Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз баталары. ЖАШ БАЛАГА АРНАЛГАН БАТАЛАР

Өмүрдүн уландысын, укумтукумдун жалгоочусу болгон баланы чоңойтууда, багууда кыргыздар өзүнчө бир улуттук түстөгү бала багуу маданиятын калыптандырган. Балага бүт эле бардыгын арноого даяр турган атаэненин оозунан балага эң бийиктиктеги ак тилек создор куюлушуп чыккандан болок, бала туулгандан баштап эле түрдүү ыңгайда маараке өткөрүп, элден бата алып берүү, бата менен баланы узак өмүрлүү, бакдөөлөттүү кылуунун аракетин жасаган. Балага арналган баталар баланын дили, дени, адамкерчилиги таза болуусун тилеп, ал ак тилек сөздөрдү бала «ьща» деп жерге түшкөндөн баштап эле кулагына айта баштаган. Бул бата создор балага тилеген курулай эле тилек болбой, баланы тарбиялоодо, кандай адам болуусу жөнүндөгү эң күчтүү сабак боло берген. Алып айтсак, балага арналган батада дайыма: «акылэстүү, элине керек уул болсун! Кедейге кайрымдуу, тууганга сүйкүмдүү бол!» деп оозантса, «бала эне сүтүн акта, киндик каның тамган жерди сыйла» дегенге окшош Мекен сүйөр, эл сүйөрлүк таалим создор бата менен перзенттин кулагына кирип турган. Батадагы нускалуу сөздөр аркылуу перзенттер өзүнүн акыл, эсин тузөп, жүрүмтурумун жөнгө сала баштаган. Жаш балага арналган баталар дегенде биз бобок туулгандан баштап тушамышын кыйганга чейинки болгон убакыттагы бөбөктөргө арнап откоргон каада менен кошо берилген олуттуу баталарды шарттуу түрдө атадык. Анын негизгилери төмөнкүлөр.

«Киндик кесүү батасы». Кыргызда «жетемди эмес, жерден алганымды тартам» деген создон улам, бала торолгондо киндик кесип, ороп алганды ото кастарлуу иш катары билгенин көрөбүз. Киндик эне биринчилерден болуп «сүйүнчүлөөчү» болот. Атаэнесинен сүйүнчү алат. Ким киндигин кессе, ал ошол бөбөктүн «киндик энеси» аталат да, баланын дагы бир айта жүрөр, өмүр бою урматтар энеси болуп жүрөт.
Киндикти кесүү баланын кийинки кайрат мунөзүнүн кандай болушун белгилейт деген түшүнүк боюнча, кыргыздар киндик кесүүчү адамды ичи ак, сырты кайраттуулардан тандаган. Киндик кесе турган аспап да катуу, сүрлүү болгон. Илгерки кыргыз балдарынын киндигин муз менен кесип, муздай тунук, анын суугундай кайраттуу болуусун ырымдаган. «Муз менен киндигин кескен кыргыз эли тууштуу элбиз» деп жүрөт. Ошого кыргыз киндик кескенде жен эле кеспей, ак бата айтып кескен. Соз касиети баланын киндик каны менен бирге денесине кирип, батада айтылган ак сөздөрдөгүдөй адам болуусун көксөгөн.
Киндик кескенде айтылуучу батанын негизги мазмунун ээлерден, пирлерден бөбөккө узак өмүр тилөө, бөбөккө ак дил, элине жарамдуу адам болушту каалоо создору болгон. Киндик кескенде батаны киндик кесүүчү, же жанындагы төрөтүүчү киндик кесип жаткан кездин алдында айтып, анан киндик кескен.
«Оозантуу батасы». Мейли жылдын кайсыл мезгили болбосун, бойкат аял бар үйдөн эң кур дегенде туула турган балага арнап каткан чойчок карын сары май болбой койбойт. «Сары майдай сактоо» деген ушундан калгандыр. Бала төрөлөрү менен биртике убакыт откондон соң баланы оозантат. Баланы оозантуу оной жумуш болбойт. Баланы оозантчу ургаачы сөзсүз ошол айылдын кадырманы, агарыпкөгөргөн, бакдөөлөтү көрүнүп турган, баланын келечегине ото ак жолтойлук көрсөтө турган болушу талап этилет. Көзү суук, ач коздор бала оозанткан жерге жолотулбайт. Бала сары май менен оозантылат. Сары май кыргызда. «дары» сыяктуу улуу. Келечеги майлуусүттүү болсун, жумуруна жук болуп, түбөлүккө топуктуу болсун дегени экен. Сары май баланын ичин тазартып, май туңгактаса балага жакканы, ичегиси майланганы, ичи катпаганы экен. Андан ары эмчек ээмп кете берет.

ЖАШ БАЛАГА АРНАЛГАН БАТАЛАР


Кыргыз