Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Чеберчиликтин баркы

Кудайым жаткан жерин жай кылсын, раматылык чоң энем бизге ар дайым кишинин пайдалуу иштер жасашы керек экенин айтчу. Ар дайым тамакка отурганыбызда мага: Ар бир киши жыгачтан болобу, темирден болобу же башка нерседен болобу, өз колу менен адамзатка пайдалуу бир иш жасоосу керек, дээр эле. Дүйнөдө жаш жигиттин ак мээнети менен бир чеберчилик үйрөнүп, пайдалуу бир эмгек калтырганынан артык нерсе жок. Ушундай өнөрүң барбы, айтчы? Жөнөкөй бир үстөл, же бир отургуч, же бир табак, эң эле болбогоңдо кофе чөйчөгүн жасай аласыңбы? Колуңдан келген бир өнөр барбы, балам? деп, жемелүү көз карашы менен тиктеп калар эле. Билем, баары сени жазуучу деп эсептейт. Бир нерселерди чийгилеп эле жатасың, түшүнүп турам, балким бир жазуучусуң, бирок колуңдан келгени, үйдү тамекинин түтүнүнө толтургандан башка эч нерсе эмес. Менин оюмча ишке жарай турган, көзгө басар, колдонула турган нерсе жасашың керек, бул өтө маанилүү, балам. Сага бир жомок айтып берейинби. Илгери Иран ханынын бир баласы бар экен.

Сүйүү деген ушундай болот турбайбы, ал бала бир кедей чабандын кызына ашык болуп калыптыр. Атасына келип: Ата, мен бир чабандын кызын жакшы көрүп калдым. Ошол кыз менен баш кошоюн дедим эле, дейт. Атасы каарданып: Ошондой да болобу, балам? Сен хаңдын баласысың. Мен өлсөм, тактыма сен отурасың. Чабандын кызы сарайга кантип жарашсын? Хандын баласы болбой, атасына жалбарып: Айланайын атаке, мен ал кызды абдан жакшы көрөм. Эгер ага үйлөнбөсөм, өлөм деп, атасынын кулагын жейт. Атасы баласын кыя албай: Мейли, балам, жуучу жиберип, кызды суратайын дейт. Ошентип, вазирин кызга жуучу кылып жиберет. Вазири кызга барып, хандын уулу аны сүйгөнүн жана ага үйлөнгүсү келгенин айтат. Анда чабандын кызы: Макул. Хандын уулу эмне иш кылат?-десе, вазир чочуп кетет: Хаңцын уулубу? Бул каңцай суроо? Хандын уулун да эмне иш кылат деп сурачу беле? Хандын уулу кайдан иштесин! дейт. Жок, дептир кыз. Хандын баласы болсо да, бир чеберчиликти үйрөнүшү керек. Мен колунан эч нерсе келбеген бирөөда, хандын баласы болсо да, турмушка чыга албайм. Вазир башын жерге салып, ханга кайтат. Ага кыздын айткандарын айтып берет. Анда хан баласын чакырып: Эгер сен ал кызды ошондой эле катуу сүйсөң, бир чеберчилик үйрөн же ал сүйүүдөн баш тарт, дейт. Анда уулу: “Мейли, мен анда бойро токуганды үйрөнөйүн”, дейт экен.

Айлар бою чарчабай, тажабай аракет, көңүл коюп, бойро токуганды үйрөнө баштайт. Барган сайын чеберчилиги артат. Кооз оймолорду жаратып, түрдүү-түрдүү түстөргө боёп, кооз бойролорду токуйт. Чеберчилиги өскөңцөн кийин вазирди кайра жуучу кылып, колуна бойро берип кызга жиберишет. Вазир кызга барып “мына” деп хандын уулунун токуган бойролорун көргөзөт. Чабандын кызы, өрүлгөн бойролорду көрүп, абдан кубанып, сунушуна макул болот. Ошентип кыз келин болуп сарайга барат. Күндөрдүн биринде хандын баласы көчөдө сейилдеп басып жүрсө, бир кербен сарай учурайт. Сарайдын ичи таза, эшик болсо ысык болот, күндүн ысыгына чыдабай, ошол сарайга кирип, бир бурчка отурат. Бирок ал сарай ууру, каракчылардын сарайы экен. Алар сарайга киргендерди каршылык кылууга мүмкүнчүлүк бербей, шап кармап, зынданга ыргытышчу экен. Көзүн кан баскан каракчылардын дагы мындай бир салты бар болчу. Колго түшкөндөрдүн семиздерин өлтүрүп, арыктарына жедиришчү. Хаңцын баласы арык болгонунан тирүү калыптыр. Күндөрдүн бириңде хандын баласы каракчыларга: “Мен сонун-сонун бойролорду токуйм. Бул бойролор абдан кымбат турат. Мага бир аз камыш, анан үстөлүмө чырак берсеңиздер, сиздерге эң коозбойролорду токуп берейин,-дейт. Каракчылар баланы угуп, айтканын кылышат.

Арадан үч күн өтпөй бала түрдүү-түрдүү, кооз бойролорду токуп берет да: “Бул бойролорду алып, Иран ханынын сарайына барсаңар, бойролорду көрүп, силерге бир ууч алтын берет” дейт. Каракчылар бойролорду жондоруна көтөргөн бойдон, хандын сарайына жетип барышат. Хан бир көрүштө бойронун оймолоруна, кооздугуна айран таң калат. Бойролорду келинине жиберет. “Бул бойролорду сатып алышыбыз үчүн алып келишиптир. Эгер жакра, ал” деп, кабар берет. Чабаңдын кызы ар бир оймону өз-өзүнчө изилдеп, оймолордун токулушунан күйөөсүнүн ага жашыруун кабар жибергенин түшүнөт. Хандын баласы кайсыл жакка качырылганын бойронун оймолору менен көргөзүптүр. Аялы катты окуур замат жүгүрүп келип, ханга айтат. Хан каракчылардын сарайына сакчыларын жиберип, сарайды басып алып, каракчыларды кармашат. Хаңдын уулу сарайга, чабандын кызына кайтып келет да: “Кымбаттуу жарым, сен мени өлүмдөн сактап калдың, өмүрүмдү сага карызмын” дейт. Хан дагы чабандын кызынын акылдуулугуна абдан ыраазы болуп, аны жакшы көрүп, кучактайт. Ошентип, жомогун айтып бүтүргөн чоң энем: “Түшүндүңбү эми, жашоодо өнөрдүн маанисин?” дегенде, мен: “Ооба, түшүндүм. Бир аз акча таап, араа, жыгач сатып алайын. Анан каалаганыңыздай бир үстөл же китеп текчеси жасап берем” дедим.


Кыргыз