Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эшигинен эмес, тешигинен

Элетте жашаган айрыкча мага окшогондорго кыйын тура. Үй-бүлөдө он төрт жан жашайбыз. Балдарым али короого чырпык да көтөрүп келе алышпайт: бардыгы жаш наристелер. Ушул себептен он төрт жандын баарын.бир өзүм багам. Кайын энем бечаранын жыйырма сом пенсиясы өзүнөн ашпайт. Иши кылып, туугандар, ишенсеңиздер, бир кап ун бир айга жетпейт. Кудайдын куттуу күнү дүкөндүн алдында сагалап жүргөнүмдү сиздерге төкпөн-чачпай айтып берчү болсом, бул өзүнчө эле бир роман. Бечара аялым да каржалып бүттү. Күн сайын «ай, ун жок, дүкөнгө жөнө» деп зыкылдаганы зыкылдаган.

Эмне кылышымды билбей, ары басып. бери басып, күндү кеч киргизем да, үйгө куру кол кайтып келем. Ал кайра үйдөн кууп чыгат. Анан айлам куруп, айылыбыздагы көзгө сүртөр дүкөндүн алдына сурамчы-тилемчилердей темселеп келем. Ооба, менин ал сурамчылардан бир гана айырмам бар: аларда акча жок болсо, менин колумда бир эмес, он кап унга ылайык пулум бар…
Кылмышкерден беш бетер башымды төмөн салып, дүкөндүн ичине кирип барганымда сатуучубуз Сасыкбайдын өңү адаттагыдай эле чаарлана түшөт. Ылаажын тапса, тетиги витринадагы чалгылардын бири менен башымды чымчыктыкындай кылып кесип таштагысы келет. Бирок мыйзамдан коркот.
—Сизге гап бовар’ эмес турвайвы, — деп заарын чачат Сасыкбай. — Ун жок, аксакал!
—Өткөндө бир машина алып келбедиңби? Эми укам, инилериңди аягын… — дейм жалдырап.
—Тажикчесине да, кыргызчасына да түшүнбөсөңбүз, кантейин? Эми орусча айтайынбы? Пщеница нету! Түшүндүңүзбү?
—«Пешенесаңды» мен кайдан билейин? Бир кап ун…
—Ал кункү келген ундардын ээси бар эле! — Жинденет ал. — Мен аны башкага…
Оозум кургап, кайра сыртка чыгам сумсайын, Унсуз келген эрдин аялыма эмне кереги бар экенин ойлойм. Бир күнү аялым:
— Ай, чал, дүкөнгө жөнө. Ун келген имиш! — деди аптыгып. Жүгүрүп келсем, дүкөндүн ичине киши батпайт. Ун алгандар улам үйлөрүнө ташып жатышыптыр. Мен эл катары кезек алдым. Сасыкбай улам-улам искалатига кирип кетти. А биз болсо төрт кара гөрдөй карыя аны күтөбүз. Бирдеңке деп кыйкырып көргүнчү, төбөңдү оё чапкандан да кайтпайт. Кийин ун да, бир тоголок кант да, өлүмтүгүңө бир метр кепиндик да алалбайсың андан. Кыскасы, иш чатагына айланат.
Кыйладан кийин Сасыкбайдын карааны пайда болду:
—Убара болуп турбагыла, ун жок, — деди ал.
—Кызык, ушу 50-60 каптын баарын сатып бүттүңбү? — Кыжаалаттанды жанымдагы ак сакал киши
— Ишенбейсиздерби? Жүрүңүздөр анда искалатка, — ал бизди алдына салып, складка түрткүлөп киргизди.
— Көрдүнүздөрбү? — Сасыкбай складдын ичин көрсөттү. Чын эле бир кап да ун калбаптыр. Сумсайып үйгө келдим.
— Ун кана? — Сурады аялым таң калып.
— Түгөнүп калыптыр…
— Анда, бүгүн, эртең, бүрсүкүнгө ылайык ун калды. Анан оозуңду ачып турасың. Көп селейбестен бир ылажысын тапкын.
— Макул…

Түнү такыр уктай албадым. Кудум балдарым ачтан өзөрүп ыйлап жаткандай, кулагым шуу этет. Тамагымдан бир тамчы суу өтпөйт. Үйүндө жаткан Сасыкбайдын жети атасын ашата тилдеп какшадым.
Бүгүн акыркы күн: үйүбүздө ун түгөнөт. Он бир наристе сүт жыттанган ооздорун ачып, нан дешет. Ии, баягы күн кайталанат. Менин кыйынчылыгым. Сасыкбайдын таш боордугу менен алардын иши эмне, «нана» дегенден бөтөн. А Сасыкбай болсо… Келген ундун жок дегенде бир эле кабын коюп койсо, эмнеси кемийт?! Мурда ар бир кабына 12 сомдун ордуна 15 сом алып жүрсө, мен 20 эле сомдон берер элем. Ии, токточу, мына ушуну эч ойлобоптурмун. Эми ачык айтып сүйлөшпөсөм болбойт.
Түшкө жуук дүкөнгө келсем, Сасыкбай өзү жалгыз турган экен.
— Эгер капа болбосоң, сага бир сөз айтайын. — дедим анын жанына жакыныраак олтуруп.
— Ии, айтыңызчы? — деди ал кулагы тикчие түшүп.
—Ушу биздин 14 жан жашай турганыбызды. турмушубуз оор экеинин өзүн беш колдой билип туруп.?.
—Ошонун баарына мен күнөөлүмүнбү? Буга женем айыптуу, жыл сайын эле төрөй берген. Эмне кереги бар? Эми минтип багалбай…
Мен Сасыкбайга каршы чыга албадым.
—Макул болсоң 20 эле сомдон алгын да…
—Болуптур, — деди ал тирилип, — бирок, эч кимге айтпайсыз.
—Жо-жок, аны ойлобо…
— Жүрүнүз. — Ал ордунан туруп, жол баштады. Складка кирип, ящиктердин астында жыйылып жаткан 50 килограммдык ундарды көрсөттү. — Канча каалайсыз?
— Он кап.
— Жарайт, бирок, муну алдагы эшиктен эмес. моорекн жактан алып чыгып, түндө ташыйсыз, — деп дүкөндүн арт жагындагы каалганы көрсөттү. Акчасын баягы келишим боюнча кылдат санап алды да түнкү саат экилерде улоочон келиңиз деп түшүндүрдү. Бул жолу үйгө кубанычтуу кирдим. Аялым да ушуну күтүп турган экен.
— Иштер беш кемпир! — дедим. — Он кап ун таптык.
— Ыраспы?!
— Ооба, бүтүн түн ичинде ташып келебиз.
— Азырчы? — Таңданды аялым.
— Жок, бирөө көрбөсүн деди. Сага бир аз ачууланды.
— Ии, мен эмне кылып коюпмун ага?
— Азыраак төрөсө болбос беле деп…
— А, өлүгүңдү көрөйүн сасыган Сасыкбай!

Ошентип туугандар, ашыгым алчы түштү, түн жамынып, он кап унду дүкөндүн эшигинен эмес, арткы каалгасынан көтөрүп чыгып, үйгө жеткирдим. Бирок, бир айлык маянамды Сасыкбайга чайпулу кыл деп ашыкчасы менен бергеним тууралуу аялыма билдирбедим. Эгер ал билсе, анда бир чоң жаңжал башталарын беш колдой билип турам. Ошондуктан сиздерден да суранарым — менин айткандарымды эч кимге айта көрбөнүздөр…


Кыргыз