. Чаап жетсем, Ак-Кез журттун үстүндегү чоң ташта, канаттарын таранып отурган экен…
Дагы бир ирет, Кек-Мойнок тараптан суу ердеп кела¬там. Орто-Токойдун суусу Кызыл-Омполду жандап аккан жерлерде кечүп кеткен койчулардын журту бар. Ошол журттан булаңдаган кыпкызыл кыр түлкүсүн керүп кал-дым. Шимшилеп жүрет. Анан эски бир курумшу тапты да, ошону тиштеп сууну кездей басты. Ошол тушта суу солго бурулуп агат, айлампалар, кеелгүген жерлер кеп. Бир маалда түлкү куйругунун учун сууга салды.
Эмне кылар экен деп, тайганымды тыйып, андый кетти м.
Түлкү абдан жай кыймылдайт. Бир маалда куйругу толугу менен сууга батты. Анан сууга арткы буттары кир-ди. Ошентип, түлкү акырындап сууга арты менен бата баштады. Кийин суу кечүгүне келди, белине келди, мойну-на жетти, эми башы да сууга бата баштады да, бир оокум-да тумшугу эле керүнүп барып, ал да сууга батып, алиги курумшу сууга агып женедү.
Ошол замат түлкү суудан чыга келди да, жээкке ба¬рып, силкинип, жолун улады. Көрсө ал бүргөлөрдин ку-тулган тура! Денесиндеги бурголор суудан качып отуруп ал тиштеген курумшуга жыйналганда, аны сууга агызып ийген тура! Амалын карасаң, куу тулкунун!
Коп отпой бул тулкуну да олжолоп, жолума түштүм…
Саякбай бүркутчүнүн ацчылык жонүндогү кеби, озүнүн «Манасы» оңдүү эле бүтчү эмес. Анын анчылык туурасын-дагы кызыктуу аңгемелери бир күн айтса да, эки кун айтса да… беш кун айтса да тугончу эмес. Саке аны озунун «Манасы» сыяктуу чоң чеберчилик, көркомдүк, чыгарма-чылык менен айтаар эле…