Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Өлгөн адилеттик

Илгери-илгери өткөн заманда абдан ач көз, таш боор бир феодал жашаптыр. Оюна келгенин жасап, элди тоночу экен. Күндөрдүн биринде аты менен келе жатып абдан кооз, чоң чарбакка туш болот да, анын чондугун, кооздугун көрүп абдан ичи күйүп, дарбазанын мандайында турган чарбак ээси менен учурашып, атынан түшүп, ага мындай дейт: Бул чарбагынды мага сатсаң, баасын көбүрөөк кылып төлөп берем. Чарбак ээси ойлонбой туруп эле: Улуу урматтуум. Чарбакты сатайын деген дегеле ниетим жок. Ата-бабаларым бул жерде жашашкан, мендагы өмүрүмдүн акыркы күндөрүн бул жерде жашап өткөргүм келет. Бул чарбакты сизге сата албайм, андай болушу эч мүмкүн эмес. Эртең эртең мененкиге чейин сага убакыт берем. Жакшылап ойлон, деп феодал атына минип, жөнөп кетет. Чарбагынын оозунда турган чарбактын ээси башын чайкап: Болбойт. Сатпайм чарбагымды.-дейт. Феодал эртеси эртең менен эрте дарбазага келип, аттан түшпөйтуруп: Ии… ойлондуңбу?дейт. Анда чарбактын ээси: Жообум кечээкидей эле. Чарбагымды сатпайм,-десе, тигинин жини абдан келип, каарданып: Дагы бир жолу сурап жатам. Жакшы айтканды түшүнсөң, сатасың. Же болбосо, мен билем каңцай алыштыдейт, каардаиып. Чарбак ээси кайра эле башын чайкап: Сатпаймдеп туруп алат. Ачуусу келген феодал адвокатына айтып, толтура акча берип, чарбак ээсине каршы иш козгойт. Ал эми соттор феодалдын чириген бай экенин, эгер чарбактын ээсине каршы иш козгоп, феодалга жардам беришсе, ал аларга көп акча берерин билишкен. Ошондуктан чарбак ээсин сотко чакырып, чарба1ын сатып сатпай тургандыгын сурашат.

Чарбак ээси такыр бербей жок десе, феодалдын ага каршы бир иш козгой тургаңцыгын айтышат. Алардын айтканына карабай, чарбак ээси өз айтканынан такыр кайтпайт. Феодалдын адвакаты абдан куу киши болот. Чарбак ээсине каршы иш козголуп, ага абдан оор жаза кесишет. Ошентип байкуш чарбак ээси чарбагын сатууга аргасыз болот. Сотко карыздарын төлөгөндөн кийин колуңца болгону жүз алтын калат да, ал сотторго жалынып-жалбарып: Эгер бул дүйнөдө адилеттик калбай калса, аркы дүйнөдө кудайым силерди суракка алат-десе, соттор шылдындап күлүшүп, алардын бирөө мындай дейт: Адилеттиктин өлгөнүнө көп болгон. Сага эч ким жардам бербейт. Ошентип чарбак ээси ыйлаган бойдон соттон чыгып, шаарда жакшы тааныган попко барып, башынан өткөндү айтып берет. Азыр жүз эле алтыным калды. Бардыгын сага берем. Адилеттиктин өлгөнү үчүн чиркөөнүн коңгуроосун кечке как. Поп акчаны алып, кызматчысы менен чиркөөнүн башына чыгып, коңгуроолордун баарын күндөгүдөн башкачараак, кечке каккылай башташат. Шаардын эли чогулуп бири-бирине: Ким өлдү болду экен, коңгуроолордун бардыгы бир маалда кагылып жатат. Ушу чондордон бирөө өлгөн окшойт, дешет. Шаарда эч ким өлгөн кишини тааныбаганы, же ал жөнүндө такыр угушпаганы үчүн, элдин бардыгы кызыгып көчөгө чыгып чогулушат. Ошентип коңгуроолордун үнү королго чейин жетет. Король да кызыгып, адамдарын жиберип, кимдин өлгөнүн сураштырып келгиле, дейт. Бирок эч ким эч нерсе укпайт, билбейт экен.

Аягында попко келишет, ал мындай дейт: Адилеттик өлүптүр. Коңгуроолор адилеттикти көмүш үчүн кагылып жатат. Поптун айткаңцары королго жетип, ал угуп алып каарданып, ачуусу келип: Менин өлкөмдө адилеттик өлбөйт. Кээде эле уктап калбаса. Мен аны кайра ойготом. Дароо попту чакыртып, шаардын бүтүн коңгуроолорун кимдин кактырганын сурайт. Поп: Сизге чын дили менен берилген Ханс деген жердешиңиз. Мурун бейпил жашаган бир чарбагы бар болчу. Король тез арада Хансты таптыртып, сарайга алып келтирип, сурайт. Дыйкан болгонун болгоңцой, чарбагын кантип алдырып жибергенин, ошентип адилеттиктин өлгөнүн айтат. Король угуп алып, абдан капа болот. Дыйканга чарбасын, мал-мүлкүн кайтартып бердиртет да, ач көз феодалды, куу адвокатты жана пара жеген сотторду өлүм жазасына тартат. Баарын коңгуроого окшоштуруп даргага асат. Ошентип, ошол замандан бери адилеттик жашап жатат. Эгер бир күнү өлө турган болсо, коңгуроолор кайрадан кагылат.


Кыргыз