Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

АК БАТАЛАР. БАБА ДЫЙКАНДЫН БАТАСЫ

Конур салкын жел келет,
Жер жылымдап, кар эрип.
Кош эмчеги тырсыят,
Кыз толукшуп бой керип.
Жерден келет жел кабар,
Тал, теректер когоруп,
Уйкуда жандар ойгонот.
Өлбөстүккө кун коруп,
«Мезгил келди чачкын» —
дейт, Чечте үрөөн ун салып.
Күңгүрөнөт чыгыш жак,
Жеңгенсийт жаз кыш айды.
Амач карма дегенсийт,
Албан талаа дыйканды.
Кокту бузат кок бука,
Амал айкын кабарлап.
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Жерден кабар алышар,
Жер эмгекти кадырлайт.
Жер куураса алаамат,
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Калайыкка дан керек,
Аппак кундой нан керек,
Амач карма, жер айда,
Ай талааны чиймелеп.
Арпа, буудай дан айда,
Сулуу, нокот, таруу айда.
Конок, зыгыр кошо айда,
Ак жугору, май айда,
Дарбыз, коон дагы айда,
Кан, калемпир, кара мурч,
Сарымсак, сабиз калтырба.
Дагы айтарым дагы бар,
Албан дыйкан угуп ал.
Эгин экпей арык чап,
Ашуун болсун эгиниң,
Тоонун тунук суусун бак,
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Өрттөй болсун өгүзүң,
Өткүр болсун амачың,
Алас болсун аштыгьщ,
Уста пири Дөөтү,
Амачыңды оңдосун.
Уйдун пири Ай мүйүз,
Амач тарткан күч кирсин.
Күн күркүрөп, жамгыр жаап,
Күлдүр ата колдосун.
Үн атасы Камбаркан,
Ай талаага күч чачсын.
Өнүп чыксын үрөөнүң,
Өсүп чыксын жүрөгүң.
Суу атасы Сулайман,
Коктон, жерден колдосун.
Жердин пири жел эле,
Кабыл алсын дилиңди.
Жел атасы Желкайып,
Булут айдап буулуксун.
Дыйкан терин чуурутуп,
Ободон жамгыр куюлтуп.
Күндүн пири Кун теңир,
Суу менен бирге нур берсин.
Жарык берсин, жан берсин,
Чычкан пири Чие ата,
Жамаатына жар кылсын.
Ийин казып, жер коолоп,
Жер кыртышын жумшартсын. Жерге түшкөн үрөөнүң,
Жети күндө жарылсын.
Майсалары узарсын,
Умай эне ак чачсын.
Үркөр ата тогошуп,
Алас болсун эгиниң,
Көкө теңир жар болсун,
Кызыр ата даарысын.
Умай эне дем берсин,
Күч өгүзүң кош болсун,
Куткон коктом куш болсун. Оомийин!


Кыргыз