Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Атаман уурулардын тагдыры (повесть) 2

Күн аркан бою көтөрүлүп калган менен эт базарында элдер азайбаптыр. Эт тарта турган таразанын жанында баягы «Москвич» дагы турат. Багажниги этке толо эмес, болгону бир койдун тушу. Өзү арык болгон менен тулку бою чымыр келген, чап жаак кара кишини дароо тааныды. Ал баягыда бир тушун алдырып ким алганын билбей калган киши. Дагы эле тиги жоон сары менен бир койдун этинин баасын чыгара алышпай кыйкылдашып жатат. негедир уурулук сезим ойгоно түштү Кубандыкта. Муну алса жол кирелүү да болот, агасы менен жеңесине аз да болсо кийим кечек алып сүйүндүрөт. «Иним келип калыптыр» деп арак менен болсо да агасы майрам кылып жиберери анык. Алды менен кайсы жер менен алып чыгып кетерин, кайсы жер оңтойлуу экенин көз жүгүртүп карап алды да, шап этти кармай салып бекинүүгө оңтойлуу жерди көздөй бет алды. Бирок… Бирок бирөөнүн карулуу колу ыйыгынан апчый кармады. Бурула берип жаны чыгып кетти. Эттин ээси. Этти тыштай салып качайын дегенде эки жигит эки колтугунан кармай калды.
– Эй, дос этти каерден алсаң, ошол жерге коюп кой. Эмесе…
Кубандык көзүн алаңдатып койдун этин ордуна койду. Тигил экөө Кубандыкты колтуктап кабинага киргизип эки жагына отуруп алышты.
– Мени кайда апарасыңар, кое бергиле. Экинчи уурулук кылбайм. Уурулук ушул болсо энесин урайын.
– Эй бала, тише, сөгүнбөй отур. А то оозу мурдуң канжалап кетет.
– Милицияга апарганча ушул жерде уруп алгыла. Мына башымды тосуп берем. Кана,– деп жулкунду Кубандык.
– Атаман аке бул баланы эмне кылабыз? Бизге тынчтык бербей жинденип жатат,– деди жанагы кара кишини чакырып.
– Бир аз сабыр кылгыла. Эт мына сатылды. Бир аздан кийин жолго чыгабыз,– деди ал.
«Булар эми сөзсүз баягы мен түшкөн милиция бөлүмүнө алпарат. Алар мени дароо тааныйт. Эми мага ырайым кыла коебу»,– деп ойлонду ичинен. Бардык күчү менен оң жактагы жигитти катуу түртүп жиберди. Кабинанын эшиги ачылып, тигил жерге оңкосунан сайылды. Кубандык бир бутун жаңы эле сыртка чыгарганда кабинадагы жигит экинчи бутун кармай калды. Кубандык жыгылган жигиттин дал үстүнө түштү. Тиги кара киши далбастап чуркап келип, кулак тушка коюп калды эле Кубандыктын кулагы тунжурап башы айлана түштү.
– Өгүздөй күчтүүлүгүн. Ээн чыгарайыкчы, атасын тааныталы,– деп ызырынды жыгылып калган жигит. Эмнеден чатак чыгып калганын түшүнүшпөй базардагылар карап калышты.
– Эмне эле кино көрө тургансып чогулуп калдыңар. Тарагыла! – деп бакырды Атаман.
Багаждагы эт сатылып жолго чыгышты төртөө. Кубандык ойлонгондой милиция жакка багыт албай, шаардан чыгып чоң кара жолго түштү машина.
– Көзүн байлагыла. Жолду таанып алып качып кетип жүрбөсүн деди кара киши. Экөө шапа-шупа көзүн байлап бир эки муштагылап калды.
– Эй-эй абайлагыла. Өлүп калып жүрбөсүн,– дейт кара киши буйрук берип. Кубандык болсо: көзүмдү го байлады. эми машинадан ыргытып жиберип өлтүрүп койбосо болду деп ойлоп коет. Он саат жол жүрүп машина токтоп калды. Кубандыкты чоң темир дарбазанын ичине киргизип, көзүн ачты. Тегерегин караса бардыгы темирден жасалган бийик тосмо. Адам эмес чычкан жөргөлөй албайт.
– Силер эми бара бергиле, бул жигит менен өзүмчө сүйлөшөм,– дейт кара.
Атаман Кубандыкты ээрчиткен бойдон үйдүн ичине киргизди.Ичи укмуштай жасалгаланган. Коридор менен басып бара жатып оң жактагы бөлмөгө киргизди. Узун стол. эки жагына коюлган жумшак креслолор.
– Айта бер арманыңды,– деди Атаман.
– Эмнени айтайын?
– Эмнени айтмак элең, өмүр баяныңды, анан баягыда кантип этти уурдап кеткениңди айт.
– Өзүм жөнүндө го айтам. Ал эми этти мен уурдаган эмесмин.
– Сары көйнөк, кара шымчан эмес белең. Аны жакшы эстеп калдым. Ал эми сенин көздөн кайым болуп кеткениңе таң калгам. Ошол сары көйнөктү али үстүңдөн түшүрбөй кийип жүргөн турбайсыңбы.
Кубандык кантип актанарын билбей башы шылк дей түштү.
– Мындан кийин мага чындыкты гана айтып жүргүн. Саал эле калп айтсаң башыңдан ажырап каласың.
– Тамакты апкелейинби? – деди бир аял кирип.
– Апкел ушерге эле. Өзүм да чарчанып келдим,– деп Атаман креслого чалкалай отурду.
Кандай адам апкелди, эмнеге апкелди, максаты эмне Кубандык түшүнбөй отурду. Эмнеси болсо да өлтүрбөй житирбей аман койсо болду деп ойлонуп коет Кубандык.
Нан, чай анан бал каймак дегендерди асты менен дасторконго коюп анан булоолонгон куурдакты бир патнүскө апкелди. Мындай тамактарды Кубандык түшүндө көрбөсө өңүндө көргөн эмес. Шуңкуруп кирди дейсиң, Атаман карап эле аңкайып калды.
Тамак ичкенден кийин Кубандык өткөн турмушунун ийне жибине чейин айтып берди. Атаман да эч нерсе жашырбай башынан өткөргөн оор күндөрүн, өлүм менен жашоонун ортосунда ойноп келатканын, азыр да андан алыстабай жашап жатканын айтты. «Жүрөк күчтүү экен, анан калса ден соолугум мыкты экен, бардык коркунучтарды чым дебей көтөрүп келатам. Баамымда сен да күчтүү, жүрөктүү да окшойсуң. Дене бойду да кудай таалам келиштирип берген экен. Баралыңа келгенде бул күчтүн үзүрүн көрөсүң,– деди Атаман.
– Менин чын атым Акмолдо, өзүң уккандай Атаман дешет. Антип аттарыбызды бурмалабасак оңой эле колго түшүп калабыз. Жанагы балдардын да кличкасы бар. Биринин аты Шумкар, биринин аты Аккүзөн. Тайлак, Жылаан, Карга, Пил, Желтаман, ал турсун Чочко деген аттар бар. Андай аттарга күлбөй эле кой. Сага да өзүңө жараша ат табылат. Эми сен эс ал. Кечке маал балдар келет. Алар менен бирге машыгууларды өткө¬рөсүң. Сен эми шайкалардын тобуна кошулдуң. Мындан ары бул шайкалардан бөлүнүп кетем деп ойлобо. Жердин түбүнө кирип кетсең да таап алабыз. Башың сайда калат. Түшүндүңбү Кубандык балам.
Ыраса оңбогон жерге туш келген турбаймынбы. Өлсөм өлүгүмдү таппай кала турган жерге келипмин. Тачка сүйрөп нан таап жүргөнүм бейиш тура деп ойлонду Кубандык жумшак диванга барып куланганда.
Кечке маал беш жигит келишти. Кадимки спортсмендердей болуп чуркашып, анан ар түрдүү көнүгүү¬лөрдү аткарышты. Атайын коюлган тренажердо машыгышты. Жекеме жеке мушташуунун ар кандай ыкмаларын үйрөнүштү. Бычакты ыргытып саюу, таамай атуу окшогон машыгууларды өткөрүштү. Баарына жетекчилик кылып Акмолдо үйрөтүп жүрдү. Кечки тамакка баары бир отурушуп, анан ар-ар жакка житип кетишти. Ушинтип айдан айга уланды. Тулпарды таптаган саяпкердей Акмолдо да эч жакка жылган жок.
Тамакты баптап жегени менен бир короодон эч жакка чыкпай, Кубандык жадап кетти. Биердин түрмөдөн айырмасы жокко деп ойлонду ичинен. Айылга кеткиси келди. Байкуш агам эмне гана тиричилик кылып жүрдү экен? Өзү менен бирге окуган классташтарын сагынды. Алар да өзүндөй чоң жигит болуп, окуганы окуп, иштегендери иштеп айылда жүргөндүр. Кыздардын баары турмушка чыгып кеткендир. Анын ичинен Сыя деген кызды жактырчу. Чачы узун, көзү бакыракай, кара тору кыз эле. Биринчи эле аны алакачып кеткендир. Кокус айылда эле жүргөн болсо тим эле чер жазыша сүйлөшөт элем. Аттиң тагдырдын татаал жолу ай! Өзүнчө үшкүрүнүп, анан Нурду эстеди. Ал менин ууру экенимди өз көзү менен көрбөдү беле. Эми ага кайсы бетим менен барам. Э, койчу аны, аны менен биротоло иш бүттү…
Бир күнү машыктырган жигиттерди мушташтырып көрдү Акмолдо. Өчөшүп бирөөсү үстөмдүк кылып өлтүрө жаздап баратканда мушташты дароо токтотуп, алакан тийиштирип жараштырып койду. Мындайда көзү өткүр, курч. Ким канча даражада ыкмаларды өздөштүргөн, күчү канчалык экенин билип алат. Айрыкча Кубандыктын ар бир кыймыл аракети жакты. Анын үстүнө ичкен жегени жарашканбы сыналып да, толуп да кетти. Токсон эки килограммга жеткенин өзү да таң калды. Теректей ичке бою билинбей болтоюп калганын өзү да күзгүдөн көрүп күлүп койду.
Минтип бордокудай бага бербейт ко. Бул куулук-шумдугу күч Акмолдо, буларды он эсе кайрып алат чыгар деп ойлонуп койду. Дал ошондой болду. Баягы Ош базарынан кармаган эки жигит – Шумкар менен Аккүзөн кирип келди. Деги мурда көрүшүп кадыр-баркы сиңишип калган достордой болуп кучак жайып кучактап саламдашты:
– Сен баягы муштумдарды кектеп калган жоксуңбу я? – деди Шумкар.
– Эмнеге кектейин. Көп деле өзөртө урганың жокко,– деп жооп кылды Кубандык.
– Эмне деген кличка койду Атаман аке?
– Бегомот деп.
– Ыраса ат тапкан. Бегомоттой семирип алыптырсың го. Ох-о-о, муну анча мынча киши көтөрө албайт карасаң Аккүзөн деп Кубандыкты өйдө-өйдө силкилдетти. Ошентип тамашалашып жатканда Акмолдо өз бөлмөсүнө чакырып калды.
– Куда кааласа бир-эки айлык жумуш бар,– деп кудуңдап койду Шумкар.
Акмолдо айылдын бүт картасын көрсөтүп, кайсы жерде кайсы мал бар экенин, канча экенин ага кайсы жол менен барыш керек экенин ийне жибине чейин аныктап тактап берди. Ал жердеги кишисинин атын атады.
– Эми жолуңар болсун. Казакстан жакка кеткен Пилдин да келер маалы болуп калды. Мен аны күтөм.– деди Акмолдо шакирттерин узатып жатып.
Ошентип Шумкар баштаган топ күн ара, же ар жумада бирден экиден ат уурдашып он эки башка жеткиришти. Анын ичинде Акмолдо дайындаган Алапар деген күлүк да бар болчу. Алапарды көрүп Акмолдонун сүйүнгөнүнөн айтпа.
– Сага жеттимби Алапар, сага жеттимби Алапар. Тулпарым менин, шумкарым менин,– деп көкүлүнөн сылап мойнунан тырмалап жатты.
– Күлүк болгон менен муну көкбөрүгө же жарышка сала албайсыз го. Өзү ак ала экен. Ээси бир көргөндө эле тааныйт, деди Кубандык.
– Мунун ээси бар. Бизде эмес, чет мамлекетте. Мен аны чоң мелдештерде гана көрүп турсам болду. Муну кармап чыкканыңарга таң калам. Жанына ээсинен бөлөк жан адамды жолотчу эмес эле го,– деди Акмолдо.
– Кубандык алып чыкты. Адам бою секиргенин карайбы Кубандык «жинин» кагып алды. Азыр койдон жоош болуп турганын көрбөйсүзбү,– деди Аккүзөн.
– Жер астындагы тамга алпарып чөп салып байлап койгула,– деп Акмолдо үйгө кирип кетти. Бирөө жетелеп, экөө ээрчишип жер астындагы тамга киришти. Кубандыктын бул жерге биринчи кириши. Ушунчалык чоң. Анан тазалыгын айтпа. Кой, уй, ат бага турган жер өз өзүнчө. Мал сое турган, тазалай турган, иле турган жерлер да бар экен.
– Биердин баары бир күндө эле толуп кетет. Кайра жок болот,– деп Шумкар Кубандыкка көрсөтүп жатты.
Чогуу Акмолдо отурган бөлмөгө киришти. Аккүзөн белинде байланган жоолукту чечип алды да, оромосунан чыгарып акчаларды Акмолдонун астына койду.
– Табышыбыз эки жүз миң сомго бир аз жетпей калды, чыпчыргасын коротпой апкелдик.
– Булардын баары силердики. Макул десеңер Алапарды эле бергиле. Буйруса он миң доллар болуп туру го.
– Ал сатылса дагы бөлүшөсүз да Атаман аке.
– Ай, Аккүзөнүм ай, сенин ач көздүгүң калбайт экен го. Ошол ач көздүк бир күнү сенин түбүңө жетеби дейм. Сатылбай жатып акчасын сурайсың. Ай-ай, Аккүзөн. Бекер Аккүзөн деп ат койбоптурмун.
– Койдум аке, койдум. Экинчи ооз ачпайм. Тигил экөө машинага түшүп кеткенден кийин Кубандык эч жакка чыккан жок. Көптөн бери ушул Акмолдонун үйүнө баярлап келет. Көбүнчө тренажердук залда болуп, машыгууларды тердеп тепчип чарчаганча өткөрөт. Акмолдо да анын ден соолугу бекем, күчтүү болушуна ынтызар. Бош боло калганда Кубандык менен кошо машыгып жекеме жеке кармашууда жыгып алуунун, колу, бутту кайруунун ыкмаларын үйрөтөт. Ошентип экөө ата баладай болуп кеткенин билбей калды.
Акмолдо үч аял алды. Үчөө тең Акмолдонун залимдигине чыдай албай коюшкан. Саал эле катуу сүйлөп койсо кызыл камчыга алып кудайга үнүн угузчу. Бул төртүнчү аялы. Жети жылдан бери жашап келет. Сулуу десең сулуу, адамкерчилигине баа жетпейт. Бирок кудай таалам багын ачпай койду. Согончогу канап Акмолдонун ордун басып, үй-жайына ээ болуп кала турган бала же кыз төрөй элек. Аттиң арман! Бири кем дүнүйө ушу эмеспи!..
Бала үчүн кое бергиси келет Акмолдонун. Бирок мындай аял ченде чыгат. Төгөрөктү төрт кыдырса да таба турган эмес. Үстүңө аял киргизейин. Ал сенин айт-кандарың аткарып, айдаганыңа жүрө турган кылам,– деген чай ичип көңүлдөрү жай отурганда. Мени кетирип маа десең он аял ал деп койгон аялы. Ошондон бери Акмолдонун тили кыска. Ичинен күйүп жүргөнү менен аялына сыр бербейт. Ушундай ахвалда жүргөндө Кубандыктын келип калганын кара. «Ушерде жүр. Бизге бала бол, десе эмне дээр экен? Ансыз да бизге ылым тартып калды го» деп ойлоп жүрдү Акмолдо.
Кубандыктын ою таптакыр башка болчу. Дүнүйөсү менен жерге кирсин, өсөрүнөн көрү жакын бул тирликтен кантип кутулар экем. Алыс-алыс бир мам¬лекетке житип кетсем таба албай калышаар эле дейт ичинен.
Убакыт токтоп турмак беле. ай-айдан жылга айланып кетти. Акмолдонун командасындагылардын далайы камалып, темир торго түшкөндөрү темир торго түшүп, атылып же асылып калгандары улам угулуп калып жатты. Ар бир баласы үчүн жаны ооруп, Акмолдо үч-төрт күн арак ичип төшөктөн турбай калат. Андайда Кубандык тигил «эки буттуу бөрүлөргө» башчылык кылып калат. Муну командадагылар жактырышпай кечээ эле келген баланы Атаман эмнеге башкартып койду дешип жактырышпайт. Айрыкча Пилдин ичи күйгөнүн айтпа. Сары ооз баланы көрсөтпөсөмбү деп ызырынат да жүрөт. Эки-үч жолу жакалаша кеткенде Акмолдо өзү басып койгон. Мунун аягы эмне менен бүтөрүн түшүнгөн Акмолдо Пилди Кубандык менен бетме бет чыгууга чакырды. «Ыраса болду, эки чайнап бир жутуп мен ким экенимди Атаманга көрсөтөйүн» деп ойлонот Пил. Ал жүз төрт килограмм. Менден он эки килограммга оор. Бирок ушунчадан бери талыкпай эмнеге машыгып жүрөм. Мен сөзсүз үстөмдүк кылып жеңишим керек. Эгер бүгүн жеңилсем анда асылып өлөм» деп чечим чыгарды Кубандык. Ошондуктан бул кармашуу от менен ойногон баладай өлүм же жашоо эле Кубандык үчүн. А Пил мындай мушташууну башынан далай өткөргөн. Жеңсе жеңдим деп мактанбай, жеңилсе жеңилдим деп ызаланчу эмес. Ошондуктан бул кармашуу ал үчүн эч нерсеге турбайт. Болгону орун талашуу деген кеп.
Бул кабарды Казакстандагы, Өзүбекстандагы, башка жерлердеги Акмолдо менен байланышы бар адамдар угушту. Ошондуктан белгиленген убакта ар жактан машиналары менен келип калышты. Өздөрүнчө судьясын шайлашып, спорттун кулатуу таймашынын негизинде мушташ башталды. Пил Кубандыкты эки жолу көмөлөтө коюп баса жыкканы калды.
– Пил пилдик кылат го байкуш баланы ушул жерден сүйрөп чыгарбасак болду,– дешет катар тизилип отургандар. Кубандык андан буйтап качып кезек-кезек тээп калат. Пил кээде оңтоюн келтирип күрсүлдөтө урганда Кубандыктын башы эңги деңги боло түшөт. Мына дагы бет талаштыра урду эле мурду канжалап кетти. Ага карабай Кубандык бир бурчтан бир бурчка качып Пилди жолотпойт. Ага Пилдин ачуусу ашынып, кармаса эле кабыргасын кабыштырып кое тургансыйт.
– Эй, судья ушундай да болобу? Мушташса мушташпайбы алдагы Бегемот. Жеңишти Пилге бергиле. Алдагы эмне маймылдай ойноп жүрөт,– деген кыйкырык чындап күчөдү. Ары-бери чуркаганда Пил эми күшүлдөп-бышылдап калды. Үстүнөн тер куюлуп кетти. Убагы эми келди деди Кубандык. Чардайган курсагына бир тепти эле ыңк дей түштү. Экөө эми кармаша кетти. Пил оңтоюн таап басып алды да эки, үч жолу муштап жиберди. Мурдундагы каны ого бетер жайылып чыкты.
– Токтотсоңорчу байкуш баладан айрылып калабыз,– деген уу-дуу күчөдү.
– Эмнеге токтотобуз, али Бегемотто шансы бар,– деди кээ бирөөлөрү. Ошол учурда Кубандык балыктай астынан суурулуп чыгып жонуна минип калды. Кулак талаштыра Пилди урганда анын көзүнөн от чагылып кетти. Пил колу менен жонундагы Кубандыкты чапчый урганда Кубандык шап колунан кармай калып артка бурай кармады. Бир колу менен муунтуп, бир колун сындыра бураганда Пил эмне кылар айласын таппай алсырагандан алсырай түштү. Кубандыктын каруулуу колдору жиптей оролуп, үстүндө тегирмендин ташы жаткандай Пилди эки жакка бурултар эмес. Көзү караңгылап, көөдөнүнө жел кирбей калганда, бир колун килемдин үстүнө араң ургулап, башы шылк дей түштү.
– Суу апкелгиле, суу апкелгиле,– деп шашылып калды карап тургандар. Кубандык ордунан көтөрүлүп, Пилдин башынан аттап өттү. Эсине келе албай сулап жаткан атаандашын аң-таң болуп карап турду. Карап тургандар «өлүп калдыбы» деген кыязда өң далелеттери жок. Анткен менен жеңишти жарыя кылуу парс эмеспи. Акмолдо Кубандыкты килемдин ортосуна алып келди да, Кубандыктын колун көтөрүп:
– Мына чыныгы балбан. Мындан нары буга баш ийип жүргүлө. Кокус башыма кырсык келсе силерге ушул бала атаман болот. Он кулагыңар менен да, сол кулагыңар менен да угуп койгула.
– Оозунан сарысы кете элек сары ооз бала кечээ жакында келгенине карабай дароо атаман боло калабы. Атаман аке мунуңуз туура эмес. Бизге сизге окшогон иш билги, амалкөй, башка кыйынчылык келгенде кыяматтын кыл көпүрөсүнөн да алып өтөр акылдуу жан керек. Ал эми мунуңуз-менттерге кармалган күндүн эртеси эле баарыбыздын шорубузду шорподой кайнатат. Деги биздин арабыздан сиздин орунуңузду баса турган эч ким табылбай калдыбы? Мен бул орунга Илбирсти көрсөтөр элем. Кандай мыкты жигит! Канча жылдан бери мал уурдап келатат бир жолу да колго түшсөчү чиркин…
– Эй Барс! Сөзүңдү токтот! Эмне мени эртең эле өлтүрүп койгуңар келип жатабы! Сенден акыл үйрөн¬бөйм. Азыр чыгып кеткин!
Акмолдонун ачууланганын көрүп. Барс куйругун капчыган иттей сыртка чыгып кетти.
Пил бир аз жаткандан кийин акылына келип ордунан турду. Акмолдо экөөн кучакташтырып достоштурду да, тургандардын баарын сый тамакка чакырды. Бардыгы суусап калгандай арак ичишип, бөлмөнүн ичин чылымдын түтүнүнө толтуруп жиберишти. Пил үстөкө-босток аракты ичип, мас абалында Кубандыктын жанына отура кетти. Жанагы кармашуудан кийин ичине кек сактап калдыбы деп өзүнчө бушайман боло түштү Кубандык.
– Бегемот, кана, менин жеңилишим, сенин жеңишиң үчүн стакандашып коелу. Кандай дейсиң?..
– Мен ичпейм. Же бир жерден ичкенимди көрдүң беле.
– Жок көргөн эмесмин.
– Анда кыйнаба.
– Болду, болду акеси. Арак менин да түбүмө жетип баратпайбы. Баарынан каруу, күчтү алып койгонун айт. Эмесе колумду сага буратпай, сенин колуңду бурап алат элем го.
– Мага ачууланып турган жоксуңбу? Канткен менен мен таш боорлук кылып койдум.
– Жо-о-жок, ачууланганда эмне, жекеме жеке мушташуунун шарты ушундай болгондон кийин таш боорлукка чейин барабыз да. Андан көрө бир туугандай болуп жүрөлү.
Пил Кубандыктын мойнунан кучактап бетинен өпкүлөй кетти. Кек сактабай кайра минтип жатканына бир жагы таң калып, бир жагы «достошо турган жигит экен» деп ойлоп койду. Сообу соо бойдон, масы мас бойдон келгендердин баары машиналарына отурушуп жөнөп кетишти. Алар отурган столдо желген тамактардын калдыктары, ичилбеген суусундуктар менен арактар гана калды.
Үч күнгө чейин башына арак коюп ичти Акмолдо. Аялы Зыябү кээ бир аялдардай мас болгонун күнөөлөп иттей ыркырап беттен алган жок. Кайра чыракка айланган көпөлөктөй күйөөсүнүн жанынан чыкпай, даамдуу тамактарды даярдап астына кое коет. Бетинен өпкүлөп «тынч жатчы, эс алчы, көп ичпесең» дей берет. Мунун баарын көрүп жүргөн Кубандык аялдын ыймандуулугуна, тунук сүйүүсүнө, адамкерчилигине суктанып «аттиң менин аялым да ушундай болсочу» деп коет ичинен. Анан дароо Нур эсине түшө калат. «Азыр кайда жүрүп, кандай турмушта жашап жатты экен? Мени таптакыр унуткандыр. Анын үстүнө арадан эки жыл өтүп кетпедиби. Ал он биринчи классты бүтүп коюп бир окуу жайда окуп же бир жерде иштеп жаткандыр. Мени таптакыр эсинен чыгаргандыр. Кудай уруп ошонун көзүнчө колго түшүп менттердин «Ууру» деп сүйрөгүлөгөнүн айтпайсыңбы. Эми кайсы арым менен ага бармакчымын».
Төртүнчү күнү Акмолдо төшөгүнөн туруп, Кубандыкты ээрчитип алып бөксө тоодун чокусуна чыгып отурушту. Бул жерден тоонун этегине салынган Акмолдонун үй-жайы короо сарайлары, андан беш чакырымдай алыстыкта жайгашкан Чоңташ айылы алаканга салгандай көрүнүп турду.
– Кудай таалам өзү ушу жерге жеткизди.– деди Акмолдо,– айыл жакка көз чаптырып,– Союз урагандан кийин баш аламандыктар көп болбодубу. Чабандардын тамы, короо сарайлары ээн калып, көп өтпөй бомба түшкөндөй талкалана баштады. Казахстанда качып жүргөнүмдө капысынан Эрхан деген таанышым жолугуп калды. Сүйлөшүп отуруп эли журтуңду сагынган жоксуңбу? – деди. «Сагынган менен айла канча уурулук менен качып жүрөм. Эки жолу түрмөгө түштүм. Үчүнчү жолу түшкүм келбейт. Анын үстүнө Казакстан кенен жер эмеспи. Менин уурулук кылганым кыпынга турбайт. Бир жерден уурулук кылсаң, экинчи бир алыс жагына кетип каласың,– дедим. Ага Эрхан элиң тап деп болбой койду. Кыргызстанда паспортто иштеген досум бар. Эптеп паспорт алып берем. Анан көп эле алкымыңды ача бербей акырын-акырын иш кыл. Кээде гана мага жана паспортто иштеген досума союш жеткизип турсаң болду,– дейт ал. Союш жерге кирсин. Ал көз ачып жумганча табылат. Андан көрө паспорт алып берсе эле болду,– дедим. Аны өз мойнума алайын бол кеттик дейт ал. Ошентип Эрхан паспорт алып берүүгө жарады. Анан мен көп өтпөй ушул короо сарайларды бүтүндөй сатып алып, эми көрчү бейиштин төрүндөй жайга айландырдым. Эски досторумдун башын бириктирип «бөрүлөр» жамаатын түздүм. Иш жүрүп кетти. Азыр көрүп жүрөсүң үч жүзгө жакын кой, он чакты уй, он чакты күлүк чыкма аттарым бар. Ал аттарды жакшылап багып табына келтирсем, жөн эле он миң доллардан алып кетет. Анткен менен адамдын көзү дүйнөгө тойбойт тура. Өзүң көрүп жүргөндөй уурулардын атаманымын. Мен мындан чыга албайм. Мен бирөө, алар жүзгө жакын. Анткен менен мен алардан өйдөмүн. Оозумда сөзүм, тайманбастыгым бар. Жүрөк отум күчтүү. Акыл жана амал менен кандай гана адам болбосун бутума чөгөлөтүп коем. Жекеме жекеге келгенде эч ким тең келе албайт. Мен ушундаймын Кубандык. Сенде да ушундай кудурет болбосо бат эле башың өлүмгө байланып калат.
– Өтө каардуу, катаал дейтко сизди? Чынбы?..
– Жалган айтып алдаган жалганчыларга, ичи бузук эки жүздүүлөр үчүн катаалмын. Эмесе мен деле сага окшогон кишимин да. Туура эмес иш кылып койсом жүрөгүм ооруйт. Капа болом, кайгырам. Ызаланганда буркурап ыйлайм. Кудайга жалынам». Экөө ушуларды сүйлөшүп кыя жол менен үйлөрүнө келишти.
Зыябү эже өз бөлмөсүндө экен. Көңүлдүү кирип келишкен экөөн көрөр менен жаркылдап жайнап ордунан тура калды.
– Тамак апкелейинби?
– Апкел бардыгын,– деп Акмолдо чечекейи чеч отургучка чалкалай отурду.
– Эмне, арактанданбы?..
– Жерге кирсин арак дегениң. Өлүп тирилбедимби,– деп Акмолдо куса таштап барып оңолду.
Бир бөлмөдө үчөө гана отурушту. Зыябү Кубандыкты өз баласындай көрүп, күн өткөн сайын энелик мээрими төгүлүп баратканын сезет. Анткен менен оюн айтууга эрки жетпей жүргөн. Эми оңтою келип турганда Кубандыктын каш кабагына көз кырын сала коюп анан сөз баштады.
– Бул үйдүн босогосун аттап келгениңден бери эки жылдан ашуун убакыт болду. Сен өз балабыз болуп калдың. Эми эч жакка кетпе. Бизге эле бала бол. Чын эле ата-энең жокпу?..
– Жок да. Болсо ушинтип жүрмөк белем. Аракеч агам бар болчу. Ал мени издеген жок. Мен да кайрылып барган жокмун.
– Баргың келеби?
– Алардан көңүлүм калган. Ошондой болсо да көрүп коюу керек эле. Деги аман-эсен жүрсө болду го.
Акмолдо ордунан ыргып турду да сейфти ача кет¬ти. – Мына Кубандык акча десең мына. Эгерде алам десең баары сеники. Бир гана суранарым мага бала болчу. Өмүрүм баласыз өтүп, мураскорум жок болуп калабы деп корком. Өгөй дебейин сен мага бала бол.
Кубандык капысынан берилген бул суроого эмне деп жооп берерин билбей калды. Үн сөзсүз турган жигитти аскага камагандай болбоюн дедиби сөздүн учугун башкага бурду:
– Мен сага ишенем Кубандык, сейфдин бир ачкычы сенде болот. Керек болуп калса тартынба. Ала бер. Болгону Зыябүгө алган акчаңды жаздырып кой. Эсепсиз да дүнүйө болобу. Кайда чыгаша болгонун так билип жүргөн жакшы.
Кат-кат болуп, сейфте толуп турган акчаны көрүп Кубандыктын көзү чакчайып кетти. Бала болуп башына жүн чыккандан бери мынчалык көп акчаны көргөнү ушу.
– Ушунча акча туруп эски «Москвичти» айдаганыңыз кандай? Кыргыздар «Бир күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин» дешет. Колдо дүйнө болгондон кийин аны аяштын эмне кереги бар? Суудай жаңы иномарканы айдасаңыз жарашпайбы?..
– Жарашат дечи. Анда элдин көзүнө бат эле түшүп каласың. Менттер да шексинип калат. Кези келер. Экөөбүздүн жаныбыз аман болсо аны да минербиз.
Акмолдо сейфти жабары менен эки ачкычтын бирөөн Кубандыкка ыргытты.
– Атаман аке ачкычыңызды жөн эле коюңузчу. Керек учурунда акчаны сизден сурап алармын.
– Мен ишенип берип жаткандан кийин мыңкылдабагын. Алгын да, ачкычты бекем сакта. Бирөөнүн колуна түшсө кашыктап чогулткан дүйнөнү заматта шыпырып кетип жүрбөсүн. Акмолдонун кең пейилдүү¬лүгүнө, Зыябүнүн боорукер экенине ушул убакка че¬йин ишенбей келсе, эми күмөнү жок ишенди. Ушундай адамдардан да наадандык чыгат экен ээ деп ойлоп койду ичинен. Кайра турмуш өзү ушундай жолго алып келди да. Мен да жети атам иштебеген ишти иштеп жүрбөймүнбү деп Акмолдону күнөөлөбөй койду оюнда.
Ошентип Кубандык Акмолдонун үйүндө өз баласындай жашап калды. Зыябү энелик мээримин төксө, Акмолдонун мамилеси да андан кем эмес. Ошондонбу Кубандыкты уурулук ишке көп жумшабайт. Болгону Кубандык бир жумада бир жолу «Москвичке» эт жүк¬төйт да, аны базарга сатып келет. Бир тыйынын калтырбай өгөй апасына өткөрөт. Зыябү ичинен кымылдап «кудай ай, балам болуп калса экен деп тилене берет». Эненин мээримин, атанын камкордугун көрбөгөн Кубандык үчүн чексиз бакыттай сезилет. Ошон үчүн алар кайсы гана жумушка жумшабасын даяр эле…
Машина айдап келатып кайрадан Нурду ойлоду. Эгер аялым болуп калса тууптуура Зыябүдөй мага күйүмдүү да, жароокер да болмок. Али да кеч эмес чыгар. Бишкекке барып, издеп таап сүйлөшсөмбү. Акча чөнтөктө толо эмеспи. Айтканын аткарсам, сый көрсөтсөм, жүрөгү муз эмес чыгар». Ушул ойго алаксып келатып кол көтөргөн эки кызды байкабай өтө берди. Бири Нурга түспөлдөшүп кетти. Машинаны лып токтотуп кайра артка айдады. Жок Нур эмес. Мурда көрүп-билбеген кыздар.
– Чоңташка барасызбы? – деди бирөөсү.
– Ооба.
– Ала кетесизби?
– Сиздердей чүрөктөрдү алып кетпегенде кимдерди алып кетмек элем. Түшкүлө айымдар,– деп сылык сыпаа сүйлөп кабинанын эшигин ачты.
Күзгүдөн эки кызды карап келатты. Бирин ичинен жактырып: «Өтө сулуу экен. Канткенде жүрөгүнө чок салар экем» деп ойлоп койду. Бирок алар эч нерседен бейкапар келатты.
– Айымдар таанышып алалы. Атым Кубандык. А силердикичи?.. Экөө тең ооз ачып сүйлөгөн жок. Машина жапжай жылып кабинада тынчтык өкүм сүрөт. Айыл болсо жакындап келатат. Кубандыктын болсо ансайын чый-пыйы чыгып ушул бойдон буларга жолукпай каламынбы деп тынчы кетет.
– Чоңташ айылынан болосуңарбы, же башка жерденсиңерби?
– Анын сизге эмне кереги бар. Ылдамыраак айдасаңыз.
– Машина бузулуп баратат. Ылдам айдоого болбойт,– деди жөн эле кыздардын эрте түшүп кетишерин каалабай.
– Анда бизди ушул жерге эле түшүрүп коюңуз. Мындан ары жөө деле барып калабыз,– деди сулуу кыз кабагын бүркөп.
– Менден ката кетип жатса кечиргиле айымдар. Деги ачык айрым отургулачы. Керек болсо силерди жердин түбүндө болсо да жеткирем. Эч бирөөгө чекеңерди черттирбей аман-эсен жеткирсем болобу. Мына сурооңор боюнча ылдам айдадым.
Кыздар көчөнүн ортосуна келгенде түшүүгө камынды. Кубандык машинадан түшө калып кабинанын эшигин ачты.
– Атыңарды да айтпай койдуңар го. Бирөөңөргө жигит болоюн десе…
Кыздар Кубандыкты теңсинбегендей түр көрсөтүп басып кетишти. «Ка-ап ушуларды ай, ушул айылда жашасаңар бир күнү колго түшөрсүңөр» деп тим болду.
Үйгө келгенде Акмолдо өзү тосуп алды.
– Кандай соода? Эт кымбаттап калыптырбы же?..
– Эт баягыдай эле киласы жүз элүү сом. Бирок бир койго банкрот болуп келдим.
– Эмне?!». Акмолдонун үнү катуу чыкты.
– Эмне болду дейсиз аке. Бир шүмшүк байкатпай алып кетиптир. Бардык туштарды сатып бүткөндөн кийин билип калдым. Акмолдо «аке» деген сөздү эми гана угуп отурат. Болгондо да Кубандыктын оозунан. Буга ичинен сүйүнүп жаңы эле келген ачуусу кайда тарап кеткенин билбей калды.
Үйгө киргенде төрдө отурган погондуу кишини көрүп жүрөгү селт дей түштү. «Бул адам бекер келген жок. Бир кылмыштын изи менен келген. Чаңыбызды асманга чыгарбаса болду» деп ойлоп койду ичинен. Бирок негедир жайдары. Астыга алып келген тамактан жеп, кээде гана кичинекей стакандагы аракты алкымына бир таштап коет.
– Баягы берген акчама ыраазы болбой калган экенсиң го. Мен сени кайра кайрылбайт экен дедим эле.
– Ал бергениң бир аттын эле куну. А сен канча атты курутуп жатасың?.. Экөөнүн ортосунда чымын учса угулчудай тынчтык өкүм сүрүп калды.
– Баягы Алапарды саттыңбы? – деди майор.
– Саттым ага сенин тиешең кайсы? Аларыңды алдың го, эми эмне келип отурганыңды билбейм. Ач көз экенсиң Бекмат.
– Оозуңа карап сүйлө. Эмесе дал ушул жерден кармап кетем!..
– Сен да оозуңа карап сүйлө. Кимдин үйүндө, кандай киши менен отурганыңды түшүнүп отурсуңбу! Азыр эле жаагыңды жап кылам!
Майор заматтын ортосунда ачуусу келип кыпкызыл болуп кетти. Тура калып муштап жиберерде Акмолдо шап колунан кармай калып артына сындыра бурады. Коргонуунун ыкмаларын силер гана эмес биз да үйрөнгөнбүз. Керек болсо силерден да күчтүү үйрөнүп алганбыз майор жолдош».
– Кое бер эми колум ооруп кетти,– деп Бекмат бир колу менен жерди чапкылап жиберди.
Экөө кайра өз-өз орундарына отурушту.
– Баары бир Алапардын жарым акчасын бермейинче бул үйдөн кетпеймин,– деп Бекмат өжөрлөнө баштады. Экөө ушинтип чатакташып жаткан менен Кубандыкты чыгып кет дешкен жок.
– Тажаал экенсиң Бекмат, элүү миң сомго ыраазы болосуңбу?.. Мындан башка акча жок.
– Сенде акча жок болсо сууда балык жок. Экөөбүз кажылдашпайлы. Жүз миң сом бер. Болду, мен кеттим. Анан калса менин пайдам тийбей коебу.
Акмолдо аска зоолорго камалгандай айласы кетип турду. Анын айтканын кылбайын дейт эртең эле өз башына коркунуч келет. Бир жагы бир нерсе болсо кереги тиерин ойлойт. Ушинтип экөө бири-бирин алдыртан карашып бир саамга чейин үн-сөзсүз отурушту.
– Мейли майор аке, сенин чиниңди сыйлайын. Алапардын анча мынча акчасы сага буйрусун. Эми эр чекишпей бекишпейт» дегендей кенен отуруп чер жазалы. Зыябү, бол, бар тамагыңды досум экөөбүзгө жайнат. Мындайда Зыябүнүн колу колуна, бутуна тийбей кетет. Бат эле түркүн-түркүн тамакка дасторконду жайнатып, чайын куюп, столдун бир чекесине отура кетти. Бир оокумга чейин экөө чардашып, анан мурундаша өбүшүп, эс акылдарын билбей жатып калышты.
Эрте менен эрте турары менен Зыябү төшөнчүлөрдү жыйнай салып столго тамактарды жайнатып койду. Экөө баш жазышкандан кийин көпкө мамыр-жумур сүйлөшүп отурушту да, сыртта жүргөн Кубандыкты чакырып алышты.
– Жакшылап таанып ал Бекмат, бул менин балам, орунбасарым. Кокусунан бирөөлөрдүн «торуна» түшүп калса куткарууга жардамдашарсың дейм.
– Кадырыңыз жан болсун аке, ал турган иш. Сиз менен ушинтип тиричилик кылып жаткандан кийин аны кантип унута коеюн. Анын үстүнө сизге окшошураак экен. Оң бетиңде калы бар тура. Муну көрөрүм менен тааныйм да.
– Ооба, ооба таза болбосо калынан тааны. Экөө орунсуз эле каткырып күлүп калышты.
– Чай ичкиле, жаңы чай демдеп апкелдим,– деп Зыябү Бекматка пиаланы суна калды. Бекмат чардайган курсагын сылап отурган бойдон бир колуна пиаланы кармады. Чайды чайпалта аз-аздан уурттады да, анан чөнтөгүнөн акча сууруп чыкты.
– Зыябү кечетен бери чайыңды ичип жатам. Өтө ыраазымын сага. Эми муногу акча, чай пулуң болсун. Элүү сомдон бир пачке.
– Кыргызда мындай салт жок. Бул акча өзүңүзгө буйрусун. Албайм, алат деп ойлонбоңуз деп Зыябү ордунан ыргып турду. Акчаны столдун үстүнө ыргыта салып чыгып бараткан Зыябүнү Акмолдо токтотуп калды.
– Салтты эмне кылат экенсиң, келесоо катын. Бекматтын бергени кудайдын бергени деп ала бер. Ме-е.
Зыябү Акмолдонун алдында кың дей албайт. Акчаны кармаган бойдон сыртка умтулду.
Бекмат менен Акмолдо бир туугандардай коштошкону менен Акмолдонун жүрөгүн бир ой өйүгөндөн өйүп турду: «Каяктан таап алды биерде экенимди?» Түптөн Чоңташка келет деп ким ойлоптур. Мунун түбү жакшылык болбойт. Бекмат аркалуу башкалар келет. Шорумду Бекмат эмес, ошолор катырат. Койчу башымды азыртан катыра бербейинчи. Убакыт көрсөтөр»…
Бекмат кетери менен Маймыл жоодон качып келаткандай шашыла үйгө кирип келди.
– Эмне болду? Тынччылыкпы? – деди Акмолдо ал кирери менен.
– Үч жигитбиз тең кармалды. Бардыгыбыздын тамырыбызды кыюу үчүн катуу кысымга алып жатышат. Акча сунуш кылдык. Болор эмес. тигилер кыйноого чыдай албай коюп, баарыбызды айтып койбосо эле болду.
– Алар ким-кимдер?
– Казак Жүнбай, өзүбек – Топу, анан өзүбүздүн Өгүзбегибиз.
– Коркпо Маймыл алар өлсө өлөт. Биз жөнүндө ооз ачпайт. Бирок бул иштин түбү жакшы болбой отурат. Жанагы Бекмат бекер бизди таап келген жок. Изибизге түшө баштаган го алар. Эмне кылсак?.. Орун алмаштырсакпы? Акмолдо ойлуу Маймылга карады.
– Орун алмаштыруу жагын өзүңүз билесиз да. Бирок баягы биз сайрандап жүрчү 1992-жылдар жок. Улам кармалуулар көбөйүп, саныбыз азайгандан азайып баратат. Жолубуз кууш тартып, жайытыбыз азайып бара жатканын сезесизби Атаман аке?.. Акмолдонун бет териси дирт-дирт эте түштү.
– Эмне дейсиң Маймыл?! Бардыгын таратып жибер дегени келдиңби. Ошого баары макул боло алат бекен? Камалганы камалып, бирок башка колунда жок балдар ордун толуктап жатпайбы. Же алар ач жылаңач жүрүп кырылсын дейсиңби. Сен экөөбүздү ууру кылып энебиз төрөгөн. Ууру бойдон өлөбүз. Ал эми тигил үчөө үчүн сен күйүп бышпай эле кой. Алар өз казанында өздөрү кайнашат. Тирүү жүрсө акыры сен баскан босогону аттайт. Өлсө өздөрүнүн шору. Андан көрө айткын эмне апкелдиң?
– Апкелмек турсун көлөкөмдөн коркуп жүрөм. Менттер катуу көзөмөлдөн калышты. Эл да түшүнө башташты. Малдарын катуу карашып калыптыр.
– Суу жүрө-өк! Корко-ок! Тирүү өлү-үк! Акмолдонун ачуусу бетине чыгып, түрү суук болуп кетти.
– Чудейди чакыр деди Кубандыкка. Бир аздан кийин Маймылдын чыркыраган үнү угулду.
– Аке, эмне өлтүргөнү жатабы? – деди Кубандык.
– Жок балам. Өтө майышчаак болуп калыптыр. Балдар курчутуп коюшат,– деди Акмолдо.
Жашоо турмуш ойдогудай болгон менен кайсы күнү эмне болуп кетет болду экен деп кээде коркунучтуу ойлорго кабылып, жүрөгү титиреп кетет Кубандыктын. Бирок эми кайда барат? Качып, же кайсы бир себептер менен кутулуп кетүүгө болобу? Жок. Демек этиң да, бетиң да калың болуп, оорчулукту чым этип сезбей, эртеңки күндү ойлонбой, бүгүнкү күндүн эсеби менен гана жашоо керек.
Жаш жигиттин баралына келип, сүйүү кумарына тартыла баштаганын алда качан сезе баштаган Ак¬молдо.
– Келин алам десең ушу жерге эле алып келе бер. Канча айткан менен өз баламдай болуп калбадыңбы,– деген. Кубандык Чоңташтык эки кызды көргөндөн бери көңүлү ачылбай, жабалактаган ойлорго кабылды да калды. Баарынан өзүнүн көңүлүнө жаккан кызды айтпайсыңбы. Чачтарын эринбей тал-тал кылып өрүп коюптур. Анан калса эки бетинин оттугун айт. Кыпкызыл алма. Кучагына кулап түшүп ошол алмадай беттен сорсоң ээ чиркин!..
Кубандык Чоңташ айлынан өтүп баратканда да, кайра кайтканда да машинасын жай айдап карап жүрдү. Бирок көрүнсөчү алар. Анткен менен эртеби кечпи ушул аймактардан кездешерине ишенип жүрдү. Тилегени эле турмушка чыкпай күйөөлөрү жок, бой болгой эле.
Райондун борборуна жакын жайгашкан базарга кирип баратып чоң кагазга жазылган жарыя кагазга көңүл бөлүп карап калды. 25-май. Райондун маданий үйүндө «жаштык» тобунун чоң концерти» – деп жазылып ылдыйраагында катышуучулардын сүрөттөрү турат. Жакшылап карап чыгып өзү сүйгөн кыздын сүрөтүн көрө калды. Экинчи кыздын да сүрөтү бар. Карачы мен издеген кыздар биякта турбайбы. Куда кааласа 25-майда жолугат экенмин деди ичинен. Соодасы бүтүп кайрылышка келгенде баягы эки кыз жол тосуп турганын көрдү. Алар кол көтөрбөсө деле машинаны так жанына айдап келип токтотту.
– Саламатсыңарбы, айымдар? – деп күлө кабинадан баш бакты Кубандык. Алар баш ийкеген болуп анан жигитти карап калышты. Көздөрүн балбылдаткан, жүзү жылдыздуу экенин кыздар эми гана баамдашты. Кубандык кичи пейилдик кылып кабинадан түшүп келди да, кыздардын тушундагы эшикти ачты.
– Кана кыздар отургула, Чоңташка баратам,– деди.
– Дагы баягы шалдыраган машинага түшө турган болдук ээ,– деди аты-жөнү белгисиз сулуу кыз.
– Шалдыраган менен жүрөгү таза, жүрөгү соо.
– Жүрөгү соо дейсиз, баягыда арабадай кылдырап калбады беле?
– Анда атайы кыбыратып айдагам. Силерди карап суктанып отургум келген.
– А-а ошондой дечи. Демек дагы суктанып… Кыбыратып айдап барат экенсиң да.
– Жок айымдар силер кандай айтсаңар ошондой болот. Кеттикпи?..
– Эмне кылалы Назик? Түшөлүбү? – деп суроолуу карады сулуу кыз курдашына.
– Ушул жерде тура бермек белек, жыла берели, алга жылгандын аты озот дегендей,– деди жанындагысы. Ошентип экөө тең машинага түшүшүп, Кубандыктын издегени табылып, көңүлү куунак машинаны айдап келатты. Сөздү эмнеден баштоом керек деп ойлонуп коет ичинен. Тым-тым ойногон балдардай болуп, үн-сөзсүз бир топ убакыт өткөрүп жибергенине кейиди.
– Назикти го таанып алдым. Ал эми сиздин атыңыз Акшоола турбайбы?..
– Аны кайдан билип алдыңыз?..
– Оюмда эч нерсе жок, базарга кире бериште эле афиша илинип, «Жаштар» тобунун концерти деп жазылып туруптур. Карасам бир топ балдардын ичинде экөөңөр эле экенсиңер. Экөөңөрдү ошол замат эле тааныдым. Ылдыйда аттарыңар турат. Ошондон Назик ким, Акшооласы кайсынысы деп ойлоп койдум эле. Мына эми ким-кимиңерди толук таанып алдым. Жакшы болбодубу. Тартынбай учурашып жүрөбүз.
Кыздар эч нерсе деген жок. Кайрадан тынчтык өкүм сүрдү. Айыл жакындаган сайын Кубандыктын кабагы бүркөлүп баратты. Жарым сааттай жол жүргөн менен али жарытылуу сөз айта элек. А кыздар болсо теңсинбегендей түр көрсөтүшөт. Анын үстүнө Нурдан бери кыздар менен сүйлөшкөнү ушу гана. Кыздардагы сүр мында да билинди. Антпесе баятан бери аны-мунуну айтып өзүңө тартып алат эле го. Чын-чынына келгенде бир аз сүйлөшө коюп кыздын жүрөгүн арбап алгандар канча. Чиркин ошондой талант Кубандыкта болсочу азыр.
– Кечириңиздер. сиздер районубуздун ырга шыктуу таланттууларынан болот турбайсыздарбы?..
– Таланттуу деген атка жетүү бизге кайда. Эптеп районубуздун мыкты артистерине кошулуп коюп жүрөбүз. Аларга кошулбай калууга акыбыз да жок. Акшоола болсо маданий үйүнүн бухгалтери, мен кызыл үйдө китепканачымын. Анча мынча ырдай коюп элге таанылып калыптырбыз. Айтоор «жаштар» бий-ыр ансамблинин артистери болуп жүрөбүз. Колуңуз бош болсо биздин концертке келиңиз,– деп Назик чечилип кетти. Акшоола оозуна талкан куюп алгансып дагы эле сүйлөбөйт. Мындан бөлөк сөз да болгон жок. Машина айылга кирип келип, кыздар түшүүгө камынды. Кубандык машинаны токтотуп, кабинадан ыргып түштү да, кыздар отурган эшикти ачты.
– Жакшы калгыла жолугушканча.
– Сизге рахмат!
Экөө башка сөз айтпастан колтукташып басып кетти. Кайда, ким менен сүйлөшпөсүн Кубандык эр көкүрөк. Ал эми соода сатык иштерине келгенде аларманды сөз менен байлап алат. Эми кыздардын алдында сөзгө чоркок, бүжүрөп калганына өзү да таң.
Машинаны ордуна коюп үйгө киргенде Зыябүдөн башка эч ким жок экен.
– Акем каякта? – деди кирери менен.
– Ал камалгандарды аракет кылып бошотсомбу деп кетти.
– Мага жумуш дайындаган жокпу?..
– Шаршембиде Пил келип акча таштап кетет. Жөн жайды сурасын. Муногу чиймени унутпай берип койсун деди. Кезектеги иш аракеттеринин багыттары болсо керек го.
Кубандык кур дегенде бир жума бош жүрөрүн ойлонуп сүйүндү ичинен. Болгону базар күнү койлорду союп сатып келет. А күнү тиги кыздар жолугуп калса канча кубаныч…
Кубандык ал күнү жарытылуу деле иш кылбады. Бир гана мал багылган сарайга барды да малчылар менен сүйлөшүп, иштерин текшерип анан тапшырма берип кайтты. Келери менен жумшак диванга кулап, алды менен Нурду, анан бүгүн жолуккан Акшооланы элестей кетти. Экөөн сулуулук жактан салыштырып көрдү. Акшоола караңгы түндү жарык, аппак нурун чачыраткан ай сыяктуу болсо, Нур чолпон жылдыздай сезилди кыялында. Кээде жакшы элестер менен жашаган да жакшы. Дал ошондонбу Кубандык уурутунан жылмайып, көзүн күлмүңдөтүп көпкө-көпкө шыпты карап жата берди. Таттуу кыялдарга батып, ар бир кадамында ээрчиген жүрөк үшүткөн коркунучтарды алыска-алыска айдап салгандай болду. Жашоосуна Акшоола гана кубаныч менен сүйүүнү, чөйчөгүнөн чайпалбаган бакытты алып келе тургансыйт. Жүрөгү алып учуп эртең эле жетип барып баарын-баарын айткысы келди. Бирок Акшооланын жактырбагандай мамилеси көңүлдү суутуп жатканына өкүнүп, үшкүрүнүп алды.
Ойлор түгөнбөй улам бир ойдон бир ойго чөмүлүп жатканда эшикти ачып Зыябү кирип келди.
– Жүр Кубандык чай демдеп койдум. Иче кой.
– Бир аз кое туруңузчу.
– Ботом чай муздап калбайбы. Куурдак да бышыра салдым эле. Кубандыктын таттуу ойлору таруудай чачылып ордунан ыңгыранып турду. Анткен менен Зыябүнүн өз апасындай чебелектегенине жүрөгү элжиреп кетти. Ошондо Алыкул Осмоновдун «Грунья Савельевнага» арнаган ыры эсине түштү.

Далай таттуу даам жедим колуңдан,
Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.
«Начар экен бат оңолсун бала» деп,
Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.

Ооба бул үйдүн босогосун аттаганда кандай эле. Илмийген узун бойлуу териси сөөгүнө жармашкан жан болчу. Эми мына боюна өңү келишкен сымбаттуу жигит болуп чыга келди. Мунун баарын Зыябү бакма апасынын жанында отуруп ойлоп жатты. Жакшылыкты, жакшылык менен кайтарармын. Бирок кантип?.. Уурулук жол мененби? Жок, тагдыр буйруп оң жолго салар мүмкүн мени. Ушинтип акчанын кулу болуп жүрө бербесмин…
– Эртеңкиге акча керек эле,– деди Кубандык.
– Сейфтин ачкычы өзүндө го. Ала бер каалашыңча. Канча алганыңды айтып кой мага.
– Анчалык деле көптүн кереги жок. Тааныш кыздарды сыйлап коеюн дедим эле.
– Аның жакшы экен. Кудай буйруп анын бирөө бизге келин болуп калса кана… Чай ичип бүткөндөн кийин Кубандык өз бөлмөсүнө кирди да кайтадан ойго чырмалып калды. Махабаттын илазатын өңүндө да, түшүндө да көргөн эмес. Эми Акшоолага жолуккандан бери эмне болуп баратканын билбейт. Аны көргүсү келип, жүрөгүнө чок салган карагаттай көздөрүн эстей берди диванда ооналактап. Бүгүнкү күн бат эле өтүп, эртеңки күн жаркырап тийсе экен деп самады. Анткен менен Акшоола жолугуп калабы, сүйлөшөбү ким билет. Мүмкүн сүйлөшүп жүргөн жигити болсо Кубандыктын сүйөмүн деп артынан түшкөнү бир тыйынга арзыбайт. Ушундай түпөйүл ойлор мээни чаккандан чагат. Башы ооруп чыккандан айласы кетип эшикке чыкты. Капырай бүгүнкү күндүн узарып кеткенин айт. Минтип ойлой берсе түн да узарат. Эрте менен арак ичкен кишидей болуп көздөрүн шишитип Акшоолага барабы? Алкаш экен деп ойлоп калсачы…
Ушул арада Пил келип калды. Маанайы көтөрүңкү. Казахстандын Чөлдаласына барып жолу болуп кайткандыгын, он миң доллар таап келгендигин айтып бежиреп кирди.
– Ошентип тигил үчөө кармалып Атаман ошол жакка кетти дечи. Бирок ай ким билет бошото койбос. Улам мамлекетибиз бекемделип бизге окшогондорду катуу кыса баштабадыбы. Чиркин СССР дегениң кулаган мезгилде бизге окшогондорго кандай жыргал эле. Рекеттер күчөгөн учурду көзгө элестетсең. Элдин колунан көрүнөө тартып алган менен эч ким эч нерсе дечү эмес эле го. Ошону мына мен өз көзүм менен көрдүм. Эми абайлабасак бизге өтө кыйын.
– Пил, канча жыл болду бул ишке аралашканыңа?
– Он эки жыл.
– Кармалган жоксуңбу?
– Кармалгам. Беш жылга кесилдим. Бир жылдан кийин Атаман аке бошотуп алды. Эмне кылып, кантип бошотконун ушул убакка чейин сураган жокмун, ал да айткан жок.
Кубандык Пил экөө үйгө киришти. Сумкадагы акчаны санабай туруп столдун үстүнө таштады. «Он миң доллар». Кубандык да санаган жок. Сейфти ачты да, салып таштады.
– Муну белгилебесек болбойт,– деп Пил сумкасынан алып бир бөтөлкө кыргыз коньягын койду.
– Менин ичпесимди билесиңго. Билбейм муну эмнеге эле көтөрө чаап жатасың.
– Экөөбүз дагы ушинтип бет маңдайлаша отурарыбызды бир кудайдын өзү билет. Эч болбосо бир стакан алып коесуң. Анан ичпесең мейли. Пил жанын койбосун билип:
– Ач анда коньягыңды деди. Ушул учурда Зыябү баш бакты.
– Балдар эмне жейсиңер? Заказ бергиле.
– Бизге эч кандай тамактын кереги жок. Бир тарелкага колбаса апкелсеңиз эле болду. Пил өз үйүндө отургансып жүктөгү жаздыкты чыканагына коюп камырабай сүйлөдү.
Экөө бир стакандан ичкенден кийин баягы мушташ¬кан¬дары жөнүндө дагы сөз кылышып отурушту. Күч жагынан мен күчтүү болчумун, жеңүүгө толук мүмкүн-чүлүгүм бар эле деп Пил мактанса, Кубандык да андан калышкан жок. Сенин күчүңдүн бир тыйын да пайдасы жок. Иле керек. Мен сени үйрөнгөн илем менен жыктым. Экинчи мага чыгам деп ойлонбой эле кой деп мактана кетти. Экөө эмнени айтышса да чатакка айландырышкан жок.
– Келечектеги келинчеги үчүн дагы бир стакан. Эми муну албасаң болбойт деп Пил кайрадан кыйнай баштады.
– Айтканың келсин алайын, анан кыйнабайсың,– деди Кубандык.
– Ооба, ооба кыйнабайм,– деген менен бөтөлкөнүн түбүндө али көп арак бар болчу. Кийин жагында Кубандык чечилди.
– Эми ташы калдыбы түбүнө чейин ичем деди. Ал күнкү ичкен коньягы мүрөк суудай эле болду. Эч кандай ой санаасыз уктап калып эрте менен бир ойгонду.
«Арак дегениң да дары болот турбайбы» деп Кубандык эрте менен сергек ойгонду. Үстү башын ыраатка келтирип эч кандай иши жок болсо деле райондун борборуна көздөй жол тартты. Машинасын маданий үйүнүн жанына токтотуп, имаратка кире бергенде Назик жолугуп калды.
– Акшоола кайда? – деди учурашкандан кийин.
– Репитицияда. Он күндөн кийин концерт берет эмесписпи. – Жолуктура аласыңбы?
– Анда проблема жок. Залда болуш керек. Мен деле сенин алдыңда келдим.
Экөө залга киргенде Акшоола бир жигит менен бийлеп жатыптыр. Музыканы бийик чыгарып алышкан. Жигит белинен сыга кучактап алса Акшоола жигиттин көкүрөгүнө башын коюп рахатка балкыгандай мемирейт. Булардын кирип келгенин сезишсечи. Кубандыктын ичи өрттөнүп чыгып, эмне дээрин билбей нес кишидей болуп туруп калды. Бир убактан кийин гана:
– Бул жигит ким Назик? – деди.
– Биздин режиссер.
– Эмне Акшоола ушуга турмушка чыкканбы?
– Жок. Тиги киши үй-бүлөлүү.
– Анан эмне таза кучакташып алган?
– Ал жагын өзүнөн сура. Мен билбейт экем,– деди Назик. Кубандыктын ачуусу бетине чыгып карайып турганын Назик сезе койду. А Кубандык болсо Акшоола таарынбаса жигитти ушул жерден эле баса калып атасын таанытарын ойлоду. Бирок азыр туура эмес. Акшооланы сыйласа мындай ишке баралбайт.
– Акшо-ола! Назиктин үнүн эми гана угуп, Акшоола токтоп калды.
– Эмне?!.
– Бери келсең. Тиги музыканы өчүрүп, Акшоола бери басып келди. Кубандыкты көрүп Акшоола «бул эмне келди» дегендей эч нерсени түшүнбөй турду.
– Тааныдыңбы? Кечээ бизди апарган жигит. Сага жолугайын деп келиптир.
– Жо-о-жок, экөөңөргө жолугайын дегем. Кыргызда «биринчи тааныш, анан сый алыш» дейт эмеспи. Силерди сыйлайын деп келдим,– деди Кубандык.
– Биз бош эмеспиз да. Саат он бирде баардыгыбыз чогулабыз. Концертке даярданабыз. Өтө кеч болуп кетет. Жөн эле убара боло бербеңиз,– деди Акшоола.
– Кайсы убакка чейин болсо да күтөм. Бүгүн бошмун. Эртеңден баштап чачтан көп жумуштарым бар. Андан көрө бүгүн эле макул болуп койгула.
– Мейличи Акшоола, жаш жигиттин көңүлүн калтырбайлычы. Мейли десең. Назик Кубандыкка жан тартып сүйлөгөнү менен Акшоола негедир жактырбагандай болуп:
– Концертке даярданып бүтөлүчү. Анан көрөрбүз,– деп тим болду.
Кубандык базар жакка барып бир сыйра магазиндерди кыдырып кайра келди. Концерттик залда репитиция жүрүп жатканын билип көпкө чейин машинасында отурду. Кайрадан жабалактаган ойлор биринин артынан бири келе баштады. Бүгүнкү көргөнүм өңүмбү же түшүмбү дейт. Эгер өңүм болсо эмнеге үйлүү-жайлуу адамдын кучагына жыгылат. Же түнкү көпөлөктөй ар кимдин жүрөгүнө башын коюп жүргөн немеби? Өңүм эмес, түшүм болгой эле дейт кайра өзү. Мен анын башка бирөөлөр менен жүргөнүн каалабайм.
Мына эми топ-топ болуп жаштар чыга баштады. Экөө эң артында чыкканы менен жанагы «жүзү кургур» кошо жүрөт. Дагы эле Кубандыктын ачуусу кайнап чыкты. «Карап тур, карап тур жолугарсың бир жерден» деп тишин качыратып алды.
– Али күтүп турасыңбы? – деп Назик кабинанын эшигин ачты.
– Эмне, тигил кафеге алпарганга макулбу?..
– Айтып көрөм, макул болбосо сен мага таарынба… Үчөө бери басып келатып, тигил жигит башка багытты көздөй басып кетти. Кубандык кабинадан түшүп эшикти ачты. Унчугушкан жок. Түз эле кафеге алып келип тамакты жайнатып койду. Стакандарга шампан куюлганда «кой биз ичпейбиз дешип кылыктангандары менен бир аздан кийин биринин артынан бирин ичише башташты. Акшооланын эки бети мурункудан да бетер кызарып чыкты. Ансайын Кубандыктын суктануусу артып жүрөк сырын төгүп-төгүп айткысы келди. Бирок Акшоола бир сырдуу. Көп сүйлөбөйт. Чечилип сырын билдирбейт.
– Атыбызды го билип алдык. Эми жөн-жайыбызды сураштырып билип алалы, Акшоола бухгалтир. Бухгалтир болгон менен бул чакан райондун маданий үйүндө кайсы эсеп-кысап дейсиң. Көбүнчө солист катары иш жүргүзөт. Мактап коеюн таланттуу. Аны концертте баамдайсың го. Ал эми мен китепканада иштегеним менен мен да ырчымын. Кээде айыл-айылдарга кыдырып кетебиз. Чөнтөгүбүзгө бир аз акча түшсө бапыраңдап кафелерге киргибиз келип калат. Мына ушундай. Эми өзүң жөнүндө айтчы. Биз угалы,– деп Назик чечилип кетти.
– Мен бир жүргөн жөнөкөй адаммын. Атам фермер. Мен анын малына баш көз болом. Базарга эт ташыйм. Сатам. Акчасын алибетте атама алып барып берем. Билимим жетинчи эле класс. Башка эмнени айтмак элем. Болду.
– О-о фермер дегениң азыркы күндө байлардын байы болуп жатпайбы. Демек байдын баласы турбайсыңбы?
– Аның туура. Атамдын аты байлык жактан таш жарбаса да алынча бар.
Акшоола булардын баарын угуп турган менен дагы эле чечилип сүйлөй элек. Ошону байкап отурган Кубандык отургучту жанаша жылдырып отура кетти. Акшооланы кадалып тиктеп калды. Ооба бул көз караш сүйүүгө мелт-калт толгон көз караш эле. Аны Акшоола эми сезди. Бирок анын ойлогону башка болчу. Жанагы режиссермун деген жигит аялымдан ажырашам. Экөөбүз баш кошобуз деп ынандырып койгон. Акшоола да аны кандайча сүйүп калганын билбейт. Көргөн сайын жакшы көрүп тартыла берет. Анын үстүнө «алтыным», «жаным», «аккуум» деп жан алы калбай эркелеткенин айт. Анын мындай эрип элжиреп кеткен кыялдарын ойлосо түн уйкусунан ойгонот. Бул жөнүндө Кубандык кайдан билсин. Күйөөсү жок, бой экенин билгенден бери ичинен сүйүнүп, кандайча өзүмө тартып алсам экен деп баятан бери тынчы кетип отурат. Акырын колун жылдырып колунан кармады. Акшооланын алаканынын илеби урду. Жаш жигиттин алаканынын табы андан да кем эмес эле. Кубандык кандай жылуу сезимге кабылса, Акшоола да ошондой болду. Жүрөгүнө жылуулук уялап, Кубандыкка тартыла түштү. Анын үстүнө Кубандыктын мүчө келбети, өңү-түсү тигиге караганда келишип турбайбы. Ушунданбы улам сөзгө аралашып, күлкүсү чыгып, маңдайы жадырай түштү. Аны сезген Кубандык дагы бир бөтөлкө шампанды апкелип столго койду.
– Муну ким ичет? Эми кыйнасаң кетип калам,– деди Акшоола.
– Кыйноо жок. Ичишибизче ичербиз. Ат оонаган жерде түк калат дегендей ичпесек калып калар,– деп Кубандык дагы бир жолу стакандарды толтуруп чыкты. Жок, бул сапар да Кубандыктын көңүлүн калтырган жок. Стаканды аппак алып көмкөрүп койду.
Убакыттын тез өткөнүн үчөө тең билбей калды. Сыртка чыкканда жаңыдан караңгы кире баштаптыр.
– Эми бизди үйүбүзгө чейин жеткизесиң,– деди Назик. Кубандык ичинен жым этип, машинасына кыздарды отургузуп үйлөрүн көздөй жөнөдү. Кыштактын четиндеги эки этаждуу үйгө келгенде машинаны токтотушту.
– Рахмат. Жакшы барыңыз,– деди Акшоола кабинадан түшүп жатып.
– Кетпей эле силердикине жатып алсам кантет,– деди Кубандык кыздарга.
– Биздин үйдө эркек атпайлардан жок. Экөөбүз эле, кантип жаткырайлы,– деди Назик кабинанын эшигин жаап жатып. Кубандык бүгүнкү өткөн күнүнө ыраазы болуп машинасын чымын куюн айдап үйүнө кандайча тез жеткенин билбей калды.
Үйгө Акмолдо келип калыптыр. Тиги СИЗОдо жаткандар үчүн өтө ири суммадагы акча керек болуп жатканын айтты. Ошон үчүн адаттагы «А-операциясын» жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан. Аккүзөн баштаган топ бекеринен чогулуп келбегендерин Кубандык дароо түшүндү.
Бардыгы Акмолдонун иш жүргүзүүчү бөлмөсүнө киришти. Картаны жайып коюп айылдын каерде экенин аныктап тактап чыгышты. Акмолдо бул жерде жети жыл мурда болгон. Эли ууру-бөрү дегенди билбей түндө да малдарын көчөгө байлап эч нерседен камырабай жатып калат экен. Акмолдо ошол аймактарда болуп коен жатагына чейин билип алган. Кур кол кайткан эмес, улам бирден-экиден уурдап отуруп жети жылкыны алып кеткени али эсинде. Азыркы «А-операциясы» дал ошого туш келгенин карачы.
Аккүзөн тамдын короо жайларын, машинанын каерде турганына чейин кагазга түшүрүп алыптыр. Акмолдо анын ийне жибине чейин карап чыгып, анан каерде кандай жол бар экенин, эгер кууп калса каерге жашына тургандыктарына чейин айтып берди.
– Мал менен иш жүргүзчү элек, эми машинага өттүкпү,– деп күлүп койду Акмолдо. Анан ойлуу тур¬ду да:
– Кубандык бул төртөөнө сен кошуласың,– деди. Кубандык эмне айтаарын билбей туруп калды.
Оштон өтүп, дагы алты саат жол жүргөндө «Жарташ» айлына барып автобустан түшүштү. Алды менен машинанын каерде турганын көчө менен баратып байкап чыгышты. Машина гараж-маражы жок эшигинин алдында ачык жерде токтоп турат. Аккүзөн өткөн базарда эле бул машинаны сатып жаткан кишиден:
– Да масло, верьте мне,– деп орус жигитинин айтканын уккан. Мына эми дал ошол ак түстөгү «МАЗДА» көздү кычыштырып бул жерде токтоп турат.
«Бөрүлөр» чакан мейманканадан орун алышып, «жортуулду» түнкү саат үчтө баштамак болушту. Ага чейин уктабай жеп-ичип чардап отура бериш керек. Алар ошентти.
Үйдүн жанына келишти. Үй ээси секичеде коңурук тартып уктап жатат. «Кудай бизге берди,– деди Аккүзөн, толгон токой ачкычтарды чөнтөгүнөн сууруп чыгып. Мындайда Аккүзөн мышыктай болуп шыбыш чыгарбай жөрмөлөй алат. Ачкычты бат эле таап, машинаны замоктон чыгарды. Белине байланган жипти машинанын артына байлап ыргытты да, «тарткыла» деген белги берди. Жолго жаңы эле чыгарып бир аз жерге сүйрөйүн дегенче, коңшу үйдөн бирөөлөр кыйкырып калды. Коңшулар чуру-чуу түшкөнү менен «бөрүлөр» машинага түшүп, от алдырып, айылдан алыстап калышкан.
– Он беш чакырым өткөндөн кийин оң жакта жол бар. Ошого түшкүлө болбосо ГАИнин постуна кабылып каласыңар деген Акмолдо. Андан өтүп кетип жүрбөйлү. Кайра кайрылсак куугунчуларга туш болуп шорубуз шорподой кайнайт. Баарыңар көзүңөрдү албай оң жакты карагыла. Кудай уруп түндүн өтө караңгылыгын кара,– деп Аккүзөн топтун командири болуп приказ берип келатты. Оң жактагы жолду таап, эки чакырымдай жүргөндөн кийин эле, кара жолдон үстүндө кызыл жарык чагылышкан машиналар биринен сала бири өтө башташты.
– Булар түз эле постко кетишти. Кайра кайрылышат. Ушул токойлуу жердеги жолду шимшилешет. Ага чейин өзөнгө жетип, андан ары өтүп кетишибиз керек.
Аккүзөн машинаны эми гана жарык кылып өң-дөңдү карабай айдап баратты. Алдыдан дал жолдун ортосуна чыккан талды көрүштү.
– Эмне мындан ары жол жокко дейм,– деп Илбирстин жаны чыгып кетти.
– Андан аркы жолду фонарик менен карайлычы.
Кубандык бир топ жерге чейин барып карап чыкты. Кудай жалгап андан аркы жол канчалык кыйынчылыкка турбасын, жүрүүгө болот экен.
– Бул талды эмне кылсак. Балталап таштайык десек балтабыз жок болсо. Балталасак үн чыгып тигилер биздин изибизге ошондо түшүп калбасын,– деп акылын айта баштада Аккүзөн.
– Туурасынан жыгып көтөрүп өткөзөбүз,– деди Кубандык.
– Баса Бегомот турганда эмне камыбыз бар деп күлүп калышты жолдоштору. Бирок көл-шал терге түшүшүп араң дегенде сүйрөп машинаны өткөздү да, андан аркы жолду улашты.
Бирде ташка урунуп, бирде которулуп кете жаздап үч чакырымдай жерди араң басып өтүштү. Айткандай эле бир аздан кийин ГАИлердин машиналары токойдун арасындагы жолго түшүп дал ошол талга келип та¬калды.
– Биякка келе албайт,– деди Аккүзөн,– биз кутулдук. Ошентип алар өзөнгө жакасын кармап кудайлап зорго жетишти. Өзөндөгү кечит да оңуп калган эмес экен. Күргүштөп суу аккан менен жайык жери бардай. Ал да тизеден өйдө.
– Артка жол жок. Өлсөк да ушул жолго түшүшүбүз керек. Аккүзөн рулда отуруп калгандары артынан итеришти. Машина ортосуна жетпей өчүп калды.
– Эми эмне кылдык? – деди Илбирс адатынча чебелектеп.
– Эмне кылмак элек итерип отуруп эптеп чыгарып кетебиз,– деди Аккүзөн.
– Көзүм жетип турат аркы өйүзгө чыгара албайбыз. Илбирс суудан чыгып жээктеги ташка отурду да чылымын тарта кетти.
– Коркок! – деп Аккүзөндүн жаны чыгып кетти. – Ушунча дүнүйөнү сууга агызып жиберейин деп турасыңбы?! Чекесиндеги кан тамыры көөп ачуусу менен атып жиберүүгө дайын турду.
– Бир аз эс алалы. Анан тилсиз жоо менен күрөшүп көрөлү,– деп Кубандык Аккүзөндү жоошутту.
Жана эле балбылдап жанган чолпон жылдыздын өңү өчүп, таңдын аппак шоолалары чыгыштан супа сала баштады. Таңдын лепилдеген жагымдуу абасы согуп, жээктеги майда барат жапайы өскөн талдардын башын ыргайт. Тээ алыстан машиналардын гүүлдөгөн үндөрү угулат. Ташка тийип мүдүрүлгөн агымдар мончоктой тамчыларын чачыратып күр-шар этет. Мына ошол күр-шар эткен агым кески уурулардын көкөйүнө көк талкандай тийип кантип өтөрдүн амалын таппай отурушат. Анткен менен бул өзөндөн эртерээк өтүп, дөңдөн ылдый түшкөн сайга далдаланышы керек. Антпесе жарык кирери менен менттер из кууп келери бышык.
Кийимдерин колго алышып баары аркы өйүзгө өтүү үчүн сууну кече башташты. Суунун агымы күчтүү. Ошондуктан дагы бир ирет тайыз жерди карап чыгышты. Эки-экиден жан жагына турушуп, Илбирс машинанын артынан итерип калды. Бир аз жылдыргандан кийин машина жарым жартылай оодарылып, Жөжөнүн бутун басып калды.
– Куруду Жөжө, бол Илбирс бол. Биякка кел! Ылдый тарталы,– деди суунун агымында турган Кубандык. Төртөөлөп машинаны бутуна койгондо Жөжөнүн сууга агып баратканын көрүштү.
– Эси ооп калган турбайбы, машина басканда. Кудай жалгап, убагында көрүп калдык,– деди Илбирс Жөжөнү суудан алып чыгып аркы өйүзгө жаткызып жатып. Машинаны ташка такап коюп, кайрадан кечүүнү тактап, жоон жыгач табышып акырындап отуруп чыгарып кетишти. Сайга жеткенден кийин моторду ачышып суу болгон жерин тазалагандан кийин жаңы машина бат эле от алып кетти.
– Эсиңден чыгып кетпесин, номерин алмаштырып кой,– деди Илбирс Аккүзөнгө. Өлүм же жашоонун кыл көпүрөсүн башынан далай ирет өткөрүшкөн кески уурулар кабагым кашым дебей кайра:
– Алда Жөжө ай-я, бир өлүмдөн калдың го,– дешип каткырып келатышты.
«МАЗДАНЫ» апкелгенде Акмолдо кубанып же жайдарыланып сүйлөгөн да жок. Демейдеги калыбында баарын ээрчитип бөлмөсүнө кирди. Отурган жигиттерин сыдырата карап:
– Жөжө кана? – деди.
– Ооруканага жаткырып келдик.
– Эмнеге?! – деп Акмолдонун жаны чыгып кетти,– бияк¬тагыларды бошото албай жатканда анын да кырсыктап калганын карачы.
– Коркпой эле кой Атаман аке,– деди Илбирс,– машинаны сууда итерип келе жатып жамбашын машинага бастырып алды. Эти ооруп калса керек. Көп болсо бир жума жатып чыгып кетет.
– Ошондой дегилечи бай болгурлар. Акмолдо сейфти ачты да бир таңгак акчаны алып чыгып:
– Бул төртөңөрдүкү. Эмки менин аракетим СИЗОдогулар менен болот,– деди.
– Майор досуңуздан жардам сурап көрбөйсүзбө. Мүмкүн анын чоң жардамы тийип калар,– деп Аккүзөн Акмолдого суроолуу кара.
– Кайра ошол былгытып жатабы, ким билет. Чини көтөрүлүптүр деп уктум. Демек мында бир сыр бар…
Тиги «бөрүлөр» кеткенден кийин Атаман кандай тапшырма берер экен деп кечке күтүп жүрдү Кубандык. Бирок эч кандай тапшырма бербестен эрте менен эрте туруп «МАЗДАНЫ» айдап, каяка барарын да айтпай кетип калды. Кетип калганы да жакшы болду. Бүгүн кечинде Акшоолалардын концерти болот. Концертти көрүп, анан Акшоолага жолугуу кандай бакыт!
Кубандык эртелеп жуунуп тазаланып, үстүнө али бир да кол тие элек жаңы кийимдерди кийди. Күзгүгө ары-бери каранып жаткан Кубандыкты көрүп Зыябү:
– Каякка барайын деп жатырсың? – деди.
– Концертке.
– Бара кой айланайын. Эртелеп жүрө бер. Бейбаш балдарга кабылып жүрбө,– деп өз баласын аягандай сөз катты.
Райондун борборуна жарым саат эрте келип, Акшоолага да, Назикке да гүл алып алды. Биринчи катардан орун алып, экөөнүн үнүн угууга ынтызарланып отурган менен жакында чыга коюшкан жок. Мына Назик чыкты. Эл кол чаап жиберишти. Назик алды менен элден сүрдөндүбү үнү кысылып чыгып, бара-бара ачылып анан залды шаңга бөлөп жиберди. Музыканын шаңы басылар менен Кубандык сахнага ыргып чыгып Назикке гүл сунду. Анын колун кармаганда али денесинин титирегени басыла электигин байкады Кубандык. «Сыртынан караганда ырчылардын турмушу жеңил, анан кандай жыргал деп коебуз. Күндө ыр-күлкү менен жүрүп картабайт да болуш керек деп божомолдойбуз. Көрсө сахнага чыгуунун өзү да оңойдой кө¬рүнбөйт. Жүздөгөн көздөр бир кишини эле карап турса ким толкунданбайт, сүрдөнбөйт, калтырабайт. Демек жашоодо оңой оокат жок тура» деп ойго чөмүлүп отурду Кубандык.
Акшоола сахнага чыкканда эл залды жаңыртып кол чаап жиберди. Анын үнүнө куштар болуп, эңсеп сүйүү¬чүлөр көп экенин көрүп ичинен сүйүнүп койду. Анан музыканын коштоосунда Акшооланын ооз комуздай дирилдеген үнү залдын ичинде оболоду. Микрофонду кармап тал чыбыктай белин ийилтип, бий коштоп ырдаганычы. Арт жакта отурган жаштар чыдай албай кетиштиби ышкырып ал турсун «биз сени сүйөбүз» деп кыйкырып да жиберишти. Акшооланын үнү калкыгандан калкып, дене бойду балкытып, эт жүрөктү элжиретип кимди болсо да сыйкырлап койгондой. Элден Назиктей болуп калтаарып кетпей, кайра жүрөгү эргип улам үнүн бийиктете созолонот. Ууртуна күлкү уялап, көздөрү күлмүңдөп, нур төгүлгөн жүзүнө сахнадагы шамдар төгүлүп ого бетер сулуулантып жибергендей. Чиркин, отургандар магниттей тартылып, көз кумарлары тарабай тигилишет. Ырдын арткы саптарын кайталап, акырын-акырын үнүн пастап токтоду. Дүркүрөгөн кол чабууга залдын ичи жаңырды. Кубандык нес болгон кишидей ордунан козголбой калыптыр. Гүл эми эсине түшүп селт этип кетти. Ордунан ыргып туруп көшөгөнүн ары жагындагы эшикке кирип бара жаткан жеринен токтотту.
– Куттуктайм Акшоола, куттуктайм. Укмуш ырдадың,– деди Кубандык гүлүн сунуп жатып.
– Рахмат,– деп Акшоола ыраазычылыгын бил¬дирди.
– Сыртта күтөм. Назик экөөңөр жолугарсыңар.
– Көрөбүзго. Акшоола туюк жооп берип ары жакка кирип кетти.
Ушундай кызга жолугуп, аны катуу сүйүп калгандыгы үчүн тагдырына ыраазы боло түштү. Бирок али чечилип сырдашпаганына капа боло кетет. Ошентип ал машинасын чыга беришке коюп чыдамсыздык менен күтүп отурду. Элдин агымы суюлар менен көп күттүрбөй чыга келишти. Сүйүнүп кетти. Кудай кааласа эркимче сүйлөшүп, агыл-төгүл махабатымды билдирем деп ойлонду өзүнчө.
Эки кыз үйлөрүнө жеткенде унчугушпай кабинанын эшигин жаап кетүүгө камынышты.
– Эмне кыздар мени таштап кеткени жатырсыңарбы:.. Силерге белек ала келгем. Мүмкүн болсо бир аз убакыт бирге отуралы. Тигил экөө шыбыраша түшүшүп:
– Эмне белек? Ушул жерде эле берсеңиз болбойбу? – деди Назик.
– Болбойт. Аны жарыкта эле көрүүгө болот. Тигил экөө кайра шыбыраша калышып, анан «жүр» дегендей белги кылышты. Кабагы ачыла түшүп, сумканы колуна кармай кыздардын бөлмөсүнө кирди. Экөө бат эле чай дайындашып дасторкон жая салышты. Кубандык сумкасынан бир шампан, эки кутуча алып чыкты. Назик кутучадагы атырды көрүп сүйүнүп кетти. Анткени өтө кымбат баалуу атыр эле. Акшоола ары бери кармалап көрдү да кымбаттыгына маани бербегендей түр көрсөтүп текчеге апарып коюп койду. Шампан стакандарга куюлганда ичпейм деп да айтышкан жок. Эки стакандан айланганда экөөнүн беттери кызарып чыкты. Кубандык мурдагыдан да сугун артып Акшооланы карагандан карайт. Анткен менен тигил жылуу жумшак мамиле кылып койсочу. Бир калыпта сиз деп сүйлөп келберсигенден келберсийт.
– Кенен кесир сүйлөшпөй тумчугуп кеттикко. Музыканы коеюнчу,– деп Назик магнетофонду кое кетти. Баятан берки ичкен ичкилик таасир эткен окшойт, Акшоола Кубандыктын бийге чакырганына каршылык көрсөткөн жок. Ичке белинен секин кучактай. башын Акшооланын чачына жөлөй, жытын искей, рахатка малынып бийлеп жатты.
– Экөөңөр бири-бириңерге жарашып калат экенсиңер. Кап сүрөтчү болсом ээ, тартат элем дал ушул абалыңарда,– деп Назик күлө сүйлөдү. Ошентер менен Акшоола колун кое берди. Өзүнчө эргип, жыргап турган денеси, муздай түштү. Делдээ Акшооланы карап калды. Кубандыктын оңтойсуз абалда калганын сезе койгон Назик токтой элек музыканы коштой Кубандык менен бийлей кетти.
– Эми үй-үйлөрүбүзгө кайталы, эс алалы. Мен чарчап турам,– деди Акшоола дасторконду жыйнап жатып. Анткен менен магнетофондон Назиктин сүйгөн ыры «жаштык вальсы» аягына чыга элек эле. Канчалык жакындашып сыр чечишейин деген Кубандыктын аракети оңунан чыккан жок. Мергенчиге алдырбаган калтардай жакындайын дегенде эле тура качат. Кабагы ачылбай, сиркеси суу көтөрбөйт. Анын жанында Назик жаркылдап жайнайт. Жагымдуу мамилеси менен ачык айрымдыгы жүрөктү жылытат. Бирок сүйүү ага карабайт тура. Кубандыктын ойлогону, үмүтүнүн өчпөс таңы Акшоола гана. Ошентип ушул күн кубанычсыз да кайгысыз да бейпайда өттү да кетти.
Бир жума бою Акмолдо келген жок. Кубандык анын жолун карап отуруп эч жакка чыга албады. Малчыларга баш көз болуп байланган согумдарды өзү карап жүрдү. Атаманды издеп келгендерди Кубандык өзү кабыл алып, ал абалды сурап, анан акылын айтып жөнөтөт.
Акмолдо кеткен жагынан көздөрүн үлдүрөтүп чарчаңкы келди. Тамагын ичер менен эч кимге эч нерсе дебей Зыябүгө төшөк салдырып жата кетти. Анын ортосунда Оруссиядан Дворник менен Серый келишти. Зыябү аларга:
– Эс алып жатат, башка күнү келгиле,– деп жөнөтүп жиберди. Ошентип ал эки күн эч кимди киргизген жок. Зыябү гана кирип тамак аш берип жатканда «сага эмне болгон» деп сураган. «Иш чатак, биерден кетпесек болбой калды окшойт. Тергөөчүлөр биздин уюмду шимшилей баштаптыр. Үч жигитибизди тим эле сыгып, баарын айттырып алуу үчүн кыйнап жатышат. Сунуш кылган акчамды албай коюшту. Кайра өзүмө асыла баштаса болобу. Аттиң, заманыбыз өтүп бара жаткан экен».
– Кудайым ушул убакка чейин жалгап келди. Мындан ары да жакшылыгы бар чыгар. Чылый чөгө бербечи. Өзүңдү кармачы,– деп Зыябү кайрат айтты.
Дворник менен Серый кайра кайрылып келгенде Акмолдо али сыртка чыгып эч кимге жолуга элек болуучу. Ошондуктан келгендерди Зыябү өзү Акмолдого киргизди. Акмолдо ордунан туруп орус туугандары менен кол алышып учурашып Зыябүгө жакшылап тамак жасап, ичкилик алып келүүнү буйруду. Коноктор кур кол келишпептир. Алтын, күмүш, табылгыз акактарды алдына таштады.
– Жөн эле койбойсуңарбы,– деди Атаман.
– Жок, башканы унутсак да сизди унута албайбыз. Жетимдиктин айынан нан таба албай жүргөндө бизди бооруңузга басып, анан нан таап жегенге үйрөттүңүз. Жан кечти иш болгону менен үй-бүлөбүздү тың багып жатабыз. Дворник бир кыздуу, мен эркек уулдуу болдум. Кембагалдарга эмес дүнүйөсү ашып-ташыган байлардын капчыгын аз-аздап азайтып койгонубуз болбосо башка бирөөлөрдөй көппөйбүз. Өтө ашынып кетпейбиз,– деп бежиреп кирди Серый.
– Колунда бар болгон күндө да жөнөкөйлүктү сакташ керек. Ууру ушул сапат менен айырмаланат,– деп Акмолдо баса сүйлөдү.
Тамак алдыга келип, арактан бир-эки стакан ичкенден кийин Акмолдонун башын мыжыктырып оорутуп жаткан оор сокку кайда тарап кеткенин билбей калды.
– Силерде да уурунун жолу тарып баратабы? Акмолдонун айбаттуу көз карашы кетип, маанайы пас болуп калганына аң-таң болуп отурду Серый.
– Россия кыргызстандай чакан мамлекет эмес. Бир учунан бир учуна кетсең эч ким тааныбай калат. Уурунун жолу кенен.
– Ал жагы бар. Мен уулумду силерге кошуп жиберем. Жер көрсүн. Силерден көп нерсени үйрөнөт. Анын үстүнө үйлөнүүгө да убакыты келип калды. Силер менен иштеп капчыгын кампыйтып келсин.
– Абдан жакшы болот. Жашоого эң сонун шарт түзүп беребиз,– деп экөө тең жарыша сүйлөдү.
Кубандыкты чакырып, ал жөнүндө айтканда аяш атасына эч нерсе дей албады. Эгер Акшоолага жолукпаганда аябай сүйүнүп кетмек. Эми көрбөйсүңбү тагдырдын тамашасын. Бир күндө эле ойлогон ою, барам деген жагы бөгөлүп калбадыбы.
Кубандык жолдоштору менен эки ай жүрдү. Алар көбүнчө үйгө кирип, баалуу буюмдарды уурдап чыкканга машыгып калгандардан экен. Кандай гана кулп болбосун өз үйүн ачкандай ачышат. Бир шаардан бир шаарга кыдырышып, жалаң ресторандардан тамактанышат. Бирок жыргап куунап жашаган эки ай, эки жылдай узарып кетти. Басса, турса Акшооланы ойлоп, башы ооручу болду. Маанайы пас, кабагы ачылбаган Кубандыкты көрүшүп достору кетүүгө уруксат беришти. Тапкандарын тең бөлүшүп:
– А это Атаману,– деп атайын белек тапшырышты.
Акмолдо Кубандыктын таап келген дүнүйөсүнө эмес, аман-эсен келгенине сүйүндү. Анын үстүнө Кубандык келинчек алганы жүрөт деп Зыябү Акмолдонун кулагына шыбырап койгон. «Апкелсе апкелсин. Ушул үйгө эле алып келе берсин» деген Атаман. Ошентип Кубандык үчүн экөөнүн тең тилеги ак эле.
Акшоолага кантип жолуксам деп Кубандык түнү бою уктаган жок. Эртеси эрте туруп Атаманга ооз ачып койбой райондун борборун көздөй жөнөдү. Баягы тааныш үйдүн эшигин каккылаган менен эч ким чыкпады. Маданий үйүнө келсе, мында да кыбыр эткен жан жок. Сурамжалдап китепкананы тапты да Назикке жолукту.
– Мага Акшоола кайда барарын айтпайт да,– деди Назик.
– Чоңташтагы үйүнө кеткен жокпу?
– Жо-о-жок. Досторундабы, бир жакка сейилдеп кеттиби, биле албайм. Бир гана кечте үйдө болорубуз анык.
Китепканада Назик экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Түшкү тамакта Назикти кафеге киргизип сый көрсөттү. Чынында Акшоола эмес, Назик Кубандыкты сүйүп калган эле. Ошон үчүн улам карегине кадала карап, өзү күткөн сөз чыга калабы деп үмүттөнөт. Бирок Кубандык эч нерсени сезбегендей, туйбагандай бейкапар. Ойлогону Акшоола. Жаным, чүрөгүм, бүгүн сага жолуксам экен деп миң кайталап жатты ичинен.
Машинасын талдын далдаасына коюп, кире беришти аңдып отурганына үч сааттай өттү. Караңгы кирип көз байлана баштады. Баятан бери чырк-чырк деп жаткан чымчыктар да уясына кирип жайланып калгандай. Тынчы кете баштады Кубандыктын. Акшоола келбесе да, Назик качан эле келип калышы керек эле.
Мына үчөөнүн карааны көрүндү. Эшиктин алдына токтолушту. Даана тааныды. Акшоола, Назик, баягыда көргөн режиссер сөрөй. Тишин кычыратып алды Кубандык. «Кап колго ээн тийсе экен». Негедир Назик үйгө кирип кетип, сыртта Акшоола менен режиссер калды. Кучакташа кетишти.
– Болдучу, кетейинчи,– деди Акшоола.
– Сага баятан бери бир сөздү айта албай жатам.
– Айта бер. Бүгүн эле таанышкан жерибиз жокко.
– Мен аялым менен ажыраштым. Сен үчүн ажыраштым. Мен сени чексиз сүйөм,– деди жигит кетүүгө камынган Акшооланын колунан кармай калып.
– Балаңды эмне кыласың? Бирөөлөр балага жетпей жүрсө сен балаңды жетим кылып коймок белең?..
– Экөөбүз балалуу болобуз. Ал бала эч жакка качпайт. Акыры мени издеп келет. Азыр сенин макулдугуң гана керек. Анын үстүнө бирге иштеп бир жүрөбүз.
– Али бир чечимге келе элекмин. Көрө жатарбыз,– деп тим болду Акшоола. Режиссер жигиттин аты Буудайбек экенин мурда эле билип алган. Ошондуктан Акшоола менен коштошуп ары баса бергенде эле.
– Буудайбек токточу,– деди Кубандык. Оюнда эч нерсе жок жигит токтоду.
– Мен сени жакшы тааныбайт экем…
– Азыр жакшылап таанышабыз. Менин атым Кубандык. Колун сунду. Ал да колун сунганда кычырата кармады колун. Анан жакасынан алып муунтканда эки көзү чакчайып кетти. Деми кыстыгып далбас уруп калганда колун кое берди Кубандык.
– Эй тууган мунуң эмне, эмне күнөөм үчүн кылкынтып жатасың, же сени атаң, энең дедимби? Айтчы байболгур,– деп Буудайбек булдуруктай сүйлөдү.
– Күнөөңдү билбейсиңби я?! Сен аялыңды таштап кимге үйлөнгөнү жүрөсүң я?! Ал күнөө эмес бекен?..
– Ал сенин ишиң эмес, менин ишим.
Кубандыктын ачуусу ашып ташып, жини кайнай түштү.
– Менин ишим бар. Ошон үчүн мына дагы сага.
Чоң муштуму менен бир койгондо араң турган Буудайбек көлчүккө барып кулап, башындагы калпагы калың өскөн чөптөрдүн арасына ыргып кетти. Кайра тургузуп алды да:
– Экинчи Акшоолага жакындаба. Ал меники. Түшүндүңбү? – деди. Буудайбек көлчүктөн тура калып, үстү башынын булганганына карабай жан далбастап качып жөнөдү. Ошондон көп өтпөй эле машинадагы белек бечкегин алып кыздардын эшигин каккылады. Назик чыга калып Кубандыктын турганын көрүп:
– Али кете элек белең,– деп алая карады.
– Силерди эмдигиче келип калгандыр деп атайын кеч келдим. Айып көрбөйсүңөрбү?..
Назик Кубандыктын колундагы сумкасын көрүп «сөзсүз бир нерсе апкелди» деп ойлонду.
Үйгө киргенде дасторкон жайылуу экен. Бирге чай ичип отуруп, бир маалда сумкасын аңтара кетти Кубандык. Эки кутуча бир шампанды алып чыкты. Кыздар алар менен кутучаны ачышты. Өмүрүндө көрбөгөн сонун акак шурулар экен. Экөө тең моюндарына тагынышып, ары-бери каранышат. Акшооланын көңүлүнө жактыбы, өз алдынча жылмайып койду. Буйруса жүрөгүнүн ачкычын таптым го деп сүйүнүп отурду Кубандык.
Шампандан алып, чай ичүү да аяктап баратат. Акшооланын эки бети мурункудай кызарып чыкты. Көздөрү балбылдап күйүп, кундуздай кара чачтары маңдайына түшүп сеңселет. Кубандыкты караган сайын сугу артылып алапайын таппай кетет. Мурдагыдай колун кармалап жылуу көз карашта отурганы менен жарытылуу эч нерсе айта албады. «Эгер Назик ортобузда болбосо Акшоола экөөбүз чечилишип отурат белек» деп коет ичинен. Отургучту Акшооланын жанына жылдырып белинен кучактады.
– Колуңду тартчы! – деп силкине сүйлөдү Акшоо¬ла. – Эми болду үйүңүзгө кетиңиз! Берген мончогуңузга мактанып отурсузбу?! Анда кайра алыңыз.
– Койчу Акшоола бул да сый да. Кубандыктын бергени кудайдын бергени деп ала берели,– деп Назик Кубандыкты жактай сүйлөдү.
Акшоола кайра келип Кубандыктын жанына отурган менен кабак-кашы ачылган жок. «Жай сүйлөшкөн менен болбойт экен» деп койду ичинен. Аңгыча сырттан бирөөнүн ышкырганы угулду. Амантур го,– деди Назик,– мен чыгып келейин. Кубандык талиске кошо чыкты.
– Ме миң сом. Сен келбей эле койчу. Биз экөөбүз ээн-эркин сүйлөшөлү.
– Мейли, эжемдердики жакын эле жерде,– деп акча алганына сүйүнүп кетти Назик.
Акырын эшиктин илгичин илип, Кубандык ички бөлмөгө кирди. Акшоола эч нерсени ойлобой пиала чайнектерди орду ордуна коюп жатыптыр.
– Сиз кеткен жоксузбу? – деди Кубандыкты көрөрү менен.
– Кайда кетем. Мен сени чексиз сүйүп калганымды билбейсиңби?..
– Билбейм, билгим да келбейт. Менин сүйгөнүм бар. А сендей жигитке ким тийбей коет деги?..
– Билем сүйгөнүңдү. Үйлүү-жайлуу болгон режиссер чыгар. Бир күнү эле баламды кыя албай койдум деп кетип калса эмне кыласың?
– Сен аны кайдан билесиң?
– Бирөөлөрдөн уктум.
– Уксаң анда ошол.
– Акшоола түшүнчү мен сенсиз жашай албайм. Жанымда сен болбой, башкага кетсең асылып өлөм. Менин сүйүүм ушунчалык, ишенсең…
– Башымды оорутпачы! Бүгүн коюп башка күнү сүйлөшөлү, эми үйдү бошот. Акшоола сыртка карай итергиледи эле Кубандык шап белинен кучактап анан жаш баланы көтөргөндөй алаканына салып алды да, көйнөктөрүн быт-чыт айрып диванга жыгылды.
– Мага тийбегин, мен жуанмын, өзүңө ылайыктуу кыз тап,– деп жалбарынып жалынып жиберди.
– Жуан эмес он эрге тийсең да мен сени сүйөм, мен сенсиз жашай албайм,– деп Кубандык өзүн токтото албай, күр-шар аккан суудагы жалбыздай дирилдеп кетти…
…Кубандык катуу уктап эрте менен кеч ойгонду. Акшоола чайды дайындап, дивандын жанында тигиле карап отуруптур. Ал караш мурдагыдай эмес, сүйкүмдүү да жагымдуу. «Чын эле сүйгөнүмө жеттимби?» деген ойдо Акшооланын колунан тарта калып кучагына алды да, бетинин эч жерин койбой өөп жатты.
Үйгө келгенде чак түш болуп калган. Акмолдо ага кейип-кечиген да жок. Болгону машина керек болгонун, кезектеги «жортуулга» жиберерин айтты. Кубандык аркы бөлмөгө кирип төртөөнө жолукту. Аларды жакшы тааныйт. Желмаян, Тоодак, Сарычычкан жана Карабөкөн. Бардыгынын бирден машинасы бар. Сүйлөгөндө асмандан таш кулатып сүйлөп, бойлоруна эч кимди теңебей чиренишет. Анткен менен Кубандыкты жакшы билишет. Кубандыкка жолукканда: «Мына мунун муштуму кувалда гой» деп күлүп калышат. Ошондуктан мышыктан корккон чычкандай бөйпөң-дөшүп турат.
Бир ай бою Каратоодо мал аңдышып жүрүштү. Кээ бир фермерлер малдарын ушул жакка кое беришет. Малдар тоонун күңгөй беттериндеги түркүн-түркүн чөптөрдү жеп нык семиришет. Анын үстүнө этинин даамдуулугун айт. Бир жесең бир жумага чейин оозуңдан даамы кетпейт.
«Саргара күтсөң, кызара бөртөсүң» дегендей эки үйүр жылкы эки бетте ээн-эркин оттоп жатты. Үчөө үч саат бою убара болуп жатып үч атты кармашты.
– Тигилерге убара болуп беш ат менен кетебизби. Үйүрү менен айдап кетебиз. Тиги белди ашсак эле болду. Андан ары жайык жер. Жолду арбытып алыстап кетебиз,– деп Желмаян болбой туруп алды. Эки күн күн-түндөп жүрүп отурушту. Жайыкка келгенде аттарды жайытка кое беришип, өздөрү эс алышты.
– Эми коркунуч жок. Мындан аркы жолдун коен жатагына чейин билемин,– деп мактанып отурду Желмаян. Анткен менен күн ысып чыкты. Тал эмес куурайдын көлөкөсү көрүнбөйт. Мээни жеп сызгырып баратат. Суу бир аз гана калды. Ал түгөнгөндөн кийин эмне кыларын билбейт үчөө тең. Алар багыт алып бараткан Ташбулакка чейин али канча күн жатат.

Булак: literatura.kg