Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Акация дарагы

Шаардын четинде чоң, бийик бир имарат бар эле. Шаарга кирип баратканда биринчи эле ал көзгө учурайт эле. Ал жер балдар ооруканасы болчу. Кичинекей Фритз дагы, кыштын ортосунда ооруп калып, ошол ооруканага жаткырылган. Аны шайыр, күлүмсүрөгөн, сары чачтуу бир медсестра карачу. Кыз бир күн эжесине кайрылып, муңайым мындай деп суроо берет: Берта эжеке, ушунча айдан бери ооруканада жатам, качан айыгам? Ддктур эжеке, терезеден жалбырактары түшкөн, жылаңач, куруган бутактары бакчанын дубалына ийилген акация дарагын көрсөтүп: Сүйүктүү Фритз. Тигил жерде турган акация дарагын көрдүңбү? Ошол дарак кайра гүлдөп, жапжашыл болгоңдо, сен дагы жакшы болуп кетесиң,-дейт. Ошол күндөн кийин кичинекей Фритз күндө акация дарагын карап, дарактын жалбырак байлашын чыдамсыздык менен күтө баштады. Аңгыча кыш да өттү. Фритзди караган эжеси башка ооруканага которулуп кетип, ага башка бирөө карай баштады. Жайкалган жапжашыл жаз келди. Ар тарап гүлгө курчалып, жалгыз гана акация багы гүлдөбөй, солуп тура берди. Фритз катуу үшкүрүнүп: Мария эжеке, акация такыр гүлдөбөйбү? десе, Мария акациянын кышка жакын гүлдөөрүн билбегенинен, бакты карап: Акация солуп калган окшойт, эми такыр гүлдөбөйт, дейт. Кичинекей Фритз муну укканда коркуп чочуп кетип: Аңцай болсо мен да такыр айыга албайт турбайымбы. Өлүп калам го… деп боздоп ыйлап, терезеге сыртын салып жатты. Терезени такыр көргүсү келбей калды. Бак гүлдөбөсө, Фритз такыр айыкпай өлөт эле, кыздын ою боюнча. Мария эжеке Фритздин бул кылыгын түшүнө албай, оорукананын доктуруна болгондорду айтып: Фритздин көздөрү ооруйт окшойт. Терезеден качып, эшикке такыр чыккысы келбейт, дейт. Доктур: Мейли анда. Фритздин терезесинин астына бир паравон кагып коёлу дешип, терезесине паравон коюп коюшат. Мындан кийин Фритз эшикти да, акация дарагын да көрбөс болду. Арадан бир канча апта өткөндөн кийин кышында суук тийип ооруп калган балдардын бардыгы айыгып, ооруканадан чыгышты. Фритз эле айыкпай, ооруканада калды. Фритз кеч киргенде жуураканга башын катып алып, ычкыра-ычкыра ыйлаганын медсестра көрүп: Туруп кичине ары-бери басып, таза абага чыгып көрбөйсүңбү? десе, ал: Жок, жок чыкпайм деп, бир нерседен коркконсуп жооп берет. Чыкканга алым жок. Эшикке чыксам, өлүп каламбы деп коркуп жатам дейт. Доктур бир күнү медсестрага: Фритз ушул убакытка чейин айыгышы керек эле. Ьмнеге айыкпай жатат, такыр түшүнө албайм. Баланы бүгүн терезенин жанына алып келиңизчи, дагы бир жолу жакшылап карап көрөйүн,-дейт. Фритз терезеге такыр жакындагысы келбей, солуган бакты көргөңцөн коркуп жатты. Медсестра арандан зорго кызды көтөрүп, терезенин жанына алып келет. Фритз көздөрүн катуу жуумп алган эле. Көзүндү ач, деп доктур өтүнөт. Фритз каалабастан көзүн кичине ачат. Көздөрү өлүм коркунучу менен түз эле акация багын карайт. Караса, акация багы гүлдөп, жапжашыл жалбырактарга оролуп калыптыр. Фритз күндүн нуруна ийилген бактын бутактарынын арасынан көпкөк асманды көрүп, сүйүнгөнүнөн кубанчы койнуна батпай: Акация гүлдөп калыптыр, эми мен дагы айыгам. Берта эжем мага ошентип айткан. Доктур менен медсестра кичинекей кыздын кубанычын түшүнө алышкан жок. Фритз ошол күндөн кийин терезенин түбүнөн такыр кетпей, бактын сулуулугуна тоё албай, сагынычтуу суктанып карап турчу болду. Көп күн өтпөй, Фритз айыгып, акация багынын аддыңца достору менен ойноп калды.   ШОРПО Кичинекей бала дасторконго эми отураар замат эле: “Бул шорпонун тузу көп болуп калыптыр. Мен муну жебейм”, деп кашыкты ыргытып жиберет. Апасы кыйнабайт да: Мейли… Кечкиге сага башка шорпо бышырып берем,деп дасторконду жыйнап коёт. Апасы көп өтпөй, бакчага чыгып, картөшкөлөрдү казып, жыйнай баштайт. Кичинекей бала күн батканга чейин апасына тердеп-кургап жардам берет. Кеч кирип, үйүнө киргеңде апасы дасторкоңду даярдап, шорпо куюп берет, Кичине бала табагынан бир кашык ууртап көрүп: Ии.. бул шорпо чыныңца эле абдан даамдуу болуптур. Укмуштай сонун жыттанат. Ачка болгон бала бир табак шорпону бүт ичип бүтүрөт. Апасы жылмайып: Айланайын, балам. Бул шорпо күңцүз сен жактырбай койгон шорпо болчу. Бирок азыр сага абдан жакты, себеби керээли-кечке кайраттанып иштедиң. Иштеп жеген тамак даамдуу болот, деди.


Кыргыз