Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Сыйкырдуу шакек

Бир жаш дыйкан күнү бою иштеп, аябай чарчаган эле. Чекесинен чыпылдаган терин аарчып, бир аз дем алып алуу үчүн отура кетти. Капысынан эле бир эргежээл чыга калып ага: Эй, дейт, бүгүн күнү бою тынбай иштедиң, бирок тапкан эч нерсең жок. Ак ниеттүү, намыстуу, жардам бергенди сүйгөн бир кишисиң. Ошон үчүн сага жардам бергим келди. Эки күн күнгө карай жүрүп отурсаң, мандайындан башка дарактарга караганда сөөлөттүү, чоң бир дарак чыгат. Аны кессең, сага бакыттын эшиги ачылат. Жакыр дыйкан муну угар замат балтасын мойнуна асып алып, дароо жолго түшөт. Эки күндөн кийин сөөлөттүү бир карагайды көрөт. Балтасын ала коюп, бир топ алышкандан кийин баягы карагайды кесет. Бул арада дарактын чокусунан ичинде эки жумурткасы бар бир уя жерге кулап түшөт. Жумурткалар бир аз тоголонуп барып жарылып жатып калышат. Бирөөнүн ичинен бир бүркүттүн балапаны, беркисинен болсо, бир алтын шакек чыгат. Бүркүт дароо эле чоңоё баштап, опол тоодой бир бүркүт болуп калат. Уча тургандай комдонуп, канаттарын каккылап, анан жигитке: Эй, адам баласы, дейт, сен мени куткардың. Сага болгон милдетимден кутулуу үчүн сага ушул шакекти берейин. Бул бир сыйкырдуу шакек. Шакекти бармагыңа кийип айлантсаң, каалаган нерсең орундалат. Бирок шакектен өмүрүң боюнча жалгыз гана бир нерсе сурана аласың. Каалаганынды орундаткан соң шакек сыйкырын жоготуп, жөнөкөй эле бир шакек болуп калат. Ошон үчүн тилегинди жакшылап ойлонуп туруп, анан сүйлө, кийин өкүнүп калбагандай бол. Буларды айткан соң, бүркүт асманга атылып чыгып, дыйкандын төбөсүндө саамга айланып тургаңдан кийин учуп көздон кайым болуптур. Дыйкан шакекти алып, колунатагып, кудуңдаган бойдон үйүн карай жөнөйт. Кеч кирейин деп калганда бир шаарга барат. Текчелеринде түркүн-түркүн шакектер ти.илген бир зергер дүкөнүн көрөт. Ичкери кирип, зергерге алтын шакекти көргөзүп, канчага бааларын сурайт. Зергер шакекти айлантып карап, кекирейип туруп: Болсо болсо, эки алтын араң болот… дейт. Каткырып күлгөн дыйкан бул шакектин сыйкырлуу экенин, баасынын бьшьшышы эч мүмкүн эмес экенин айтат. Зергер кара мүртөз, айлакер киши экен. Дыйкандын айтып бергеңдерин уккан соң, көздөрү чанагынан чыгып кете жаздап, ичи күйүп чыгат. Жылуу сөздөр айтып, дыйканды дароо үйүнө конокко чакыра баштайт. Сиз сыяктуу барктуу, жолдуу бир кишини үйүмдө коноктосом, балким менин да жолум ачылат. Бүгүн меникине кечинде келип конок болуп кетиңиз, дейт. Дыйкан мындай жылуу мамилеге ичи жьшып, чакырууну кабыл алат. Экөө чогуу зергердин үйүнө барышат. Зергер дыйканга укмуштай даамдуу тамактарды жасап, ичимдиктер ичирип, аябай катуу сыйлайт. Дыйкан уктап калган соң, зергер бутунун башы менен басып келип, дыйкандын колунан баягы шакекти чыгарып алып, ордуна дал эле ошндой башка жөнөкөй шакек тагып коет. Эртеси эртең менен күн чыга электе зергер дыйкан жаткан бөлмөгө кирип: Эй, досум, ойгонбойсуңбу. Бара турган жолуң алыс, эртерээк туруп кетсең жакшы болот, дейт. Дыйкан туруп алып, үрүл-бүрүлдө жолго чыгат. Дыйкан алыстар замат зергер дароо дүкөнүн карай жүгүрүп, эч ким көрбөсүн деп эшик, терезесин жаап, өзү бир отургучка отуруп алып шакекти колуна тагып, айландырып: Жүз миң алтыным болсун, деп тилек кылат. Тилегин айтып бүтө электе эле асмандан алтын жаай баштаптыр. Алтындар зергердин башына, жонуна, ийиндерине, колдоруна түшүп, ачыштырып, оорута баштайт. Зергер жан талашып ары-бери чуркап, өзү мыктап бекиткен эшикти ача албай коёт. Башы-көзүнүн баары жарылып, эси ооп жерге жыгылып түшөт. Бирок алтын токтобой жаай берет, жаай берет. Дүкөндүн ичине жааган алтын жамгыры аягында зергерди көөмп калат. Байкуш зергер миндеген алтыңцын оордугун көтөрө албай өлүп кетиптир. Анын бакырыгын уккан коңшулары келип, эшикти ачып киргенде, зергердин алтыңцын алдында калып өлгөнүн көрүшүп: Алтындын мынчалык көп болушу жамандыкка алып барат. Ашыкча нерсе ар дайым балакет алып келет, дешиптир. Зергердин жакындары болбогону үчүн, алтындарды коңшулары өз ара бөлүшүп алышат. Ак көнүл дыйкан болсо чечекейи чеч болуп үйүнө барып, шакекти аялына көргөзүп: Муну көрдүңбү, сүйүктүү жубайым, дейт. Мындан ары каалаган нерсеңе ээ боло аласың. Башыбызга бакыт кушу коңцу. Бир тилек тилегенден мурун жакшылап ойлонуубуз керек. Аялы болсо анча ойлонуп отурбай эле: Бизге жерден башка эмне керек болмок эле, жерибиз аз, биздин талаалардын арасында үч бурчтук бир жер бар. Ошону тилебейлиби. Жок-жок, дептир дыйкан, бир жыл катуу иштесек, кудай ишибизди да оң кетирсе, ал жерди акчага деле сатып алабыз. Эрди-катын чымырканып бир жыл иштеген соң, түшүмдөрү да жакшы болуп, эгинин сатып, баягы талааны сатып алышат. Ал түгүл акчалары ашып да калат. Дыйкан: Көрдүңбү, дептир аялына. Талааны мандай терибиз менен алдык. Шакектен эч нерсе тилебедик. Аялы анда: Кел эмесе, шакектен бир ат, бир уй тилейли. Дыйкан чёнтогүндөгү акчаларды шыңгыратып: Ушундай болор-болбос тилекти эмнеге шакектен тилемек члск. Талааны кандай иштеп тапкан болсок, ат менен уйду деле ошондой алабыз. Айткандай эле бир жыл жанталашып иштешкен соң, уйду да, атты да сатып алышыптыр. Дыйкан сүйүнгөнүнөн колдорун ушалап: Шакектен алигиче тилек тилей элекпиз. Өз кучүбүз, маңдий терибиз менен каалаганыбызды сатып алдык. Кандай бактылуубуз… Аял кабагын чытып, күйөөсүн шакектен бир тилек тиле деп кыйнай баштайт. Сен абдан өзгөрдүң. Мурун арманынды айтып эле кудайтилек тилеп отурчу элең. Азыр болсо баары колунда. Ага карабай жанынды үрөп иштейсиң эле иштейсиң, чарчап деле бүттүң. Жаның жай тапкан өндүүсүң. Убакыт деген өтүп бара жатат. Эмгиче король, падышадаболо алмаксың. Кааласаң, кеңирсиген талааларга, мармар сарайларга, толгон-токой алтын-күмүштөргө ээ болмокпуз. Сен болсо, эмне тилеринди билбей,. дагы эле делдиреп жүрөсүң, дегенде дыйкан: Кудай үчүн жаагынды бас. Биз али жашпыз. Дагы узун омүр жашайбыз. Шакектен тилек тилесек, анын андан ары мааниси калбайт, сыйкырын жоготот. Бир күн кыйын күндө калбай турганыбызды кайдан билесиң. Турмуш бизди кандай күнгө туш кыларын ким билет. Азыр эмне кемчилибиз бар? Шакектүү болгондон бери кандай сонун нерселерге ээ болдук, кошуналардын ооздору ачылып эле калды. Баары таң калып эле бизди карап атышат. Мээнди бир аз иштетсең! Ошентип дыйкан аялынын оозун жап кылып, ал экинчи шакек тууралуу сөз кылбас болду. Чынында эле шакек акжолтой болуп, кырмаңдары, амбарлары жыл өткөн сайын эгинге толчу болуптур. Жыддар өтүп, баягы кембагал дыйкан абдан байыптыр. Бирок дагы эле тытынып иштеп, жарды-жалчыларга жардам берип, кечкисин үйүнүн алдына отуруп алып, келген-кеткен менен саламдашат. Жылдар ошентип билинбей өтө бериптир. Кез-кез эрди-катын жалгыз калган кезде, аялы шакекти эске салып, бир тилек тилөөсүн сурап калчу. Бирок дыйкан азырынча бир тилек тилөөнүн маалы келбегенин айтып, аялын жооткотуп коёр эле. Кээде ал бармагындагы шакекти тегеретип, бирок ошол учурда эч кандай тилек тилечү эмес. Арадан отуз-кырк жыл өтөт. Дыйкан аялы экөө тең карышат. Чачтары агарат. Шакектен эч бир тилек тилешпейт. Бир күн ажалдары жетет. Машакаттуу, бирок намыстуу бир жашоо жашаган дыйкан менен аялы акырында дүйнө менен кош айтышат. Табыттарынын башында бала-бакырасы, неберелери ыйлап-сыктап аза күтүшөт. Неберелеринен бири чоң атасынын колундагы шакекти чыгарып алуу керек экенин айтканда, башкалары каршы чыгышып: Чоң атабыз бул шакекке өтө маани берчү. Кыязы бул шакекте биз билбеген бир сыр бар болсо керек эле. Балким унута алгыс бир эстеликтир. Чоң энебиз да шакекти көп карап калчу. Менимче, ал үйлөнгөңдөрүнүн алгачкы жылдарында чоң атама белек кылып берсе керек. Акжолтой шакек ошентип карьш дыйкан менен кошо көмүлдү. Жаман-жакшы нерселер кишилерге жараша болот турбайбы. Жакшы кишилерге туш болгон барксыз буюмдар да барктанып, жаман кишилердин колуна туш болгон жакшы буюмдардан да артык пайда келтирет экен. Ач көз, митайым зергерге алтын шакек жамандык алып келген жокпу?


Кыргыз