Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жаман кошуна

Жаркыраган жай айынын таң заарында күн жылмайып, уйкудан жаңы ойгонгонсуп уясынан жай көтөрүлүп келе жаткан эле. Жапжашыл шибердин үстүнө акак чачып койгонсуп, шүүдүрүмдөр жаркыраган нурларын айланага чачып турган. Жашы он бешке эми караган Текин атасы менен жаңгак багынын түбүндөгү жыгач отургучка отуруп алышып, ушунчалык кереметүү табиятка суктанып отурушкан. Капыстан Текин атасынан: Атаке. Биздин жаныбызда иштеген Мустафа мага сенин кас душманың кошунабыз Хасан Мырза жөнүндө көп нерсе айтып берди. Чоң шаарда сизди көрө албаган жалгыз ошол экен. Досторуңуз ага “жаман кошуна” деп ат коюп алышыптыр. Сиз » ал жөнүңцө бир аз айтып бересизби? Кишинин душманы болгону дүйнөдөгү эң жаман нерсе болсо керек. Кудайга шүгүр, менин душмандарым жок. Жалгыз гана досторум бар. Атасы бир аз ойлонуп туруп: Айланайын балам. Кишинин боорукер эң мыкты достору болушу кудайдын кишиге берген эң чоң бакыт-таалайы. Бирок кишйнин тегерегинде жалаң эле жакшы достору курчап турса, анда ал эч качан чыңцыкты жана туура нерселерди айырмалап көрө албайт. Сени андып турган душманың болсо, дайыма абдан сак жүрөсүң. Мен кедей, колуңца жок бир үй-бүлөдө төрөлгөм. Абдан катаал шарттарда өсүп-чоңойдум. Бирок азыр байлык ичинде жетиштүү жашап жатам. Абдан аракеттенип, эч талыкпай иштегендигим үчүн ушундай турмушка жеттим. Азыр болсо, сени каалаган окууга киргизип, окута алам. Ушулардын баардыгы үчүн “эң начар кошуна” атка конгон ошо кас душманыма карыздармын. Мени таң калып караба. Тамашалап жаткан жерим жок, баардыгы чындык. Өмүрүмдө башымдан өткөндөрдү сага айтып берсем гана мени туура түшүнөт болушуң керек. Ымыркай чагымда ата-энемден ажырап, абам мени боору ооруп багып алыптыр. Ал менин эркиме коюп, дем алыш күндөрү колума акча карматып, көнүлүмү ачып койчу. Кайгыкапасыз, эч нерсе менен ишим жок, эң бактылуу балдардан бири катары чоңойдум. Жоопкерчилик деген эмне экендигин билген эмесмин. Ышкырып ырдап, күңдөрүмдү текке кетирчү элем. Тепкичтерден түшүп-чыгып, каалаган жерде жатып калчумун. Аны-муну кылба деп тыюу салган киши жок эле. Келечек жөнүңдө кымындай да ойлончу эмесмин. Ошентип чоңоюп-жетилип, жигит болдум. Карып калган абамдан кыска мөөнөттүк оорудан кийин ажырадым. Абамдан мага мурас, мүлк катары кичинекей үй жана кымындай дүкөн калган. Калган мурастын аз экени да мени ойлондурбаптыр. Анткени акча эч качан түгөнбөй турган нерсе деп ойлочумун. Досторум менен чогулуп ары-бери басып, ичип-жеп жүрө бериптирмин. Ошол кездерде үйүбүздүн жанында Хасан деген киши жашачу эле. Аны көргөн сайын салам берип, сый көргөзчүмүн. Хасан карыя согушка да катышып, ал тургай шаарда жүргөндө өзүнүн жанын ойлобостон, кичинекей баласы менен өрткө курчалып калган бир аялды куткарган. Ошоңдуктан аким ага арнап атайын кече уюштуруп, анын төшүнө ардак медаль таккан эле. Ошондон кийин Хасан аксакалды көргөнүмдө боорумду топчулап, башымды иер элем. Анын үстүнө кошуна да элек. Убакыт өткөн сайын экөөбүздүн мамилебиз жакындап, катуу достошобуз го деп ойлочумун. Бирок ортобузда мен күткөндөй катуу достук пайда болгон жок. Башынан эле Хасан карыя мага катуу сүйлөп, суук мамиле жасай баштады. Жанымда жүргөн курбуларым Хасан карыя жөнүндө сүйлөшүшүп, аны жамандап, анын мен жөнүндө ар жерде айтып жүргөндөрүн мага сөзмө-сөз айтып беришти. Ал тургай ага “жаман кошуна” деген ат да коюп коюшуптур. Башында буга анча деле көнүл бурган эмесмин. Унчуккан да жокмун. Бирок бир күнү өз кулагым менен угуп калдым. Ал бир досума: Ал жигит мага таптакыр жакпайт. Колунан эч нерсе келбеген жалкоо, тарбиясыз бир бала. Элдин баары жанталашып иштеп жатса, анын бопбош ары-бери басып жүрүшүн эч түшүнбөйм, деп атыптыр. Кошунанын бул айткан сөздөрү башыма бир камчы сыяктуу катуу тийди. Жүрөгүмдүн эң терең жеринен жараланып, сыздаганын сездим. Өзүмчө отуруп алып катуу ойлондум. Чын эле кошунам айткандай колунан иш келбеген, бекерпоз, жалкоомунбу? Жок, жок, туура эмес. Андай дегенге эч кандай акысы жок. Анын туура эмес ойлоп жүргөнүн ага далилдешим керек. Бул мага бир намыс маселеси эле. Болгон аракетим, тырышча^ актыгым менен кошунамды таң калтырып, уялтайын деп чечтим. Күнү-түнү дебей, талыкпай иштей баштадым. Дүкөнүмдү таза кармап, ишими жакшыртыш үчүн күнүмдү түнгө кошуп, ишиме таң атпай баштап, бакчанын отоо чөптөрүн отоп, бактардын бутактарын бутап, тазалап, жашылча-жемиштердин түптөрүн жумшартып, сугара баштадым. Кошунанын курч көк көздөрү тырмактай да туура эмес кыймыл көрбөсүн деп жанталаштым. Бакчамды этият, таза кармап, жакшы карагандыгым жана талыкпай мээнеттенгендигим үчүн бакчамдан мол түпгүм алдым. Күзүндө базарга эң биринчи жашылча жемишти мен алып чыктым. Чөнтөгүмө абдан көп акча түштү. Досторум кечинде мени чакырышып, эс алганы кечелерге алып бара башташты. Таң аткыча карта ойноп, убакытты абдан жайдары өткөрүп жаттык. Муну уккан кошунам мен жөнүндө ойго келгис сөздөрдү айтып: Мен дайыма айтамын. Киши болбойт бул акмак. Убакытын текке кетирген бекерпоз, кумарчы бу. Мунун эси-дарты оюн, ичкилик, кумар. Ошентип жүрсө, келечеги болмок беле, деп жамаңдаптыр. Кошунанын айткаңдарын угуп, кирерге жер таппай калдым. Курбуларым: Бизге кийлигишкидей каңдай акысы бар?деп кошунага аябай жиндери келишти. Бирок кошунамдын айткаңдары туура эле. Унчуккан жокмун, бирок ошол күндөн кийин оозума такыр ичкилик албас болдум. Кечкисин пайдалуу китептерди окуп, бөлмөмдө тынч, чырактын жарыгы менен билимимди өстүрүп отурдум. Ошентип көп нерсе окудум. Саякат китептерин, тарыхый эстеликтер жөнүндө жана абдан көп баалуу китептерди окуп чыгып, көп нерселерди билип алдым. Эч тажабай, зерикпей, анын үстүнө көп нерсе билип алганыма өзүмчө абдан сүйүнүп, кубандым, үнөмдүү жашап жана болгон күчүм менен эч талыкпай иштегеңдигим үчүн көп акча жыйнадым. Дүкөнүмдүн иштери да жакшы болуп, эшигинин кичинекей коңгуроосу тынбай, эртеден кечке шыңгырап турмай болду. Бирок кошунам буга да карабастан, үйүмдүн чатырынын шыйпыры кичине сынып калса, бакчамдагы буурчактарым ийилип калса же бактардын бутактары араланып, тегизделбей калса эле болду, мени дароо жамандап кирчү. Убакыт өткөн сайын бул карыган, тежик кошунага көнүп калдым. Мени сынаганына, андыганына, бакырып-кыйкырганына көнүл бурчу эмесмин. Ал көргөн кымындай кемчилик болсун ондоого тырышчумун. Мени кордоп, кемсинткенине чыдай бердим. Анткени айткандарынын баары мага жакшылык алып келчү. Сен төрөлгөн жылы карган кошунам өлүп калды. Сексен беште эле. Анын өлгөнүн угуп, дүкөнүмдүн бир бурчуна отуруп алып жаш баладай өксөп ыйладым. Мал-мүлкүн бир кайрым коомуна багаштаптыр. Бир сүрөтүн сатып алып, дүкөнүмдүн бир бурчуна илип койдум. Текин таң калып, атасына карап: Ии, билдим. Алиги дубалдагы маңцайы жазы, кишини теңсинбеген көз карашы бар сүрөт ошол “жаман кошунабыздыкы” турбайбы ээ? Ооба, балам. Ал сүрөт мен анын кең пейил жүрөгүн тааный электеги, жаш кезиндеги сүрөтү. Текин унчукпай ойлонуп отуруп: Ата, сенин жакшы душманынды абдан жактырдым. Кудай аны бейишке чыгарсын, деди. Күн төбөгө көтөрүлүп калган эле. Жерге очойгон жаңгак дарагынын көлөкөсү түшүп, куштар мармар көлчүктүн чекесинде чыйпылдап жатышты.


Кыргыз