Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Апенди

Бурулча байбиче уюн саап болгон соң үйгө кирди да, чыгдандын ичинде турган чоң чараны шектене карады. «Капырай, бул не деген сыры эгемдин? Чарадагы сүтү ко-шуна-колоңдорго куюп бергенден кийин да кайра толуп калчу болду го. Деги бул не деген сыр, не деген аян? Жакшылыктын жышааныбы же жамандыктынбы?..» Бай-биченин ушундан улам жүрөгү опкоолжуп, көңүлү кароо-лоно калат. Бир кезде эл арасында айтылчу ары касиет-түү, ары коркунучтуу имиштер кулагына жаңырат. Анын биринде мындай деп айыңдалат: «Бир кемпир болуптур. Балдары тоодо малда, өзү айылдагы тамында жалгыз ту-ручу экен. Дайыма оозгу үйгө, чоң темир мештин кашына тешек салып жатчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде бир сыр болот. Кемпир күндө эртең менен ички үйгө дагы бир төшөк салынып каларын көрөт. Табышмактуу бул жы-шаанга таң калат. Эч нерсе оюнда жок, «бу ким бол¬ду?..» — деп шектенип, бир күнү аңдый баштайт. Кеч ки-рет. Түн кирет. Түн ортосу болот. Ошо маалда оозгу үйдүн илгичи өзүнөн өзү шырт ачылат да, сыртынан өңү кемүр-дөй капкара киши жыла басып кирет. Ал кирип, уктап жаткан кемпирге, үй ичинен бир сыйра көз жүгүртүп, анан шып эте ички үйгө кирип кетет. Аңдып жаткан кемпир бир маалда ордунан суурулуп туруп, каалганын жылчыгынан шыкаалай баштайт. Караса ички үй жапжарык — алтынга бөлөнгөн, кайдан-жайдан пайда болгон түркүн шамдар жаркырайт. Кара киши салынуу төшөккө жаңы гана баш койгон. Ошо тапта ал обдулуп турат да: «Ай, байбиче-ай, болбостур, багыңа бак кошуп, уучуңду узартып, таалайга
тундурайын дедим эле, эми болбостур…» — дейт да кез-дон кайым болот. Кемпир эсин жыйса, үй демейдегидей эле капкарангы. Алиги алтынга бөлөнгөн, шамга толгон үй сырдуу түнөрөт. Сыйпалап караса, оозгу үйдүн илгичи да ичинен илинүү, тим эле эч ким кирбегендей. Кемпир бир бакырат да, эстен танат. Ошо бойдон акылдан адашып, кийин мезгилсиз кайтыш болот. Корее ал киши Кыдырэй-саламдын өзү экен…»
Байбиче мындай айыңдарды тээ бир кезде кеп уккан-дыктан, чарадагы сүттү көзөмөлгө алуудан аябай чочуду. Аны үйдөгүлөргө да айтпады. «Карып калган кезимде бала-бакырама кесирим тийбесин» деген ниетте өзүнөн-өзү сак-танып ооз ачпады. Бирок ою онго, санаасы санга бөлүнүп, алагды. Эмнеси болсо да окуянын артын күтүп, ичинен тынып жүрө берди. Бир ай, эки ай өттү. Бу мезгилдин ичинде баягы чарасы күндө сүткө толуп калып жүрдү. Эртен менен күрөң уйду саап келет да, сүттү бышырып, чоң чарага куят. Сүт чарага мелт-калт толуп чыга келет. Чоң шашкеде кошуна-колоңдордун балдары сүт сурап ке-ле баштайт. Аларга Бурулча байбиче ез колу менен куюп берет. Бир маалда сүт чаранын белине түшүп калаарын да өз көзү менен керет. Анан, ичинен келмесин келтирип, үйдөн чыга женейт да, «сүттү кайтарып тургандай бол-боюн» деген ойдо кайра киргенден кооптонуп, жүрөгү са-рысуулап, кайсы бир кошунасыныкына кирип, кемпирлер менен маектешип отуруп, бешим ченде гана үйүнүн босо-госун аттайт. Бу маалда кичинекей Жоро мектептен эбак
3-98
келип, тоюп алып, ойноп жүргөн чагы болот. Анан, Бурул-ча байбиче чыгданын ачып, чарасын карайт. Ошо маалда анын журогу дикилдеп, чекесинен нымшып тер чыгып, ал-кымы кургап, колдору гана эмес, бут денеси калчылдап кеткен болот. Караса, чарасы сутко мелтилдеп эбак толуп калган. «Э-э, кудай, кудуретиңден…» — деп алда-нече ирет келме келтирип алып, кайра сыртка чыгат. Сыртта да, уйдо да кыбыраган жан жок. Баласы, келини иште. Анан уйго кайра кирип, бир аз камыр жуура салып, «тогуз то-коч баабедин» жасап жиберет да, келмесин ичинен мин мертебе кайталап, тээ кочодо чикит ойноп жүргөн балдар-ды чакырып, кичинекей жука каламаларды аларга тара-тып жиберет. Бирок Жорого бербейт. Жоро буга аябай таарынып калат. Өзүнчө наалып, коздору жашылданып, чон энесине нааразы болот. «Айланайын, баабединдин на-нын үйдөгүлөрү жечү эмес» — деп тескейт байбиче небе¬ресин. Жоро буга түшүнбөй аң-таң.
Ошентип, сүт деген неме байбиче үчүң табышмактуу балээге айланып, журогу сарысуулап жүргөн күндөрдүн биринде аркы кочодо турчу Асел аттуу байбиче дүкөндүн жанынан жолугуп калды.
— Ботом, Бурулча, уюңар эмне, байып кеткенби? — деп сурап калбаспы ал.
Кеп сүт жөнүндө боло кеткенинен улам Бурулча бай-биченин жүрөгү опкоолжуп, бир булкуп алды. Өңү да саал кубара түштү. «Кадырэйсалам кубулуп көрүнөт дешчү эле, мобу турган Асел!..» Бурулча байбиче бироодон жардам сураган бечарача айланасын элеңдей каранып алдыле, бу-лардан башка көчөдон жан адам көрүнбөдү. Анан козу ымыр-чымыр болуп турду да:
— А… эмне экен? — деп кекечтене калды.
— Тиги, Жороц… Күндөле биздин айлападан бир битон сүт сурап кетет…
— А, тукумуң өскүр! — деп алды аябай чочуган Бу¬рулча байбиче. — Апендим!.. А, макоом!.. Мен да…
Бурулча байбиче таягын сүйрөп, жа-ай илкип, Асел байбиче менен коштошконду унутуп, түш оой уйуно жоно-ду. Келсе Жоро жок. Чыгдандын ичиндеги алабаканда илинип турчу кок битон да жок…
Байбиче небересин кыйлага-а күтүп отурду. Оо, бир топтон кийин гана сырттан Жоронун бышылдап келатка-ны угулду. Битон толтура сутту улам бир колуна алмак-салмак көтөрүп, булоолоно тердеп алган. Боз үйдүн эшиги ачылып, өзү көрүндү. Анан төрдө аны күтүп отурган чоң энесин көрдү да элдиреп, шашып калды.
34
— Алдагы битондогу эмне? — деп шашпай сурады байбиче.
— Бу-бу…— деп мукактана түштү Жоро.— Анан эм-не-е… Сүтүбүз элге бергенден кийин азайып калып ат-пайбы…
— Апендим! — Бурулча байбиче анын колундагы тол¬тура битон сүттү алып, чыгдандын жанына койду да, не¬бересин бооруна кыса кетти. Булоолонгон кызыл тоголок жүзүндөгү чыбырчык терди сөөктүү, арык колу менен сурткон болду. Анан куло да, ичи эзиле да берди. —А, апендим-а, апенди-им!..