Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Бороон

— Мен Тогузга барып келейин, малдын эсеп-кысабы боюнча ото зарыл жумуштарым бар, бүгүн малга коз бо­луп тур,— деди атасы кышкы каникулга жаңы ле келген Акматка.

— Макул, ата! — Көптөн бери ат минбей, аябай сагы-нып калган уулу атасынын бул сунушун чон, кубаныч ме­нен каршы алды…

Мына, эми азыр ал жайытка чыккан бир короо кой четинде. Ити ээрчип жүрөт. Кыштоо те алыста, түштүк тарапта калган. Суук чыпылдап жандан отот. Койлорду шүдүңдөтүп от куудуруп аткан да ушул суук. Жайыт кан-чалык оттуу болсо да койлор сууктан бир орунда турал-байт, бет келди тербип жөнөшөт. Асман апачык болгон-дуктан күн нуру теребелге тегиз тийип турат, бирок табы жок. Жайында бүт жер кактап турчу Күн азыр жер бети-нен кок аяздуу нурларды чачып аткандай. Бороону да, жели да жок, ичтен кармаган суук…

Акмат койлор кыштоодон итабар алыстап кеткендик-тен, жайылган малдын алдына чыгып, кайра кайырды. Эми койлор шүдүңдөп кыштоонун кыбыла жаккы тушун коздой бет алды. Алар оттоп да баратат, сууктан бир жерге токтоно албай кетип да баратат.

Чоң шашкеден тартып сууктун мизи саал кайта баш-тагандай болду, койлор анча куюкпай калды, бирок алар дале болсо бир жерди байырлап оттой албайт.

Кыштоо эми түндүк чыгыш жакта калды.

Быяктын жеринин шартын билбеген адам үйүнүн жа­нында туруп эле адашып кетишти мүмкүн, себеби, айлана бири-бирине коёндой окшош кум дөбөлөрдөн турат. Алар­дын түсү да бипбирдей — боппоз. Чоптөрү да бир тилке: бетеге менен изен. Койшыбак таздын чачындай болуп бирин-серин…

Акматтын атасы бул кыштоодо мал кыштатканына он жылга аяк басты. О, а кезде, Акмат ким эле, кемегенин башынан кетпеген суу мурун бала эмес беле… Анан, окуш-ка кетти. Каникулга келген сайын ушинтип, жалгыз бой атасына жардам берет. Ошентсе да, ушул кыштоону он жылдан бери көрүп жүрсө да, Акмат да жер шартын жакшы билем деп айталбайт… Too болсо, мунусу бул, ти-гиниси тиги деп ажыратып алса болор эле, а бу жерде…

Ошон үчүн, ар бир чабан өзүнүн кыштоосу турган жер­ди башка жерлерден айырмалоо үчүн короосуна жакын кумдөбөлөрдүн бирине белги коет. Ал белги, адатта, ошол

кумдөбөнүн төбөсүнө орнотулган узун шырык болот. Ошол шырыктын башында таардан же жаза чүпүрөктөн желек байланган. Ал алыстан эле бадырайып, көзгө чалдыгат. Саал жел жүрө баштаса эле ошол желек желбиреп, «кыш­тоо быякта!»—деп кыйкырып турат. Мындай шырыктуу желек алар турган кыштоодо да бар. Ал үйдүн тушундагы өтө бийик кумдөбөгө орнотулган…

Түшко маал аттан түшүп, үйдон ала чыккан азыгы менен озок жалгап алды да, кайрале атына минип, өзүнен кыйла узап кеткен койлоруна чаап жетти. Эми аларды кыштоо тарапка кайрыды… Ошол арада ал батыш жак-тагы сөксөөлдүү талаалардан көтөрүлгөн суюк чаңды байкады. Дүрбүсүн алып карап калды. Бокондор! Бирик-кенден үркүп баратат…

Акмат жакын жердеги бийик кумдөбөгө чыгып, бөкөн-дөрдү кызыгып карай баштады. Алар түштүк-чыгыш та-рапты көздөй үркүп келаткан экен. Улам жакындай берди да, кыйладан кийин бала турган дөңдүн түштүк тарабы менен Жылкы-Өлгөн жакка өттү. Ооба, алар жөн үркпөйт эле, коркунуч болмоюн минтип куюндамак эмес…

Баланын бул жоромолору да тегин эмес болуп чыкты. Бокөндөр өткөндөн кийин, артынан шамал айдагандай, куйруктарын арткы эки аягына жыпшырган торт караан кнрүндү, Алар да катуу кетип баратышат… Бөрүлөр! Ач борүлор! Эптеп, бир бөкөндү жара тартып, ушу чыпыл-даган аязда ысык кан ичип, жылуу эт жеп, тоюнгусу кел­ген бөрүлөр. Коп отпой алар да Жылкы-Өлгөн тарапка житии кетишти.

Бокөпдөр менен карышкырларга алаксый түшкөн бала коюпун узап кеткенин байкабай калды. Ал эми текирец-таскак менен те алыскы кумдөбөнү ашып бараткан малы-пын артынан түштү. А качан гана чачырап бараткан коюнун алдына чыкканда кыштоо батыш жакта кал­ган эле.

Койлорду кыштоо жакка кайырып атып, бала түндүк тараптагы талааларды каптап келаткан ка-апкара жөө туманды көрдү. Бул — суук болучу. Жылыш арымдуу. Бала: «Ал жеткиче мал кыштоого жетип калар…» — деп ойлоду. Койлорунун артын түрүп, ыкчамдата айдап жоно-дү. Алды жагы жайылып баратса да, тез кетип баратат. Алар тың, семиз койлор. А береги бала алдына салып айдап бараткандары тигилерден чабалыраактары.

Жөө тумандуу кара булут бир короолуу койду кыш­тоого жеткирбей, орто жолдон басты. Эми алды жак ко-рүнбөй, талааны кудай ургандай суук каптады. Бала эч

токтолгон жок, алиги багыт боюнча эле койлорунун артын түрүп жүрүп отурду. Бир саат өттү, эки саат өттү, үч саат өттү… Баланын коз болжолунда, жана, жөө туман басар-дын алдында кыштоого чейин бир саатка жетпеген гана жол калгандай болгон. Бу да калетсиз болучу, чынында эле алар кыштоого чукулдап калышкан… А эми болсо үч саат өттү… Бала ошондо гана кыштоодон адашып калга-кын түшүндү. Койдун алдын имерип, бир кумдөбөнүн жанына токтоду. Жүз кадамдан алые жер көрүнбөйт, бүт талаа аяздуу жөө тумандын астында калган… Тегерегин тыңшап көрдү эле, эч дабыш билинбеди… Анын ордуна, батыш тараптан кандайдыр шуулдак дабыш жакындап келатты. Бул эмне деген дабыш экенин бала биле албады, тек гана, чай кайнамдай убакыт отпой шыбак башы кый-мылдап, кыбыла тараптан жел жүрө баштаганын кордү. Бул — алдыда болчу бороондун алгачкы белгилери эле…

Баланын тынчы кетти. «Болду-болбоду, кыштоо артта калды… Алар анын үстү жагы менен отүп кеткен болуу керек… Алды жагынан откондой болгон жок, не дегенде, кыштоонун аяк тарабы саал түзоң келет, кум доболор аз…» — деген чечимге келди бала. Анан, койлорду жел-дин багыты менен айдап жоноду. А жел бара-бара күчөй берди.

Бир саат оттү, эки саат оттү… Бала кыштоого кез кел-беди. Эми койлорунун алдына чыгып, кайра имерди да, бийик добенүн түбүно токтоп калды. Кум учурган каар-дуу бороон аны дал ошол добенүн жанынан тапты. Айла-на алай-дүлой түшүп сапырылып калды. Ошол бороон менен кеч да кирди, күүгүм да түштү. Койлор, эгер ит болбогондо, бороонго аралашып эбак эле кетмек беле, ким билет, а азыр балага так ушу ити чон, тирек болуп берди. Бир да башты топтон чыгарбай, арсылдап үрүп, малды айлана бир жерге үйүрүп турду.

Бала аттан небак эле, бороон учура коёрдо тушкон. Тушпосо, буту-колу кок сенек болуп тонуп калчудай. Ал да койлордун куюгуп кетчү жагында ары-бери басып ту­рат. «Кош Кайыр, Кыр-р-рой!» — деп тынымсыз үн салат. Ушунчалык коодой карацгылыкта, бороондо койлордун түбүнон адамдын үнү чыгып турушу малга чексиз кайрат берет. Алар үндү уккан сайын бири-бирине ого бетер ык-тай калат…

Бороон бирде дуулдап, бирде ызылдап, ар кандай доош салат. Караңгылыктан үройү учуп турган балага ал кээде итче улугансып, кээде чоочо чыйылдагансып, кээде түлкүчо күлгонсүп угулат. Мына ошондой учурда элең-

деген бала асманга эки жолу мылтык атты, жок, эч кан­дай коркунуч жок, алиги дооштор бороондуку гана болуп чыкты.

Бала эбак эле кок муштум болуп калган. Бир жерге бүрүшүп, тонун кымтыланып жаткысы келет, бирок кор-кот, биротоло тонуп калышы мүмкүн. Андан да мал бет-келди куюгуп, кырылышы мүмкүн. Анда байкуш атасы­нын куну эмне болот?! Ал ары-бери басат, буттары тонуп калгандыктан шилтеген сайын дыңк-дыңк этип, жерге тийип атабы, же жокпу, билинбейт.

Бара-бара алдан тайый баштады. Негедир коңүлү ай-ныгансыйт. Кайсы тарабы экени белгисиз, ошояктын ас-маны бозоруп келатат. Бала аны ажыраталбайт…

Ана, бороон дагы түрлөно баштады… Баланын эси дагы чыкты. Ал сенек болуп калган колун оодо кылып, ээрдин кашына илип койгон мылтыгын зорго алды да, эптеп ок-топ, асманга дагы атты. «Таре!» — эте түштү да, алиги коркунучтун баары жок болду.

Чыгыш тараптан ай чыгып келатыптыр, коп отпой ошояктын асманы аппак шоолага болондү. Ошо айдын чыгышы менен бороон да басаңдай баштады. Кийин ай­дын озү бүдомүк корүндү.

Алиги аркыраган бороондо итинин үрүп жүргонүн ба­ла такыр эле байкаган эмес экен. Балким, коркконунан… А азыр, теребел айдын күңүрт шооласынан корүно кел­генде, «хав-хав-хав!» — эте арсылдап, койлорду айлана чуркап, тосмолоп журген итин корду.

Ото катуу корккон адам үшүгонүн унутуп коёт. Бала да бу жолу ошондой абалда калган эле. А азыр болсо, айланадагынын баары ажырымга түшо келгенде, кайык-канынан тиштигип калганын сезди…

Ай которүлдү. Анын алтындай сары нуруна аралаш, түштүк тараптагы кум доболордон карышкыр улуду. Ач карышкырлар…

Топтошуп турган койлор козголо кетти. Эгер, бала үнүн чыгарбаганда, алар үркүп, тушкелди безип кетиши мүмкүн эле.

Бала ээрдин кашындагы мылтыгын кайрадан зорго алды. Колу камтууга келбей калган неме, мылтыкты опу-ралбай, опургандан кийин дүрмоттой албай, кыйлага кый-налды. Октоп буткондон кийин карышкырлар улуган жак­ты каратып туруп, машаны басты. «Таре!» эткен унго удаа коркоолордун улушу да жым-м боло түштү, бирок аздан кийин кайра башталды. Эми жоонтоп карышкыр­дын үнү чыкты…

87

Бул жерден тезирээк кетиш керек эле. Баланы кайра­дан коркунуч басты. Ошондо ал үшүгөнүн кайрадан уну-туп койду. Жанданып, «Кош! Кош!» — деген алсыз үнү чыкты. Аны койлордун ары жагында жүргөн ити да ту-шүндү. Үрүп, бери жагына өттү. Эми топтошуп турган койлордун аркы чети ыдырап, ошо бириндеген жердеги койлор ары карай шүдүңдөп жөнөдү. Жанатан берки топ бузулду. Бири бирине ыккан койлордун улам бири ары кетип аткан койлордун соңунан түштү. Кийин, алиги кум-дөбөнүн түбүндө бир да кой калбады. Ити үрүп, те чуба-ган койлордун алды жагында жүрдү.

Бала атка мине алмак эмес, тоңуп калган болучу. Ал атын жетелеп акыркы күчүн үрөп, койлорду ээрчип ке-латты. Ал түндүк-батыш тараптагы кумдөбөнүн үстүндө алоолоп күйүп аткан улуу отту такыр эле коргон жок, тегерегин кароого чамасы да жетпей калган болучу…

Кумдөбөнүн үстүнө сөксөөл жыйып, чон от жаккан анын атасы эле. Тогуздан келгенден тартып уулун издеп чыккан. Алиги бороондо кумдөбөлөрдү кезип жүрүп, тү-ңүлгөндө алоолото от жаккан. Уулум отту корор бекен деген… А бул отту баласынан мурда ити корду. Тундук тарапты коздой куюгуп бараткан койлорду от күйүп аткан добону карай кайырды.

«Хав-хав-хав!» — Улуу отту коздой ит жан-алы калбай чуркап келатты. Анын артынан койлор чубурду. Алар от­ту коргондо ээсин коргондой, карышкыр коркунучун уну-туп калышты. Туш-туштан маараган ундор чыкты. Бири-нин соңунан бири бөжүп, отко жетүүгө ашыгышты. Алар-дын алды от алоолоп аткан кумдөбөнүн этегине жеткенде, ит эбак ээсинин жанына келип шыйпаңдап, эркелеп аткан. Бирок, коп отпой эле куйругун кыпчып, кыңшылай баш-ташы — жакшылыктын белгиси эмес эле…

Ээси эми күйүп аткан отко жыйган соксоолунун баа-рын салды да, атына минди. V

Койлор добонун этегине келип, жыйыла башташты. Эми алар башка жакка кетмек эмес, ошол отту паана тутуп, канчага болсо да тура бермек. /

Ит алдыга түштү. Ээси аны ээрчип келатты. Жанжа-гынан дале болсо шүдүңдөгөн койлор өтүп атты. Ана, баягы кылчык жүндүү кой да эн арты болуп отту — ал дайыма артта калат, көкүрөгү coo эмес…

Алар ошондон кийин да кыйла жүрүштү.

Бала эки дөбөнүн ортосунда оруш тарткан мойнокко жетип жыгылган экен. Аты жанында турат, чылбыры ко-лунда карышып калган, мылтыгы ээрдин кашында.

— Акмат!  Акмат! Акмат!—деп силкилдеп жиберди атасы аттан тушо калып.— Акмат! Акмат муну да туйган жок.

Атасы шашкандан тамырын да кармап жиберди. Ти-рүү! Атасы баласын кубаттуу колдору менен жерден ко­торуп ала койду да, тонунун ичине катып, кымтылап„ атына минип, берки атты коштоп жоноду.

Те алые жактан карышкырлар дагы улуду, бирок ата­сы аларга алаксыган жок…

От алоолоп турган дөңдүн алдына койдун баары чо-гулуп болгон экен. Кыраа чабан алардын түрүнөн эле тугол экенин сезди. Эми, атын ыкчамдата бастырып, от күйүп аткан дөңдүн үстүнө чыкты.

Те-е, түштүк-батыш тарапта экинчи бир от албырттап атты. Ал булардын кыштоосу эле. Отту баланын апасы жаккан…

Чабан атты коштоп, ошол жакка бет алды. Ит арсыл-дап үрүп койдун кашында калды. Малчы от алоологон жерге карышкырдын жолобосун жакшы билет, эми малы-нан эч кам санабады. Текирең-таскак менен жөнөдү. Жа-рым саатка жетпей кыштоого жетти да, малга аялын жиберди. Өзү баланы койнуна каткан бойдон Тогузга жу-руп кетти. Ал жерде медпункт бар эле… Ата ошого ише-нип баратты. А бирок да, азыр медпункт баласына эч жардам бере албасын билген жок. Ошоякка алпарса эле,, бардыгы жайында болчудай көрүндү… Албетте, ата ба­ласын Тогузга алып келери менен ал жердегилер иштин жайын түшүнүп, чоң жерге телеграф уруп, тез жардам чакыртаарын, бир саатка жетпей Тогузга кызыл сызыгьг бар боз вертолет келип коноорун, андан ак халатчандар-түшүп, баланы тез эле вертолетко шашыла салып, асманга кайра которулуп, Фрунзеге бет алаарын катуу суук тий-ген баланы ошол жактан гана дарылап, сакайтып чыга-раарын билген жок… Азырынча, чабан уулун алып жолдо келатты…

Тан ата баштаган эле…