Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Күзөттө

Жалаң гана стипендия менен жашоо кыйын, албетте, бирок студенттик турмуш дегени ушунусу менен кызык экен. Үчүнчү семестрде абдан оор абалга дуушар болдум: экзамендерден алган бааларымдын баары үчтөн өйдө көтөрүлбөй, стипендияга жете албадым. Каникулда айылга барганымда бул тууралуу эч кимге ооз ачпастан, ата-энемдин берген эки жүз сомунун тең жарымын гана алып келген элем. Анын да жарымы жолкаржыга чыгымдалды. Чөнтөгүмдө элүү сом эле калды. Күн сайын бир сомдон тамак ичкенимде да, бир айдан ашыгыраак күнгө араң жетчүдөй. Андан арычы? Кимге зарыгам? Жо-жок, бир ылаажын ойлоп табышым керек. Антпесем окуума да тоскоол болчудай.

Күн сайын ойлоном, күн сайын кам санайм. Үйдөн акча сураганда эмне? Карыган ата-энемдин деле абалдары начар; пенсия менен гана жашап жатышат. Ишенген-таянгандарынын бири мен болсом, минтип окуп жүрбөймбү.
Акыры, кудай жалгап бир сонун иш таптым: шаардагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн бирине күзөтчү болуп жумушка орноштум. Маянасы да жаман эмес экен — 75 сом. Менин бактыма дүкөндө иштеген сатуучулар жакшы аялдар экен. Биринчи күзөткө келген күнү жылуу-жумшак сөз сүйлөшүп, жайдары күтүп алышты.
Биринчи күзөт. Айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Кичинекен күзөтканада өзүм жалгыз олтурган элем, кимдир бирөө эшикти акырын чертип, жасалма жөтөлүп койду. Дарчеден шыкалап карасам, орто бой-этуу, таза кийинип алган бир жаш киши туруптур. Сыртынан шыпаналарга окшобойт. Илмекти көтөрүп, эшикти кыя ачтым.
— Келиңиз, — дедим ага чочуркап жатып.
—: Рахмат, мен шашылышмын. Үйдө конок бар. Баягыдан бир-экини сурап келген элем, — деди ал жалынычтуу жылмайып. Ыра£’ын айтсам, эч нерсеге түшүнгөн жокмун.
— А, кечиресиз, мен… — оозума талкан салгандай алаңдап калдым. Кишинин ыраңы дароо өчүп, колунан дарбызы түшүп кеткендей сумсайды.
— Сиз менден чочубай эле коюңуз. Ашыгы менен төлөйм…
Мен дагы эле эч нерсеге баамым жетпей ойлонуп калганымда, ал нааразы болгон таризде башын оор чайкады.
— Он сомго да ыраазы болбосоңуз… Ынсабыңыз жок экен. Кошунуз. — Ал ачуусунан эшикти тарс жаап, жаалданган бойдон сыртка чыгып кетти. Кептин төркүнүн жакшылап сураганга да үлгүрбөй, айраң-таң боло олтуруп кала бердим.
Ушундан көп убакыт өтпөй дагы эки жаш жигит келип, эшикти акырын чертишти. Окуп турган лекция дептеримди жаап салып, илмекти көтөрдүм.
—Охо, кароолчубуз жаңы болгонбу? — деди үрпөк чач жигит,— Саламатсызбы?
—Келиңиздер, — дедим мүмкүн болушунча өзүмдү сылык кармоого аракеттенип. — Олтуруңуздар…
—Жок, рахмат. Чоло жоктугунан шаар аралабай сизге келген элек. — Үрпөк чач эки жагын элеңдеп, артынан бирөө аңдып тургандай акырын сүйлөдү. — Бизге жанагыдан керек, эгер болсо, үчтү…
Мен чекемди кашыланып, түзүк сөз да сүйлөөгө чамам жетпеди.
—Ха-ха-ха, бошоң жигит окшойсуң. Тиги дүкөнчүлөруң сага эч нерсе калтырышкан жокпу?
—Жок… Эмнени?..
—Ээ, бая эле ушинтпейсиңби анан, келжиребей? — Экөө тең мыскылдап күлүштү. — Өтө эле эби жок, мокок жигит экенсиң, дос.
—Ии, эмне үчүн?
Менин сөзүмө кулак да салышпай, экөө тең сыртка чыгып кетишти. Мен аябай жиним келгендиктен чыракты шарт өчүрүп салдым да, бурчка жөлөнгөн бойдон терең ойго баттым. Кимдир бирөөлөр улам-улам дүкөндүн алдына келишип, өзүлөрүнчө күбүрешкөнү даана угулуп жатты:
— Кароолчу жок окшойт.
— Кеттик анда, тиги гастрономдукуна барабыз. Ошондон табылат. Түнкү саат үчкө чейин дүкөндүн айланасынан адамдардын күбүр-шыбырлары угулуп турду. Анан оо бир оокумда милициянын жеңил машинасы келип, үстөккө-босток сигнал чалды. Мен бурчтан атырылып туруп, сыртка чыктым.
— Абалыңыз кандай? — Сурады рулда олтурган милиционер эшикти кыя ачып…
— Жакшы эле. бирок, чоочун адамдар тынчымды алышты, — дедим арызданып.
— Өзүңөр ушинтип үйрөтуп алгансыңар… — Милиционер тескерисинче мага ачууланды. — Башынан жаман үйрөтүп алып, эми кутула албай жүрөсүңөрбү?

Мен күнөөлүү адамдай жер тиктеп, унчукпан турдум.
— Күзөтканада эч нерсе жокпу? — Зекип сурады ал.
— Жок, өзүм эле…
— Смотри, кармалып жүрбө дагы.
Машина ордунан козголду. Мен кыжалат болуп калдым. «Жаман иш турбайбы, мунусу. Ар кимден сөз угуп жүрө берет экенмин да…»
Таң аткандан кийин дүкөн башчысын күнөөсү «Жигули» менен алып келип түшүрдү. Аял менин ал-ахвалымды астейдил сурады. Аңан мен аны менен коштошуп, жатаканага жөнөп кеттим.
Арадан эки күн өткөн соң, кайра күзөткө келдим. Сатуучу аялдар мени чыдамсыздык менен күтүп турушкан экен.
— Мындан ары бир саат эрте келип жүргүн, — деди башчы аял. — Өзүң студент болсоң, ысык тамак ичип алсаң жаман болбос. Бизде колбаса, нан, лимонад, айтор каалаган нерсенин баары бар. Ал түгүл ысык чай да кайнатып иче аласың мындан. Уялба, оокаттын уяты бар беле? Сенден эч нерсе аябайбыз.
Анан мени ичкер жакка ээрчитип киришти.
— Эми бир сунуш бар, — деди башчы аял менин курсагымды той-гузуп койгон соң,— эгер сен макул болсоң. Болбосоң, аны өзүң бил.
— Кандай сунуш?
— Ушу жетимиш беш сом эмнеге жетсин, иним. Андан көрө кечиндекөп эмес, эки ящик аракты алып калгын да, ар бир бөтөлкөсүн он беш сомдон сат. Арактан ашыкча түшкөн акчаны экөөбүз бөлүп алабыз, макулбу? Өзүң да ойлоп көргүн. Бул абдан «пайдалуу» кеңеш.
— Эже, кокус балээ басып, — акырын үн каттым, — окуума залалы тийсечи?
Ушуну айтар замат аялдын бетинен каны качты.
— Ай, ушу жетимиш беш сом үчүн эле саргайып жүрө бересиңби?
— Мага ушунусу да жетишет, эже. Ал түгүл кырк сомдук стипе-диямды да айдан айга жеткиргенмин…
Кийинки күзөткө келген күндөрү сатуучу аялдар мага мурдагыдай боорукер, жумшак мамиле кылышпады. Бирок, мен буга анчейин маани берген жокмун.
Арадан туура эки жума өткөндөн кийин, күзөткө келсем, дүкөндүн каалгасында: «Ревизия» деген жазуусу бар калың кагаз илинип туруптур. «Ичкери кирсемби же кирбей эле сыртта турсамбы» деп жатканым-да башчы аял чуркап чыга калды да, мага аянычтуу тиктеп, акырын сүйлөдү:
— Айланайын иним, эгер тергөөчү сенден сурап калгыдай болсо, өгүнү айткандарымды оозуңдан чыгара көрбө. Аман-эсен кутулуп кетчү болсом, ыраазы кылам. Сураныч… Тобо, аялдын ыраңы дубалдай бозоруп, көздөрү кабагына бата түшүптүр. Мен жүзүнөн каны качып, бир-эки күндүн ичинде эти-башы шылынган бул аялга суроолуу тиктеп кала бердим…

Аңгемелер жыйнагы. Мирзохалим Каримов, bizdin.kg


Кыргыз